п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Шоу дүйнө

Кастинг
"Жан" киностудиясы "Эркектер-2" кинокомедиясына катышууну каалаган улан-кыздар үчүн кайрадан кастинг жарыялайт. Тандоо 16-майда, саат 15:00дө, "Манас" кинотеатрында өтөт. Катышуучулардын жаш өзгөчөлүгү эске алынбайт.


Замир директор болду
"Иштесең тиштейсиң" дегендей, ырчы Замир Мырза январь айында Ош мамлекеттик Юридика Институтунун Эстетикалык борборунун директору болуп шайланган. Мындай жоопкерчиликти моюнга алып иштеп жаткан Замир, өзүнүн үйүндө аранжировка жаздыруучу студия ачканга да жетишти. Иш дегенде ашын жерге таштаган ырчынын жүрөгүндө качан үй-бүлөлүк студия ачылаар экен деген суроо азыркы күнгө чейин такталбай келет.


Нурлан Темирди кубантты
Жаңы чыгып келаткан ырчы Нурлан Насип сахналаш кесиптеши Темир Назаровду кубантты. Кантип дебейсизби, ырчы Темир "акесине" патриоттук сезимди козгогон дап-даяр ырын белекке берди. Чыгармачылыкка катуу бел байлап киреше баштаган Нурлан мырза ушул айдын аягында Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын "Улуттук аспаптар" бөлүмүн аяктайт.


Кубаныч футболдук мелдеш өткөрдү
Атанын уулу, аргымактын кулуну Кубаныч Сатаев 8-9-май күндөрү Талас областынын Боо-Терек айылында атасынын ысымына арналган "Чубак Сатаев атындагы футболдук мелдешти" өткөрдү. Бул мелдешти 1994-жылдан бери маркум Чубак аганын классташтары өткөрүп келген болсо, быйыл демилгени Кубаныч жана анын классташтары колго алган. Баш байгеге акчалай сыйлык жана түстүү телевизор сайылды. Он бир команда катышкан бул оюнда биринчи орунду "Бакай-Ата", экинчи орунду "Боо-Терек" командасы жеңип алды.


Гүлзат согуш ардагерлерине ыр сунду
Ырчы Гүлзат Байзакова Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата Ысык-Көл областындагы Жаркынбай айылында жашаган согуш ардагерлерин куттуктап, ыр десте сунду. Эске салсак, Улуу Жеңиш майрамынын 60 жылдыгында да ырчы айым чыгармачылыктагы достору Салима Балтаева, Айчүрөк Султановалар менен аталган айылда майрамдык маанай тартуулашкан.


Гүлнара табигат койнунда туулган күн тосту
10-май күнү жарык дүйнөгө келген Гүлнара Калдарова өздүк майрамын табигат койнунда тосту. Жолдошу Мырзабек келинчегине сюрприз кылып, "Ала-Арча" эс алуу борборуна Гүлнара айымдын жакын досторун мейманга чакырган. Тоо койнунда келинчеги Гүлнара үчүн арналган туулган күн жамгырдын төгүшү менен коштолду. Антсе да Мырзабек мырзанын бул күнгө пландаган ою ишке ашты.


Айжамал эркек төрөдү
"Кыз-Бурак" тобунун айчырайлуу кызы Айжамал Кабылова 30-апрелде көз жарды. Болгондо да жолдошу Азаматка уул төрөп берди. Москвада жашап жаткан жубайлар уулуна "Темирдей бекем жан болсун"деп,Темирлан деген ысым ыйгарышты. Аман-эсен бошонуп алган ырчы айым, учурда маңдайы жарыла сүйүнүп, наристесинин жытына мас болуп турган чагы.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
Кайрат Примбердиев:
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"

2-бет
"Уулумду жалгыз жуунтам деп жүдөп…"
3-бет
Ала-тоо асманында
4-бет
Бакиевчилер сотто суралып, айрымдары ачкачылык жарыялап…
5-бет
Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, режиссер:
"Динаранын образы дайыма жүрөгүмдө"

6-бет
Биз турмушта аталардан кеч келип…
7-бет
Анвар Асанакунов, куудул:
"Аялымдын жүрөнөөк экенин уксам да сабаган эмесмин"

8-бет
Шоу дүйнө
9-бет
Жылдыздар турмушунан
10-бет
Киностан
11-бет
Сураптырсыз жооп беребиз
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Бийге түшкөн жылдыздар
14-15-бет
Обон почта
16-бет
Жаңы ысым










??.??