п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Белгилүүлөр бала кезинде...
"Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет" дегендей, бала кезде мурунду шор тартып, апасынын этегине жармашып, конокко ээрчиген мотурайган бөбөктөр убагында кайсы кесиптин ээлери болушаарын өздөрү деле билбесе керек. Атактуулардын архивин казып отуруп, алардын төрт жаштан он алты жашка чейинки сүрөттөрүн азыркы учурлары менен байланыштырдык.


Ибрагим "аке" он беш, он алты жашында өзүнөн чоң аккордеонду тартып, далай кыздардын жүрөгүнө чок салган таланттуу музыкант, көп жылдардан кийин өз элине депутат, маданият агенттигинин жетекчилигине жетээрин бир кудай билгендир.


Керим Турапов агабыздын керилген кашын көргөн бийкечтердин канчоосу эстен танды болду экен. Аскердик кызматтан келген Керим мырзаны чыгармачылыктын чыйыр жолу өзүнө бурду окшойт, Улуттук Филармониянын жетекчисине чейин көтөрүлгөнү жалпыбызга маалым.


Айчүрөк Иманалиеванын "Роза гүлүн" ким билбейт. Табиятынан тырышчаак, аракетчил Айчүрөк айым, кичинесинде эле ырчылык өнөргө ыктап, созолонто ырдаганын гезиттерге берген интервьюларынан окуп келебиз. Болочоктогу ырчы кичинесинде азыркыдай ийгиликтерге жетишээрин өзү деле туйбаса керек


Дилшат Кангелдиева пионер болуп жүргөндө кандай кесиптин ээси болорун так билбесе дагы, колуна комуз кармаганы акыры сахнанын босогосун аттатты. Ак бантик тагынган кичинекей кыз эми минтип мукам үндүү ырчы болуп чыга келди.


Ырчы Гүланда мектептин босогосун аттагандан баштап эле "Чипа, чипа жөжөлөрүм, бөбөгүмдөй көрөмүн" деп, ырдап жүрүп, кийин чоң класс болуп калганда сынактардын, маданий кечелердин көркүн чыгарып жүрүп, акыры кыргыз эстрада ырчысына айланды.


Нурбек Эген беш жашында кадимки эле чабандын баласына окшоп, тебетейди баса кийип жүрсө, кийин аны "килейген" кинорежиссёр болот деп ким ойлоптур. "Мына сага!" деп дүйнө жүзүн суктандырган "Аталар керээзи" фильмин тартып салып, жамбаштап эле жатып калды.


Мотурайган Аалы Туткучев төрт жашынан баштап эле "Мен чоңойгондо милиция же акын болом" деп айтчу экен. Атасынын батасын алып жүрүп, Аалынын жүрөгү милицияныкы эмес, акындыкына буюргандыктан, минтип ак таңдайлардын "Көзүрү" аталып, элинин алкышына арзып жүргөн чагы.

Айнура КАСЫМОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
Мирбек Иманбеков:
"...Терезени талкалап качып чыккам"

2-бет
Мирбек Иманбеков:
Мени "Ак-Кемедеги"
Нургазыга окшоштурушчу"

3-бет
Белгилүүлөр бала кезинде...
4-бет
Улуттук конгресс болуп өттү
5-бет
"Мага Айкенин ролун бербей коюшкан"
6-бет
Сизге кайсы буюм түтпөйт?
7-бет
Алмаш Чойбекова, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"ТӨРТ ОКТОН КАЛЫП ТИПТИРҮҮ, ОЛТУРАМ МИНТИП, БУЛ АНЫК…"

8-бет
Туулган күнүң кут болсун!
9-бет
Ак көйнөк кийген бийкеч
10-бет
"Сүйгөнүм курбума үйлөнүп алды"
11-бет
"Өзүн өзү "бычкан" шайыктын лабизи өрттөнүп"
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Cпорт world
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жыштык жылдызы










??.??