Жылдыздар турмушунан

Май айы махабатым
Май айынын өзгөчөлүгү майрамдарга бай экенинде эмеспи. Жалпыбызга маалым болгон майрамдардан сырткары, белгилүүлөрдүн өздүк майрамдарына кайрылдык. Анан да орус элинде "В мае жениться-век маяться" деген макалдан улам, көпчүлүгү бул айда үй-бүлө курууну пландашпайт. Ал эми бизде жаз жарыш болуп, элдин баары кыбырап эле эмгектенип, көпчүлүгү тойдун баарын күркүрөгөн күзгө жылдырышат. Ошентсе да май айында үйлөнгөндөрдүн арасында куудул Айылчы Орозалиев бар экен.


Айылчы Орозалиев:
"29 жашымда үйлөндүм"
- Айылчы, сиз башкалардан өзгөчөлөнүп, үзүмчүл убакта бойдокчулук менен коштошуптурсуз?
- Ооу, аны сураба да. Болгондо да 29 жашка чейин коштошо албай жүрүп, 2005-жылдын 7-майында аябай катуу коштоштум. Анда мага үзүмчүл экени билинген деле эмес. Өзүмдүн катып койгон сегиз миң сомум бар болчу. Ошол акча менен үйлөнгөм. Дагы деле жүрө бермекминби ким билет, ага мындай бир себеп болуп калды. Айылга барып калдым. Бакыт деген досумдун үйүнө жеткенче караңгы кирип айлана көзгө сайса көрүнгүс. Анан үйүнө кирейин десем эле, алдымдан "Сен кимсиң?"деп, бетиме фонарь жандырган үч жаштагы кичинекей досумдун баласы чыкты. "Үйдө атаң барбы? Кимдин баласы болосуң?"деп сурасам, "Мен Бакыттын баласымын"деп коёт. "Көрсө, мен дагы эрте үйлөнгөнүмдө балам ушундай чоңоюп калмак экен да" деп жүрөгүм элжиреп кетти. Аябай жаман болдум. Ошондон кийин минтип жүрө бербей, үйлөнөйүн деген ойго келип, менден алты жаш кичүү Нурия жеңеңер менен бир жыл сүйлөшүп анан үйлөнүп, 30 жашымда балалуу болдум. Азыр кудайга шүгүр бир уул, бир кыздын атасымын.
- Орустарда "В мае жениться-век маяться" деген макал бар эмеспи. Буга кандай карайсыз?
- Мен буга каршымын. Май айында үйлөнсө сонун эле болот. Бизде деле "Январь айында үйлөнгөнгө болбойт" деп жатышпайбы. Бирок, ал деле туура эмес. Эл арасында кандай гана сөздөр айтылганы менен бир Алла билет.




Май айында төрөлгөндөр:
Дептерге кубанган Зайырбек Ажыматов
Акын, Зайырбек Ажыматов 1976-жылы 27-майда төрөлгөн.
- Студент кезде туулган күнүмдү тосуп жатып, сөз арасында "Бул дүйнөгө биз сыноого келебиз. Анан кыйраткан ийгилигиң жок, туулган күнүңдү жадырап, күлүп тосконуңдун не кереги бар?"деген суроолор болгон. Ошондон бери туулган күнгө көп деле маани бербейм. Бирок, эсимде калганы, он алты жашка чыкканымда жаңыдан ыр жазып, гезитке ырларым жарыяланып, фанат болуп жүргөнүмдү көргөн апам "Буга ырларыңды жазып жүр"деп, дептер белек кылган эле. (Күлүп) Кубанганымды сураба, мен айтпай эле коёюн.

Салима сахнада болду...
Салима Балтаева 1974-жылы 3-майда төрөлгөн.
Бул жылы Салима айым туулган күнүн жылдагыдан өзгөчө өткөрдү. Жыл сайын жакындарынын курчоосунда болсо, бул жылы Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата "Алтын казына" ресторанында согуш ардагерлерин куттуктап, ыр десте сунду. Албетте, ырчынын жанында чыгармачылыктагы достору болушту.

Рыспай туулган күнүн унутуп...
Манасчы, Рыспай Исаков 1975-жылы 11-майда жарык дүйнөгө келген.
- 2002-жылы 12-майда биртууган эжемдин үйүнө барсам, "Кечээ күтсөм эмнеге келген жоксуң?" дейт. "Аа, кечээ эмне иш бар беле?"десем, эжем туулган күнүм экенин айтып, мага белегин берген эле. А мен өзүмдүн туулган күнүмдү эсимден чыгарып коюптурмун да.

Назира менен Бактыгүл бир күндө туулган
Ошондой эле ди-джей Назира Кадыева 1983-жылы 29-майда, ырчы Бактыгүл Бадыева 1985-жылы 29-майда төрөлгөн.
Бир күндө туулган ырчы менен ди-джейдин үйүндө 29-май өзгөчө шаң менен жайыл дасторкондун курчоосунда өтөт экен. Туулган күнүндө үйүнө киши батпаган Назира айым, ашкана менен дасторкондун ортосунда кызмат кылат. Ал эми Бактыгүл айым бул күндү оригиналдуу эсте кала тургандай тосуп алганга аракеттенет.




Эгер сиз мугалим болсоңуз...
Айланып келип артисттин башын ооруттук. Башкача айтканда, аты чыгып калган белгилүүлөргө: "Эгер сиз мектепте мугалим болсоңуз, кайсы сабактан окутат элеңиз?"деген суроо узаттык. Жыйынтыгында Эрнис Кыязов икс, игрек, тангенске түшүнбөгөндүгүн, Чыңгыз Мырзаев адабиятчы болоорун, Ильяз Андаш тарыхчы, Атай Өмүрзаков денетарбиячы болом десе, Назира Жетигенова окуучулардын жүрөгүн түшүргөн мугалим болоорун билдирди.


Ди-джей, Чыңгыз Мырзаев:
"Кыргыз адабиятынан сабак бермекмин"
- Мугалим боло турган болсом, тарыхтан же кыргыз адабияты сабактарынан бермекмин. Өзүм бала кезимден бери эле кыргыз адабиятын жакшы көрөм. Кыргыз адабият, өзүбүздүн тилди бөтөн тилдерден өйдө экендигин билдириш үчүн болсо, тарых ата-бабаларыбыздай баатыр, патриот болууга үйрөтөт эмеспи.


Ырчы, Ильяз Андаш:
"Менден "строгий" мугалим чыкпаса керек"
- Өз элиңдин тарыхын билбесең кыйын эле да. Мен тарых сабагынан мугалим болмокмун. Мектептен да ушул сабакты жакшы көрүп окучумун. Бирок, өзүмдүн мүнөзүмө карап айтсам, менден "строгий" мугалим чыкпаса керек. Ким кандай окуп келсе, ошого жараша баа коймокмун.


Назира Айтбекова: "Шүмшүк" англис тилчи болом"
- Кесибим англис тилчи болгондуктан албетте, англис тилинен сабак бермекмин. Андан сырткары, түрк тилинен да сабак бергенге кызыгам. Бирок, өзүм шайыр, күлүп-жайнап жүргөнүм менен таптакыр жалжаңдамак эмесмин. Бала кезимден бери эле апама "Мен мугалим болуп калсам, шүмшүк эжей болом. Сабак окубай келгендерге "2" коюп, кол жазмалары сулуу болбосо дептерлерин тытып, "Эртең ата-энеңди ээрчитип кел" деп урушам. "Окуучулар мени көргөндө кирээрге тешик таппай, коркуп турушат"деп айтчумун. (Күлүп) Азыр деле мугалим болсом, ошондой болсом керек.


Атай Өмүрзаков:
"Денетарбиячы болмокмун"
- Мугалим болгум келбейт. Кичинекей балдарга төмөн баа коюп, алардын жүрөгүн оорута албайм. Эгер мугалим болгонго туура келип калса, оңойураак денетарбия сабагын тандамакмын. Бала кезимде өзүм деле бул сабактан жалаң беш алчумун. Мага өзгөчө футбол, баскетбол оюндарын ойногон жакчу.


Тележурналист,
Эрнис Кыязов:
"Икс, игрек башыма кирчү эмес"
- Тагдыр буйруп мен мугалим болуп калсам... (Ойлонуп) Адабият сабагынан же географиядан бермекмин. Өзүм окуучу кезде да ушул багыттагы сабактарды жакшы көрчүмүн. Бир нерсени так билем, математика, геометрия, химия сабагынан мугалим болуу менин колумдан келмек эмес. Анткени, чынында канчалык түшүнөйүн десем да, математикадагы косинус, синус, тангенстер, ал эми геометриядагы икс, игрек чиймелери башыма кирчү эмес. Анткен менен ал сабактардан арабыздагы билгендер менен кошо кыйкырышып, жакшы окуган окуучу болуп көрүнүп, "4" деген баа алчумун.


Айнура КАСЫМОВА