п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Айымдарга кеңеш

Айымдар келбетине кам көрүүдө миңдеген рецептерди жатка билишет. Ошентсе да алардын арыктоо, бетке жана чачка кам көрүү боюнча канча айтылган сайын тажашпай уга берген жакшы сапаттары бар. Анда эмесе айымдарга эң жөнөкөй кеңештер.

Төрөттөн кийинки арыктоо

М ындай суроо ар бир жаш энени тынчсыздандырат. Кош бойлуу учурунда ашыкча салмакка ээ болуп, төрөттөн кийин аны өз ордуна келтирүү кыйынга турат. Кайра кантип келишимдүү болуш керек?
Эмизүү учурунда эч убакта катуу диетага олтурбаңыз. Организм жабыр тартып, ден - соолугуңузга таасирин тийгизет. Бардык тамактарды рахаттануу менен жегениңиз оң. Анткени наристе да толук тамактанууга муктаж. Кээ бир диетологдор күнүнө 5-6 жолу тамактанууну сунуш кылышат. Белоктуу тамактарды жана мөмө-жемиштер, жашылчаларды көп пайдаланыңыз.
Чөп чайларды ичиңиз. Төрөттөн кийин чалкан менен ромашканы кайнатып, чай катары колдонуңуз. Ал организмдеги толуп калган суюктукту чыгарып, арыктоого түрткү берет. Тамактанууга 20-30 мүнөт калганда бир стакан ичип, аны 2-3 жума улантыңыз. Чөп чайлардан кийин белоктуу тамактарды кеңири колдонсоңуз болот. Мындай жол аркылуу балага таасирин тийгизбей, сиз арыктоонун жыйынтыгын көрө аласыз.
Дайыма кыймылда болуңуз. Кыймыл - ашыкча калорияларды жок кылат. Бирок, бул төрөттөн кийин эле гимнастикага же фитнеске жазылуу дегенди түшүндүрбөйт. Доктурлар төрөттөн кийин, чуркап же оор жумуш жасап, пресс кылууга тыюу салышат. Бирок, таза абада жөө басууну талап кылышат. Мүмкүнчүлүк болсо бассейндерге барыңыз. Суу алдындагы массаж абдан эффективдүү болот. Дал ушул көнүгүүлөр булчуңдардын жана сан эттердин тартылышына жардам берет. Жөнөкөй көнүгүүлөрдү үй ичинде да аткарууга аракет кылыңыз. Чыдамкайлуу болуп, адистин сөзүн угуңуз.




Бетти туура тазалоо

Көбүнчө айымдар беттеги ар кандай сезгенүүлөрдөн, безеткилерден жабыр тартып, кыйналып келишет. Бетти туура тазалоонун жана ага кам көрүүнүн бир нече жолу төмөндө.
Кол менен тазалоо: Эгерде сиздин бетиңизде жаралар жаңы жанданып башталса аларды кол менен тазалоого болот. Алгач, беттеги боекторду атайын лосьон же гель менен тазалап терини даярдоо керек. Кайнатылган бир литр сууга кичине кашык туз салып, таза марли же атайын бет сүргүнү нымдап, бетке жабып, 15 мүнөт кармап туруу керек. Ал безеткилердин чыңалышына жардам берет. Андан соң, колго таза кап кийип, жараларды сыгуу керек. Мындай процедураны 2-3 жолу кайталап, андан кийин атайын бет майларды сүйкөө абзел. Мындай ыкма аркылуу клеткалар жаңыланып, безеткиден арылат.
Аппарат аркылуу тазалоо:
Бетти ультра үндөр аркылуу тазалоо үчүн атайын аппарат "скраббер" деп аталат.
Ал беттеги безеткилерди жана кичинекей бырыштарды жоготот. Мындай аппарат менен тазалоодо косметологдун жардамы талап кылынат. Ал макияждын калдыктарын тазалап чыгат. Бул процедурадан кийин бет таза жана тунук болуп, адам жашарат. Беттин дем алуу клеткалары жакшырып, майлар азайып, ал эми кургак беттер болсо нормалдуу болот.
Мөмө жемиштер менен тазалоо:
Кээде бетти тазалоонун бардык түрлөрү карама-каршы болуп, терс таасирин тийгизет. Мындай учурда бет майлардан тышкары мөмө - жемиштердин маскасы да пайдалуу. Мисалы: Аз туздалган капустанын "с" витаминдери беттин терисин сергитип, бардык түрлөрүнө ылайыктуу келет. Аз туздалган капустаны майда туурап, бетке жабуу керек. Ал бетти тазалап, аны азыктандырат. Бадыраңдын чел кабыгы бетти жумшак кылса, кулпунайдын ширеси беттин үстүңкү катмарын тазалайт. Эгерде аллергияңыз жок болсо, мындай маскаларды бир жумада үч жолудан жасап турсаңыз болот. Петрушка жана укроптун кайнатылган суусу да жардам берет. Аны жатаар алдында бетке сүйкөп, андан соң жылуу суу менен жууп коюңуз. Мындай маскалар бетти агартып, кирден арылтат.




Какачтардан арылуу

Ар бир адамдын баш терисинде какачты пайда кылуучу зат болот. Алардын көбөйүп кетишине ар кандай нерселер түрткү берет. Мисалы: стресске чалдыкканда, тамактануунун бузулушунан, ар кандай оорулардын кесепетинен, иммунитеттин төмөндөшүнөн, кургактыктан пайда болот. Ал эми какачтан арылууда бир гана шампунду гана эмес, башка талаптарды дагы эске алуу абзел.
Тамактанууну көзөмөлдөө керек: Какач пайда болуунун бирден бир себеби тамактануунун бузулушунда. Эгерде какач пайда болсо, камыр тамактардан, куурулган эттерден, спирт ичимдиктеринен, туздалган ачуу тамактардан баш тартыңыз. Мөмө жемиштер, сүт азыктары жана быламыктар менен тамактаныңыз. Мындай диета сиздин организмиңиздеги микроэлементтердин бир калыпка келүүсүн көзөмөлдөйт.
Ооруга чалдыкканда: Организмге темир жетишпегенде кургак жана кесек какачтар пайда болот. Териге май аздык кылганда, клеткалар бат-бат бөлүнүп, какачтар куюла баштайт. Мындай учурда чачтар сынып, өңүн жоготот. Мындай оору "кургак себорея" деп аталат. Аны жеңиш үчүн суусундукту көп колдонуңуз, организм ар бир мезгил сайын бирдей суусундукту колдонушубузду талап кылат. Тамактануу алдында дайыма жарым стакан сууну ичип коюшуңуз зарыл.
Шампунду туура тандоо: Какач менен күрөшүүнүн бирден бир жолу болуп, шампунь эсептелинет. Аны тандоодо курамына чоң маани бериңиз. Какачты кетирүүчү шампундун курамына сөзсүз түрдө цинктин пиритиону, (zinc pirythione), дисульфит (disulphide) болушу керек. Алар теридеги микробдорду тазалайт. Мындан тышкары бир нече маскаларды колдонууга болот. Мисалы: Майлуу чачтарга жалбыздын кайнатылган суусун парикмахерлер сунуш кылышат. Мындай маскалар бактериялардын азайышына көзөмөлдөйт.
Нургүл Ибраева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
18-май, 2010-ж.:
1-бет
Сайкал Садыбакасова:
"Папам" көп сүйлөбөгөн, токтоо адам экен"

2-бет
"Папамдын" кулагын чоюп, белек алдым"
3-бет
Данияр Исанов, НТС телеканалынын диктору:
"Калмураттын арбагын өңүмдө көргөм"

4-бет
"АКЫЙКАТТУУЛУК бар жерде, өнүгүү бар"
5-бет
Күнболот Момоконов, "Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Турсунбай Бакир уулу соткасын өчүрүп…"

6-бет
Кана эмесе жигиттер...
7-бет
Айжамал Кабылова:
"Эркек күткөн эмесмин..."

8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Чыгармачыл адамдардын чакан бизнестери
10-бет
Айымдарга кеңеш
11-бет
Мистика. Оскар актрисаларды ажыраштырууда
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Ханбийкелердин кымбат үлпөт көйнөктөрү
15-бет
Обон почта
15-бет
ЖАРЫЯ !!!
16-бет
"Маңдайыма жазганына…"










??.??