п»ї
 Таанышуу жарыясы


  маалымат майданында

Улуттук конгресс болуп өттү
3-май күнү "Манас-Кыргыз-Чыңгыз" элдик кыймылы уюштурган, Кыргызстандагы бардык жаштардын уюм кыймылдарынын башын бириктирген Улуттук конгресс болуп өттү. Конгресске Республикабыздын бардык региондорунан 600дан ашуун делегат катышты. Кыргыздын келечеги тынч алдырбаган жүрөктөрдү атабыз Манастын руху колдосун демекчибиз.

Кырчындай жигиттердин кыркылыгы белгиленет
Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелиндеги кандуу ыңкылапта жер кучактап жатып калган чолпондой жигиттерибиздин кырк күндүгү 12-май күнү борбордук аянтта белгиленмекчи. Бакиевдердин жана анын жугундукорлорунун түбүнө жеталбай аткан азыркы өкмөт башчыларына жаштардын кыжыры кайнап, 17-май күнү аларды жооп берүүгө чакырууга даярдык көрүлүп атыптыр деген каңкуу дагы бар.

Аппарат жетекчи андай эмес!
Башкы прокуратура экс-президент Курманбек Бакиевдин аппарат жетекчиси К. Жороев апрель окуяларына байланыштуу кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, аны кармоога санкцияны Биринчи май райондук соту берген эле.
1-майда Каныбек Жороевдин жүздөн ашуун тарапкери Жогорку Кеңештин жанында нааразылык акция өткөрүштү. Алар К. Жороевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылышууда. "Каныбек башкалардай, жеп-ичкендерден болсо башка жакка качып кетип калышы мүмкүн болчу. Каныбек андай жумуштарга эч качан барбайт болчу. Анткени ал кагаз жүзүндө гана буйрукту аткарган киши. Президент буйрук берсе, ошонун буйругун аткарып жургөн, кагаз жумушундагы адам болгон" дешет анын кишилери.

Бакиевдерди же "бакиевчилерди" тапсаң 100 миң бакс
Убактылуу Өкмөт экс-президент К. Бакиевдин үй-бүлөсүнө жана анын жакын адамдарына кылмыш иштерине шектүү деп издөө жарыялашты.Эгерде ким төмөндөгү тизмедеги адамдарды таап же кармап берсе 20-миң доллардан 100 миң долларга чейин акчага маарыйт имиш.
- Бакиев Жаныбек Салиевич;
- Бакиев Максим Курманбекович;
- Бакиев Ахматбек Салиевич;
- Бакиев Каныбек Салиевич;
- Усенов Данияр Токтогулович;
- Чудинов Игорь Витальевич;
- Елисеев Алексей Александрович;
- Ширшов Алексей Юрьевич;
- Балкибеков Сапарбек Эсенович;
- Муйбиллаев Акимжан Муйбиллаевич;
- Темирбаев Курманбек Токтосунович;
- Темирбаев Нурлан Токтосунович
Мурдагы бийлик убагында мамлекеттик кызматтарда иштеп, ошол бийликтин "былыгын" билген катардагы кызматкерлер өз ыктыяры менен сотко келип көрсөтмө берсе, алар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулаарын да Убактылуу өкмөт өзүнүн отурумунда чечим кылып кабыл алышты.

М.Конгантиев операцияга муктаж
ИИМнин мурдагы министри Молдомуса Конгантиев УККБнын СИЗОсунан ИИМ ооруканасына которулду. Таластыктардан катуу тепки жеген экс-министрдин кабыргалары жана баш-сөөгү катуу жабыр тарткан. Бирок, камакка алуу чечими өзгөртүлгөн жок. Эскерте кетсек, аны Москвага бараткан жеринен кармашып, УККБнын СИЗОсуна камашкан эле. Аны кармоо мыйзамсыз дейт укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова. Анын айтымында, Конгантиев качпай-этпей эле врачтын көрсөтмөсү менен Москвага дарыланууга бараткан, ошондой эле Конгантиев Таласта эч кимге ок аттырган эмес. Ошентип учурда М. Конгантиев операцияга муктаж болуп отурат.

Анвар Алиевдин өлүмү боюнча үч милиция кызматкери акталды
Жогорку соттун коллегиясынын чечими менен милициянын полковниги Анвар Алиевди өлүмү боюнча Свердлов райондук, Бишкек шаардык соттордун чечимдери жокко чыгарылды жана кылмыш иштеринин сотто каралуусу далилдердин жоктугунан токтотулду. Ал эми өлтүрдү деп айыпталып жаткан милиция кызматкерлери - Алмазбек Эргешбаев, Кахрамон Исмаилов жана Манноб Таджибаев акталды.

Жеңиш күнү майрамдалат… майрамдалбайт…
Өлкөдөгү акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу, Кыргызстандын борборунда 9-майда аскер парады болбойт, деп Коргоо министрлиги билдирсе, Кыргызстанда Жеңиш күнүн 2 күн майрамдоо каралып жатат, деди Убактылуу өкмөттүн социалдык маселелер боюнча координатору Эльмира Ибраимова билдирди. Эльмира айымдын айтымында 8-майда Кыргыз мамлекеттик филармониясында концерт уюштурулуп, 9-майда Жеңиш аянтында майрамдык марш уюштурулат. Кимисин угабыз?

Ошту оңдурбай калышты го...
Ошто абал дале бир калыпка түшө элек. Ош облусунун губернаторунун милдетин аткарып жаткан Сооронбай Жээнбеков Ошто элдин ортосуна чагым салгандардын артында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин таламдаштары тураарын, аймактагы кырдаалдын курчушуна кызыкдар сырткы күчтөр да бар экенин билдирди. "Мындай күчтөр сыртта толтура. Алар акча таратып, эптеп Кыргызстанда тополоң уюштуруп, Ошто кырдаалды курчутуу камын жеп жатышат, Акыбал оорлошкондо бизге жардам көрсөтүмүш этип, башка күчтөрдү өлкөгө киргизүүгө ниеттенишүүдө. Мындай демилгени бийлигинен жана байлыгынан ажыраган бакиевчилер байма-бай көтөрүп, такыр тынбай жатышат. Ошого карабастан жалпы калайык шартты туура түшүнөт го деп терең ишенебиз" дейт тынчсызданган губернатор.

Алгач окугула анан кызматка!
"Бийликти силерге биз алпергенбиз" деп улам-улам айттырып, ызы-чууга айлантып алышпайлы дештиби же чын эле "Келечек жаштардыкы" деген принципке таяныштыбы айтор Убактылуу Өкмөт жаштарды ишке тартуу программасын кабыл алышты. Алар "Үй-бүлөлүк кланга айланган К. Бакиев бийлигин кетирүүдө т.а. апрель окуясында жаштардын эмгеги, күчү чоң болду дечи, бирок ошол жаштарда мамлекеттик кызматта саясий иш алпарганга профессиналдык деңгээл жана билим жетишпей жатканын кантип танабыз" дешет. Андыктан аларды билим жагынан да профессионалдык жагынан да такшалтууга атайын окутуу программасын ишке ашырмакчы болушту. Окуу мөөнөтү эки айдан төрт айга чейин созулат. Кабыл алуу 1-июнда аяктап, 10-июнда ишке киришет. Окуунун милдетин Президенттин алдындагы Башкаруу Академиясы алган.




Конституцияны талкуулап...
Убактылуу өкмөт сунуш кылган конституциялык өзгөрүү- кошумчаларды ар ким ар кандай кабылдап, айрымдары алымсынбай, айрым саясий күчтөр жаңы Конституция долбоорун сунуштай тургандыктарын билдиришүүдө. Бул боюнча "Арнамыс" партиясынын төрага орунбасары Эмил Алиев, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов "Азаттык" үналгысына өз ойлорун билгизишкен.


Эмил Алиев: - Бизде канча топ болсо ошончо көп ой болот. Алардын баарын угуп өзүбүзгө жаккан концепцияны алышыбыз керек. Саясий партиялар талкуусунда бир жакшы ой айтылды. Конституцияга негизги маселелер гана жазылышы керек. Калган маселелер конституциялык мыйзамдар аркылуу оңдолуп турушу керек. Ошондо Конституция туруктуу болот. Азыркыдай майдалап жазыштын кажаты жок. Конституция кыз сындуу баарына жага бербеши керек. Бирок азыркы шартта аны тезирээк жазып, тезирээк кабыл алышыбыз керек. Өкмөт мыйзамдуу жолго түшүшү зарыл.


Шерадил Бактыгулов: - Парламенттик республика бизде буга чейин деле болгон. 1993-жылкы Конституцияда кийинки жылы өзгөрүлгөнгө чейин парламенттик республиканын негизги принциптери болгон. 2006-жылы да парламенттик конституция эки айдай иштеген. Иши кылып ал принцип азыноолок иштеген. Бирок анын парламенттикпи-республикалыкпы карапайым адамдар үчүн анча деле мааниси жок. Эмил мырза туура айтат. Баары адамга жараша. Эгер мыкты жетекчи келип башкара турган болсо бүгүнкү Конституция менен деле жакшы эле өнүгүп кетмекпиз. Буга чейин өлкөнүн ички-тышкы саясатын президент аныктап келсе, жаңы долбоордо аны парламент аныктары көрсөтүлгөн. Талуу маселе ушул. Негизги маселе ушул. Ким аныктайт? Андай болгондон кийин бийлик жоопкерчилиги да аныкталышы абзел. Маселен, парламентте берген добушу үчүн депутат жооп бербейт. А.Акаев менен К.Бакиев өздөрүнө укуктарды көбөйтүү менен алектенип келсе, эми ал Жогорку Кеңешке өтүүдө.


Ал эми экс-губерантор Өмүрбек Суваналиев Кыргызстан таза түрүндө парламенттик республика болушуна каршы экенин "Вечерний Бишкек" гезитинин 30-апрелде чыккан санындагы маегинде билдирди.
Ал парламенттик -президенттик республика болушун колдойт. Анын айтымында, парламенттик-президенттик республика күчтөрдүн акыл-эстүү балансын сактоого көмөк берет .
Ошондой эле Либералдык жаштар клубунун мүчөсү болгон жаштар 4-майдан 11-майга чейин жер-жерлерди кыдырып талкуу жүргүзмөй болушту. Бардык региондорду кыдырып келген жаштар жыйынтыгында "Конституциялык реформа: жаштардын көз-карашы" деген аталыштын алкагында Улуттук Университетте тегерек стол уюштурмакчы. Жаштар кабыл алган рекомендациялар Конституциялык жыйында тапшырылмакчы.
Конституциялык жыйындын курамында азыр 75 адам бар. Алардын айрымдарын атай кетсек: Клара Ажыбекова, Эркин Алымбеков, Чолпонкул Арабаев, Арсланбек Малиев, Исхак Масалиев, Мирослав Ниязов, Тайырбек Сарпашев, Даврон Сариев, Турсунбек Акун,Эмил Үмөталиев, Абдыганы Эркебаев ж.б. бир катар жаштар бар.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
4-май, 2010-ж.:
1-бет
Мирбек Иманбеков:
"...Терезени талкалап качып чыккам"

2-бет
Мирбек Иманбеков:
Мени "Ак-Кемедеги"
Нургазыга окшоштурушчу"

3-бет
Белгилүүлөр бала кезинде...
4-бет
Улуттук конгресс болуп өттү
5-бет
"Мага Айкенин ролун бербей коюшкан"
6-бет
Сизге кайсы буюм түтпөйт?
7-бет
Алмаш Чойбекова, акын, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер:
"ТӨРТ ОКТОН КАЛЫП ТИПТИРҮҮ, ОЛТУРАМ МИНТИП, БУЛ АНЫК…"

8-бет
Туулган күнүң кут болсун!
9-бет
Ак көйнөк кийген бийкеч
10-бет
"Сүйгөнүм курбума үйлөнүп алды"
11-бет
"Өзүн өзү "бычкан" шайыктын лабизи өрттөнүп"
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Cпорт world
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жыштык жылдызы










??.??