Кызык экен…

Журналисттик турмуш өзү кызык экен да. Күн сайын жаңылык, кадам сайын карегиңде кадрлар, түркүн түстүү адамдар… Эгерде ар бир журналист ар бир күнүн акырындап жазып отурса, оо-о анда аягына чыкпас китеп жаралат же кино тартылат. А төмөндө кесиптештердин практикасынын бир эле үзүмү, ошондой эле аралашып жүргөн адамдарга ар кыл мүнөздөмө… Окусаңыз кимиси журналисттерден качат, кимиси сыйлайт ж.б. билесиз.


Күнболот Момоконов, "Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Турсунбай Бакир уулу соткасын өчүрүп…"
- Чындыгында журналисттик кесип кызыктуу. Бир жолу маанилүү суроого жооп издеп, Турсунбай Бакир уулуна телефон чалсам албайт, анан көп өтпөй өзү чалып "бул ким" деп калды. "Биз ушундай гезиттен чалып жатабыз. Бир суроого жооп берип койсоңуз дегем" десем, "анда кайра өзүңөр чалгыла" деп соткасын өчүрүп өзүбүз чыкканбыз. Күлүп жатабыз "Эми ушул Турсунбай Бакир уулунда бирдик жокпу" деп. Анан бир жолу Амангелди Муралиевге чалып ушундай эле суроо менен кайрылсам айтат: "мен азыр чет мамлекетте жүрөм кантип жооп берем" деп. Биринчиден, Бишкектин телефондору чет мамлекеттен тартпайт, экинчиден, чет мамлекетте жүрсө эле суроолорго жооп бере албай калмак беле. Айтор, ушундай кызыктар журналистиканын тарыхында көп болот.

Айнагүл Сапарбек кызы, "Замандаш" журналынын шеф-редактору:
"Мелис Эшимканов менен маек куруу-керемет"
- Журналисттерге эң ачык деп Ө.Текебаевди белгилеп кетээр элем. Бул киши менен канча ирет маек куруп, канча ирет пикирин алганымдын да так эсебин айта албайм. Жооптору олуттуу, анан ойлору да абдан жыйынтыктуу. Ал эми устатым болгон Мелис Эшимканов менен маек куруу - бул өзүнчө эле керемет. Ал өзү журналист болгондуктан, маек алып аткан журналист да кыйналбай жазып кете тургандай сүйлөп берет. Маек курууда абдан оор жагдай менде Чолпон Баекова менен жаралган. Учурашканда эле ал агезде мен иштеген "Агымга" таарынычын айтып, маанайымды бузуп салды. Коштошуп кабинетинен чыга бергенге камынып калганда өзү байкап калгандай, "суроолоруңду бере бер" деди. Улуу киши, анүстүнө аялдардан чыккан айбаттуу айым деп сыйлап келгендиктен, кайра маекти баштагам. Бирок, ошол баарлашуу өзүмө өзгөчө жаккан. Ал эми сахна адамдарынан так жана таттуу баарлашуучу деп Саламат Садыкова менен Урмат Усеновду атаар элем.
Зайырбек Ажыматов, "Агым" гезитинин кабарчысы: "Темир Сариев дипломат, Роза Отунбаева кекчил…"
- Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевден гезит, радионун журналисттери пикир алганга көп телефон чалышат. Баарынын көңүлүн калтырбай, жумшак жооп берет. Анан абдан так киши. Өзү да журналисттердин так жазганын жакшы көрөт. Ал эми өзүм интервью албасам да, журналисттер арасында Темир Сариевди "журналисттер менен иштешкенди билет. Сылык-сыпаа, дипломат киши" деп айтылса, Роза Отунбаеваны "Көңүлүнө жакпаган бир нерсе жазылып калса унутпайт, кекчил" деп калышат. Өзүм тиги гезитте деле бул гезитте деле жүргөн айрым популисттерден интервью алгым келбейт. Мага көмүскөдө жүргөн, жөнөкөй, бирок аргументтүү ойлору бар адамдар менен баарлашкан жагат.

Дилбар Алимова, "Учур" гезитинин редакторунун орун басары:
"Азиз Турсунбаевди чычалайт го десем…"
- Мен Каныбек Иманалиевден интервью алайын деп, калп айтпасам 2007-жылдан бери келатам. "Мени жөн эле кое тургулачы" дей берчү. "Эмнеге" деп дайыма качканына нааразычылыгымды билдирсем, "адам үйүн деле аластап тазалап турат, мен дагы өзүмдү аластап, саясаттан четтеп турайын деп чечтим" дейт. Ии, макул саясаттан четтеген экен деп жүрсөк, Бакиевдин бийлиги оодарылары менен чыгып калганына мен чынын айтканда аябай таң калдым.
Мындан "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев эч качан жок дебей, өзүн көтөрбөй кандай суроо болсо да жооп берет. А бирок берилген суроо боюнча маалыматы жок болсо, "жарым сааттан кийин чаласыңбы, мен уга элек экенмин, тактайынчы" деп эле ачык айтат. Айрымдарчылап эптеп эле популистенип жооп бергенден качат. Ошондой эле экс-вице спикер Азиз Турсунбаев жөнүндө ушактарды угуп, менде ал кишинин кандайдыр бир терс портрети түзүлүп калган экен. Ал менен маектешкенден кийин көз карашым өзгөрүп, анын адамкерчилигине баа бергем. Алгач мен аны ээрчип жүргөн имиштерди топтоп өзүнөн чын-бышыгын тактоо максатында, "Ыңгайсыз суроолор" деген рубрика менен интервью алгам. Башкалар болсо ал суроолорго чычалап так секирмек. Азиз Турсунбаевди дагы ошентсе керек деп ойлогом, тескерисинче, ал киши суроолорго олуттуу, чычалабастан, болгонун болгондой жооп берген.

Олжобай Шакир уулу, журналист:
"Ө. Текебаев жаздыкка баш коюп жатпаган саясатчы"
- Болот Шерниязов көп интервью бербейт. Бирок, мага ал кишинин ошонусу жагат. Мен аны менен жакшы мамиледе болсом дагы бучкактап жүрүп да, маектешкенге тарталбай калчумун. Ал парламентте депутат болуп жүргөндө деле маанилүү жагдайларда гана трибунага сүйлөп чыкчу. Саясий элитадагы эң мыкты инсандар аз. Көбү журналисттердин артынан чуркап, чай, белек берүү каадасын кылып, гезитке чыга калганга маш болуп алышкан. Ал эми Өмүрбек Текебаев саясатта 20 жылдан бери жылдызы жанып келаткан киши. Мен анын көмүскөдө жатышын элестете албайм. Текебаев жөндөн-жөн эле сүйлөй бербейт. Ал кишинин интервьюсунан мага саясаттын учурдагы прогнозу белгилүү болуп турат. Саясаттын күңгөй-тескейинде жүрүп, жаздыкка баш коюп жатпаган саясатчылардын бири - Текебаев. Мындай адамдардын кылган ишине, позициясына эл өзү эле таңсык болуп турат. Ошондуктан булар дайыма эл көзүндө болот.

Ильич Кулназаров, Коомдук телевидениенин журналисти:
"Нариман Түлеевди бир күн "папарацци" кылдым, бирок…"
- Ө. Суваналиев журналисттерди жаман көрсө керек, интервью бергенден жаа бою качат, бирок өзү кызматкер катары мага абдан жагат. Ал эми Токтогул Какчекеев интервью бер десең кайда болсо да жүгүрүп барат. Аны акыркы мезгилде журналисттер өздөрү пиар кылып ийишкен. Анын кесепети кайра эле өзүбүзгө тийип, аягында чакырсаң келбей, "керек болсо мага саясий серепчи болуп маалымат берип аткандыгым үчүн төлөгүлө" деген да учуру болгон. Бирок, бир жолу гана. Журналисттерге жооп бергенден качкан дагы бир чиновник экс-мэр Н. Түлеев болчу. Бир жолу анын иш графигин бирөөдөн алдым да бир күн кечке аркасынан "папарацци" кылдым, бирок кубалап жүрүп интервью ала албай калгам. Ал эми белгилүү композитор Муратбек Бегалиевден интервью алгым келе берет, ушунчалык таптап, таза, маанилүү, жеткиликтүү кылып сүйлөп берет го.

Эльмира Мадиева