п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Жылдыздар турмушунан

Мистика. Оскар актрисаларды ажыраштырууда
Прессаларда мурдатан эле "Оскар сыйлыгы өзүнүн жеңүүчүлөрүнө бактысыздык алып келет" деген сөздөр тараган. Буга чечүүчү аргумент катары Сандра Буллок менен Кейт Уинслеттин күйөөлөрүнөн ажырашуусу болду. Чындыгында Оскар сыйлыгын алган актрисалар өтө деле көп эмес. Ошого карабастан, Оскар сыйлыгын алгандан бир нече күндөн же бир нече жылдан кийин актрисалар өзүнүн сүйгөн жарынан ажырашышкан.

(Кейт Уинслет жана Сэм Мендес)
Оскар сыйлыгын алып, ажырашууларына 1 жыл калганда.
Кейт менен Сэмдин ажырашуусуна Ди Каприо күнөөлүү
Оскар: Кейт Уинслет - "Эң мыкты аялдын ролу - 2009-ж" ("Чтец" - 2009-ж)
2009-жылдын "Мыкты актриса" алтын статуэткасы Кейт Уинслетке ыйгарылган. Сыйлыкты алуу үчүн сахнага чыккан актриса: "Менин сүйүктүү ишиме тоскоол болбой, тескерисинче мага жөлөк болгон сүйүктүү жолдошум Сэмге жана эки балама абдан ыраазычылык билдирем" деген. 2010-жылдын Оскар майрамдык салтанатынан кийин эле Кейт жолдошу Сэм менен ажырашуусу тууралуу жарыялаган. "Сэм Мендес Ребекка Холл аттуу жаш актриса менен алмаштырып жүрөт деген ушактардан улам ажырашышты" деген божомолдор болгон. Бирок, алардын мамилесин жакшы билген булактар бул божомолду жокко чыгарып, экөөнүн ажырашуусунун бирден-бир себеби, Леонардо Ди Каприо экендигин аныкташкан. Көрсө, Кейт Уинслет Леонардону "Титаник" (1997) киносуна тартылгандан бери эле сүйүп жүргөн имиш. Кейттин официалдуу ажырашуусунан кийин эле Леонардо Ди Каприо да Бар Рафаэли аттуу модель менен 5 жылдык мамилесин үзгөн. Кейт жана Сэм 7 жыл чогуу жашашкан. Айткандай, Сэм Мендес 1999-жылы Оскардын "мыкты режиссура" сыйлыгын алган эле.



(Риз Уизерспун жана Райан Филипп)
Оскар сыйлыгынан кийин, ажырашууларына 7 ай калганда
Ушактын айынан бузулган үй-бүлө
Оскар: Риз Уизерспун - "Эң мыкты аялдын ролу - 2005" ("Сызыкты аттап өтүү", 2005-ж)
2005-жылы Оскар сыйлыгын алып кубанычы койнуна батпай, жолдошу Райанга ыраазычылыгын билдирип жүргөн Риз Уизерспунга 7 айдан кийинки ажырашуулары абдан оор болгон. Райандын Ризди алмаштырып жүргөндүгү тууралуу ушак-айың кептер шамалдай тарап жүргөн. Экөөнүн ажырашуусуна ушактардан тышкары, бири-бирине болгон пикир келишпестиктер да түрткү болгон. Жубайлар мыйзамсыз никеде болгондуктан турак-жайды бөлүшүүдө бир топ кыйынчылыктар туулуптур. Экөөнүн бир кыз, бир уулу бар. Риз Уизерспун жана Райан Филипп 7 жыл бирге жашашкан.


(Сандра Буллок жана Джесси Джеймс)
Оскарды алган күн. Ажырашууга 10 күн калгандагы "чырк этме"

Сексуалдык көз карандылыктан ажырашкан жубайлар
Оскар: Сандра Буллок - "Эң мыкты аялдын ролу" ("Көрүнбөгөн тарап", 2010-ж)
Ушул жылдын 7-мартында Сандра Буллокко "Көрүнбөгөн тарап" киносундагы ролун мыкты аткаргандыгы үчүн Оскар сыйлыгы берилген. Сыйлыкты алгандан он күндөн кийин, башкача айтканда, 17-мартта "In Touch" журналы актрисанын күйөөсүнүн "ойноп" жүргөнү жөнүндө жазып чыгышкан. Сандранын күйөөсү Джесси Деймстин биринчи романы тууралуу "Бомба" деген тергеме атты алып жүргөн Мишель МакДжи аттуу тату-модель прессага жарыялап чыккан. Мындан бир нече күн өтүп-өтпөй эле дагы үч аял Буллоктун күйөөсү Джесси менен жылуу мамиледе экендигин жар салып жатышса, экинчи жагынан Джессинин дагы бир ойношунун кош бойлуу экени билинип калып, Буллоктун эл караган бетин жер караткан. 17-марттан азыркы күнгө чейин Сандра "ак сөөктөрдүн" салтанаттарына катышпай, камерадан бетин алып качып жүрөт. Джеймс болсо "сексуалдык көз карандылыктан" арылуу үчүн ооруканага жатып, кайра ал жерден качып кеткен. Сандра ажырашуу боюнча сотко арыз жазды. Жубайлар 2003-жылы таанышып, 2005-жылы үйлөнүшкөн. 5 жылдан соң эки тарапка бет алышты.

(Холли Берри жана Эрик Бенет)
Оскар сыйлыгынан кийин, ажырашууга бир жыл калганда

Колу туткактыктын айынан ажырашкандар
Оскар: Холли Берри - "Эң мыкты аялдын ролу" ("Монстрлар балы", 2002-ж)
2002-жылы Холли Берри өмүр бою кыялданып күтүп жүргөн Оскар сыйлыгын алган. Сыйлыкты алып жатканда жолдошу Эрик Бенет жанында жүргөн эле. Андан көп өтпөй, актриса күйөөсүнүн ойноп жүргөнүн билип калат. Экөө 1997-жылы таанышкан. Актриса Холли машинасын айдап баратып астында турган бир машинаны сүзүп, жаракат алган аялга жардам бербей көздөн кайым болот. Холлини шарттуу түрдө 3 жылга соттоп, "300 саат коомдук жумушта иштегенге болбойт" деген өкүм чыккан. Кыйын кырдаалдарда Эрик дайыма жанында болуп, материалдык жактан колдоп турган. Жылдыздары келишип калган түгөйлөр 2001-жылы үйлөнүшүп, эки жылдан соң күйөөсүнүн колунун туткактыгынын айынан ажырашып тынышкан.

(Джулия Робертс жана Бенджамин Братт)
Оскардан кийин ажырашууларына 3 ай калганда


Жакшы мамиледе ажырашкан жубайлар
Оскар: Джулия Робертс - "Эң мыкты аялдын ролу" ("Эрин Брокович", 2001-ж)
Джулия Робертс менен Бенджамин Браттын махабаты 1998-жылы башталган. Түгөйлөр таанышаары менен эле чогуу турмуш кура баштаган. 2001-жылы Оскар сыйлыгын алаарда Бенджамин сүйүктүү жубайы Джулия менен чогуу барып, анын алган сыйлыгына чын жүрөктөн сүйүнгөн болчу. Турмуштун таразасы сол тарапка ооп, андан 3 айдан кийин эле экөө бирге болбой калгандыгы тууралуу гезит беттерине жарыялашкан. Башка түгөйлөрдөй болбой, экөө бири-бирине катуу сөз айтпай эле эки жакка бет алышкан. Джулиянын Джордж Клуни менен жаңы мамилеси жубайлардын ажырашууларына себеп болгон. Джулия жана Бенджамин 4 жыл турмуштун оош-кыйышын бирге көрүп жашашкан.

(Анджелина Джоли жана Билли Боб Торнтон)
Оскар сыйлыгын алгандан кийин, ажырашууга 3 жыл калганда

Анджелинанын ажырашуусу сыр боюнча сакталып келет
Оскар: Анджелина Джоли - "Экинчи пландагы эң мыкты аялдын ролу" ("Талкаланган тагдыр", 2000-ж)
Анджелина Джоли жана Билли Боб Торнтон - киного тартуучу аянтчадагы кесиптештер. 1999-жылы "Учууну башкарууда" ("Управляя полетами") тасмасынан кийин өтө жакын болуп кетишкен. 2000-жылы баш кошуп, "бири-бирибизге ишенимдүү жубайлардан болобуз" - деп кандарын алмашып, бири-биринин атынан татуировка чектиришкен. Эң кызыктуусу, жаңы үйлөнгөн жубайлар никеге ак көйнөк кийсе, Анджелина менен Билли жынсычан барып, бири-бирин алмаштырбоого да ант берип, турмуштун даңгыр жолуна аттанышкан эле. 2003-жылы таттуу турмушуна чекит коюуга туура келди. Бирок, ажырашууларынын себебин азыркыга чейин айтышпайт. Анджелина жана Билли 3 жыл чогуу жашашкан.




  Киностан

Каннда жалаң артисттер менен режиссерлор чогулду
12-майда дүйнөдөгү эң атактуу Канн кинофестивалы башталды. Канн фестивалы алгач 1946-жылы 20-сентябрдан 5-октябрга чейин Канн курорттук шаарында өткөрүлгөн. 1968-жылдан тарта май айында өткөрүлө баштады. Быйылкы жолкусу менен эл аралык киносынак 63-жолу өтүүдө. Тьерри Фремо аттуу адам Канн фестивалынын башкы директору. Фестивалга кино дүйнөсүндөгү атак-даңктуу режиссерлор менен артисттерди көрүүгө кызыккан көптөгөн күйөрмандар да келишет. Былтыркы фестивалдын шаанисин америкалык Тарантинонун "Кадырсыз салпаяктары" менен даниялык фон Триердин "Антихристи" ачкан болсо, быйылкы киномайрам америкалык Ридли Скоттун "Робин Гуд" тасмасы менен ачылды. Тасмада башкы ролдорду Рассел Кроу жана Кейт Бланшет ойнойт.
Белгилүү режиссёрлор ат салышат
12-майдан 23-майга чейинки 11 күндүн аралыгында Канн шаарында сынакта жана сынактан тышкары Майк Ли, Кен Лоач, Алехандро Гонсалес Иньярриту, Дуг Лиман, Такеши Китано, Отар Иоселлиани, Жан-Люк Годар, Оливер Стоун, Вуди Ален ж.б. белгилүү режиссёрлордун ондогон кинолору көрсөтүлөт. Фестивалдын калыстар тобун Тим Бартон жетектейт.
Айтылуу актрисалар көрк кошот
Атактуу француз жазуучусу Моппасан 1888-жылы Франциянын түштүк жээгинде курорттуу Канн жөнүндө "Ханзадалар, ханзадалар, кайда барба ханзадалар" деп жазган экен. Анын сыңарындай эки жума бою шаарга кербезденген атактуу кинорежиссёрлер менен актёрлер, жана Жюльет Бинош, Кейт Бланшет сыяктуу назданган актрисалар көрк кошот.
Сынактын программасы
Канн фестивалынын конкурстук программасында Ридли Скоттун "Робин Гуд" тасмасынан башка да 15 өлкөдөн келген эң мыкты деген 18 фильм көрсөтүлөт.
Баш байгени алат деген бул тасмалардын ичинде Оливер Стоун, Вудди Аллен, Никита Михалков сыяктуу алп режиссёрлордун эмгектери бар.
Канн фестивалына башка кинематографтык форумдарга катышпаган, акыркы 12 айдын аралыгында мыкты деңгээлде тартылган тасмалар катыша алат. Тасманын узактыгы: кыскаметраждуу фильм - 15 мүнөткө чейин, узак метраждуу фильм - 60 мүнөттөн узак болууга тийиш. Фестивалдын жеңүүчүсүнө алтындан жасалган "Пальма бутагы" ыйгарылат. Андан тышкары, мыкты актёр, актриса, режиссер, сценаристке баалуу белектер берилет.

Төлөбүбү Касымалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
18-май, 2010-ж.:
1-бет
Сайкал Садыбакасова:
"Папам" көп сүйлөбөгөн, токтоо адам экен"

2-бет
"Папамдын" кулагын чоюп, белек алдым"
3-бет
Данияр Исанов, НТС телеканалынын диктору:
"Калмураттын арбагын өңүмдө көргөм"

4-бет
"АКЫЙКАТТУУЛУК бар жерде, өнүгүү бар"
5-бет
Күнболот Момоконов, "Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Турсунбай Бакир уулу соткасын өчүрүп…"

6-бет
Кана эмесе жигиттер...
7-бет
Айжамал Кабылова:
"Эркек күткөн эмесмин..."

8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Чыгармачыл адамдардын чакан бизнестери
10-бет
Айымдарга кеңеш
11-бет
Мистика. Оскар актрисаларды ажыраштырууда
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Ханбийкелердин кымбат үлпөт көйнөктөрү
15-бет
Обон почта
15-бет
ЖАРЫЯ !!!
16-бет
"Маңдайыма жазганына…"










??.??