п»ї

  кумир менен баарлашуу

Мирбек Иманбеков:
Мени "Ак-Кемедеги"
Нургазыга окшоштурушчу"
Продюсеринен кол үзгөндөн кийин эмнегедир Мирбек Иманбеков көп көрүнбөй, чыгармачылыктан оолактай түшкөнсүдү. Редакцияга күн сайын телефон чалып, кумиринин ал-жайын сурап, кайдыгер карабаган күйөрмандарынын суранычын эске алып Мирбекти "Кумир менен баарлашуу" рубрикабызга чакырдык. Чындап эле Мирбекти күйөрмандары сагынып калышыптыр, кумири менен баарлашып, көңүлүндөгү суроолорун узатышып, ырдатып, сүрөткө түшүп, кол тамга алышып…айтор эки сааттык убактыларын текке кетиришкен жок.

Азамат:
- Акыркы күндөрү көрүнбөй кеттиңиз, эмне жаңылыктарыңыз болуп жатат?
- Акыркы жаңылык-жалкоолук (күлүп). Продюсерим менен түзгөн келишим бүткөнү көпчүлүккө маалым болсо керек. Эмнегедир ошондон кийин бир аз мойнум жар бербей жалкоо тартып калдым. Эми жалкоолонуп жүрө бербей буюрса жаңы идеялар менен күйөрмандарымды кубантайын деп ойлоп жатам.
- Башка продюсер менен иштешейин деген оюңуз барбы?
- Жок, өз алдымча иштеп көрөйүн деп жатам. Өзүң жалгыз иштегенде "өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" болуп жүрөсүң, ал жагы жакшы. Продюсер менен иштешкенде тескерисинче, "өзүмдү өзүм билбейм, өтүгүмдү төргө илбейм" болосуң да. Ар бир нерсенин жакшы да, жаман да жагы болот экен. Мурда мен чыгармачылык менен гана иштеп, продюсерим уюштуруу иштерине жүгүрчү. Азыр экөөнү тең өзүм алып кеткенге аракет кылып жатам. Буюрса күзүндө өз күчүм менен концерт берейин деп ниет кылуудамын.
- Өзүңүз жаш ырчыларга колдоо көрсөтөйүн деген оюңуз барбы?
- Жардам сурап кайрылгандар болот. Кийинчерээк өзүм жалаң жаштардан турган топ түзсөмбү деген ойлор бар. Биринчи кезекте талантына, дилгирлигине караш керек. Көңүлүн кыйбай алып алганда мени да кыйнап, өзү да кыйналат. Бардык жагынан төп келип турса жардам берип, таптап алганга даярмын.
- Мен өзүм Нарындын Ак-Талаа районундагы айылдан болом. Сурайын дегеним, ырчылардын көбү эмнеге айыл жергесине гастролдоп барышпайт? Сизди да зарыгып күткөндөр бар да?
- Туура айтасыз. Мен деле бир чыкканда он-он беш күнгө араң чыдайм. Үйүмдү сагынып башкача боло берем. Ырчылардын айыл жергесине концерт коюп барбаганы шартынын жоктугу же убактысынын тардыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Мындай кадамдарды айыл жергесин чангандык деп түшүнбөңүз. Мен жакында Нарындын райондоруна гастролдоп барайын деп жатам.
Элиза:
- Үй-бүлөңүздө канча киши жашайт?
- Өзүм он бир биртууган болсом, көбү үйлөнүп-жайланган, анан алардын балдарын элестете бергиле. Үйгө баарыбыз чогулганда өзүнчө эле чуру-чуу майрам болот. Ата-энем балага, небереге бай жандар. Быйыл буюрса экөө тең алтымыш жашка чыгат, той уюштурсамбы деген жакшы ниет бар.
- Көп биртууган менен аз биртуугандуу үй-бүлөнүн айырмасы эмнеде деп ойлойсуз?
- Көп биртууган болгондо бири-бириңе мээримдүү болуп чоңоёсуң. Өз ырыскың, ынтымагың бар дегендей. Аз биртуугандардын деле өздөрүнүн ырыскысы бар деңизчи, сиздин сурооңузга так жооп бере турган болсом, аз биртуугандуу үй-бүлө мага "скучный" сезиле берет.
- Окуучулук күндөр менен студенттик күндөрүңүз эмнеси менен эсиңизде калды?
- Студенттик күн десе эле уктап-турган кездерди айта бербей башкача айтып бергенге аракет кылайын. Бир жолу Искусство институту менен Консерваториянын ортосунда КВН болду. Ошондо биздин топ сахнага түрдүү "аспаптар" менен чыкканбыз. Бирибиз барабандын ордуна дагараны алып чыксак, экинчибиз эки кашыкты каккылап, үчүнчүбүз бөтөлкөлөрдү кагылыштырып айтор, түрдүү обондорду чыгарып ырдаганбыз. Отургандар кечке кол чаап, ыраазы болушкан ушул окуя эсимен эч кетпейт. Мектепте болсо эл катары эле окугам. Ийне сайдыргандан аябай коркчумун. Бир күнү сабак учурунда доктурлар ийне сайганы келишиптир. Класста коркуп отурам, менден мурда кирип кеткен бала ого бетер жүрөгүмдү түшүрүп кыйкырып жатат. Эмне кылаарымды билбей, алаңдап отургуч менен терезени талкалап качып чыккам. Китеп-дептерлерим ошол бойдон калды. Эртеси күнү ата-энемди чакыртышып чоң ызы-чуу болгон. Бирок, канча качпайын баары бир деле үйүмө келип ийне сайып кетишкен.
Руслан:
- Кыялдарыңыздын канчасы орундалды? Өзүңүздү бактылуумун деп эсептейсизби?
- Мен азыр бактылуумун деп айтканга эрте го. Ата-энемдей болуп он чакты баланы жарык дүйнөгө алып келип, неберелүү болгондо бактылуумун десем жарашат. Азыркыма деле нааразы эмесмин, каалаган нерселерим бар, жашоом жакшы.
- Мамлекеттик төңкөрүш болуп жатканда каякта элеңиз? Сизге кандай таасир калтырды?
- Россияга гастролго барып жаңы келгем. Чарчаганыман уктап кетиптирмин, ойгонуп телевизорду сайсам эле ызы-чуу. Кечке телевизордун маңдайында өлкөбүздөгү болгон окуяларды көрүп отурдум. Баарынан да бөөдө өлүмгө учураган жарандар, энелердин боздоп ыйлаганы мага катуу тийди.
- Саясатка кызыгасызбы?
- Адам саясатка кызыкпайын десе да болуп жаткан окуялар саясатка жетелеп, азгырып, аралаштырат экен. Өзүм үстүртөн карап, кызыгып калам. Бирок, аралашпайм.
- Патриотсузбу? Дегеле ушул сөздү кандай түшүнөсүз?
- Патриот деген менин түшүнүгүмдө өз элиң, жериң үчүн жанын үрөп күйүп-бышуу. Өзүмдүн деңгээлиме жараша патриот элемин деп ойлойм.
- Аскерге бардыңыз беле?
- Жок, убактым жок.
Диана:
- Жазган ырларыңызды кимге арнайсыз?
- Элге арнайм. Чынында эле ыр жазып жатканда жеке бир адамга арнап жазган учурум боло элек. Көңүлүмдөн чыккан чыгармаларым элге сиңсе болду. Сиздин сурооңуздун төркүнүн түшүнүп турам, репертуарымдагы ырларымды кимдир-бирөөгө арноо оюма келбептир.
- Сүйгөн адамыңыз барбы?
- Ооба, бар. Бирок анын аты-жөнү, ким экени сыр бойдон сакталсын. Тереңдетип сурабай эле коюңуздар.
- Чыгармачылык менен жан багууга болобу?
- Чыгармачылык менен жан-дүйнөнү бакканга болот. Албетте, тапкан каражатыңды туура нукка жумшасаң жашаганга деле мүмкүнчүлүк бар. Ошентсе да чыгармачылык менен кошо башка жумушта иштесе да артык баш болбос эле. Тескерисинче кошумча каражат менен ыр жаздырып, клип тарттырып жеңил болмок.
Бактыгүл:
- Сиздин агаларыңыз сизге кандай кеңештерин айтышат?
Кошумча жумуш сунушташса макул болот белеңиз?
- Мектепте окуп жүргөн кезимде аябай көп жумшашчу. "Кичүүсү болгончо иттин күчүгү бол" деген сөз бар го. Азыр болсо үйгө барганда эч нерсе кылбайм, дасторконго отурам, сый көрөм. Байкелерим колдорунан келген жардамын берип, чыгармачылыгыма колдоо көрсөтүп жатышат.
Эгерде ырчылыгыма залакасын тийгизбеген жумуш сунушташса, албетте макул болмокмун.
Бир жолу кайсы бир гезитке сизди чакырышканда келген эмессиз. Эки жолу барып жолуга албай келгем. Негизи өзүңүз жоопкерчиликтүүсүзбү?
- Азыр да кечигип келгенимен кармап жатат окшойсуз ээ. Ооба, эки жыл мурда ошондой окуя болгон. Айтып коюп зарыл жумуштарым чыгып бара албай калганымды мойнума алам. Чакырганда барганга аракет кылам, чукул бурулуштар болуп эле калбаса… Бүгүн да Ошко чоң тойго чакырышты эле, сиздер менен жолугуум бар деп ал тойдон баш тарттым. Кээде ушундай учурлар да болуп калат.
Тина:
- "Кичинекей кезимде "Ак кемедеги" Нургазыга окшоштурушчу" дегениңизди окудум эле?..
- Ооба, мени кошуналар да, мектептегилер Нургазы дешчү. Азыр ойлоп көрсөм көтөргөн портфелим да окшош болчу экен. Мен өзүм ал кезде "Ак кемеге" көп деле маани берчү эмесмин. Мектепке кетип бара жатканда көчөдөгү кошуналарым "Нургазы кандай, сабакка жөнөдүңбү?" деп калышчу эле.
- Канча ыр, канча клибиңиз бар?
- Чынын айтсам ырларымды санабаптырмын, так санын айта албайм. Эки альбомго жакындап калды. Улам жаңы жаздырган ырларың кулакка жакшы угула бермейи бар. Азыр мага ырларымдын ичинен "Сүйүктүүм", "Жашынган махабат" деген ырларым кулагыма жакшы угулуп турган чагы. Клиптеримдин саны деле беш-алтоо.
- Спорттун кайсы түрүнө кызыгасыз?
- Кичинекей кезимен бери эркин күрөш менен машыгам. Бардык эркектер сыяктуу эле футболду жакшы көрөм. Андан сырткары шахмат жана стол үстүндөгү тенниске кызыгам.
Курманжан:
- Достукка кандайсыз, сырга бекемсизби?
- Жакшы эле досмун, сырга бекеммин деп айта алам, бирок кээ бир сырларды жашырып жүрө берсең кийин сага кайра залакасын тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан сырларга этият мамиле жасайм.
- Кайсы өлкөдө эс алган жагат?
- Мен чынымды айтайын башка өлкөлөрдү телевизордон эле көрүп жүрөм. Эгерде баарын кыдырып, салыштырууга мүмкүнчүлүк болсо, "ушул шаарда эс алган" жагат деп айтат элем. Россияга баргам, май айынын ортосунда Түркияга чакырып жатышат. Азырынча менин эс ала турган шаарым-Бишкек эле.
- Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам бересизби?
- Мен таанып-билген майып балдар бар, ошолорго колуман келген жардамымды берип турам. Бирок, карылар үйүн же балдар үйүн кыдырып атайын жардам көрсөтө элекмин. Жардам бергенге жараша жакшылап бериш керек деп ойлойм. Ал эми менин азырынча ага кудуретим жетпейт.
Анара Дүйшөналиева






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
Мирбек Иманбеков:
"...Терезени талкалап качып чыккам"

2-бет
Мирбек Иманбеков:
Мени "Ак-Кемедеги"
Нургазыга окшоштурушчу"

3-бет
Белгилүүлөр бала кезинде...
4-бет
Улуттук конгресс болуп өттү
5-бет
"Мага Айкенин ролун бербей коюшкан"
6-бет
Сизге кайсы буюм түтпөйт?
7-бет
Алмаш Чойбекова, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"ТӨРТ ОКТОН КАЛЫП ТИПТИРҮҮ, ОЛТУРАМ МИНТИП, БУЛ АНЫК…"

8-бет
Туулган күнүң кут болсун!
9-бет
Ак көйнөк кийген бийкеч
10-бет
"Сүйгөнүм курбума үйлөнүп алды"
11-бет
"Өзүн өзү "бычкан" шайыктын лабизи өрттөнүп"
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Cпорт world
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жыштык жылдызы










??.??