п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

ОП-115-01. Кантейин алыс турам аны билчи,/ Ак сүйүүмдү жүрөгүңө бекем түйчү./ Жактырып андан артык көрсөм дагы,/ Жалгыз сени сүйөрүмдү эстей жүрчү./ 05532772хх.
ОП-115-02. Сүйүү даамын жаңы татып,/ Сансыз кыял ойго батып./ Терезеде отурамын,/ Сүйгөнүмө ырлар жазып./ 05532772
ОП-115-03. Сүйүү деген -сүйгөндүн шартына көнүү дегенге жатат. Л. Толстой. Айгерим95.
ОП-115-04. Аял башка кыйынчылык түшкөндө тоодой арка, жүрөктө сүйүү оту жанганда мыкты сезимдердин энеси. М. Горький. Айгери95.
ОП-115-05. "Обондун" супер смсчилерине ысык салам. Ынтымак командасы.
ОП-115-06. Султан Садыралиевге: Махабат жыргал болсо ачкычы сен,/ Ак тилек асыл ойдун жакшысы сен./ Таалайым таалай эмес сенден калса,/ Тагдырым тапканы сен, бактысы сен./ Гүлкайыр.
ОП-115-07. Сүйүү оңой, унутуу кыйын. Ажырашуу оңой, үмүтү кыйын. Достошуу оңой, коштошуу кыйын. Жалпы айтканда махабат кыйын. Кыздар менен таанышам. Маякка жооп жок. Көлдүк жигит. 0558081011.
ОП-115-08. Мирбек байке, сизге чың ден-соолук жана чоң-чоң ийгиликтерди каалайм. Темирлан.
ОП-115-09. Аял менен эркек-турмуштун эки нотасы. Ансыз адам баласынын ички дүйнөсүнүн кылдары туура чертилип, толук күүгө келе албайт. Д. Мадзини. Айгерим95.
ОП-115-10. Ильяз Абдыразаков, каалаймын жаш өмүрүң узун болсун,/ Башыңа бакыт, таалай кушу консун./ Алдыда сен басуучу узак жолдор,/ Ачылып түркүн-түстүү гүлгө толсун./ Өнөрүң өркүндөй берсин, сүйгөнүң менен бактылуу бол. Аси.
ОП-115-11. Дамир, көздөрүңдү карай берем сезесиңби,/ Сырларымды айткым келет билесиңби?/ 07718993хх.
ОП-115-12. Ак-Талаа районуна караштуу Кош-Дөбө айылына, ошондой эле Эргеш Мейманов атындагы мектептин 10 "А" классына чоң салам. 07722341хх.
ОП-115-13. Жылуу кийин, азыр жамгыр жаайт экен. Жамгырга чалсам бир сааттын аралыгында барып калам дейт. Чы-ын. Алина.
ОП-115-14. Бедан байке, биринчи сизге жолугайын, сырыңызды көздөрүңүздөн окуп алайын. Жүрөгүңүздүн сырдуу дүйнөсүнө кирип алып, өмүрлүк жубайыңыз болуп калайын. Аси.
ОП-115-15. "Обончулар" баарыңарга салам. Россияна.
ОП-115-16. Салам "Обон". 07781136хх.
ОП-115-17. Камбарова Жибек Мурсайтиллаевнанын атына жазылган паспорт жоголду. Таап алгандар болсо чалып койгулачы? 0778385501
ОП-115-18. Мирбек, ден-соолуктар кандай? Сени Аллах өзү колдосун! Сенин мага оозуң жагат. 07735188хх.
ОП-115-19. Салам жаштар! Келечек биздин колубузда, терең ойлонуп ак-караны ажыраталы, чоңдор кылган катаны биз кылбайлы! 07775974хх.
ОП-115-20. Сүйгөнгө сүйгөн кат берсе,/ Сүйүшүүгө саат керек./ Сүйүшүп жүргөн жаштарга,/ Ажырагыс ант керек./ Нурбек90.
ОП-115-21. Дамир, кыялымда үйүңө барып алгам,/ Келин болуп ак жоолук салып алгам./ Мээримдүү апакеңди торго отургузуп,/ Коломтого улуу отту жагып алгам./ Кыялымда апакеңе жүгүнөмүн,/ Элестетип апакеңдин сүйүнгөнүн./ Үлпүлдөгөн аппак жоолук салынып,/ Көшөгөдө жеңекеси болгом инилериңдин./ 07718993хх.
ОП-115-22. Кызыкпаймын сүйгөнүмдүн байлыгына./ Андан көрө тунук сүйүү артык мага./ Сүйгөнүмдүн сүйүүсү таза болсо,/ Дүйнөдөгү эң чоң байлык ошол мага./ Эмил байке, сизди чексиз сүйөм. Сизди аябай сагындым. 05532772хх.
ОП-115-23. Менин саламым жалпы жаштарга жолдонот. Россияна.
ОП-115-24. Дайыр Исмадияров мен сени сүйөм. 07704342хх.
ОП-115-25. "Келечек" базарында сотка саткан Ильяз байке, мен сизди жакшы көрөм. Ишиңизге ийгилик. 05539686хх.
ОП-115-26. Ош, Жалал-Абад, Баткен эч качан К. Бакиевдин бийлигин колдогон эмес. Колдобойбуз дагы. Мика.
ОП-115-27. М. Жунусалиев атындагы 8-класста окуган сиңдим Мунараны 1-Май туулган күнү менен куттуктайм. Мунарка, сага дүйнөдөгү бардык жакшылыктарды каалайм. Бактылуу бол! Минура.
ОП-115-28. Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында жашап жаткан калкыма салам. 07787055хх
ОП-115-29. Нарын обласынын Ак-Талаа районунун Чолок-Кайың айылынын жашоочусу атам Карымшаков Касымбекке, апам Сейдалиева Сагынга салам жолдойм. Бишкектен уулуңуз Карымшаков Азамат Касымбекович.
ОП-115-30. Санкт-Петербург шаарындагы эжем Айпери, жездем Замирге салам. Айчүрөк.
ОП-115-31. Мен өмүрдө азын-оолак жашадым,/ Анча-мынча тагдырыма капамын./ Бирок барда келечекте бир жарык,/ Ал жарыкка умтуламын шашамын./ Мен али жапжашмын, жашым 19да,/ Бирок акыл-эсим жетет бардык кырдаалга./ Тарбиялап жашоо чиркин күндөрдү,/ Көртирликтин түркүн-түстүү жашына./ Нурбек90.
ОП-115-32. Жалал-Абад облусунун Каракөл шаарындагы №2 мектепте окуган Болот уулу Абдини алиппе майрамы менен куттуктайбыз. Абди, келечекте биз сени менен сыймыктана турган эр-азаматтардан бол,-деп таякелериң, иниң Нурик, апаң Минура.
ОП-115-33. Алтышка, Нур майрамыңар менен! Сүйгөнүңөргө жеткиле, эч убакта күтпөгүлө, мен силерди жакшы көрөм. 07736763хх.
ОП-115-34. 2008-жылы бүтүргөн классташтарым Айтилек, Анара, Элнура, Гулиза, Дилбара, Наргиза, Асел, Адаш, Улук, Болот, Курсант, Меки, Саламат, Турат, Зарылбек силерге ак жол каалайм! Аида.
ОП-115-35. Казармандыктарга менден ысык салам! Иса.
ОП-115-36. Алтыш, эгерде газета окуп жатсаң, мен сени капалантсам кечирип кой. Кытайга кетпей эле койчу. Юля.
ОП-115-37. Казармандык Сүйүмканга: Жактырдым жаным келбетиңди,/ Жалооруп же мен жүрөмүнбү./ Жаралып жалган жашоодо жалгызым,/ Жылдызым, жаным жараладың жүрөгүмдү./ Сени сүйгөн жигит А.
ОП-115-38. Дамир, жүзүңдө эмес сулуулуктун сымбаты,/ Жан дүйнөңдүн тереңинде жаткансыйт./ Ишиңде эмес, адамдагы сырдуулук,/ Карагаттай каректериңде жаткансыйт./ Аси.
ОП-115-39. Зөөкүрлүк даңкталчу да учур болот,/ Ийилген сүйүү кайра серпилгиче./ Алишер.
ОП-115-40. Казармандагы апам Бактыбүбүгө, атам Темирбекке, биртуугандарым Маяга, Гуляга, Эляга, Анарбекке, Тойчубекке салам жолдойм. Бар болуңуздар. Мен силерди жакшы көрөм. Сүйүмкан.
ОП-115-41. Ыдырыс мектебинин 10-классынын окуучуларына салам. Сүйүмкан.
ОП-115-42. Мирбек Атабеков мен сени сүйөм. 07735773хх.
ОП-115-43. Дос деп айтат бири-бирин сыйласа,/ Дос деп айтат бири-бирин кыйбаса./ Баарыбыздын ортобузда ушул сөз,/ Эч убакта өчпөсө да, сынбаса./ 07718993хх.
ОП-115-44. Турмушта негизи ушул эки нерсе,/ Дайыма эле сүйүү жеңбейт кези келсе./ Санчо92.
ОП-115-45. А. Табалдиев мектебинде окуган 10 "Б" классына салам. Урааныбыз: "Баары бирөө үчүн, бирөө баары үчүн!" Санчо
ОП-115-46. Мирбек Иманбеков супер! 07781891хх.
ОП-115-47. Жанарбек жалгызсырабачы, жаныңда мен болоюнчу. Гузаль.
ОП-115-48. Салам "Обон". Келе жаткан майрамыңар менен! Ишиңерге ийгилик каалайм. Сабыр.
ОП-115-49. Сөз айтардан мурун, сөз сенин туткунуң, ал эми айткандан кийин сен сөздүн туткунусуң. Билал козу.
ОП-115-50. Урматтуу супер смсчилер, силер сүйүү тарифинен узап баратасыңар, тез-тез смс жазып туруңуздар, болбосо "Арман" тарифине өтүп калышыңыздар мүмкүн. "Арман" тарифине өткүңүздөр келбесе, анда тез-тезинен "Обонтайга" смс жазып тургула. Аси.
ОП-115-51. Жашоо жыргал, сүйүү сырын тапканга,/ Сүйүү жарык, кечте дагы ак таңда./ Бир тынымга тыңшап тураар жер жүзү,/ Жүрөк жалгыз сен деп согуп жатканда./ Аделя.
ОП-115-52. 2006-2007-жылдары Жалдагы больницанын ичиндеги пекарныйда иштеген Асел, Ырыс эжелерди, Мелис, Майсал, Жылдыздарды издейм. Сураныч, окусаңар мени менен байланышкыла. Айка. 0778264829.
ОП-115-53. Оштук 0557899097 номериндеги Зайнидин88, мени менен байланыш. Айжан. 0778244199.
ОП-115-54. Жаныбек байке кандайсыз? 05557715хх.
ОП-115-55. Апаке ыйыксың бул дүйнөдө,/ Апаке шам чыраксың бүт үйлөрдө./ Сен деген нандан дагы улуусуң,/ Сен деген айдан дагы сулуусуң./ Сүлүктү шаарындагы апам Назакатка арналат, апа, атам экөөңүздөр биздин бактыбызга аман болуңуздар. Уулдун урматын, кыздын кызматын көрүңүздөр. Кызыңыз Гүлмайрам.
ОП-115-56. Мен отурам көлөкөдө,/ Көңүл бөлбөй бөлөккө./ Кат жазсам өлүп кетейин,/ "Обонушкадан" бөлөккө./ Феяжан.
ОП-115-57. Саламатсызбы Мирбек байке, ишиңизге ийгилик каалайм. 07705211хх.
ОП-115-58. Мирбек байке, мен ырдагым келет, жаныңызга алып ырдатып чыгара аласызбы? Нуркамал.
ОП-115-59. Салам смсчилер, мени да кошкулачы катарыңарга. Бегимай.
ОП-115-60. Токтогул районунун Ичке-Сай айылындагы биртуугандарыма чоң салам жолдойм. 07780628хх
ОП-115-61. Жаңы-Жер айылында жашаган досум Зулфияны, аяшым Тилекти издейм. Зукеш, смсти окуп калсаң мага кабарыңды билдир. 0770130865
ОП-115-62. Ася мени жайыма койчу. 07706414хх.
ОП-115-63. Дамир, сүйкүмдүү элесиң,/ Сүйдүрүп сен келесиң./ Сүйүүмдү сен качан сезесиң./ Аси.
ОП-115-64. Агылып сен тарапка атыламын, аппак таңың болуп. 07718993
ОП-115-65. Сүйүүгө сүйүү гана даба болот,/ Сооротуу ырбатуучу жара болот./05532772хх.
ОП-115-66. Урматтуу окурмандар, 1-Май майрамыңар менен! Жумгалдан Ули.
ОП-115-67. Орифлеймге жазылып, иштегиси келгендер чалгыла. 0705269505.
ОП-115-68. Сүйүүгө туруктуу, ыймандуу жигиттер менен таанышам. Шахрезада. 0773567017.
ОП-115-69. 1-Май майрамыңыздар менен куттуктайм! Шаха91.
ОП-115-70. Музоо үйү менен, ташбака ташы менен, а биз болсо эл менен! Саясатчы.
ОП-115-71. Мен Ошту, Бакиевди мактап жазган эмесмин. Менин атым менен ким жазган? Жыландын куйругун басып албагыла! Саясатчы.
ОП-115-72. ОП-113-35 Муз. Сүйүү деген айыкпас оору. ЭлиМелиЛиза92.
ОП-115-73. Салам Ариет. Окууларыңа ийгилик, мен сени жакшы көрөм. 07780050хх.
ОП-115-74. ОП-113-135теги Аида, достошкондор көп, сүйүшүп үйлөнгөндөр деле аз эмес. Өз бактың өзүңдүн колуңда, бактылуу бол, сүйгөнүңдүн сүйкүмдүү жары бол! 07781331хх.
ОП-115-75. Дамир, билгин жаным артыңдан эч ээрчибеймин. Ичимден сүйгөн менен жалбарып жалынбаймын. Анткени сүйүүдөн да намыс күчтүү. Аси.
ОП-115-76. Сизге болгон сагынычым күн сайын күчөп барат, ушул убакка чейин бир да жигитти сизчелик сүйбөгөнмүн. Сиз жөнүндө ойлонуп, сиз жөнүндө кыялданам, бирок сиз аны сезбейсиз, мен ошого өкүнөм. Сөздөрүңүздү эстеп алып, бир аз бактылуу болуп алам. 07718993хх.
ОП-115-77. Салам мекеним Кыргызстан! Канат.
ОП-115-78. Ысык-Көл ак куусу менен, тоо арчасы менен, биз эл менен! Саясатчы.
ОП-115-79. Дыйкандыктарга супер салам. Ули.
ОП-115-80. Билесиңби сүйүү кандай экенин,/ Кандай адам сүйгөнүнө жетээрин./ Бактылуулар катарына кошулуп,/ Кайсы күнү мен да сүйгөнүмө жетемин./07714211хх.
ОП-115-81. Сүттүн каймагын жеп, кырмычыгын элиме кырып же деп бергим келбейт. Ойлонгондон мурун ойгонолу урматтуу саясат өкүлдөрү. Саясатчы.
ОП-115-82. Ар кандай салыктарга караганда айлык маянанын суммасы өтө эле төмөн. 07775400хх.
ОП-115-83. Шатман Садыбакасов орто мектебинин 10 "Б" классына чоң салам. Ули.
ОП-115-84. Мени Караш Насер менен салыштырбагыла урматтуу достор. Саясатчы.
ОП-115-85. Жалал-Абаддагы 21-мектептин президенти Айжаркынга салам. Кан досуң Нурпери.
ОП-115-86. Катуураак сүйлөп койсо бирөө, кызым деп угуп баратканмын. Көрсө ал бөлөк турбайбы?! 07785803хх.
ОП-115-87. Кыздар менен таанышам. 0778862747.
ОП-115-88. Ыймандуу, акылдуу кыздар менен таанышам. 0553070989.
ОП-115-89. Мекенибиз тынч болсо экен. Кийинки күндөрү элимдин бейкуттугу мени тынчсыздандырчу болду. Патриот.
ОП-115-90. Ат-Башы районунун Ак-Муз айылына ысык салам. Баардыгыңыздардын ишиңерге ийгилик! Тунук.
ОП-115-91. Кыргыз калкы кан жутуп, жүрөгү ыйлап турган убакта кыргыз ырчылары гастролдоп концер коюп жүрөт. Кыргыз баатырларынын кыркы чыкканча кое турбайбы! Нур.
ОП-115-92. Дамир, сага деген сырларымды жашыра албайм, сени чын жүрөктөн сүйөөрүмдү тана албайм. Аси.
ОП-115-93. Салам смсчилер. Баарыңарга бейпил жашоо каалайм. Дос болгум келет. Смс жазгыла. 0553070989. Наза.
ОП-115-94. Салам Мирбек ага, ден-соолуктарыңыз жакшыбы? 07701737хх.
ОП-115-95. Кыргыз элиме чоң салам. Жаштар ыймандуу бололу, ынтымакка келели. Назар.
ОП-115-96. Кыргыз элимди 1-Май эмгек майрамы менен куттуктайм! Иштеген ишиңердин акыбети кайтсын, эмгектин майын чыгаргыла! Жамал.
ОП-115-97. Түндүк-түштүк болуп бөлүнбөйлү, бөлүнгөндү бөрү жейт. Рамис.
ОП-115-98. Ак-Талаа районунда жашап жаткан ата-энеме, кайын журтума чоң салам жолдойм. Биз жакында барабыз. Аида.
ОП-115-99. Урматтуу смсчилер, баарыбыз биригип, эки-үч команда болуп конкурс уюштуруп, талкуу жүргүзбөйлүбү, кандай дейсиңер? Айдай.
ОП-115-100. Арманым аттын башындай, айталбайм эч кимге сырымды. Түшүнгөн достор болсо смс жазгылачы, суранам. 0553070989.
ОП-115-101. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин келе жаткан майрамы менен куттуктайм! Ден-соолугуңуздар бекем, маанайыңыздар ачык болсун. Биз силер менен сыймыктанабыз! Тилек.
ОП-115-102. Курбубуз Гүлнаранын 30-апрель туулган күнү менен куттуктайбыз! Сүйгөнүң сага сүйрөлүп жетсин! Кымбат, Мээрим.
ОП-115-103. Эми 5-Май Конституция күнү болбой калабы? Аида.
ОП-115-104. Ысык-Көлдүн тургундары ата-энеме, биртуугандарыма чоң салам жолдойм. Бар болгула менин алтындарым. Бегимай.
ОП-115-105. Бардык бүтүрүүчүлөргө ак жол каалайм! Келечегиңер кең болсун! Назка.
ОП-115-106. Апам Гүлбарчындын 6-май туулган күнү менен куттуктайбыз. Апа, сиз биздин бактыбызга ар дайым бар болуңуз, оорубаңыз, биз сизди жакшы көрөбүз. Раушан, Кыял.
ОП-115-107. Улан мен сени сагындым. Сенин сүйлөгөнүң, күлгөнүң, тамашалашканың дале көз алдымда. Кабарыңды билдирчи? Жанара.
ОП-115-108. Бардык дыйкандардын ишине ийгилик каалайм. Эмгегиңердин үзүрүн күздө көргүлө. 07724494хх.
ОП-115-109. Бегимай эже ишиңизге ийгилик, бекем ден-соолук каалайбыз. Ар дайым бизди таттуу тамактар менен камсыз кылып туруңуз. 4498хх.
ОП-115-110. 7-апрелде курман болгон баатырларга даңк жана дүңк! Мелис.
ОП-115-111. КАСИде 2-курста окуган байкем Жумабаев Аскарбектин 3-май туулган күнү менен куттуктайм! Карындашы Жумабаева Нурайым.
ОП-115-112. Сени менен аз кезигип, аз сүйлөшөмүн. Бирок, үнсүз түшүнөсүң. Мен сени сүйөм. Аси.
ОП-115-113. Атым Аида, 17 жаштамын. Дос болуу максатында 17-21 жашка чейинки балдар менен таанышам. 0778791646.
ОП-115-114. Досуңду жамандыкта сына, жардам береби, сүйгөнүңдү жалгыздыкта сына, жаныңа басып келеби. 07718993хх.
ОП-115-115. Сүйкүмдүү элесиң,/ Сүйдүрүп келесиң./ Сүйүүмдү сен качан сезесиң? Аси.
ОП-115-116. Түндүгүңдү бийик көтөр кыргызым,/ Түндүк-түштүккө бөлүнбөгүн кыргызым./ Уугуңду бекем сайгын кыргызым,/ Уруу-урууга бөлүнбөгүн кыргызым./ 07706672хх.
ОП-115-117. Сайкал Садыбакасова, 50 килограммын деп уялбай кантип айтасың? Сенин башың эле 50 килограмм. 05573235хх.
ОП-115-118. Замананы алып барган Жанара Атабекова, сенин төшүң эле 58 килограмм. 05573235хх.
ОП-115-119. Кыргыз калкыма алыскы Москва шаарынан ысык салам. Эч качан башыңар ылдый карабасын! Мунара.
ОП-115-120. Керегеңди кенен жайгын кыргызым,/ Келиндерди кет дебегин кыргызым./ Бел бооңду бекем байла кыргызым,/ Жер талашып урушпагын кыргызым./ Каалгаңды бек кармагын кыргызым,/ кас душманга шылдың болбо кыргызым./ 07706672хх.
ОП-115-121. Сүйүү адамды акылдуу да, жинди да кылат дегенге толук кошулам. Анткени мен азыр ушул учурду башыман өткөрүп жатам. Толгонай.
ОП-115-122. Түштөн аян берет дегенге ишенесиңерби? Келгиле, ушул жөнүндө сүйлөшөбүз. Иса.
ОП-115-123. Новопавловка №1 мектеп-лицейинин 11"Г" классына ысык салам жолдойм. Келечегиңер кең, жолуңар байсалдуу болсун! Алина.
ОП-115-124. Кыргыз кыздарына ысык салам. Биз силер үчүн баарына даярбыз! Жаныбек.
ОП-115-125. БГУда 1-курста окуган Абылаев Эдилбекке Нурайым Алмазбековнадан жалындуу ысык салам. 345. 07774248хх.
ОП-115-126. Ыймандуу 16-17 жаштагы кыздар менен таанышам. Атым Нурлан. 0553133250.
ОП-115-127. Алыскы Алай районунун жашоочусу эжем Гүлбарчындын өтүп кеткен туулган күнү менен куттуктайм. Балдарыңыздын бактысына аман болуңуз. Айжан.
ОП-115-128. Мен Кыргызстанды сүйөм. Кыргызстандын желегин көтөргөнүмө ушунчалык сыймыктанып жатам. Кыргызстан дайыма алга! Данияр.
ОП-115-129. Достошуу максатында балдар менен таанышам. Атым Нурзада. 0778749003.
ОП-115-130. 1993-жылкы кыздар-балдар менен дос болуу максатында таанышкым келет. 0552928893.
ОП-115-131. 2004-2005-жылы Воронцовкада больницага чогуу жаткан досум 1988-жылкы Нарын облусунун 8-Март айылынын тургуну Жокенов Эрлан сени издейм. Намаз.
ОП-115-132. Кыргызмын деп кыргыз элди аткандар,/ Каркыраны кытайларга саткандар./ Кыргыз болсо неге атат кыргызды,/ Кыргыз эмес, каны бузук дунганда ал./ Намазбек.
ОП-115-133. Аваз Акимовго арналат: Билемин кол жеткис ыйык жансың,/ Билемин күйөрман карындаш катары көрөсүң./ Билемин жүрөгүңдүн ачкычы башка адамда,/ Билемин, өтөмүн мен бул дүйнөдөн арманда./ Айпери.
ОП-115-134. Атым Элмирбек, 1995-жылкымын. Намаз окуган кыргыздын ыймандуу, намыстуу кыздары менен дос катары таанышам. Смс жазгыла. 0777479667.
ОП-115-135. Асема аттуу кыздар менен таанышам. Сураныч, сулуу кыздар гана чалгыла. Атым Дастан. 0553255525.
ОП-115-136. Анаркүл аман-эсен көз жарып ал. Адилхан, Намазбек.
ОП-115-137. Эрлан, биз бир нанды бөлүп жегенбиз, биз өлбөйбүз, айыгабыз дегенбиз. Билесиңби, биз чоң сыноодон өткөнбүз, түбөлүккө дос болобуз деп көөп өпкөбүз. 07789054хх.
ОП-115-138. Жашоодо жалгыз сени сүйгөн экем,/ Жеталбай Мирбек деп жүрө берем./ Алтыным карабадың,/ Жүрөктү жараладың./ Сырдуу кыз.
ОП-115-139. Аваз Акимовго арналат: Жактырдым сымбат боюңду,/ Ушул кат аркылуу айтам сага оюмду./ Ардагым деп ырдап сен,/ Ээлеп алдың го жүрөктү./ Айпери.
ОП-115-140. Мирбек Иманбеков мен сизди чексиз сүйөм. Ишиңизге ийгилик! 07702407хх.
ОП-115-141. Жашоо кызык, бирок сенчелик эмес,/ Көп кыздар жактырат, бирок менчелик эмес./ Талгат мен сени сүйөм. Азиза.
ОП-115-142. Аракты жакшы көрүп ичип салып,/ Мас болот шайтан сөзүн угуп алып./ Кел кыргызым аракты ичпейличи,/ Улууларды дайыма "Сиз" дейличи./ Ырысбек91.
ОП-115-143. Кыргызстанды тоолуу аймак дейт,/ Кучагына арчалары баткан дейт./ Кыргызстан кандай сонун карачы,/ Кыргызым деп кыргыз тилин самачы./ 07704147хх.
ОП-115-144. ММС менен таанышам. Чалгыла. 0771401551.
ОП-115-145. 7-апрелде каза болгон мекендештерибиздин жакын туугандарына көңүл айтам. 07714211хх.
ОП-115-146. Ильяз байке, сиз супер ырчысыз, сизге эч ким жетпейт. Мен сизди жакшы көрөм. Ар дайым маанайыңыз ачык, жолуңуз шыдыр болсун. Айгүл.
ОП-115-147. Биринчи сизге жолугайын,/ Сырыңызды көздөрүңүздөн окуп алайын./ Жүрөгүңүздүн сырдуу дүйнөсүнө кирип алып,/ Өмүрлүк жубайыңыз болуп калайын./ Аси.
ОП-115-148. Бегимай Карабаеванын үйлөнүү-үлпөт тою менен куттуктайбыз! Бактылуу болгула! 07706347хх.
ОП-115-149. Майрамыңар менен! 07706347хх.
ОП-115-150. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин келе жаткан майрамы менен куттуктайм! Эч качан оорубаңыздар, биздин сый-урматыбызга татып, төрүбүздө ысык чайыбызды ичип жүрө бериңиздер. Манас.
ОП-115-151. Сулуу сулуу эмес, сүйгөн сулуу дегенге мен толугу менен кошулам. Айкыз.
ОП-115-152. Узун бойлуу, кең далылуу жигиттер менен таанышам. Айназик.
ОП-115-153. Телефон уурдагандардын колу сынсын. Мени жаман сыздатып кеттиңер, силер эч жакшылык көрбөйсүңөр. 07784053хх.
ОП-115-154. "Кеңеш" тобунун концерти мага абдан жакты. Азаматсыңар, алга! 07724494хх.
ОП-115-155. Мен Бактыгүл Бадыеваны сүйөм. Эмнеге сахнадан көрүнбөй калдыңыз? Сиз жок сахнанын көркү ачылбайт экен. Жылдызбек.
ОП-115-156. Бакиевдин "Мен саясаттан, президент болгондон чарчадым, эми оюнчук чыгарган завод ачам" дегени чынбы? Кайрат.
ОП-115-157. Тунук, эл керегине жараган, ата-энең сыймыктанган ыймандуу, намыстуу кыздардан бол! Биз сени жакшы көрөбүз. Эжең Бегимай.
ОП-115-158. Мээрим алган машинаң кут болсун. Ишиңе ийгилик. Асел.
ОП-115-159. Ош облусунун Ноокат районунун Байыш айылынын бүтүрүүчү класстарына ак жол каалайм. Экзаменди ийгиликтүү тапшырып алгыла! Дастан.
ОП-115-160. Ала-Тоо аянтындагы боз үйлөр, сүрөттөр качан алынат, же кыркылыкка чейин турабы? 07703384хх.
ОП-115-161. Казак кызы Амангүл, эмне смс жазбай калдыңыз? Сырдуу жигит.
ОП-115-162. КУУнин финансы жана кредит бөлүмүнүн 5-курсунун студенттерине салам жолдойм. Окууларыңарга жетишкендик, ийгилик каалайм. Айгүл.
ОП-115-163. Кочкор районунун Чолпон айылына, ата-энеме, биртуугандарыма сагынычтуу салам жолдойм. 07008410хх.
ОП-115-164. Атым Данияр, жашым 15те. Дос болуу максатында 13-14 жашка чейинки кыздар менен таанышам. 0778865615.
ОП-115-165. Бакыт эмнеге бильярд ойногону келбей калдың? Сенин баклажка көтөрүп кирип келгениң, жылмайганың мага абдан жагат. Мен сени жакшы көрөм. Гүкү.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
Мирбек Иманбеков:
"...Терезени талкалап качып чыккам"

2-бет
Мирбек Иманбеков:
Мени "Ак-Кемедеги"
Нургазыга окшоштурушчу"

3-бет
Белгилүүлөр бала кезинде...
4-бет
Улуттук конгресс болуп өттү
5-бет
"Мага Айкенин ролун бербей коюшкан"
6-бет
Сизге кайсы буюм түтпөйт?
7-бет
Алмаш Чойбекова, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"ТӨРТ ОКТОН КАЛЫП ТИПТИРҮҮ, ОЛТУРАМ МИНТИП, БУЛ АНЫК…"

8-бет
Туулган күнүң кут болсун!
9-бет
Ак көйнөк кийген бийкеч
10-бет
"Сүйгөнүм курбума үйлөнүп алды"
11-бет
"Өзүн өзү "бычкан" шайыктын лабизи өрттөнүп"
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Cпорт world
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жыштык жылдызы










??.??