п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Бала жыты

Айжамал Кабылова:
"Эркек күткөн эмесмин..."
- Айжамал, кызыңар Жыпарадан кийин "Экинчиси уул болсо экен" деп күттүңөр беле?
- Мен тескерисинче, экинчисин эмес, биринчи кызымды "Эркек болсо экен" деп күткөм. Анан кыз төрөгөм. Мында болсо "Эркек болсун" деп күтпөстөн, боюма бүтүп калгандан кийин "Ким болсо дагы кызыма шерик төрөп алайын" деп жаткам. Кудай буйруп, минтип уулдуу болуп отурабыз. Кызыгы Жыпаранын мүнөзү, келбети эркектикиндей, жада калса эркек бала ойной турган оюнчуктар менен ойночу. Кызымды көргөндөр: "Ай, силердин кийинки балаңар эркек болот" деп айткандай эле болду.
- Уулуңарга Темирлан деп ысымды ким койду?
- Ат коёрдо бизге көп сунуштар түштү. Кызыбызга ысымды чоң атасы ыйгарган эле. Ал эми уулубузга Темирлан деп жолдошум Азамат өзү койду. Башында эле "Уулдуу болсок Темирлан деп коёбуз" дечү, тилеги орундалып, сүйүнгөнүнөн көктө учуп жүрдү окшойт.


Асыл Апасова:
"Атасы кызын жыттап кетип жатат"
- Асыл эже, бешик бооңуз бек болсун! Сиздин кубанычыңызды тең бөлүшүп келип калдык.
- (Күлүп) Рахмат. Мындай кубаныч биринчи жолу. Жашоонун ырахатын эми сезип жатам. Бул нерсени Алла Таала менен табигат берет экен да. Сүйүнүп турган учурум.
- Төрөтүңүз жеңил эле болдубу?
- Кыйын болсо да, эми анын баары унутулуп калды. Белди бекем бууп, келген кеткендерге жентек берип жаткан кезим.
- Кызыңызга ысымды ким койду?
- Шаазым деп таякеси койду. Алгач, "Оелун" деп Чыңгызхандын апасынын атын коёлу дегенбиз. Ойлонуп көрсөк ал атка тил сынчудай. Анан Шаазымга токтолдук. Анткени, "Шаа" деген "Хан" дегенди, ал эми "Шаазым" "Канайым", "Ханыша" деген маанини билдирет.
- Кызыңыз кимге окшош, атасы келип жатабы?
- Ооба, атасы келип кызын жыттап кетип жатат. Азырынча кимге окшош экени билине элек. Кызыгы, кызым төрөт үйүнүн төшөгүн жаап койсом, ыйлап баштайт да, кайра өзүнүн одеялосун жапсам басылып калат. Карап отуруп аябай таң калдым.


Назми:
"Кызым куюп койгондой атасына окшош"
- Назми, кызыңыздын кареги менен тең айланып жаткан кезиңиз экен да?
- Ой, айтпа. Мурда уктаарда "Ата-энем, биртуугандарым аман-эсен болсо экен" деп дуба кылып жатсам, азыр тилегимдин баары кызым болуп калды. Төрөгөндөн бери сыртка чыга элек болчумун. Кечээ массажга барып келе калайын деп кызымды апама таштап кеттим эле, келгенче тим эле жүрөгүм сыздап кетти.
- Кызыңыздан өзүңүзгө окшоштук издеп жатасызбы?
- Азыр куюп койгондой атасына окшош. (Күлүп) Бирок, жок дегенде көзү же муруну же оозу мага окшошуп калса экен деп кызым чоңойгон сайын карап, үмүт кылып отурам.
- Атасынын толкундоосун да айтып бербейсизби?
- Мен үйдөн толготуп төрөт үйүнө баратканда үйдө балага арналган эч нерсе жок болчу. Анан үч күндөн кийин чыгып келсем, манеж, кийим кургаткыч, комплект кийимдерди алып коюптур. Үйгө киргенде кадимкидей башкача сезим болду. Учурда кызыбыз Альбина үчүн экөөбүз тең жан үрөп турган чагыбыз. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мени төрөткөн акушерлерге чоң ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден-соолук каалайм.


Аалы Туткучев:
"... үйүмдүн ачкычын таппай..."
- Аалы мырза, ата болгон кандай экен?
- (Күлүп) Тажрыйбалуулар айтып жатышат го, "Балаңа үч-төрт ай толуп, жылмайып кылыгы чыга баштаганда ата болгонуңду сезесиң" дешип. Анткендери менен азыр деле толкундануулар болуп жатат.
- Сизге ким сүйүнчүлөдү?
- 11-майда таңкы саат 5:30дарда "Багымдат" намазын окуп, дуба кылып бүтөөрүм менен келинчегим Жазгүл өзү чалып сүйүнчүлөдү. Анан төрөт үйүнө чыгайын десем, толкунданганымдан кыла турган иштерим бүтпөйт десең. Бирде үйүмдүн ачкычын таппайм, бирде машинемдин ачкычын унутуп калам, кыскасы үйдөн чыгалбай, ары-бери чуркап жүрө бердим. Ошол күнү апам уулубузга Нурамин деген ысым ыйгарды.
- Уулуңузду көргөндө кандай абалда болдуңуз?
- Башында балалуу болгонума ишенген жокмун. Төрөт үйүнө келип, бала жаткан бөлмөгө кирсем, менин көзүмчө медайым тынч уктап жаткан балама ийне сайып жатпайбы. Анан балам тыбырчылап ыйласа, мен медайымга "Эмне кичинекей наристеге да ийне саясыңарбы?"деп чебелектесем, "витамин сайып жатабыз" дегенин угуп, кайра өзүм уялып калдым.


Айнура Касымова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
18-май, 2010-ж.:
1-бет
Сайкал Садыбакасова:
"Папам" көп сүйлөбөгөн, токтоо адам экен"

2-бет
"Папамдын" кулагын чоюп, белек алдым"
3-бет
Данияр Исанов, НТС телеканалынын диктору:
"Калмураттын арбагын өңүмдө көргөм"

4-бет
"АКЫЙКАТТУУЛУК бар жерде, өнүгүү бар"
5-бет
Күнболот Момоконов, "Алиби" гезитинин башкы редактору:
"Турсунбай Бакир уулу соткасын өчүрүп…"

6-бет
Кана эмесе жигиттер...
7-бет
Айжамал Кабылова:
"Эркек күткөн эмесмин..."

8-бет
Бир ырдын тарыхы
9-бет
Чыгармачыл адамдардын чакан бизнестери
10-бет
Айымдарга кеңеш
11-бет
Мистика. Оскар актрисаларды ажыраштырууда
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Ханбийкелердин кымбат үлпөт көйнөктөрү
15-бет
Обон почта
15-бет
ЖАРЫЯ !!!
16-бет
"Маңдайыма жазганына…"










??.??