п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-117-01. Эр жигит Эрмек Нурбаев,/ Эфирден чыгат жылмайып./ Кол тамга алып калсамбы,/ Кете электе улгайып./ Шахеза.
ОП-117-02. Султан Садыралиев, сени чын жүрөктөн сүйөмүн,/ Билесиңби жүрөктөгү дартымды,/ Ак сүйүүмдү башкаларга арнагам,/ Сен үчүн жалгыз жүрөк жараланган./ Гүлкайыр.
ОП-117-03. Максат менен соккон жүрөк,/ Бакыт менен өмүр сүрөт./ Үмүт үзбөй жашап келем,/ Кубабанычтан ойноп күлөм./ Ынтымакты тилеп келет,/ Сүйүү менен жашоо делет./ Экс-супер смсчи Гуля88.
ОП-117-04. ОП-116-77абоненти туура айтасың, кыргызымдын чыгаан жигиттери, чыныгы мырзалары турганда ырчы жигиттерге асылбай эле коюшса болмок. Ырчы бир, а жакшы көргөндөр миң! 07726023хх.
ОП-117-05. Нарын областынын Жумгал районунун Кызарт айылынын Р.Солтонбеков атындагы орто мектебинин 11-классына салам. Табихат, Гүлшат ак жол силерге! Айзат.
ОП-117-06. Мени сени жашоодон да артык көрөм. Жази.
ОП-117-07. Саламаттыкты сактоо министрлиги эскертет! Махабат областында сүйүү оорусу таралууда. Оорунун белгилери: сагынуу, ойлонуу, жүрөк оорусу. Эгер сизде да ушул нерселер байкалса тезинен 0777424813 номерине кайрылыңыз. Дарылоо акысыз. Нурайым.
ОП-117-08. Ош шаарындагы У. Салиева атындагы орто мектебин 1990-жылы бүткөн классташтарымды 20 жылдыктары менен куттуктайм жана класс жетекчим Жамал Касиевага терең ыраазычылык билдирем. Нурзат Абдимиталипова.
ОП-117-09. "Дордой" базарынын 7-катарындагы дос балдарыма салам. Куштарбек.
ОП-117-10. Жусуп Турусбеков орто мектебинин 10-классына чоң салам. Айчүрөк93.
ОП-117-11. Алтынбек Борошовдун номерин таап бериңиздерчи? Тахмина. 0778064690.
ОП-117-12. 1973-жылкы досум Маматалиева Венерага салам. Сени менен 20 жылдан бери көрүшпөсөм да сен дайыма эсимден кетпейсиң. Сени менен баарлашууну, көрүүнү самап классташың Нурзат Абдимиталипова.
ОП-117-13. Сени көрдүм, бирок көздөрүңө карай албадым,/ Үнүңдү уктум, бирок сырдаша албадым./Сени эстедим, бирок сен жөнүндө кыялдана албадым,/ Сени ойлодум, бирок сен үчүн ой көлүнө чөмүлө албадым./ Аси.
ОП-117-14. Тойго тамада керек. 0554959992
ОП-117-15. Карасаң Ай да сулуу, Күн да сулуу,/ Байкасаң кээ бир адам өтө сулуу./ А бирок баарынан жүрөк сүйгөн адам сулуу,/ Андан дагы мени сүйгөн жигит сулуу./ Рыба.
ОП-117-16. Азимбаева Жамийла Эрмекбаевнага таандык паспорт жоголду. Таап алгандар болсо сүйүнчүсү болот. 0778053784.
ОП-117-17. Сүйкүмдүү сенин элесиң,/ Сүйдүрүп сен келесиң./ Сүйүүмдү сен качан сезесиң?/ 07718993хх.
ОП-117-18. Эрмек байке кандайсыз? Сиз суперсиз, ийгилик! Таха
ОП-117-19. Саламыбыз кызыбыз Аянкага жолдонот. Кудайым сага узун өмүр берсин. Биз сени менен бактылуубуз. Атаң Улан, апаң Айгерим.
ОП-117-20. Салам достор! Гезит бетин толтурдуң деп Амангүлдү жаман көрчү элеңер, эми өзүңөр жөнү жок нерселерди жазып алып кооздоп жатам деп ойлоп жатасыңарбы? Мен түшүнбөдүм, бириңер аягында, бириңер башында жүрөсүңөр да. Аси.
ОП-117-21. Мен Максат аттуу жигитти издеп келем. Экөөбүз кечинде жолдон таанышканбыз. Машинасы пассат болчу. Көлдүк кыз Бермет. 0543054138.
ОП-117-22. "Обон" гезитинин жалпы жамаатына сагынычтуусалам. Албетте жандай көргөн жакын досторум Абда, Амангүл, Бакай, Айгөлөк, Табигат сырдуу Алтынай, Ангел Асем, Аська, Барби, Гүлшан, Билал козу, Гуля88, Зуля, Кеминдик Наргиз, Кербен Куба, Леди Гуличка, Макуся, Мисс Саинт Ангел, Мухит, Нурзат90, Э.Дима, Фея, Канжар ж.б супер смсчилер көрүнбөй кайда жүрөсүңөр? Мен силерди аябай сагындым. Келгиле, кайрадан "Обонду" мындан да өркүндөтөбүз. Менин оюма кошулам десеңер 0777527555 номеринен тосуп алам. Силер үчүн ар дайым эшигим ачык. Жанусь Роза.
ОП-117-23. Кара-Кулжа районуна караштуу Кондук айылында жашаган атам Абды, апам Эркебүгө жана биртуугандарыма салам жолдойм. Ата, апа ар дайым балдарыңардын маңдайында бар болгула. Аллахым силерге ден-соолук берсин. +792447152хх.
ОП-117-24. Экс-супер смсчи Гуля88ден супер смсчилерге табышмак: Атын атасаң ал заматта жоголот.Туура жоопко белек бар. Жооп күтөм. 0773602351
ОП-117-25. Эмнегедир акылдан азып күнүгө,/ Мен барамын жеңилгенсип сүйүүгө./ Мээримиңе зар болуп жашап калдым,/Шерик болчу түбөлүк жүрөгүмө./ Аси.
ОП-117-26. Урматтуу кыргызстандыктар, түндүк-түштүк болуп экиге бөлүнбөйлү! Кыргызстан кылычтын мизинде, кылыч биздин колубузда. Ошондуктан кылычты кыймылдатпайлы. 17-майда көтөрүлүш чыгарбайлы. Ансыз деле телегейибиз тегиз эмес. Телегейибизди текшилеп биримдикке келели кыргызым! 07774796хх.
ОП-117-27. 20-май апамдын туулган күнү менен куттуктайм. Салтанат.
ОП-117-28. Менин сагынычтуу саламым экс-супер смсчилер Жанусь Роза, Кербен Куба, Айгөлөк, Канжар, Бакай, Барби, Ангел Асем, Нурмухаммед, Зуля, Таир, Амангүлгө жолдонмокчу. Аман болгула ардактарым! Экс-супер смсчи Гуля88.
ОП-117-29. Эстеп кой эсепсиз күндө калганда,/ Эстеп кой менден белек алганда./ Эстеп кой нөшөрлөп жамгыр төксө,/ Жан дүйнөм сен жок орду бөксө./ Гуля88.
ОП-117-30. Балыкчынын 50 жылдык орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол! Окууңарга ийгилик! Үмүт.
ОП-117-31. Кыргызстандын спортсмендерине салам. Спортсменка Үмүт.
ОП-117-32. Ош шаарындагы НВК районундагы Салиева көчөсүндөгү "Акмөөр" салонуна иштегенге кыздарды жана балдарды ишке алабыз. 0777858154; 0557001737.
ОП-117-33. Балыкчыдагы Амантур (Ислам Али) мени унутуп калдыңарбы? 07786084хх.
ОП-117-34 . Көргүм келет сенин айдай жүзүңдү,/ Уксам деймин назик болгон үнүңдү./ +795290047хх.
ОП-117-35. Э. Дима, эмне мынча катуу жараланган жүрөгүң? Ырларыңды окуп алып эмнегедир жүрөгүм ооруй берет. Гузаль кыз94.
ОП-117-36. Эрмек, дүйнөдөгү эң бактылуу адам болуңуз! Айчүрөк.
ОП-117-37. Кубик кызы Айперинин номерин берип коюңуздарчы? 0773550441.
ОП-117-38. Казыбек айылынын Н. Үсөналиев мектебинин 91-жылкы бүтүрүүчүлөрүнө салам. Асылбек.
ОП-117-39. Жаккым келет, келет кээде жактыргым,/ Келет кээде сүйүүнү мен азгыргым./ Бирок тагдыр менден митаам экенсиң,/ Сүйүүгө эмес, окууга мен азгырылдым./ Зулаш.
ОП-117-40. №68 гимназиясындагы бизди окутуп жаткан эжейлерге, агайларга ошондой эле 8 "Б" классында бирге окуган классташтарыма салам жолдойм. Ден-соолуктары чың болуп, экзамендерин "5" деген баага тапшырып алышсын. Айчүрөк.
ОП-117-41. Бишкектеги 93-жылкы Бекназар, мен сени абдан сүйөм. Ошко качан келесиң? Сени абдан сагындым. Нурзада.
ОП-117-42. Ассалоому алейкум! Жүрөгүңөрдө ыйман болсун! Ар бир баскан кадамыңарды периштелер колдосун! Гүлнара93.
ОП-117-43. Султан Садыралиев мен сени абдан сүйөм. Ошко качан концерт коесуң? Сага ийгилик! Нурзада.
ОП-117-44. Салам "Обон"! Даниелди конокко чакыргылачы? Ал аябай сонун! 07712072хх.
ОП-117-45. Кыздар менен таанышам. Атым Айбек. 0778749979.
ОП-117-46. Кыргыз элим биз ынтымактуу болсок, Бакиевдин тукуму курут болот! 07726397хх.
ОП-117-47. Суу түбүндө ак балыктар ойнойт экен,/ Эки жашка ажырашуу болбойт экен./ Дүйнөдө миң сулуу көрсөң дагы,/ Өз сүйгөнүңдөй болбойт экен./ Жанарбек89.
ОП-117-48. Кара-Кулжа районунун Кондук айылына сагынычтуу салам жолдойм. Читадан Абды кызы Нуртажы.
ОП-117-49. Кыргыздар эсиңерге келгиле, уят! Төрт кыргыз кырылышып жериңерди тарттырып жибергенде анан эсиңерге келесиңерби?! 05578710хх.
ОП-117-50. Күндөр күлүк, күлүп алып кете берет,/ Аңгычакты ай алмашып жылдар келет./ Ааламга алып учкан окуучулук күндөр кетти эртелеп,/ Сагынасың, сагынамын ал күндү./ Жалбырактын ал дарагы үзүлдү,/ Бүчүр байлап көчүрүлгөн көчөттөй./ Жолугабыз ал мектептен көп өтпөй./ 07775400хх.
ОП-117-51. Оштук, Бишкекте жашаган 23-28 жашка чейинки мырзалар менен таанышам. Атым Жанара. 0773232324.
ОП-117-52 . Кочкор айылынын Калыгул бай уулу атындагы орто мектебинин 9 "А" классына чоң салам. Силер суперсиңер! Бийчи кыздарга ак жол! 07701285хх.
ОП-117-53. 16-21 жашка чейинки кыздар менен таанышам. 0550344554.
ОП-117-54. Ат-Башы районунун Акмоюн айылында жашаган атам Сабырбекке, апам Бейшегүлгө, байкелерим Каныбекке, Мирбекке, жеңем Накуга чоң салам жолдойм. Чолпон.
ОП-117-55. Жаным, алтыным, асылым Асанды 20-май туулган күнү менен куттуктайм! Батыраак келиңиз, биз сизди аябай сагындык. Уулуңуз, келинчегиңиз.
ОП-117-56 . Мен ыймандуу кыздар менен таанышам. Маякка жооп жок. 0778581677.
ОП-117-57. Мирбек Иманбеков, сен суперсиң! 07782000хх.
ОП-117-58. Салам кыргыз элим! Сабырдуу бололучу! 07737673хх.
ОП-117-59. Кыздар менен таанышам. Атым Омар. 0778072783.
ОП-117-60. Айнаш, Нигор, Асел 0550054898 номерине чалгылачы? Өзгөндөн досуңар Алма.
ОП-117-61. Тынчтык керек үйгө да, айылга, мекенге! Менин кыргыз элиме тынчтык керек, жалпы адам аттууга. Чыр чыкпасын, кан акпасын бекерге! Гүлнара93.
ОП-117-62. Айлам жок жүрөккө ый тутпаганга,/ Сени эстейм ойгоомдо да , уктаганда./ Алыстасың жаным сага зар болгондо,/ Өкүнөм канатым жок учпаганга./ Жүрөгүм акылымды укпаганга,/ Сүйүүгө моокум канып бышпаганга./ Каралдым карааныңды көргүм келип,/ Зар болом моюнуңдан жыттаганга./ Жан биргем Урмат, сени сагындым. Салта.
ОП-117-63. Мен ак көңүл кыздар менен таанышам. 0777747938.
ОП-117-64. ОП-116-100 абоненти , эмне адашып калдыңбы? Сулуу кыз эмес, сулуу жигит. Карап туруп жазсаң! Жанарбек89.
ОП-117-65. Ыймандуу 25-30 жашка чейинки кыздар менен таанышам. 0778581677.
ОП-117-66. Эрмек байкеге салам. "Жигиттер" командасындагы Азамат деген бою кыска баланы чын дилимден сүйөм. Асема.
ОП-117-67. Анекдот: Мугалим: - Бектен эмне жазбай отурасың?! - Ручкам жок. -Карандаш менен жаз! Бектен: -Анан үйгө барып өчүрүп коеюнбу?! БР.
ОП-117-68. ОП-116-100 абоненти, эмне мага өчсүңбү? Эмне какшыктайсың сулуу кыз деп, өчүң болсо өзүмө эле айтпайсыңбы, номеримди билет экенсиң го. Жанарбек89.
ОП-117-69. Мүзүр байке менен Гүлмира эжеге чыгармачылык ийгилик каалайм. Жүрөктөгү силерге болгон арзуум күндөн-күнгө күч алып жаткандыгына байланыштуу ал арзуум көмүскөдө калбаш үчүн смс жазып жатам. Терең урматтоом менен Ринат.
ОП-117-70. Бир гана сураныч бар өзүңдөн,/ Бул сезимди утурумдук караба./ Бул сезимде аруу, күтүү, издөө бар,/ Жана дагы сагыныч бар сен деген./ Фея.
ОП-117-71. Эх чиркин, окуучулук күндөр алтын! 07775400хх.
ОП-117-72. Кирпик какпай тосом кээ бир түндөрдү,/ Ойлойм сени, ойлобоско мүмкүнбү?/ Бул дүйнөдө мага жаккан көздөр көп,/ Сенин көзүң бир өзгөчө сүйкүмдүү./ 07774188хх.
ОП-117-73. Тина, сен ырчылардын баарын кумир тута бересиңби? 07775400хх.
ОП-117-74. Көңүл ачуу үчүн кыздар менен таанышам. Жашым 20да. 0558123425.
ОП-117-75. 20-28 жашка чейинки кыздар менен таанышам. Маякка жооп жок. 0778412045.
ОП-117-76. Урмат, жанбиргем, сен менин эч нерсеге алмашкыс кымбатымсың. Мен сени эч бир жанга ыраа көрбөйм. Сенин жаныңда турсам да сагынам. Жөжөң Салта.
ОП-117-77. Ыймандуу, адамкерчиликтүү кыздар-балдар менен таанышам. 0777421990 номерине смс жазгыла. Чолпон.
ОП-117-78. М. Иманбековду, С. Садыралиевди көргүңөр келсе, анда меникине конокко келгиле! Анткени Султанчик менин кошунам. 05521595хх.
ОП-117-79. Таш-Көмүр шаарында жашаган абжем Кимсандын 1-июнь туулган күнү менен куттуктайм! Абже, ден-соолугуңуз чың, өмүрүңүз узун болсун, неберелериңизди жетелеп, балпайган байбиче болуңуз. Бетиңизден өөп Москвадан сиңдиңиз Гүлжан.
ОП-117-80. Кыргыз эстрадасына салымын кошуп келе жаткан Камилага сагынычтуу салам. Акмарал, Назима, Гүланда.
ОП-117-81. Окуу жылы бүтөөргө жакын бир топ маселелер козголот. Кийим алыш керек, окууга тапшырыш керек, акча табыш керек! Акчаң болсо ойлогон ой-максаттарың орундалат, болбосо ойрондолот. Талас.
ОП-117-82. Улан, мен сени сүйөм. Жаның.
ОП-117-83. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн келечеги кең, жолу шыдыр, жолдошу кыдыр болсун! Нурай.
ОП-117-84. Кыргыз эли акчага сатылбагыла! Пикетке чыкканыңырды койгула, силерди чиновниктер пайдаланып жатышат, акчаларына алданбагыла. Чык десе эле чыкпагылачы, неге түшүбөйсүңөр?! Гуля.
ОП-117-85. Мен бир адамды катуу сүйүп калдым. Ансыз жашай албайм. Ал да мени сүйөт, көздөрүнөн байкап турам. Бирок, мен биринчи озунуп сүйүүмдү айта албай жатам. Айдай.
ОП-117-86. Билинбей эле жаз өтүп баратат. Эми жай келет, анан күз, анан кыш. Ошон үчүн убакыт учкан куш тура. Аз өмүрдү саз жашап өтөлү. Ансыз деле адамга өмүр аз берилет. Куба.
ОП-117-87. Жеңем Гүлсайрага, Байкем Калмуратка, Бүбүсайра, Зуля, Рахат эжелерге ысык салам жолдойм. Сиздерге ден-соолук, ишиңерге ийгилик каалайм. Бар болгула! Аська.
ОП-117-88. Нарын районунун Байгазак айылында жашап жаткан апам Сулайманова Эрмекке, атам Курманаалыга, сиңдим Нуризага салам жолдойм. Гулиза.
ОП-117-89. Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургундарына сагынычтуу салам. Кичи мекеним көздөн учуп, жете албай жатам. Канатым болсо Москвада бир мүнөт да турмак эмесмин. Айбек.
ОП-117-90. Алматадагы кыргыздарды неге ойлошпойт. Ак үйдө отургандар күнүгө рейд кылып акчабызды алып эле койбостон департация кыла башташты. Бир чара колдонгулачы, неге көзүңөрдү жумуп отурасыңар! Бажыканаларды ачпас болдуңар Ак үйдө отургандар. Элдер кыйналып кетишти. Рейдди токтоткулачы, силерден сураныч. Гүлү.
ОП-117-91. Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык жана Ишкердик университетинде окуп жаткан байкем Мамытов Бектурга ысык салам. Ар дайым ишиңерди ийгиликтер коштоп жүрсүн. Карындашыңыз Асел.
ОП-117-92. Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылында жашап жаткан таенем Кайырбүбүгө, таякем Иманкадырга, Таажеңем Нурзатка, Барсбек, Каныкей, Жадиге салам жолдойм. Эрмек, Гулиза.
ОП-117-93. Сезим мен сени жакшы көрөм. Сен үчүн баарына даярмын. Мага сенин бир гана "Макул" деген сөзүң жетиштүү. Адилет.
ОП-117-94. Зарина 18-май туулган күнүң менен куттуктайм! Мен сени чексиз сүйөм. Сенчи? Казармандан Бактыяр.
ОП-117-95. Саламатсызбы Эрмек байке, менин сизге каалоорум узун өмүр, ишиңизге ийгилик! Бир келген өмүрдө бактыңызды таап, бактылуу болуңуз. Турмуштун татаал жолу сиз үчүн ачык жана кең болсун! Үй-бүлөңүздүн жана биртуугандарыңыздын бактысына аман болуңуз! Зейнегүл.
ОП-117-96. Сүйүү сүрдүү болот дегенге аябай ишенип калдым. Анткени мен өзүм эч нерседен тайманбаган, бир нерсени бетке айткан, досторумдун кыздарын шылдыңдап ыйлаткан тамшакөй, шайыр бала элем. Азыр анымдын бири жок. Сүйгөнүмдүн жанына барганда сүйүүмдү билдирмек турсун сүйлөй албай калам. Мелис.
ОП-117-97. Ш. Садыбакасов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө ысык салам жолдойм. Классташтар, жолуңар байсалдуу болсун. Нурай.
ОП-117-98. Күн ысыды деп эле киндигиңерди көргөзө бербегилечи. Кыздар, силер ошондо сулуу болбойсуңар, тескерисинче, түрү суукка айланасыңар. Урмат .
ОП-117-99. Урматтуу смсчилер, келгиле баарыбыз уюшуп, тоого чыгып эс алып, жакындан таанышып келбейлиби, кандай дейсиңер? 07784054хх.
ОП-117-100. Ат-Башы районунун тургуну таятам Канжардын 17-май туулган күнү менен куттуктайм! Таята эч оорубай биздин сый урматыбызды көрүп, таенем экөөңүздөр чайыбызды ичип, төрүбүздө отуруңуздар! Салават.
ОП-117-101. Жеңем Жазгүлдүн 20-май туулган күнү менен куттуктайм. Байкем менен бактылуу өмүр сүрүп, ыймандуу балдардын татыктуу ата-энеси болуңуздар! Асел.
ОП-117-102. Маршрутка айдаган бардык шоопурлардын ишине ийгилик! Акчаны көп тапкыла, бирок 10 сом берсе билмексен болуп, 2 сом бергенди унутуп калбагыла! Мендей студентке 2 сом акча, ага 3 сом кошсом троллейбуска түшөм. Шашкандан, сабакка кечикпейин деп түшөсүң, эркек башың менен 2 сом берип коюңузчу дегенден уяласың да, унчукпай түшүп кетесиң. Тилек.
ОП-117-103. Султан Садыралиевди аябай сүйүп-күйүп ыр арнаган Гүлкайырга такыр түшүнбөйм. Султандан башка көзүңө эч ким көрүнбөй калганбы? Баары бир ал сени карабайт. 07724494хх.
ОП-117-104. Аз иштеп, көп акча тапкым келет. Бул менин кыялымдагы жомок. Мээрим.
ОП-117-105. 1983-жылкы классташтарымды 10 жылдык бүтүрүү кечеси менен куттуктайм! Кечээ эле бала элек, бүгүн минтип киши болдук. Баарыңардын ишиңерге ийгилик, ден-соолук каалайм! 05553006хх.
ОП-117-106. Кыздар-кыздар, кызгалдактар, балдар-балдар, бака жалбырактар. Туурабы? Айжаз.
ОП-117-107. Ули мен сени жанымдан да артык көрөм. Мага чалчы, сенин үнүңдү угууга зар болдум. 07726212хх.
ОП-117-108. Айзат, сага кандай мактоо айтсам да жарашат. Мен сага чексиз ыраазымын! Курбуң Нургүл.
ОП-117-109. Алтынбек, экинчи мага чалбачы! Тажатып жибердиң, мага сенден башкасы деле жетишет. Сенден тажаган бир кыз.
ОП-117-110. Кыргыз элиме сагынычтуу салам. Алмаз.
ОП-117-111. Менин сүйүктүү төкмө акыным Аалы Туткучовдун уулдуу болушу менен чын жүрөктөн куттуктайм. Уулуңдун бешик боосу бек болсун. Өзүңө окшоп кыргыз элинин керегине жараган, эл сыймыктанган эр азаматтардан болсун! Эжең Калипа.
ОП-117-112. Адамдын сырткы келбетине, кийимине карап эмес, ички маданиятына, көрөңгөсүнө баа берип баарлашсаң, жан дүйнөң сергип эс аласың. 07721675хх.
ОП-117-113. Чачы узун, акылы, көйнөгү кыска кыздар көбөйдү. Этегиңерди ит тытып кеткенсибей кичине узунураак кийгиле. Болбосо аябай уят болуп каласыңар. Уят өлүмдөн катуу экенин унутпагыла! Берик.
ОП-117-114. Саламым Казармандагы досторум Айгүл, Айпери, Айгерим, Гүлназ, Гүкүгө жолдонот. Мен силерди аябай жакшы көрөм. Инаят.
ОП-117-115. Кыргыз кырылгыс эл деп бекеринен айтылбаса керек. Болбосо алакандай кыргыз эли канча кылымдан бери жерин сактап, ушул деңгээлге жетпейт эле. Мансур.
ОП-117-116. Бактыгүл Бадыеванын дымы чыкпай калды го. Же ал дагы Бакиевдер менен бирге качканбы? 07726212хх.
ОП-117-117. Балдар-кыздар менен таанышам. 0771778585 номерине ММС жиберсеңер болот, же 0778369738 номерине чалгыла. 07717785хх.
ОП-117-118. Нарын районунун Эмгекчил айылында жашаган эжем Атыркүлгө сагынычтуу салам жолдойм. Эже эч оорубай, кыздын кызматын, уулдун урматын көрүңүз! Замира.
ОП-117-119. Бардык 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө салам. Келечегиңер кең болсун! 07717785хх.
ОП-117-120. Курбум Аймиранын бешик боосу бек болсун. Кызыңар Айдеминин өмүрү узун болуп, артынан көп бала ээрчитип келсин. Тахмина.
ОП-117-121. КУУнин Экономфагынын бүтүрүүчүлөрүнө ысык салам. Мамлекеттик экзамендериңерге ийгилик каалайм. Группалашыңар Нурзат.
ОП-117-122. Келин жаман эмес, келген жери жаман дегенге мен 100 пайыз кошулам. Силерчи достор? Урматтуу смсчилер, силердин оюңар мен үчүн алда канча маанилүү. Жооп күтөм. Зуля.
ОП-117-123. "Таанышуу бурчунан" таанышкандар, натыйжа болот бекен? Эгерде ушундан бир нерсе чыкса, сиздер бир-эки факты менен далилдеп берсеңиздер, мен да өз бактымды сынап көрмөкмүн. Асек.
ОП-117-124. Кыздар таанышабыз, менин номерим 0778657568. Маякка жооп жок. Толик.
ОП-117-125. Ильяз Абдыразаков мен сени сүйөм. Чыгармачылыгыңа ийгилик! Атыраудан Дильназ.
ОП-117-126. 25-Май биз үчүн акыркы коңгуроо! Анткени кайта мектеп босогосун аттап, партага отуруп, доскага жазбайбыз, коңгуроо үнүн укпайбыз. Кандай гана өкүнүчтүү! Чынара.
ОП-117-127. Оо кудай, үйү жокторго үй, жери жокторго жер бере көр! Болбосо эл абдан кыйналып кетти, өз жеринде талаалап. Байкуш.
ОП-117-128. "Эл башы болгончо суу башы бол" деп бекеринен айтылбаптыр. Жыл сайын арык казам деп айлам алты кетчү болду. Муса.
ОП-117-129. "Обон" гезитинин жалпы жамаатынын ишине ийгилик каалайм. Калемиңер курч, сөзүңөр мурч болсун! Тилектеш.
ОП-117-130. Адамдар ойлонгула акчага кызыкпай. Роза, Темир, Алмаздардын артынан издөө салсаң канчалаган күнөөлөрү ачылат. Аны эч ким билбейт. Себеби алар баарын акча менен жабышат. Бакиевдин ичинде карасы жок, күнөөсү да жок. Убактылуу өкмөт силер итсиңер, жакшы көрүнбөй эле койгула! 07788250хх.
ОП-117-131. Дайыр Исмадияров, дал ушул мен кумир туткан инсан. Мирбек93.
ОП-117-132. Накта кыргыздар кара чач, кара каш эмес, узун бойлуу, кызыл жүздүү көк көз адамдар болгон. Биздин каныбыз аргындашып, улам бузулуп баратат. Абдрашит.
ОП-117-133. Жазгүл, сулуулуктан да адамкерчилик, абийир бийик тураарын унутпа! Керсейгенге керсейгин демекчи, мен сага эч качан тизе бүкпөйм! Рустам.
ОП-117-134. Мен абдан бактылуумун! Ата-энем, биртуугандарым жанымда, ден-соолуктары чың, иштеген ишим бар. Анча-мынча кыйынчылык эч нерсе эмес. Алтын баш аман болсо аны да жеңебиз. Жамандыкты амандык, анан ден-соолук, ынтымак жеңээрин эч качан унутпайлы! Бегимай.
ОП-117-135. Мен бир адамды сүйгүм да, сүйдүргүм да келет. Бирок, ушуга чейин бирөөнү да сүйө албай койдум. Бул мерездик эмеспи? 07726984хх.
ОП-117-136. Н. Шакиев актанбай эле кой. К.Бакиевдин куйругуна кыпчылып Атамбаевди ашатып, шайлоодо шылдыңдап эле жүрчү элең. Эми желиң чыктыбы? ЭлТР атаңдан калган эмес. Мырзабек.
ОП-117-137. Мээрим мен сени сүйөм. 05559309хх.
ОП-117-138. Менин балам аябай ыйлаак, түнкүсүн такыр уктабайт. Кээде коркчу болдум. Эмне кылсам болот. Кеңеш бергилечи? Назик.
ОП-117-139. Эне-бул эң кымбат, эң жакын адам. Жаман аял бар, бирок, жаман эне жок! Аида.
ОП-117-140. Бейиш-эненин таман астында. 07771818хх.
ОП-117-141. Кыздар менен таанышкым келет. 0551127887.
ОП-117-142. Ильяз Абдыразаков дайым алга! 0770138863.
ОП-117-143. Атым Акдана. Тамашакөй, түшүнүктүү жигиттер менен таанышам. 0778116593
ОП-117-144. Менин башыман өткөн окуяны гезит бетине жазса болобу? 07717785хх.
ОП-117-145. Эстелик жазам эл үчүн,/ Эл үчүн эмес, сиз үчүн./Эгер мени жолугушууга чакырбасаңыз өлөсүз Эрмек Нурбаев. Зире.
ОП-117-146. Атым Макс, 22 жаштамын. 18-21 жашка чейинки кыздар менен таанышам. 0559881803.
ОП-117-147. Эрмек байкеге Күн нурунун илебиндей ысык салам жолдойм. Сизге биринчиден ден-соолук каалайм. Сырткы келбетиңиз менен ички дүйнөңүздүн сулуулугу, жөнөкөйлүгү менен ар бир инсандын жүрөгүнө жылуулук тартуулап жүрүңүз. Бакыттын нуру төгүлүп, кыргыз элимдин алкышына татып, бир келген өмүрдө бактылуу адамдардын катарын толуктап бар болуңуз. Жазгүл.
ОП-117-148. Ноокат районунун Байыш айылына салам жолдойм. Саитбурхан.
ОП-117-149. Дыйкандардын жазгы талаа иштерине ийгилик каалайм. Эмгегиңердин акыбети күздө кайтсын. Медер.
ОП-117-150. Алтынай ырыска шерик кыз экенсиң. Каалаган тилегиңдин баары орундалсын. Келечегиң кең, телегейиң тегиз болсун! 07723315хх
ОП-117-151. Гүлнур Сатылгановага эч ким жетпейт! 07784050хх.
ОП-117-152. Эрнис качан келесиң? Биз сени аябай сагындык. Уулуң куса боло баштады. Майраш.
ОП-117-153. Неля эмне машинаңды саттың беле? Сатпасаң мага сатчы? Гүлнур.
ОП-117-154. Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылындагы Т. Байбураев мектебинин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө ак жол! Нурайым.
ОП-117-155. Жанета эмне дайының чыкпай калды? Бир кезде гезиттен, теледен түшпөй өтө популярный болуп кеттиң эле го? Чырыңдын аягы эмне болду? Ким калпычы, ким чынчыл экенин далилдеңби? 07772757хх.
ОП-117-156. Саламым бардык "Обонтайдын" смсчилерине, өзгөчө мени тааныгандарга, Алмата, Астана жана Канттагы досторго жолдонот. Макуся.
ОП-117-157. Кыргыздын кымча бел кыздарына ысык салам. 05553309хх




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
18-май, 2010-ж.:
1-бет
Сайкал Садыбакасова:
"Папам" көп сүйлөбөгөн, токтоо адам экен"

2-бет
"Папамдын" кулагын чоюп, белек алдым"
3-бет
Данияр Исанов, НТС телеканалынын диктору:
"Калмураттын арбагын өңүмдө көргөм"

4-бет
"АКЫЙКАТТУУЛУК бар жерде, өнүгүү бар"
5-бет
Күнболот Момоконов, "Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Турсунбай Бакир уулу соткасын өчүрүп…"

6-бет
Кана эмесе жигиттер...
7-бет
Айжамал Кабылова:
"Эркек күткөн эмесмин..."

8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Чыгармачыл адамдардын чакан бизнестери
10-бет
Айымдарга кеңеш
11-бет
Мистика. Оскар актрисаларды ажыраштырууда
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Ханбийкелердин кымбат үлпөт көйнөктөрү
15-бет
Обон почта
15-бет
ЖАРЫЯ !!!
16-бет
"Маңдайыма жазганына…"










??.??