п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Буюккан жылдыз

Данияр Исанов, НТС телеканалынын диктору:
"Калмураттын арбагын өңүмдө көргөм"
Калмурат Рыскулов аман болгондо балким, 21-кылымдагы кыргыз обончуларынын шаасы болмок… Балким мезгилдин өтүшү менен чындап эле ошондой болот чыгаар. Таза таланттын ачуу тагдыры жөнүндө маркумдун досу жана бир тууганы менен ой бөлүштүк.


1974-жылы, 18-октябрда туулган.
Обондорунун жалпы саны 120, жазылып калганы 27 гана.
"Болоюн сенин Боогачыңды"15 мүнөттө жараткан. Сөзү А.Рыскуловдуку.
Ак-Талаа районунун Жаңы Тилек айылындагы клубга ысымы берилди.
Жакында ырлары нотасы менен китеп болуп чыгат.
Өзү "Түгөлбай Казаков менен өткөндөн баштап, бүгүнкү күнгө чейинки музыканы сөз кылып, диалог китеп чыгарам" деп тилек кылчу экен.

- Данияр мырза, сизди Калмурат Рыскуловдун жан досу болгон дешет, кантип табышып калдыңыздар эле?
- 1993-жылы Улуттук Университеттин филология факультетине тапшырып атканда Калмуратты биринчи көргөн элем. Окууга өткөн соң айыл чарба жумушунда иштеп жүрдүк. Жолукканда баш ийкешип койчубуз. А кезде Калмурат мага негедир жакчу эмес. Сабак башталганда тагдырдын буйругу менен экөөбүз жатакананын бир бөлмөсүнө жашап калдык.
- Ошо кезде эле обон жаратчу беле?
- Эң алгачкы обону 2-курста жаралды. Менден С.Жусуевдин "Күмүш жылдыз" деген китебин сурап кеткен. Бир күнү "обон жаздым уксаң" деп, С.Жусуевдин сөзүнө жазылган "Кыялды кантип тыямын" деген обонун ырдап берди. Мен анда Рыспай менен "ооруп" жүргөм. Калмураттын алгачкы обондоруна маани берчү эмесмин.
- Чыгармачылыгы тууралуу сиз менен ой бөлүшкөндүр?
- Калмурат дүйнө таанымы кенен, китепти көп окуган, комузду черткен жагынан новатор болчу. Анын ырларын эч ким өзүндөй черте албайт. Ыр да жазчу. Бирок, өзүнүн сөзүнө обон жараткан эмес. "Ошентип уят болбой эле койдум" дечү. Азыр элге сиңип калган "Болоюн сенин Боогачың", "Оо, анда көктөм эле"деген ырларын ыр деп эсептечү эмес. "Койчу, эй! Жеңил-желпи ырлар да. Элге да таң калам. Жеңил бирдекени жазсаң дуулдатып, терең нерсени кабыл алалбайт" деп айтчу эле.
- Обончунун артында калган ырларын ал тирүү кезинде сизди жаздырып калган деп уктум эле?
- Бир күнү негедир "ал өлөт" деген ой келип, коркуп кеттим. Калмурат үйдө уктап аткан. "Муногу бала бир күнү өлүп калат. Кел, ушунун ырларын жаздырып коелучу" дедим келинчегиме. "Манас" радиосундагы дос балага Калмуратты ээрчитип барып, 20дай ырын жаздырдык. "Эртең да келгиле" десе Калмурат эртеси күнү барбай койду. Болбосо дагы көп ырлары жазылып калат эле.
- Калмурат обончу 30 жашка толуп каза болду. Чогуу жүргөн чыгармачыл чөйрөнүн айтымында өлүмү тууралуу көп айтчу экен?
- Биртууган агасы Гүлмуратка, мага да "мен өлөм" деп айтчу. Мен катуу-катуу урушуп, сөзүн токтотуп койчумун. Менин баамымда бир жыл ажалына даярданды. 2004-жылы апрель айында "Көктөм эле" деген биринчи жана акыркы концертин берди. Ошондо деле "отчет берип анан кетейин" десе керек.
- Андай ою бар болсо неге үйлөндү?
- Билбейм. Келинчеги менен болгону 8 ай жашады…
- Жубайы чыгармачылыкты түшүнчү беле?
- Ушу суроону жаңы үйлөнгөнүндө Калмуратка мен бергем. "Чыгармачылык менен анын иши эмне? Аял болсо болду да" деп койгон.
- Сиз жакын досу катары айтсаңыз, эмне үчүн ал өз каалоосу менен ажалга моюн сунду? Себеби эмнеде?
- Калмураттын өз жанын кыйганына бир эле себеп негизсиз, көп себеп бар деп ойлойм. Кемчилиги жок пенде болбойт эмеспи, анын кемчилиги - кумар оюндарына азгырылып кетти да. Казиного көп барчу. Көп карыз болуп калыптыр. Балким бу дагы себептердин биридир. Өзү каза болгондон кийин айрымдары карызын кечиптир, кечпегенин Гүлмурат төлөдү.
- Аялына таарынган деген сөздөр жалганбы?
- Менин оюмча андай эмес. Келинчегинин ошо кезде иниси каза болуп, төркүнүндө 2 айга чукул жүрүп калды. "Келбейм деп кетти"деп жүргөн. Калмурат кайтыш болгондон кийин аялы билбей эле келди.
- Акыркы күндөрүн эстеп көрбөйсүзбү?
- Өлөөрүнөн эки күн мурун "Бүгүн кечке мени менен болосуң" деди. Экөөбүз бир күн чогуу болдук. Үйгө келип жатты. "Эч кимге айтпаган сырымды сага айтам, эмнеге?" деди. Сүйүү, турмуш баары, баары жөнүндө сүйлөштүк. Бир күндөн кийин таң эрте үйгө келип, менин үйүмдө жаткан дос балага "Ме, аманатыңды" деп кол чатырын берип кетиптир. Кийин бөлөсүнүн айтканына караганда ошо күнү жуунуп-тазаланып, таза кийинип, сакал-мурутун алыптыр. Мен анын өлөөрүн сезип аткам. Жанынан чыкпайын деп ойлогуча болбой, бир байке "сөзсүз келип кал" деп чакырды. "Жаман ойлонбоюнчу" деп өзүмдү жооткотуп, чыгып кеттим. "Калмурат өлүп алды го" деген ой кечке мээмди эзип жиберди. Кечинде үйгө келсем "Сиз уктуңузбу" деп, туюгунан сурашты. "Эмне, Калмураттыбы?!" деп, ички үйгө атып кирсем келинчегим ыйлап отуруптур…Мен кеткенден кийин келип, балдарым менен ойноптур. Келинчегиме "Кыялга берип койчу" деп жубайына жазган катты терезеге коюп кетиптир. Аны келинчегим окубаптыр. Кийин ачсак "Кыял, мени кечирип кой" деп гана жазыптыр.
- Түшүңүзгө киреби?
- Мен Калмуратты өңүмдө көргөм. Арбагы келген үйгө. Балдарым, жубайым болуп баарыбыз уктап атканбыз. Бир убакта ойгонуп кетсем, Калмурат төшөктүн аягында отуруптур. Мени кейип карап турду. Экөөбүз 10 мүнөттөй тиктешип тура бердик. Менде эч коркуу сезими болгон жок. Анан көзүмдү бекем жумуп, жуурканды чүмкөнүп жатып алдым. Эртеси чыгыш философиясына кызыккан Алмаз Солтонов деген жигит келип калды. Ага түндө Калмуратты көргөнүмдү айтсам "кое турсаң…" деп туруп, "ооба келиптир" деди да, "сен кал!" деп эшикке жүгүрүп кетти. Караңгы болчу. Мен артынан чыгып, тамеки чегип турдум. Ал көптөн кийин дарбазадан кирди. Өңү купкуу болуп кетиптир. "Эмне болду?" десем "Азыр айтканга болбойт, эртең сүйлөшөбүз" деди. Эртеси күнү "кечинде сен мага Калмураттын келгенин айта баштаганыңда эле, ал денесин жыйрып тура баштады. Эшикке чыксам кошунаңдын үйүнүн жанына жетип калыптыр. Эски, сары костюм кийип алыптыр. Мени карап туруп, кайрылып басып кетти. "Эскерүү кечесин өткөрүп, китебин чыгарганды өз мойнума алам" деп сөөктүн үстүндө сөз бербедиң беле? Аны аткармайынча сенин жаныңды койбойт" деди. Кечеси өттү, китеби чыкты, анан түшүмө жаркылдап, көңүлү ачылып кирди…




Гүлмурат Рыскулов, биртууган агасы:
"Калмурат өлгөндө жинди болуп кете жаздагам"
- Менин жалгыз таянган тоом Калмурат болчу. Аны угузганда мен нес болуп, көзүмдөн жаш чыкпай отуруп калдым. Бир жылга чейин өзүмө келбей, жинди болуп кете жаздадым. Ал чыгармачылыгы менен менден улуудай эле. Бир күнү чай ичип отурсак "менде обондор да, башкасы да, баары түгөндү" деди. Мен түшүнбөй калдым. Өлөөрүнөн үч-төрт күн мурун "өлөм" деп тынбай айтып атты. "Эмнеге өлөсүң?" десем "апам түшүмө кирип "сен ашыкчасың" деп атат" деди. Өзү жашыраак кезинде эле "миссиясын аткарып бүткөн адам өлөт, миссиясын аткара албагандар 100гө чейин жашай берет" деп, оюн-чындап айтып калчу. 3-ноябрь күнү кечки саат 6да менин үйүмөн асынып алып атпайбы. Баарыбыз жумушта болчубуз.
- Канча биртуугансыздар?
- Эки кыз, эки эркек, төрт бир тууганбыз. Атам 34үндө, апам 47 жашында каза болду. Атам кайтыш болгондо эң улуусу мен төрт жарым жашта, Калмурат 2де, төртүнчүбүз курсакта калган. Аты Керээз.
- Сизге сырын айтчу беле?
- Калмуратка башка эмес өзүм да тойбой калдым. Кээ бир кылыктарына көзүмдү жумуп койчумун. Экөөбүз такыр урушкан жокпуз да. Өлүп алганына нааразы болуп кетем. Анан, артындагы ырларына кайра шүгүрлүк кылам…Бирок, эң күчтүү ырлары, өзү менен кошо кетти.
- Үнүңүз абдан окшош экен, сиз да ырдайсызбы?
- Калмураттын ырларын ырдаганымда кай бир көрүп билгендер ыйлап жиберишет…
- Туяк калбаганы да өкүнүчтүү болду да…
- Келинчегинин боюна бүтпөй койду. Негизи, мен Калмуратка эч каршы чыкчу эмесмин. Келинчеги инисинин зыйнатына кеткенде, Калмурат бир окуучу кыз менен сүйүшүп жүрдү. "Сүйүп калдым, алам" десе "шерменде болбойсуңбу, кой, аялыңдын иниси да каза болуп атса" дептир достору. "Боюна болуп калды, алыш керек" деген экен. Калмураттын сөөгүн койгондон кийин эки жумача айылда болуп, кайра келсем тиги кыз жок. Таппай калдык. Үмүт кылып, күтүп жүрөм. Балким, бала калган болсо, ушу макаланы окуп калса келээр…




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
18-май, 2010-ж.:
1-бет
Сайкал Садыбакасова:
"Папам" көп сүйлөбөгөн, токтоо адам экен"

2-бет
"Папамдын" кулагын чоюп, белек алдым"
3-бет
Данияр Исанов, НТС телеканалынын диктору:
"Калмураттын арбагын өңүмдө көргөм"

4-бет
"АКЫЙКАТТУУЛУК бар жерде, өнүгүү бар"
5-бет
Күнболот Момоконов, "Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Турсунбай Бакир уулу соткасын өчүрүп…"

6-бет
Кана эмесе жигиттер...
7-бет
Айжамал Кабылова:
"Эркек күткөн эмесмин..."

8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Чыгармачыл адамдардын чакан бизнестери
10-бет
Айымдарга кеңеш
11-бет
Мистика. Оскар актрисаларды ажыраштырууда
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Ханбийкелердин кымбат үлпөт көйнөктөрү
15-бет
Обон почта
15-бет
ЖАРЫЯ !!!
16-бет
"Маңдайыма жазганына…"










??.??