п»ї

  Кызыктар дүйнөсү

Ханбийкелердин кымбат үлпөт көйнөктөрү

Ар бир бийкеч турмуш жолуна аттанаарда башкалардан өзгөчөлөнүп элде жок үлпөт көйнөк кийгиси келет. Колуктуга башкача көрк берген үлпөт көйнөктү ар ким мүмкүнчүлүгүнө, фантазиясына, табитине жараша тандаары талашсыз. Эл көзүндө жүргөн белгилүү ханбийкелер кандай көйнөк тандап, үлпөт тоюн кантип кооздогонун төмөндөн билсеңиз болот.



Ханбийке Диана менен Чарльздын 1981-жылдын 28-июлда болгон тоюн "кылымдын үлпөт тою" аташат. Тойдун жүрүшүнө 750 миллион адам көз салып, Диананын үлпөт көйнөгүн тигүү урматы дизайнерлер Дэвид менен Элизабет Эмануэльге буюрган. Көйнөк жүздөгөн метр жибек кездемеден тигилип, 10 000 бермет менен кооздолгон. "Не бар, не жок" деп андай көйнөктөн кошумча дагы экини тигишкен. Бактыга жараша экөөнүн тең кереги тийген эмес, азыр ал "көчүрмө" эки көйнөк Диананын улуу уулунун үйүндө сакталуу.



Дат ханзадасы Фредрикке 2004-жылы 14- майда турмушка чыккан Мэри Доналдсон көйнөктүн кымбатына басым жасабай, дизайнер Уффе Франканын эмгегинен жаралган көйнөктү тандап, тарыхый жасалгаларды тагынып чыккан. Ал кийген көйнөктү 1905-жылы Швед ханбийкеси Маргарет кийип чыкканы маалым. Ал эми Мэри бүгүнкү күнгө чейин Маргаретти кумир тутуп келет.



Мурда журналисттик кесипти аркалап жүргөн Летиция Ортис Рокасолоно менен Испаниянын ханзадасы Фелипе экөөнүн тою 2004-жылдын 22-майында болгон.
Летиция испаниялык дизайнер Мануэль Пертегастын идеясына таандык көйнөктү тандаган. Табити мыкты Летициянын тандаган көйнөгүн кызматкерлер эки күн бою тазалашкан. Дүйнө жүзүндөгү кымбат көйнөктөрдүн катарын толуктаган Мануэльдин эмгеги азыр ханбийкенин үйүндө сакталуу.



Япон императорунун үй-бүлөсүнө бүлө болуп барган Гарвард университетинин бүтүрүүчүсү 1993-жылы 9-июнда император Акихито менен императрица Митиконун уулу Нарухитого турмушка чыккан. Салтка айланган жибек кимонону дизайнерлер он эки кат кылып тигишкен. Көйнөктүн салмагы 14 килограммды түзүп, баасы 100 миң долларга жеткен. Масако ал көйнөккө алымсынбай, аны бермет, бриллиант жасалгалар менен кооздоткон.



Мурдагы жашоосунда тамактануучу жайда кардарларды тейлеп, бүгүнкү күндө Норвегиянын ханбийкеси Мете-Мерит жолдошу Хааконон менен 2001-жылы 25- августта турмуш жолуна аттанган. Үлпөт тоюна кийген көйнөгү дизайнер Уве Хардер Финсет менен тикмечи Анна Братланддын эмгегинен жаралган. Жерге төшөлгөн алты метрлик жибектин баасы 100 000 доллардан ашат. Мете ырым кылып азыр ал көйнөктү баалуу кийимдеринин катарына кошкон. Өзүнүн тоюнан кийин ал көйнөккө суктанып сураган бийкечтер көп болгон, бирок, колукту бирөөнө да берген эмес.



1956-жылы 19-апрелде ханзада Монако Ренье менен актриса Грейс Келли баш кошкондо актрисанын үлпөт көйнөгүн көргөнү 20 миңден ашык күйөрман чогулган. Чынында эле Грейстин көйнөгүнө бир километрден ашык жибек кездеме, 125 жыл сакталган "айлампа" колдонулган. Хелен Роуз киностудиясынын дизайнерлери тарабынан тигилген үлпөт көйнөктү азыркыга чейин туу тутушуп, айрым жерлерин дизайнерлер башка көйнөктөргө салып окшоштуруп тигип келишет.



Ханзада Ренье Каролин а менен ханайым Келлинин кызы биринчи жолу 1978-жылы 28-июнда банкта иштеген Филиппа Жюного трмушка чыккан. Колукту 19 жашта болсо, жолдошу 36 жашта эле. Ата-энеси алгач каршы болушуп, кийин аргасыздан макулдугун беришкен. Үлпөт тойдо киши аз болгону менен колуктунун көйнөгү тарыхтагы эң кымбат үлпөт көйнөктөрдүн катарын толуктайт. Бул көйнөктүн түзүлүшүн ойлоп табууга дизайнерлер жарым жылга жакын убакыт сарпташкан.



17 -майда 2008-жылы Британиянын ханышасы Елизаветтанын кызы Анна Питер Филипстин уулу актриса Отом Келлиге баш кошкону көпчүлүккө маалым. Отом Келлинин үстүнө кийген балеросу эле 2000 франк турат. Ал эми бермет жасалгаларын жолдошу белек кылган. Актрисанын колунда кармаган гүлү да бир топ бааны чапчыйт, аны болочоктогу келинине кайненеси Анна Питер белек кылган.





  Үлпөт көйнөгүңүз канча турат?

А биз кыргыз шоу-бизнесинин арасында турмуш курган бийкечтерибиз үлпөт көйнөктөрүн канча акчага алышканына кызыгып собол узаттык. Айткан бааларына көйнөктөрү татыктуубу же жокпу аны окурман өзү баамдап алаар.

Асема, актриса:
- Үлпөт той колукту үчүн кандай сонун күн экени айтпаса деле белгилүү эмеспи. Мен үлпөт көйнөк саткан толгон-токой дүкөндөрдү кыдырып, арасынан "ичинен бирөөсүн алам" деп үч көйнөктү тандап койгом. Анан курбум Италиядан алынып келген көйнөктөрдү саткан дүкөн бар экенин айтып калды. Дароо эле ошол дүкөнгө барып бир көргөндө эле тоюма кийип чыккан көйнөктү жактыргам. Мурда тандап койгон үч көйнөктү эсимен чыгарып салып, ошол көйнөктү 4 000 долларга сатып алган болчумун.
Неля, ырчы:
- Апам экөөбүз тандаган көйнөктү тоюма кийип чыктым. Мен ал үлпөт көйнөктү бир күнгө 1000 доллар төлөп "прокатка" алгам. Италиядан жаңы алынып келинген үчүн баасы кымбат болду. Аны мен да, апам да бир көргөндө эле жактырганбыз.
Гүланда, ырчы:
- Тоюма кийген көйнөктү курбу кыздарым тандашкан. Бийчи Назиктин салонунан алынган көйнөк. Негизи анын "прокаты" кымбат, күнүнө 36 миң сомго берилчү көйнөк болчу. Бирок, мага Назик аны "по-свойски" деп арзан берген болчу.


Анара Дүйшөналиева










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
18-май, 2010-ж.:
1-бет
Сайкал Садыбакасова:
"Папам" көп сүйлөбөгөн, токтоо адам экен"

2-бет
"Папамдын" кулагын чоюп, белек алдым"
3-бет
Данияр Исанов, НТС телеканалынын диктору:
"Калмураттын арбагын өңүмдө көргөм"

4-бет
"АКЫЙКАТТУУЛУК бар жерде, өнүгүү бар"
5-бет
Күнболот Момоконов, "Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Турсунбай Бакир уулу соткасын өчүрүп…"

6-бет
Кана эмесе жигиттер...
7-бет
Айжамал Кабылова:
"Эркек күткөн эмесмин..."

8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Чыгармачыл адамдардын чакан бизнестери
10-бет
Айымдарга кеңеш
11-бет
Мистика. Оскар актрисаларды ажыраштырууда
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Ханбийкелердин кымбат үлпөт көйнөктөрү
15-бет
Обон почта
15-бет
ЖАРЫЯ !!!
16-бет
"Маңдайыма жазганына…"










??.??