п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Сырмаек

Кайрат Примбердиев:
Былтыр июнь айында бойдокчулук менен кош айтышып, Кайрат Примбердиев үй-бүлөлүү мырзалардын катарын толуктаганы окурмандарга маалым. Учурда ырчы жигит уулдуу болуп кубанычы койнуна батпай турган чагы. Үй-бүлө менен алышып, чыгармачылыктан бир аз четтей түшкөн ырчы менен маектешип, жашоосундагы болуп жаткан жаңылыктары менен тааныштык.

"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"
- Кайрат, редакциябызга куш келипсиң! Акыркы күндөрү көп көрүнбөй кеттиң да…
- Уулдуу болгонумду көпчүлүк укса керек, азыр убактымдын көбүн үй-бүлөгө жумшап калдым. Баарыбыз эле аны эрмектеп бактылуу болуп турган чагыбыз. Кечкисин кафеде ырдап жүрөм, концерттерге деле көп катыша элекмин. Мүзүр Мамбетовдун жакында өткөн жеке концертинде жубайым экөөбүз жаңы жаздырган "Сүйүүнүн кызыл гүлдөрү" дуэтин ырдап чыктык. Жубайымдын да чоң сахнага биринчи чыгышы. Буга чейин "Поющий город" берүүсүнө катышып жүрчү, "баары бир чоң сахнага чыккан башкача болот экен, элдин сүрүнөн бир аз "мандраш" болуп анан оңолуп кеттим" дейт.
- Ырларыңдын көбүнүн аранжировкасы чет мамлекеттин ырларынан алынгандай?..
- "Сенин ырларыңда кыргыздын колорити анча байкалбайт, Европалык стилдеги ырларды көп жазасың" дегенди көп эле угуп жүрөм. Чет мамлекеттиктердин ырларын жактырып угам. Анан өзүң чыгарма жаратканда ошол ырлар мээңе сиңип калган европалыктардын айрым ноталары аралашып кетиши мүмкүн. Менин ырларымдын стили өзгөрүп кеткени да ошондон улам болсо керек. А бирок мен чет мамлекеттин ырларын так өзүндөй кылып сөзмө-сөз которуп, көчүрүп алып ырдай элекмин, ал эми айрым ноталарынын окшоп кеткенин мойнума алам.
- Экс-продюсериң менен кабарлашып турасыңбы?
- Ооба, ортодо келишим бүтсө деле Динара эже каралашып, техника жагынан жардам берип турат. Аппаратураларын сурап ырдаган учурларым көп болду. Азыр деле мамилебиз жакшы, уулум төрөлгөндө сүйүнчүлөп "киндик эне" болдуңуз дегем. Ортобуздагы келишим үч жылга түзүлгөн, бүтөөрүнө жарым жыл калганда "эже, сүйүп калдым, үйлөнүшүм керек" дедим. Анын үстүнө ошол кезде эмнегедир Айзаданы алакачып кетчүдөй эле туюла берди. Эң негизгиси эркек үйлөнөм деген чечим кабыл алса токтотуш кыйын экен. Динара эже ошонумду түшүндү окшойт "негизи келишимди бузбашың керек болчу, бирок кармай албайм" деген. Бүгүнкү күндө да бардык жагынан колдоп, жакшы сөзүн айтып турат.
- Уулуң кимиңерге окшош?
- Эч кимибизди таарынтпайт, баарыбызга эле окшошо берет. Өзгөчө кичине кезинде наристенин сырткы келбети бат-баттан кубулуп турат турбайбы. Азыр үч айлык кези, үн чыгарганга, көзү менен мени, апасын издегенге жарап калды.
- Ата болгон күнүңдү эстесең?
- Ирландын машинасы менен келинчегимди төрөт үйүнө алып бардык. Жылуу төшөктөрүн алып келейин деп үйгө кетип бара жатсам Айзада телефон чалат: Врачтар "Операция жолу менен төрөтөбүз, баланын киндиги мойнуна оролуп калыптыр деп жатышат" деп. Мен шашып кайра төрөт үйүнө барсам наристем жарык дүйнөгө келип калыптыр. Эне менен баланын ортосунда "контакт" болуш үчүн эки саат ымыркайды эненин көкүрөгүнө жаткырышат экен. Айзада наркоздо жаткандыктан баланы менин көкүрөгүмө жаткырышты. Буттары тыбырчылап анда-санда кыңылдап үн чыгарып коёт. Жүрөгүм дүкүлдөп башкача соккон ошондо. Досторума сүйүнчүлөп эки күн "ата" деген статусту жууп жүрдүк.
- Атын ким койду?
- Ат койгусу келгендер көп болду. Бирок, биз мурдатан эле Айзада экөөбүз Амир деген ысымды ылайыктап жүргөнбүз. Апама айтып уруксат сурасак: "макул, бирок кийинки неберемдин атын өзүм коём" деди.
- Үч айдын ичинде бала менен жалгыз калган күндөрүң болдубу?
- Ооба, жубайым быйыл окуусун бүтөт да, мамлекеттик экзамендерге даярданып жаткан кези. Кээде мага таштап кетет. "Мынча грамм сүттү саат мынчада бересиң, бул "памперсти" минтип кийгизесиң" деп көрсөтүп, кагазга жазып дайындап кетет. Бир жолу өзүм жалгыз уулум менен калдым. Карасам мойну тердеп, жүдөп кеткендей көрүндү. "Азыр жуунтам" дедим да суу жылытып дагарага салдым. Эненин колу баары бир башкача жумшак болот окшобойбу. Мен канчалык этият кармайын десем да карылуу колдорум менен этин оорутуп алдым окшойт, чаңырып ыйлап баштады. Анын үстүнө самындаганга ого бетер сыймаланганынан түшүрүп ийбейин деп катуу кармап, чаңыртып ыйлатып өзүм кошо жүдөдүм. Ыйы басылбай күчөгөнүнөн, менин да шаштым кетип корко түштүм. "Башын самындасам дагы жүдөйт окшойм" деп ошол жерден токтотуп, чайкап жылуу-жумшак ороп жаткызып койдум.
- Апасы келгенде эмне деди?
- Башында билген деле жок, мен да сыр берген жок. Амирди колуна алып жыттап "уулум "свежий" жыттанып калганго" дегенде айттым. "Өзүңдү-өзүң билип жиндисиңби, кулак-мурдуна суу киргизсең эмне болот" дейт. Чын эле кулагына кебез салганды да унутуп коюптурмун. Баары бир канча аракет да кылсаң энелердей балага кам көрө албайт экенсиң. Мен үйдө болгондо каралашып, уулумду колуман түшүрбөйм. Бирок, баары бир Амир апасына жакын.
- Чыгармачылык менен үй-бүлөнү алып кетүү кыз киши үчүн эле эмес, жигиттерге деле кыйын болсо керек?
- Баары эле акчага келип такалат. Эгер акчаң жетиштүү болуп турса кыйынчылык деле жок. Мисалы, мурда бойдок кезимде тапкан-ташыганымды өзүмө, ыр жаздырганга жумшасам, учурда "ушул акчага ыр жаздырсамбы же үйгө муздаткыч алсамбы?" деген ойго кептелет экенсиң. Азыр деле кээде ыр жаздырам деп кечкисин студияга кетип калган күндөрүм болот. Андай күндөрү Айзада: "өзүбүзчө үй алсак болот эле, ойлой жүрсөң" деп калат. Башың бош кезде өзүңдү-өзүң багып жүрө берсең, үй-бүлөлүү болгондон кийин батирлеп жүрүш да кыйын болуп калат экен. Тапканымды кечинде жубайым санап, отчёт берип турам.
- Сарамжалдуубу?
- Мен кайсы бир кийимди жактырып калсам баасын сурайм да соодалашып отурбай алып кете берем. Айзада да ушул сапатымды байкап "кичине соодалашсаң боло" деп көп айтат. Өзү болсо ал тармакта кыйын, сатуучунун ары-бери жагынан чыгып бат эле алдап коёт.
- Кайын-журтуңа канча убакта бир барасың?
- Шаарда эле турушат, бат-баттан эле барып турабыз. Мурда барганда "кел төргө өт" дешсе шар эле өтүп барып отуруп калчумун. Кийинчерээк уялып калдым, дагы деле "төргө өт" деп турушат, бирок, мурдакыдай болбой тарткынчыктап турам. Өткөндө конок тосушту да. Биринчи жолу оокатына аралашып, конокторду сыйлап "алыңыздар, ичиңиздер" деп тост берип,сүйлөтүп, ырдатканга жарадым. Башында тартынып уялып жаткам, коноктору да ачык-айрым адамдар экен, бат эле аралашып кеттим.
- Көңүлүңдө кандай эс алууну каалайсың?
- Жубайым ашканада тамак жасап, мен уулумду кучактап телевизор көргөндү аябай жакшы көрөм. Амирдин тили чыгып калганда мен телевизор көрүп отурсам, ал болсо анда-санда божурап бир нерселерди сурап коюп ойноп жатса деп кыялданам…Кээде чыгармачылыгыңа же үй-бүлөңө каражат жеткире албай кыйналып, сырттагы маселелер менен алышып жүрүп кечинде үйгө келсең жубайың күлүп-жайнап тосуп алат, Амирди жыттап бир аз да болсо сырттагы көйгөйлөрүң унутула түшөт. Мага ушунун баары эс алуу. Кээде достор менен чогулуп калабыз. Бирок, колдон келсе үйдө болгонго аракет кылам. Айзада да башка жактарда жүргөнүмдү көп жактыра бербейт.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайрат Примбердиев:
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"

2-бет
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"
3-бет
Ала-тоо асманында
4-бет
Бакиевчилер сотто суралып, айрымдары ачкачылык жарыялап…
5-бет
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, режиссер:
"Динаранын образы дайыма жүрөгүмдө"

6-бет
Биз турмушта аталардан кеч келип…
7-бет
Анвар Асанакунов, куудул:
"Аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Киностан
11-бет
Сураптырсыз жооп беребиз
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Бийге түшкөн жылдыздар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жаңы ысым










??.??