п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жыштык жылдызы

Таттыбү Назаркулова:
"Жолдошум менен жаңы таанышканда уруша кеткем"
Радиодо иштеген кызматкерлердин үнүн укканыбыз менен алардын жүзүн көргөнгө зарбыз. Көбү эфир артында элине кызмат кылып көлөкөдө кала беришет. Бул жолу биз окурмандарды "Жыштык жылдызы" рубрикабызда тилинен бал тамган алыпбаруучу, "Кыргыз радиосунун" кызматкери, "Жашоо", "Кымгуут" берүүлөрүнүн автору Таттыбү Назаркулова менен тааныштырабыз.


- Радиого кандайча келип калдыңыз?
- Кичинекей кезимде эле күзгүнүн алдына туруп алып гезит окуп, күзгүгө улам карап сүйлөп өзүмдү диктор катары элестетчүмүн. Мектепти бүтөөрүм менен КУУнун журналистика бөлүмүнө тапшырдым. Жогорку окуу жайды аяктап, өз кесибим менен иштегениме үч жылдын жүзү болду. Алгач "Белес" радиосунан баштагам, азыр "Кыргыз радиосунун" "Кабарлар" бөлүмүндө иштейм. "Жашоо" деген берүүнү алып барам, ал берүүдө жаштардын көйгөйлүү маселелери талкууланып, угармандардын пикирин ортого салабыз. Андан сырткары айдоочуларга арналган "Кымгуут" берүүсүн алып барам. Негизи эле радиодо иштеген мен үчүн чоң кубаныч тартуулайт. Окурмандардын пикирин угасың, сөз байлыгың өсөт, ар кандай берүүлөрдү элге тартуулап тургандын өзү жакшы эмеспи.
- Түз эфир учурда ыңгайсыз суроолорду берип "жарга такаган" угармандар көп эле болсо керек?
- Ооба, андай жагдайлар болбойт дебейм. Бир жолу "Ата-Журт" фондусунун лидери түз эфирге келип, угармандардын суроолоруна жооп берип, симпозиум тууралуу талкуу кылып жатканбыз. Бир убакта угарманыбыз байланышка чыгып: "Мен кечээ эле Казакстандан келдим. Ал жактагы кыргыздарды жергиликтүү эл куугунтукка алып, жаман мамиле жасайт. Эмнеге ошого көңүл буруп, жардам бербейсиңер" десе боло. Түз эфир болгондуктан сылык-сыпаа жооп берип, музыкалык тыныгууга орун бердик. Угармандын суроосу биздин берүүгө ылайыгы келбегендиктен, музыкалык тыныгуу учурунда угарманыбыздын суроосуна адистерден жооп алып берген болчумун.
Биздин радио Кыргызстанды текши тейлейт эмеспи, бир жолу түз эфир учурунда жайлоодон чалып жатышат, ар жактан балдардын: "Чоң кыз, үнүңүз жакты, таанышып албайлыбы" деген кыйкырыктар угулат. Айтор, андай жагдайлар көп эле болот.
- Жолдошуңуз кызганбайбы?
- Жок, жумушумду туура түшүнөт.
- Түгөйүңүздү кантип таптыңыз эле?
- Экөөбүздүн таанышканыбыз да өзүнчө кызык. Анда жолдошум Азамат Дордойдо спорттук үлгүдөгү бут кийимдерди сатчу. Мен өзүмө бут кийим алайын деп баргам, саргыч түстөгү ботасты колума кармап көрүп жатсам: "чоң кыз, ал эркек баланын бут кийими" деп жатпайбы. Ошол сөзү мага катуу тийип, "балким мен иниме алып жаткандырмын" деп уруша кеткем. Кетип бара жатсам "чоң кыз, сиз Воронцовкадан болосузбу?" дейт. "Кайсы айылдашым болуп кетти" деп кылчайып токтогонго аргасыз болдум. Анткени, өзүм Воронцовкада төрөлүп-өскөм. Көрсө, менин таенемдер жашаган көчөдө жашап, мени көрүп эле жүрчү экен. Ошентип таанышып кеткенибиз. Эртеси ала качып алды. Ортодо сегиз айлык кызыбыз Асема бар.
- Өзүңүз алакачуу салтына кандай карайсыз?
- Бара-бара шаарда бул салт жоюлуп баратканы менен айыл жергесинде кала берет го дейм. Кыз -жигиттин сүйлөшүп жүрүп, ата-энеси макулдашып эле баш кошкону жакшы да. Менин кайненем аябай жакшы киши, мен үйдө эрке кыз болчумун, кеч туруп, тамак жасабай дегендей… Ошонума түшүнүп кайненемдер да жаңы барганда "жеңилдиктерди" кылышты. Мен алардын шартына көнүп, тилин таап кеткенге аракет кылдым. Алар да мага ушул күнгө чейин жакшы мамиле жасашат. Кайненемдин кесиби журналист "жаш кезиңде иштеп ал" деп көп айтат. Жолдошум да ушул убакка чейин катуу айтып көңүлүмдү оорута элек.
- Кызыңызды ким багып жатат?
- Эртең менен түшкө чейин апам, түштөн кийин кайненем багат. Азыр Асема сегиз айлык, кайненем Асема Токтобекованын урматына койгон. "Боз салкынды" көргөндөн бери талантына баа берип жакшы көрөт. Кээде кайын сиңдим карап калган учурлар болот. Жогоруда айтып өткөндөй кайынжуртум, жолдошум мени колдорунан келишинче колдоп, жардам берип жатышат. Кызыма үч ай болгондо эле жумуштагылар чакыртып алышкан.

А. Сабырова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
Мирбек Иманбеков:
"...Терезени талкалап качып чыккам"

2-бет
Мирбек Иманбеков:
Мени "Ак-Кемедеги"
Нургазыга окшоштурушчу"

3-бет
Белгилүүлөр бала кезинде...
4-бет
Улуттук конгресс болуп өттү
5-бет
"Мага Айкенин ролун бербей коюшкан"
6-бет
Сизге кайсы буюм түтпөйт?
7-бет
Алмаш Чойбекова, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"ТӨРТ ОКТОН КАЛЫП ТИПТИРҮҮ, ОЛТУРАМ МИНТИП, БУЛ АНЫК…"

8-бет
Туулган күнүң кут болсун!
9-бет
Ак көйнөк кийген бийкеч
10-бет
"Сүйгөнүм курбума үйлөнүп алды"
11-бет
"Өзүн өзү "бычкан" шайыктын лабизи өрттөнүп"
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Cпорт world
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жыштык жылдызы










??.??