п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Шырмаек

ЖанЭль Урмамбетова:
"Сенин сүйүүң", "Сагынуу", "Жашыруу", "Ак сүйүү", "Твоя любовь" аттуу ырлары менен ырчы кыз ЖанЭль азыр көпчүлүктүн көңүл борборунда. ЖанЭль менен маектешип, жакынкы арага койгон пландары, сахна артындагы жашоосу тууралуу окурманга азын-оолак маалымат берүүнү ылайык көрдүк.


"Маңдайыма жазганына…"
Блиц-анкета:
Туулган жылы: 1984-жыл, 6-октябрь
Жактырган түсү: Ак жана кара
Жашоодогу урааны: " Эч убакта башты жерге салбай, алдыга умтулуу!"
Колдонгон косметикасы: "Vishy", "Mary Kay"
Жакшы көргөн тамагы: Куймак, борщ
Көп колдонгон сөзү: "Ээ"

- ЖанЭль, учурда эмне менен алектенип жатасың?
- Чыгармачылык менен эле алпурушуп жүрөм. Рыспай Абдыкадыровдун "Сагынуу" деген ырын жаңыртып ырдап чыксам деген оюм бар. Репертуарымдагы дагы бир ырыма клип тарттырайын деп аракетин көрүп жүрөм. Буюрса ушул иштеримди бүтүрүп коюп, Ысык-Көлгө сапар алам. Жайкысын үч ай көлдөгү "Радуга" эс алуу борборунун ресторанында администратор болуп жети жылдан бери иштеп келетам. Жакында эле Ошко курбу кызымдыкына конокко барып келдим. Бир жумадай эс алып, жумуштан бир аз да болсо мээмди сергиттим дегендей...
- Ата-энең Көлдө турушабы?
- Тилекке каршы, атам, ага-эжелерим да жок. Үйдө жалгыз кызмын. Апам Көлдө жашайт, мен сагындырбай бир айда бир барып турам.
- Апаң кайсы кесиптин ээси?
- Апам он жыл музыкалык билим алган. Чыгармачыл чөйрөдөгү адам болгондуктан менин кесибимди жакшы түшүнүп, колдоп келет. Азырынча ден-соолугуна байланыштуу иштебейт. Көлгө барган сайын үйдөгү жумуштарга жардам берип, бак-шактарын карашам. Бирок, эркелеп ашканада тамак жасабайм. Апам өзү тамактарды түрү менен жасап берип, экөөбүз маңдай-тескей отуруп алып сүйлөшүп тамактанабыз.
- Сахналаш курбу кыздарың, кеңеш ала турган адамдарың ким?
- Асель Касымова, Кундуз Канатбек кызы, Ильяз Андаш, Дайыр Исмадияровдор менен көп сүйлөшөм. Менин менеджерим Миргүл Эсеналиева менен жакшы мамиледемин, керектүү кеңешти ал да берет. Андан сырткары шоу-бизнеске тиешеси жок курбу кыздарым көп, алардан да керектүү жерден жакшы акыл-насаат, кеп-кеңеш чыгат.
- Жүрөгүңдүн жарымын таптыңбы?
- Сүйүүсүн арнаган күйөрмандарым жок эмес, бирок, азыр жүрөгүмдүн ээсин таба элекмин, жигитим жок. Мага оор басырыктуу, чечкиндүү жигиттер жагат. "Кыздын бараар жери күйөө" деп коюшат го, ар бир эле кыз турмушка чыгып ордун табайын деп ойлонсо керек. Мен да Кудай буюрган күнү маңдайыма жазылган жигитке турмушка чыксам деп тилек кылам.
- Кайсы тамакты жакшы жасайсың?
- Борщту, ган-фанды берилүү менен жасайм. Картошканы да жакшы кууруйм. Апам тамакты түрлөп жасаганды үйрөткөн, андан сырткары жогоруда айтпадымбы, ресторанда администратор болуп иштейм деп. Бош убактымда ашпозчуларга аралашып аздыр-көптүр тамак жасаганды да өздөштүрүп алдым.
- Кайсы стилист менен иштешесиң?
- Дайыма иштешкен стилистим деле жок. Клип тарттыраарда, фотосессия кылаарда, же концерттерге катышаарда Замира Молдошеванын кызматынан пайдаланам. Кийимдеримди болсо Сайра Момунбаева өзү ылайыктап тигип, тандап берет.
- Кандай стилдеги кийимдерге басым жасайсың?
- Ак, кара түстөгү кийимдерге басым жасайм. Бийик така кийгенди көп жактыра бербегендиктен көбүнчө спорттук стилде кийинем.
А. Сабырова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
18-май, 2010-ж.:
1-бет
Сайкал Садыбакасова:
"Папам" көп сүйлөбөгөн, токтоо адам экен"

2-бет
"Папамдын" кулагын чоюп, белек алдым"
3-бет
Данияр Исанов, НТС телеканалынын диктору:
"Калмураттын арбагын өңүмдө көргөм"

4-бет
"АКЫЙКАТТУУЛУК бар жерде, өнүгүү бар"
5-бет
Күнболот Момоконов, "Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Турсунбай Бакир уулу соткасын өчүрүп…"

6-бет
Кана эмесе жигиттер...
7-бет
Айжамал Кабылова:
"Эркек күткөн эмесмин..."

8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Чыгармачыл адамдардын чакан бизнестери
10-бет
Айымдарга кеңеш
11-бет
Мистика. Оскар актрисаларды ажыраштырууда
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Ханбийкелердин кымбат үлпөт көйнөктөрү
15-бет
Обон почта
15-бет
ЖАРЫЯ !!!
16-бет
"Маңдайыма жазганына…"










??.??