п»ї
 Таанышуу жарыясы


  окумал

Сен жана мен
Сезимай Алиева

(Уландысы, башы өткөн санда)
Капыстан кезиктиң
Дуулат сыртка чыкканда айлананы кара күүгүм каптап калган маал эле. Кар тапталып, басырылып калган жолдо "кырч-курч" эттире басканды жакшы көргөндүктөн жана да Сүйгөн тууралуу сүйлөшкөнү баратканы үчүн көңүлү жайдары. Эдил экөө жашаган үй менен жатакананын ортосу он мүнөттүк жол. Ашыгып келгени менен жатаканада издеген адамы жок болуп чыкты.
- Талгат бүгүн абасынын үйүнө кетти эле, конуп калат болуш керек. Эртең келсе ким издеди деп коёюн?- ылдый түшүп келип дайынын айткан бөлмөлөшү "бул кимиси?" дегенчелик кылып Дуулатты кызыга тиктеп турду.
- Дуулат байкең издеди деп коёсуңбу. Рахмат,-деди да көкүрөгүндөгү эмелеки кубаныч толкундоону бирөөгө уурдатып ийгендей оор улутуна сыртка бет алды. Айланчыктап жатакананын жанынан кеткиси келбей мойнун созуп, төртүнчү кабаттагы сол жактан санаганда бешинчи терезени тигиле тиктеп турду. Жарыгы күйүп турат. "Экзаменден канча алды болду экен? Көз карашы чарчаңкы көрүндү эле? Азыр өзүн чакыртсамбы? Анан түшүп келди дейин, эмне дейм? Жо-ок, бүгүн эмес…" деген ойлор менен алпурушуп шылкыя жолго түштү. "Эми Эдилге эмне дейм? Ага дагы күлкү болот турбаймынбы? Эртең сөзсүз,сөзсүз таанышам! Болбосо мен Дуулат эмесмин. Түз эле барам да, ушундай-ушундай деп айтам. Анан көрө жатаарбыз" деп өзүн-өзү жооткотуп баратты. Көз алдында Сүйгөндүн бүгүнкү элеси.
ххх
Анда сентябрь айы болчу. Айдын он жетинчи күнүн эч унутпайт. Жумуштан чыгып Жибек-Жолу-Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишиндеги кичинекей базарга тамак-аш алганы кайрылып калган. Үйдө эки бойдок жашаганы менен Эдил күндө тамакты өзү түрлөп жакшы жасайт. "Мен картошканы мундир бышырганды гана билем" деген Дуулаттын милдети тамак-аш сатып келмей. Бирок соода-сатык кылуу өзүнө аябай жагат. Арзанына качырбай сапаттуусун алганга басым кылып, жакшы тандайт.
Алчусун жазып алган тизмеси боюнча алып жолдо жөө келе жатып алдыда басып бараткан кызга көңүлү бурулду. Жана да нан алып жатканда ушул көгүш көйнөкчөн кызды көргөндөй болгон, бирок анда анча этибар алган эмес эле. Эми болсо…Кыздын койкоңдой басканы, бой-келбети, жада калса ийнине төгүлгөн кара-күрөң чачынын жасалгасынан өйдө өзүнө аябай жарашып сыртынан көз суктанаарлык. Артта калып калбай, озуп да кетпей кадамдап ээрчип келе берди. Жүзүн, көзүн көргүсү келип, бирок каалоосун күчтөп тыйды. Экөөнүн жолу бир окшойт. Ойлонуп баратканбы кыз артындагы аңдыган жигитти байкабастан кете берди. Дуулат өзү жашаган көчөдөн өтүп, кыздын карааны жатаканага кирип кеткиче узата ээрчий келип кайра артка кайтты.
Бүгүн Нуркыз менен жолугушууга бармак. Барган жок. Эртеси "үйгө достор келип калыптыр, чыга албай калдым" деген жок шылтоону айтып кутулду. Кийин да мындай учурлар көп кайталанды. Басса-турса бейтааныш кыздын элеси көз алдынан кетпес болду.
Экинчи жолу кызды дагы кокусунан кезиктирди. Курбусу менен шыңкылдай күлүп, бир нерсени кызуу талкуулай Исанов көчөсүнөн өтүп баратыптыр. Үстүндөгү сыя көк майда гүлдөрү бар кыска көйнөгү өзүнө аябай жарашып, көзүнө кыз калдыркан көпөлөктөй көрүндү. Кызды көргөндөн тартып жан-дүйнөсүндө өзүнө мурда тааныш эмес кандайдыр бир жагымдуу-жылуу сезим пайда болгонун байкады. Үч ай ичим тап болуп жада калса Эдилге да эч сыр бербей ичинен гана убайым тартып жүрө берди. Ал ортодо Нуркыз менен жолугушуп жүрдү. Бирок күн өткөн сайын ага деген кызыгуусу тарап, сезими кайдадыр учуп бууланып кеткенсип өзүнөн-өзү жок болду. Мурун Нуркызга жолуккусу, аны менен сүйлөшкүсү, өбүшкүсү келчү, ага ашыкчу. Эми болсо эси-дартынын баары бөлөк кызда. Кыялында аны имере кучактап, кучагына кысат. Анын аппакай ичке манжалуу колдорунан кармалайт. Бул сезим, бул каалоо ушунча күчтүү болгондуктан эмне кылаарын билбей акыркы күндөрү убара тартчу болду. Нуркыз менен кантип анын көңүлүн оорутпай кош айтышуунун жолун издеп кыйналды. Жарым жыл аралыгында ага да бир топ көнүп калган эле. Бирок ал сөздү улам кийинкиге жылдыра берди.
Бир күнү жумушта отурса Нуркыз чалды.
- Дуулат, Көлдөн апам келиптир. Мен өткөндө кат жазып сен жөнүндө да айткам дебедим беле. Бүгүн да мен сабактан келгенче Кыял (сиңдиси) сен тууралуу төкпөй-чачпай апама айтып, үчөөбүз чогуу түшкөн сүрөттөрдү көргөзүптүр. Апам сени "жылдыздуу жигит экен" деп жактырды. "Сүйлөшүп жүрсөң бөлөк-бөтөн бала эмес- өз, тааныштыр бүгүн келип тамак ичип кетсин" деп жатат. Канчада келесиң?- деген сөзү сары оору болуп жүргөн жүрөгүнө октой кадалды. Мындан ары созууга болбойт эле.
- Мм…- сөз таппай оор онтоп алды. - Нуркыз, билесиңби, мен бүгүн жумуштан өтө кеч чыгат элем. Бирок өзүм сени менен сүйлөшчү сөздөрүм бар эле. Кел эртең жумуштан кийин кезигелик, - деген өзүнүн муздак добушунан өзү ичиркенип алды.
Телефондон экөөнүн мамилесине чекит коюп коюу жигитчиликке жатпайт деп ойлоду. Убадалашып алып өзүнүн туура чечим чыгарганына күмөн санай, кыжаалат тартып акыры Эдилге көкүрөгүн ачты.
- Ту-уй, мен сени болду Нуркызды эле алат болуш керек. Көп кыздан ушу кызга токтолду жүрөгү сүйсө керек деп жүрсө. Эй, аны аяшка деп көбүнө тааныштырып ийбедик беле. Анын жумушка күндө он маал чалып тажатып, сен күн алыс барып, сүйүшүп-күйүшүп жүрүп эми экөөңдү кайсы кара теке сүздү? Балким убактылуу таарынычтыр? Анда кол үзөм деп шашылба. Бирок өзүң бил дечи.
- Мен деле ошондой деп ойлогом. Көрсө адашыптырмын. Болот да эми. Эмне сен жаңылган жок белең?! Чын эле тажатып "эмне кылып жатасың?" деп такып, кызганып он маал чалганы болбосо, баскан-турганы, сүйлөгөнүндө эч айып жок. Бирок мен аны жөн гана жактырып жүргөнүмдү эми түшүндүм. Мен аны сүйбөйт экенмин. Түшүнсөң!- Дуулат кызаңдай түштү. Ары-бери басып, кайра отуруп тамекинин күлүн түшүргүчтүн ичи додолонуп күлгө толсо деле дембе-дем тарта берди. Бул өзүн-өзү тынчтандырып жаткандагысы эле. Бирок жардам бербеди. Эмнегедир, кимгедир ачууланып алды.
- Мен го түшүнөм, а Нуркызың түшүнөбү? Кеп ошондо. Анын сенден оңой-олтоң ажыраарына көзүм жетпейт. Оңой кыз эме-ес…Бирок бир нерсе айтайынбы? Мурун көңүлүңө карап айтчу эмесмин, эми азыр өзүң минтип жаткан соң…Нуркызың деле мага жакчу эмес. Билбейм, өзүнчө эле ал сүйлөгөндө итатайым тутула берчү. Мага бардык жагы жасалмадай сезилчү. Бир чети сенин көзүң кеч болуп кала электе ачылганы жакшы болду.
Дуулат Эдилди эми көрүп жаткансып таң кала көпкө тигиле тиктеп туруп:
- Сен бул сөзүңдү мен өзүмдү Нуркыздын алдында күнөөлүү сезип кыйналбасын деп эле айтып жатасың ээ?..
- Жок! Андай эмес, - каткырып күлүп: - Андан көрө сен мага азыркы бийкечиң ким экенин айтчы? Аты-жөнү, ата-теги дегендей?
- Атын сен эмес өзүм билбейм.
- Мына кызык, тамаша. Ушундай да болот бекен?! Жаңы сүйүүң тууралуу эч нерсе билбей туруп эскиси менен кол үзгөнгө шашкан жоксунбу?
Дуулат унчукпай калды. Эмне дээрин да билбеди. Бирок көп ойлонбой бейтааныш кыз тууралуу кыскача Эдилге болгонун-болгондой айтты. Кеп-кеңеш сурады.
Экөө сүйлөшкөн боюнча эртеси Нуркыз менен ачык эле сүйлөштү. "Дос бойдон калалы" деген оюн билдирген сөздүн акырында. Бирок Нуркыздын ушундай кабыл алаарын эч күткөн эмес: кафедегилерди көзгө илбей долуланып ыйлап, албууттанып бир топ ачуу сөздөрдү айтты. Мынчалыкка бараарын күтпөгөн Дуулат, кечээги досунун айткан сөздөрүн эстеп, Нуркыздын чыныгы жүзүн көргөнсүдү.

(Уландысы кийинки санда)




  Миң түркүн…

Зер буюмдар да сыр катышат
Өткөн саныбызда баалуу таштардын жана зер буюмдардын дарылык касиети жөнүндө жазган элек. Бир гана кооздук катары эмес, ооруну айыктыруучу касиетке ээ таштардын уландысы төмөндө.

Лазурит - Байыркы Кытайда лазурит ийгиликтин символу катары эсептелинет. Анын көк жана көгүш түстөрү эл ичинде кеңири тарап, кымбат баалуу таштардын катарын толуктайт. Ошондуктан аны "асман ташы" деп да атап коюшат. Элдик медицинада аны дары катары колдонуп келишкен. Лазуриттин ар бир шурусу көзгө абдан пайдалуу. Кээ бир өлкөлөрдө доктурлар лазуритти кош бойлуу аялдарга бойдон түшүүнү көзөмөлдөп туруучу жана токсикоздун жеңил болушуна жардам берүүчү дары катары беришет. Аллергиянын да алдын алат. Алтын кошулмасы бар лазурит аркылуу ашказандагы "язва" оорусун дарылоого болот.
Изумруд - Акылмандуулуктун, даанышмандуулуктун ташы. Гректер жылан чагып алган учурларда айыктыруучу дары катары колдонушкан. Эң биринчи кристалл капталган чоң изумруд Бразилияда табылган. Анын салмагы 7.5 кг түзгөн. Алар көбүнчө ачык жашыл түстө болот. Ал ар түрдүү инфекциялык оорулардын алдын алат. Кант диабетин көзөмөлдөп турат. Бразилиялык доктур Роуленддин айтуусу боюнча изумруд ташы "псориаз" жарасын жок кылып, баш жана жүрөк ооруларына жардам берип, эпилепсияны дарылайт. Көп убакытка тагынган адам жаранын азайышын байкаган.
Хризолит - Грек тилинен которгондо "алтын таш" дегенди түшүндүрөт. Литотерапевттер хризолиттин дарылык касиети бар экенин изилдеп чыгышкан. Ал "Ян" энергиясына абдан бай келип, адамга физикалык жана эмоционалдык жактан жардам берет. Жүрөктүн нормалдуу иштешин жана кан басымдуулукту көзөмөлдөп турат. Көз ооруларын айыктырат. Хризолит мырзалардын сүйүү сезимдерин ойготуп, аларга дем күч берип турат деп айтылат. Анын ушундай магиялык сапатына маани беришип, аялзаты көп тагынышат.
Бирюза - Бир гана дарылык касиетке ээ болбостон, бакыттын жарымы катары болуп, үйдө ийгиликти жана тынчтыкты сактап туруучу сапатка ээ. Таарынгандарды элдештирип, уруштун алдын алат. Эл ичинде бирюзаны "чындыктын ташы" деп атап келишет. Аны тагынган адамга оору жакындай баштаса, бирюза түсүн өзгөртүп коюшу да ыктымал. Ошентип оорунун алдын алса болот.
Александрит - Чанда кездешүүчү таш. Дүйнө жүзүндө мындай зер буюмдар чоң мааниге ээ болуп, башкалардан абдан өзгөчөлөнүп турат. Анткени кымбатына карабай баары сатып алууга даяр, себеби анын бир гана аялзатына кооздук тартуулабастан, дары катары пайдасы эбегейсиз зор. Кан айлануу системасын жакшыртып, сөөктөрдүн бекем болушуна жардам берет.
Кварц- Сүйүүнүн жана эркиндиктин ташы. Ал суудай тунук жана боелгон таштардын бирикмесинен турат. Алардын өңү да ар башка мааниге ээ. Жаныбарлардын көзү тагылган кварц эң кымбат баада турат. Кварцты аялзаты кооздук катары гана эмес, пайдасы үчүн да алышат. Кварцтын ар бир минералы пайдалуу затка ээ. Ал эс тутумду бекем кылып, фантазияга байытат. Ой - жүгүртүүнү жакшыртат. Элдик дарыгерлер, тили кеч чыккан балага жардам берет деп да айтып келишкен.
Эң кымбат баалуу таш: Дүйнө жүзүндөгү эң баалуу таш бриллиант болуп эсептелинет. Таштын баасына, тазалыгына, салмагына, түсүнө жараша болот. Бриллианттар атайын аттарга да ээ. Мисалы: бриллиант "Куллинан" 3106 караттан туруп, 500 граммдан кем болгон эмес. Ал 9 кесек жана 96 майда бриллианттан жасалган. Бул таш адамды бир гана салмагы менен эмес, тазалыгы менен жана минералдык кошулмаларысыз, сынык жарактын жоктугу менен өзүнө тартат. Ал таш Гонконгдон аукциондо 10,8 млн долларга сатылып, ага кытайлык миллиордер ээ болгон.

Нургүл Ибраева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
18-май, 2010-ж.:
1-бет
Сайкал Садыбакасова:
"Папам" көп сүйлөбөгөн, токтоо адам экен"

2-бет
"Папамдын" кулагын чоюп, белек алдым"
3-бет
Данияр Исанов, НТС телеканалынын диктору:
"Калмураттын арбагын өңүмдө көргөм"

4-бет
"АКЫЙКАТТУУЛУК бар жерде, өнүгүү бар"
5-бет
Күнболот Момоконов, "Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Турсунбай Бакир уулу соткасын өчүрүп…"

6-бет
Кана эмесе жигиттер...
7-бет
Айжамал Кабылова:
"Эркек күткөн эмесмин..."

8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Чыгармачыл адамдардын чакан бизнестери
10-бет
Айымдарга кеңеш
11-бет
Мистика. Оскар актрисаларды ажыраштырууда
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Ханбийкелердин кымбат үлпөт көйнөктөрү
15-бет
Обон почта
15-бет
ЖАРЫЯ !!!
16-бет
"Маңдайыма жазганына…"










??.??