п»ї

  чынжырча

Кана эмесе жигиттер...
Бу саам өңчөй мырзалардын өзү кызыккан суроолору боюнча бири-биринен жооп алып берүүгө шарт түздүк. Баарына күтүүсүз болгондуктан, ар кимиси ар кандай маанайда кабыл алышты.

Чыңгыз Эсенгул уулу, "Ала-ТОО" маалыматтык программасынын алыпбаруучусу:
- Ай, досум, досум… Мен диний көз караштагы адаммын да. Өзүмдүн эмгегим менен тапкан, адал акчам болсо мага керектүү үлүшүн алмакмын. Баарыбыз мусулман, пенде болгондон кийин колунда жок, жакыр жашаган туугандарыбыз болот. Ошол туугандарымды ыраазы кылгандан кийин мени багып-өстүргөн энемди Меккеге ажылыкка алпармакмын. Ажы болуу мусулманчылыктагы беш парздын бири эмеспи. Андан да артып калган каражатты балдар үйүндөгү наристелерге коротмокмун. Өзүмө үй-машине сатып алам демек эмесмин. Себеби, үй-машинени мага Алла Таалам насип кылып берген.
- Менин Бактыбек Мамытов байкеге берейин деген суроом бар эле. Бактыбек байке, бул жашоодо сизди эмне кооптондурат жана эмне кубандырат?


Жолдошбек
Жанжигит уулу, актер:
- Мен баарына эле тарс-тарс суроомду берип, өз оюмду ачык айтам. Тата Улан менен кечээ эле жолугуп, аябай сүйлөштүк эле. Ал орус мүнөз да. Кыйшың-куйшуң суроолорду түшүнбөйт, мүнөзү кырс. Сенин айыңан экөөбүз катышпай калып жүрбөйлү. Ошентсе да андан бирдеме сурагым келет.
- Мм… Улан, качан үйлөнөсүң?
Тата Улан, этно акын:
- (кыртышы сүйбөй) Өзүм билем да. (жумшара түшүп) Ушинтип тийишип эле жүрүшөт. Өзүмдөн эмне сурабайт? Балким, жубайым бардыр. Жеке жашоом масканын ичинде эле калсынчы. Ачыкка чыгаргым келбейт. Мен актер Нурдөөлөт Копоевге суроо бергим келет.
- Нурдөөлөт, мага тийишкениңди качан коесуң?


Нурдөөлөт Копоев, актер:
- Ха-ха-ха (жан дили менен каткырды) өзү Москвада окуп жүргөндө мени кандай ыйлатчу эле? "Черный", "Анкл бенс" дечү. Курсташ кезибиздеги окуяларды айтып, гезитке маек берип койсом, ошого таарынып аткан го… Мен 5-каналдын диктору Каныбек Асанкарыевге суроо берейин дедим эле.
- Каныбек, 5-каналдын дикторлору, кызматкерлери КТРге келе башташты.(күлүп) Сен качан келесиң?


Каныбек Асанкарыев, 5-каналдын диктору:
- Мен барбайм го дейм. Анткени, алгачкы эмгек тажрыйбамды ушу телеканалдан баштагам, менин мектебим 5-канал десем болот. Профессионал диктор болмоюнча башка жакта иштебейм. Ага азыр мүмкүнчүлүк деле жок. Менин соболум Чыңгыз Эсенгул уулуна болмокчу.
- Чыңгыз, бир миллион сомуң болсо эмне кылып коротот элең?


Бактыбек Мамытов, диктор:
- Азыр менин эле эмес, баарынын көйгөйү эртеңки күндү ойлонуу болуп атпайбы. Кандай бийлик келет? Өлкөбүздүн келечеги, мындан аркы тагдыры эмне болот? Мына ушундай бүдөмүк суроолор элди кыйнап турат. Мен кооптонгон нерсе ушу - азыркы кырдаал. Бу жашоодогу кубанычым - менин неберелерим. Чоңойгону да бар, кичинеси да бар. Ошолордун кылык-жоругу, эркелегени баа жеткис бакыт. Мен жаш ырчы Омардан сурагым келет.
- Омар Америкага барып өз Ата Журтуңду унуткан жоксуңбу?


Омар, ырчы:
- Жок мен эч качан Американец болбойм. Анткени мен кыргызмын. Кудай буюрса, мекениме июлдун ортосунда барып калам.

Асмат Жылдыз




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
18-май, 2010-ж.:
1-бет
Сайкал Садыбакасова:
"Папам" көп сүйлөбөгөн, токтоо адам экен"

2-бет
"Папамдын" кулагын чоюп, белек алдым"
3-бет
Данияр Исанов, НТС телеканалынын диктору:
"Калмураттын арбагын өңүмдө көргөм"

4-бет
"АКЫЙКАТТУУЛУК бар жерде, өнүгүү бар"
5-бет
Күнболот Момоконов, "Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Турсунбай Бакир уулу соткасын өчүрүп…"

6-бет
Кана эмесе жигиттер...
7-бет
Айжамал Кабылова:
"Эркек күткөн эмесмин..."

8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Чыгармачыл адамдардын чакан бизнестери
10-бет
Айымдарга кеңеш
11-бет
Мистика. Оскар актрисаларды ажыраштырууда
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Ханбийкелердин кымбат үлпөт көйнөктөрү
15-бет
Обон почта
15-бет
ЖАРЫЯ !!!
16-бет
"Маңдайыма жазганына…"










??.??