п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Cпорт world

Жарыш азарты
Спорттун бир түрү болгон жарышуу дүйнө жүзүндө абдан популярдуу болуп, ага болгон кызыгуулар күндөн күнгө өсүүдө. Алар кандай максатта жана кимдер аркылуу уюштурулуп жаткандыгы туурасында сөз кылып, жарышуунун түрлөрүнө жана атактууларына токтолмокчубуз.


Жаралуу тарыхынан:
Эң алгачкы авто жарышууну 1887- жылы 28-апрелде Париждин жергиликтүү журналдарынын редактору Франс Фоссия өткөргөн. Бирок, аны чыныгы жарышуу деп айтууга болбойт эле. Ал эми профессионалдык деңгээлде 22 -июлда 1894-жылы Францияда авто жарышуулар уюштурулуп, андан соң АКШга кеңири тараган. Ал эми 1945-жылы эң чоң ылдамдыкта 48-87 км аралыкта өткөрүлгөн. Ошондон тартып авто жарышууларга болгон кызыгуулар күч алып, оюндун миңдеген түрү пайда боло баштаган. Бүгүнкү күндө авто жарышуулар жолдордо жана чөлдөрдө, муз үстүндө, же атайын курулган стадиондордо да өткөрүлө баштаган.


Төө жарышуу:
Төө үстүндө жарышуу Чыгыш элдеринде абдан кеңири тарап, салтка айланып калган. Өзгөчө Араб өлкөлөрүндө жана Австралияда абдан кеңири тараган. Аларга ылайык Түндүк Америкада атайын ипподром курулуп, ал дүйнө жүзүндөгү эң мыкты ипподром деп табылган. Төө жарышуулары ат чабыш сымал эле профессионалдык деңгээлде өтүп, акча табуунун дагы бир булагы болуп калган. Төөлөрдүн ылдамдыгы саатына 65км түзөт.Төөлөрдү аралыгы жакын болсо деле бири-бирине тоскоол болбойт. Бирок, төөлөр аттан айырмаланып, отурган адамдан көп нерсе талап кылышат.
Адамдын профессионалдуу жана төөнү башкарууну туура билүүсү керек. Эң негизги кымбат белек, төөнүн кубогу болуп эсептелинет.


Атактуу жарышуучу:
Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө абдан популярдуу болгон жарышуучу "Формула 1дин" жети жолку чемпиону Михаэль Шумахер алдына ат салдырбайт. Өзгөчө рекорд коюп көпчүлүктүн оозун ачырып, бардык сыйлыктардын ээси болуп келе жатат. Атасынын чакан ипподрому болгондуктан, 12 жашынын тартып профессионалдык түрдө ойноп баштаган. 1991-жылы Япониялык "Формула 3000" катышып, мыкты беш оюндун катарын толуктаган. Ошондон тартып жарышууну кесипке айлантып, бүткүл дүйнөлүк олимпиадага катышып, гран-прини жеңип алган. Анын ылдамдыгы абдан бат болгондуктан машинасына дагы фанаттар көбөйгөн.


Мотоцикл жарышуулары:
Атайын жасалган мотоциклдер менен жарышуучу Жаңы Зеландияда биринчи жарышуу болуп өткөн. Жарышууда ар бир оюнчунун аралыгы 405 метрден кем болбошу керек. Бул жарышууга болгону 16 оюнчу катышууга укуктуу. Эгерде андан көп болсо автокатострофаларга чалдыгышат. Аны атайын жана жасалма жол аркылуу өткөрүшөт. Кээ бирөө атайын кум себилген тоодо өткөрүп келишсе, башкалары жабык имараттарда өткөрүшөт. Кийин анын трюктары көбөйүп, ар түрдүү бийик тепкичтерден секиришип, өзгөчө кылууга да жетишишкен. Акыркы убакта "Супермото" деген түрү эл ичинде кеңири тараган.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
Мирбек Иманбеков:
"...Терезени талкалап качып чыккам"

2-бет
Мирбек Иманбеков:
Мени "Ак-Кемедеги"
Нургазыга окшоштурушчу"

3-бет
Белгилүүлөр бала кезинде...
4-бет
Улуттук конгресс болуп өттү
5-бет
"Мага Айкенин ролун бербей коюшкан"
6-бет
Сизге кайсы буюм түтпөйт?
7-бет
Алмаш Чойбекова, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"ТӨРТ ОКТОН КАЛЫП ТИПТИРҮҮ, ОЛТУРАМ МИНТИП, БУЛ АНЫК…"

8-бет
Туулган күнүң кут болсун!
9-бет
Ак көйнөк кийген бийкеч
10-бет
"Сүйгөнүм курбума үйлөнүп алды"
11-бет
"Өзүн өзү "бычкан" шайыктын лабизи өрттөнүп"
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Cпорт world
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жыштык жылдызы










??.??