п»ї

  Сайкал Садыбакасова:

"Папамдын" кулагын чоюп, белек алдым"
"Кыз-Бурак" тобунун эркеси Сайкал Садыбакасованын күйөрмандары күн санап өсүп, жаш таланттын аткаруучулук чеберчилигине, мукам үнүнө жана жагымдуу обондоруна арбалып келишет. Эрке кыз Сайкал, "Мамасы" Кенже Дүйшееваны сагынып жаткандыгын, чыгармачылыгындагы жаңылыктарын айтып "Обон" гезитинин төрүндө болду.

- Сайкал, алгачкы суроону акыркы жаңылыктарыңдан баштасам?..
- Акыркы жаңылыктарым жакында эле "Кыз-Бурак" тобу Москва шаарындагы мекендештерибизге барып концерт коюп келдик. Бул сапарыбыз абдан кызыктуу болду. Кыргызстандын Москвадагы элчилиги жана Кыргыз диаспоралары өткөргөн чоң кароо-сынак фестивалына туш болуп, куудул Абдылда Иманкулов, Жеңишбек Айтиев, ырчы Ильяз Андаш жана "Кыз-Бурак" тобу фестивалдын ардактуу коногу катары катыштык. Өтө таң калганым Москва шаарында жүрсөк дагы өзүбүздү Кыргызстанда жүргөндөй сездик. Себеби, шаардын кайсы жеринде жүрбөйлү кыргыздарды жолуктуруп жаттык.
- Акыркы убакта обон жаратып жүрөсүң, а текст тандоодо кимден кеңеш аласың?
- Негизинен репертуарымдагы ырларымды менин ой-пикиримди эске алып, апам Гүлшайыр Садыбакасова тандайт. Өзүңүздөр билгендей кээде ырдын сөзүн, обонун апам же өзүм жазып калабыз, а көбүнчө ырдын тексттерин буйрутма менен акындарга жаздыртабыз. Ал эми аранжировкаларын А. Мамадалиев, И. Абдыразаковдор иштешет. Ушул жылы төрт обон жаздым. Өзүмдүн аткаруумдагы "Жан сырым", Айжамал Кабылова "Мени таштаба", Гүлнара Калдарова "Мени аягын", топ менен аткарган "Сен" деген аталыштагы ырлардын обондору өзүмө таандык.
- Сенин жеке концертиңди кайсы убакты болжоп күтсөк болот?
- Жеке концертимди коём деп үч жыл мурда аракеттенсем, апам "Биринчи Кенже "мамаңдыкын" өткөрөлү, андан кийин сеникин коёбуз"деп койгон. Эмнегедир Кенже "Мамам да" өткөргөн жок. Кудай буюрса, жеке концертимди берейин деген пландарым бар. Бирок, абдан жакшы даярдыктарды көрбөсөм апам уруксат бербейт.
- Быйылкы жай айларына кандай пландарды коюп, кайсыл жерге барып эс алайын деп жатасың?
- Жай айларында биздин план боюнча гастролго чыгабыз, анын арасында жаңы ырларды жаздырып, клип тартабыз. Мен быйыл төрт клип тарттырууну пландаштыргам, анын экөөсү тартылды. Ал эми эс алуу боюнча айтсам, биз ар дайым жаздын аягында Ташкент шаарына, жайында Ысык-Көлгө барабыз, андан соң апамдын туулуп өскөн жери Апшырсайга барып, шаркырап аккан муздак сууларына, мөлтүр булактарына таасирленип эс алганды да унутпайбыз.
- Кээ бирөө сууда сүзүүгө кызыкмак тургай, сууга түшкөндөн коркушат. А сенчи?
- Сууда сүзүүгө өтө кызыгам. Оштогу "Дельфин" бассейнине барып жүрүп, сууда сүзүүнүн ыкмаларын үйрөнгөм. Өтө жакшы сүзөм деп мактанбасам дагы, чөкпөй сүзүп чыгып кеткенге күчүм жетет. Суу десеңиз, Ысык-Көлдөгү бир окуя эске түштү. (Күлүп) "Кыз-Бурактын" кыздары болуп пляжга баратабыз. Сууга түшөөрдүн алдында дүкөнгө кирип, күнгө күйүп калбайлы деп, күйүп кеткенге каршы кремдерди алып, денебизге болушунча сүйкөп сууга түшүп жатканбыз. Түштөн кийин бири-бирибизди карасак эле, баарыбыз кап-кара болуп күнгө күйүп калыптырбыз. Көрсө, дүкөнчү адашып күйгөндөн сактоочу эмес, тез күйдүрүүчү крем берип коюптур. Биз дагы шашканыбыздан карабай эле алыптырбыз, бир жума бою денебиз ачышып, азап чеккенбиз.
- "Сайкал кикбокс менен машыгат" деп уктук эле?
- Ооба, кикбокс менен машыкканыма бир жарым жылдан ашып калды. Өтө кыйын мушташпасам да ыкмаларын жакшы билем. Ушундан уламбы кээ бирлеринен "Эркек мүнөзсүң" деп угуп калам. Өзүмдүн эркек мүнөз экенимди байкабаптырмын. Бирок, жигиттерди көргөндө көз сүзүп калмай адатым жок. Чынында кыздарга караганда мырзалардан досторум көп.
- Мырзалардан досторуң көп экен, а сүйүүсүн арнагандарчы?..
- (Күлүп) Кат жазып, смс жөнөтүп, интернеттен сүйлөшүп жылуу сөздөрүн арнаган күйөрмандарым арбын. "Сени сүйөм, сен үчүн өлөм" дегендер да жок эмес. Бирок мен сүйүү тууралуу 20 жаштан кийин ойлоноорумду ар дайым айтып келем. Мырзалар менен жүрөктөн сырдашпасам да амандык сурашып, сый мамиледе болуп келем.
- Гүлшайыр эже сени кичинекей кезиңдегидей эркелетпей калса керек?
- Ооба. Апам мени кичинекейимде "Бөдөнөм, Эркетайым, Томпогум" деп эркелетчү. Азыр ал сөздөрдүн баарын айтпай эле чачымдан сылап, маңдайымдан өөп, "Бойго жетип калдың, эркеликти ташта, уят"-дегенине болбой апамды бекем кучактап алып эркелей берем. Кээде эркелетпей тилдеп коёт.
- Кенже Дүйшееваны "мама" деп, ага өзгөчө жакын элең. "Мамаң" турмушка чыкканда ичиң ачыштыбы?
- Кенже мамам "турмушка чыгат" деп даярданып жүргөндө анча билинген эмес, качан тою болуп жатканда жүрөгүм бошоп, көңүлүм чөгүп аны кучактап алып көпкө ыйладым. Мени эки жашымдан баштап багып чоңойткондуктан "мамама" өтө жакын элем. Албетте, орду жоктолуп, жетишпегендиги сезилип турат. Бирок, мен "мамамдын" "папам" Талгат менен бактылуу, бала-чакалуу болушун чын жүрөктөн каалайм.
- "Папаң" Талгаттын кулагын чойдуңбу?
- Ооба, Талгат "папамдын" кулагын чоюп, жакшы белек алдым. Кудалар тойго эки күн эрте келишкен. Талгат "папам" көп сүйлөбөгөн, токтоо, акылдуу адам экен. Мага дайыма жылмайып сүйлөгөнү аябай жакты. Экөөбүз бири-бирибиз менен орус тилинде сүйлөшүп жаттык. Иним Эркинди "Уулум"деп кайра-кайра кучактап бетинен өөп жатканын көрүп, "баласаак" экенин байкадым.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
18-май, 2010-ж.:
1-бет
Сайкал Садыбакасова:
"Папам" көп сүйлөбөгөн, токтоо адам экен"

2-бет
"Папамдын" кулагын чоюп, белек алдым"
3-бет
Данияр Исанов, НТС телеканалынын диктору:
"Калмураттын арбагын өңүмдө көргөм"

4-бет
"АКЫЙКАТТУУЛУК бар жерде, өнүгүү бар"
5-бет
Күнболот Момоконов, "Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Турсунбай Бакир уулу соткасын өчүрүп…"

6-бет
Кана эмесе жигиттер...
7-бет
Айжамал Кабылова:
"Эркек күткөн эмесмин..."

8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Чыгармачыл адамдардын чакан бизнестери
10-бет
Айымдарга кеңеш
11-бет
Мистика. Оскар актрисаларды ажыраштырууда
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Ханбийкелердин кымбат үлпөт көйнөктөрү
15-бет
Обон почта
15-бет
ЖАРЫЯ !!!
16-бет
"Маңдайыма жазганына…"










??.??