Атактуунун арзуусу

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, режиссер:
"Динаранын образы дайыма жүрөгүмдө"
- Жаныш агай, эң алгачкы балалык сүйүү сезимиңиз кимге арналды эле?
- Мектепте окуп жүргөндө Динара деген классташ кызыма арналган. Адегенде ага сүйүү сезимимди билдире албай, кат жазып, ыр арнап, айтор акыры анын сүйүүсүн өзүмө багындырып алдым. Ага алгач сезимимди билдиргенде "Мен сага тилектешмин" деген жооп алгам. Экөөбүз жарым жылдай кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүп, анан таарыныша түшкөнбүз. Бир күнү досторуман Динаранын башка чоң балдар менен сүйлөшүп жүргөнүн угуп, кызганычтан улам эмне кылаарымды билбей, өзүмдү-өзүм өлтүрүп андан өч алууну ойлодум. Атам чабан болгондуктан, үйдө дайыма октолуу мылтык турчу. Эч кимге көрүнбөй ошол мылтыкты алып короого кирдим. Мылтыктын оозун жүрөгүмө такап, артын дубалга такап колумду созуп машаны бастым. Машаны басканда мылтык жылып кетип, ок акырегимди талкалап кетти. Мылтыктын үнүнөн үйдөн апам чуркап чыгып, ызы-чуу түшүп жатып калышты. Айыл ичи сүйгөнүм Динара үчүн атынганымды угуп, "дүң" дей түштү. Борбордогу ооруканага жеткирип, дароо операция жасашты. Арадан эки күн өтпөй Динара апасын ээрчитип келип, ден-соолугумду билип, кечирим сураган. Бирок, Динара экөөбүздүн жолубуз бириккен жок. Ал эми акырегимдеги октун тагы тырык болуп калып калды. Бала кезде адам максималист болот экенбиз. Өзгөчө 15 жаштан 18 жашка чейинки өткөөл куракта адам сүйүү үчүн трагедиялуу окуяларды көп жасайт. Мен мисалы, Ромео менен Жульеттанын сүйүүсүн туура түшүнөм…
- Классташ болгондон кийин кийин жолуккандырсыз?..
- Кантип жолукпай коеюн. Жүрөгүңдө сүйүү болгондон кийин барасың да. Кийин барып жолугуп турчумун. Ал кезде ал университетте окучу. Турмушка чыга элек, мен да үйлөнө элек кезибиз. Азыр турмушка чыкты, бала-бакыралуу болду дегендей. Жакынкы бир жылдарда бир мектептин директорунун орун басары экен, көрүп учурашып сүйлөштүм. Алгачкы сүйүү көңүлүңдө, көкүрөгүңдө кээде түшүңдө да дайыма жүрө бере турган нерсе. Сен аны кийин көрсөң деле бала кездеги образ ошол бойдон сакталып калат.
- Кийин деле жолугуп турчубуз дедиңиз, үйлөнүүгө эмне тоскоол болду?
- Жаштыктын өзүнчө бир күтүлбөгөн нерсеси көп болот. Таарынычтар да көп болот. Жаш кезде адам таарынса эле дароо компенсация кылган жагын ойлоно баштайсың… Ошонун негизинде үйлөнгөн жокпуз. Мен башкага үйлөндүм, ал турмушка чыкты. Бирок айтып коюшум керек, анын образы дайым мени толкундантып, эстетип, жүрөгүмдө, сезимимде жашап келет. Өзгөчө үй-бүлөдө өзүңдүн оюңдагыдай нерсе болбой калса, мамиле өзүнүн нугун табалбай калган учурларда ал эске түшчү. "Эгерде экөөбүз үйлөнгөн болсок мындай болбойт эле" деп калам. Бирок, чын -чынына келгенде бул деген кыял да. Мисалы, Ромео менен Жульеатта үйлөнсө балким ал экөө ажырашып кетишмек. Балким биз деле. Негизи жетпей калган адамыңа карата сүйүү түбөлүктүү болот да. А сүйүүнүн өзү өзгөрүлмө, келип кете турган сезим. Мындай айтканда илдет сыяктуу: ооруйсуң кайра айыгасың.
- Канча жашта үйлөндүңүз?
- 20 жашта. Эрте үйлөндүм. Алгачкы жубайым Шайгүл Алсеитова экөөбүз бир чети бир чөйрөдөн болуп, кесибибиз жакын болчу. 15-16 жылдай бирге жашадык. Бирок мен ортодо Ташкенде окуп калдым. Ал бул жакта өзүнчө болуп калды. Андан тышкары да жашоо-турмушта да ар түрлүү кырдаалдар бар же жаштыктын кесепетиненби, айтор биздин турмушубуз уланып кеткен жок. Азыр мамилебиз сый, коллегабыз. Ортодо талашып тартыша турган эч нерсебиз жок. Балдар чоңойду дегендей. Шайгүлдөн бир уул, бир кызым бар. Уулум казак кызга үйлөнүп, Казакстанда турат. Тайларын тартып жакшы ырдайт, Казакстанда Марсел деген ат менен таанымал. Кызым Кыял "Учур" театрында актриса. Эки балабыз тең ата-энесиндей болуп, чыгармачыл жолду тандап алышты.
- Экинчи жубайыңызды сүйүп алдыңызбы?
- Турмушта адам сүйүп эле үйлөнө бербейт. Кээде ушундай зарылчылык пайда болуп калат: үйлөнүш керек деген. Анын кесиби мугалим, турмушка болгон көз-карашы олуттуу, интеллекти жогору болчу. Бирок, ушундай адамдар деле чыгармачыл адамды түшүнө албай калышат. Аракет кылат дечи, Бирок, ошол сенин кыялыңдагы нерсе баары бир ишке ашпай калышы мүмкүн. Себеби чыгармачыл адамдардын кыялын табыш өтө кыйын. Алар идеалист болушат, эмоцияга көп берилет, эңсегени асмандагы жылдыз… реалдуулука көп ыңгайлашкан эмес. Ошентип, биздин кызыкчылык бири-бирине туура келбей калып, урушпай эле ар ким өзүбүздүн жолубузду издеп кеттик. Андан бир кызым бар. Абдан зээндүү кыз. Апасы экөөбүздүн мамилебиз абдан жакшы, анткени бири-бирибизди таарынткандай абал ортодо болгон эмес.
- Сиздин "Чыңгыз менен Бүбүсара" фильмиңизде башкы ролду үчүнчү жубайыңыз Махабат Байгабылова аткарганда көпчүлүгү "азыркы аялы не деди экен?" деп таң калышты эле. Чын эле кызганган эмес беле?
- Ага таң калыштын кереги жок. Менин чыгармамдагы образга менин мурунку аялымдын образы чак келип калса эмне экен? Менин өзүмдүн чыгармачылык укугум, эркиндигим бар. Эми этиканын негизинде түшүндүрүп айтасың дечи, бирок жыйынтык чыгарууда мага эч ким таасир бере албайт. Биз өзүбүз деле Батыштын демократиясы болбосо дагы жалпы адамзаттык маданияттын бир баскычында турган адамдарбыз. Ошон үчүн бул жагынан ички кусамат пайда болбосо керек. Анүстүнө Назгүл өзү дагы чыгармачыл адам, журналист.
- Назгүл айымдан канча балаңыз бар, Махабаттанчы?
- Махабаттан эки кызым бар. Кыздарым мени жакшы көрүшөт. Назгүлдөн бир уул, бир кызым бар. Мен өзүм да абдан баласаакмын. Балдарыма үзүлүп түшүп мамиле кылам. Балдарымды көчөдө калтырган жан эмесмин. Менин турмушумдун маңызы балдарым анан чыгармачылыгым.
- "Жаныш Кулмамбетов кандай эле татынакай аялдарга үйлөнүп алат, же өзү сулуу болсочу…" деп айткандар да бар. Сиз ошого жооп кылып койбойсузбу?
- (Күлүп) Биз чыгармачыл адамдар сулуулукту жакшы көрөбүз, умтулабыз…
- Аялдарыңыздын бирөөсүнөн башкасы чыгармачыл адамдар болуп жатышпайбы. -Алар деле сулуулукка умтулушу керек эле да…
- (Каткырып) Ушуну чынын айтсам алардан сурап да көрбөптүрмүн. Бирок, өзүм сезем, билем аларды кандайдыр бир деңгээлде дүйнөгө болгон көз-карашым, ички дүйнөм, талантым же болбосо интеллектим кызыктырышы мүмкүн. Анан дагы чоочун адам сезбеген, түшүнбөгөн аура болот, ал адамга эмоционалдык, психологиялык деңгээлде гана таасир берет…
- Сиз төртөөнө тең мыйзамдуу түрдө үйлөндүңүз беле?
- Ооба, мыйзамдуу түрдө. Бизде жашыруун жашагандар мындайча айтканда өз аялына билгизбей жарандык никеде жүргөндөр көп. Бул турмушта адам чынчыл болуш керек. бул жагынан алганда чыгармачыл адамдар чынчылбыз. Баарын ачык айтабыз. Мисалы, мен деле чыгармачылыктан алыс болсом, кыргыздар айтмакчы "бир аялдын этегин кармап" жүрө бермекмин.
- Юбилейлик кечеңизди өткөргөн жатасыз дейли, мурунку жубайларыңызды чакырасызбы?
- Аларды чакырбасам дагы балдарымды сөзсүз чакырам. А бирок юбилейлик кече өткөрөйүн деген деле ой жок.
- Балким жашооңузду кино кылып тартаарсыз?
- Эгер менин жашоом элди кызыктырса тартмакмын. Бирок, кызыктыргыдай мен эми кино же сахна жылдызы эмесмин да. Мүмкүн үйдө отуруп калганда мемуар жазаттырмын, ким билет…
Эльмира Мадиева