Бир ырдын тарыхы

Ак булуттар
Сөзү: О.Султановдуку
Обону: А.Керимбаевдики
Кайчы өткөн тагдыр менен жолго чыгып,
Силерди ак булуттар жолдош кылып.
Мен келип алтын кумдуу көл жээгине,
Олтурам эскерүүдөн ичтен сызып.

Сезгендей айрыларды коркоор элем,
Алтын кум сен баарына орток элең.
Өчөшүп биздин өксүткөн жаңылууга,
Өмүрдүн өрүн көздөй жалгыз келем.

Кайгынын каран түнүн жарык кылар,
Каралдым жашоодо көп жакшылык бар.
Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар.

Көл жээги, касиеттүү көлдүн жээги,
Көрбөдүң, өткөрбөдүң эмнелерди.
Адашып сүйгөнүмдөн келдим сага,
Сүйүүмдү айла кылып кайрып берчи.

Асанкалый Керимбаевдин көзүнөн жаш айланткан "Ак булуттар"
Залкар обончу Асанкалый Керимбаев 1978-жылы Омор Султановго аккордеонун көтөрүп келип, "Ак булуттар" деген ырына обон жаратканын айтып ырдап берет. Буга чейин деле ал акындын бир топ ырларына обон жаратып келгени менен ушул "Ак булуттар" деген ыр көңүлүнө өзгөчө жакын экенин айткан. "Ак булуттардын" Асанкалыйдын тагдырына байланышкан шарттары бар экенин кийинчерээк угуп калдым. Аны ырдаганда өзүн-өзү унутуп калган учурларын көп байкачумун. Кээде чолок жаш болуп ыйлап да алчу. Теңтуштарынын айтуусунда Асанкалый " Мен өлгөндө үйдөн мүрзөгө, мүрзөдөн үйгө чейин "Ак булуттарды" ойнотуп келгиле " деп керээз кылып айткан экен" дейт Омор Султанов.
Ал эми Асанкалый Керимбаев "Ак булуттарды" ырдап чыкканын себебин өзү мындайча баяндаган:
"Омор байкенин ырлар жыйнагы кокусунан колума тийип, анын ичинен "Ак булуттар" аттуу ыры өзгөчө жагып калды. Кайра-кайра кайталап окудум.

"Сен азыр эмнени ойлоп турдуң экен,
Айдалып баратканда ак булуттар..." деген саптарды окуганда көзүмө ысык жаш тегерене түштү. Менин чоң атам Керимбай кезинде жалган жалаа менен айдалып баратканда чоң энем буркурап көзүнөн жашын тыя албай боз үйдүн босогосунда ыйлап турган экен. Денемди жалын каптагандай, ошол элес көз алдыма дүрт этип от алып, көөдөнүмдүн тереңинде бугуп жаткан буулуккан бук "Ак булуттар" деген ырга айланды…Омор байкеге адегенде "Ак булуттарды" угузсам, түшүнгөн жок. Кийин мени атайын Көлгө ээрчитип барды. Экөөбүз көлдүн жээгинде отурабыз. Анан эле: "Асаке, кана эми баягы "Ак булуттарды" ырдап берчи" деп калды. Мен ырдап... Омор байкенин ошондогу эчкирип ыйлаганы эсимден кетпейт. Мен да кошулуп, өпкө-өпкөмө тийбей шолоктоп ыйладым. Күн аябай бүркөк, көл бир башкача толкугансып, шарп-шурп, улам жээкке урунат. Омор байке наристедей далайга ыйлады..."




  Шоу дүйнө

Космос Чыдынов кайрадан УТРКда
"Ала-Тоо" маалымат программасынын диктору Космос Чыдынов бир жыл мурда теледен кетип ЖКнын басма сөз кызматында эмгектенип жатканы көпчүлүккө маалым эле. Өлкөдөгү кырдаалга жараша азыр ал жумушунан убактылуу эс алууга чыкты. Жаңы парламент түзүлгөндө кайрадан ал жумушуна барат, ал эми азыр болсо УТРКда өзүнүн жыйырма мүнөттүк автордук берүүсүн ачты. "Саясий куугунтукка кабылгандар" деген аталыштагы берүү ар жекшемби күнү көрсөтүлөт. Буга чейин өзү чөлдө болсо да көзү көлдө болгон диктор азыр билегин түрүп, көптөн бери сагынган жумушуна киришкен кези.


Ушак-айыңдан тажаган Айгүл
Акыркы күндөрү айланасындагы түрдүү ушак-айыңдардан кулагы чуулдаган Айгүл Чалова борбордон четтеп, көңүлүндөгүдөй эс алып келди. "Чет мамлекетке чыга албасам да Көлдө жашаган курбумдукуна барып келдим. Шаардын ызы-чуусунан чарчап, айланадагы адамдардын кеп-сөзүнөн бир азга болсо да алыстап мээм сергий түштү" дейт Айгүл. Эми жаратылыштын койнунда топтоп келген дем-күч менен чыгармачылыгын улантып, жаңы ырларды жаздыраарын кошумчалады.


Айчүрөк Иманалиева кыргыз эстрадасынын примадоннасы
Zpress.kg сайты 1-январдан бери "Кыргыз эстрадасынын примадоннасы ким?" деген аталыштагы сынак жарыялашкан. Сынакка катышкандардын ичинен кыргыз шоу-бизнесинин көрүнүктүү өкүлдөрү бар болчу. Элдин таразасына коюлган конкурста Айчүрөк Иманалиева алдыга озуп чыгып, сайттын окурмандарынын пикири боюнча ырчы айым "Кыргыз эстрадасынын пирмадоннасы" аталды. Биз да Айчүрөк айымды куттуктап, мындан ары да шоу-дүйнөсүндө ак эмгеги менен элине кызмат кылып, алдыңкы катарда жүрө беришине тилектешпиз.


Ырчылар Алай жергесинде
Белгилүү продюсер Назгүл Насиева 20- майда алыскы Алай жергесине "Алай элине ыр майрам" аттуу концерт уюштуруп гастролго жөнөгөнү жатат. Гастроль 10 күнгө созулат. Ырдесте тартуулоочу ырчылар Замир Мырза, Алишер Тоотаев, Роза Шакирова, Азиза, Гүлнур Асанова, Акылбек Куштаев, Махмуд Саматов жана башкалар. Концертти Алай эли билет сатып албай бекер көрөт. Анткени, буга "Алыш белбоо федерациясынын" президенти Анапияев Алманбет Мамадалиевич демөөрчүлүк кылып жатат.


Айдин Шердин тушоо кесүү концерти
Тушоо кесүү концерти десе ойлобогула Спорт Ордосунда болот экен деп. Башкалардан өзгөчөлөнүп Айдин алгачкы концертин Талас жергесинен баштоону туура көрүптүр. Майдын 20-21 де Бегимай Эсенгулова, Даниэль, Нурлан Насип, Кайрат Примбердиевдин коштоосунда таластык туугандарына концертин тартуулайт. Бир чети чоң шоу-программадагы концертке даярданып, кемчиликтерин толуктоонун камын көрүп жаткандагысы экен. Андан сырткары Айдин менен Даниэлдин күйөрмандары жакынкы күндөрү экөөнүн жаңы дуэтине күбө болушат.


"Береке" бий тобунан шоу-концерт
Чимириле бийлеген бийкечтерден турган "Береке" бий ансамбли 20-майда күйөрмандарына чоң программадагы шоу концерт тартуулайт. Бир күндүк концерттик программаны бийчилердин аткаруусундагы ар улуттун бийлери көркүнө чыгарат. Кеченин коноктору Бек Борбиев, Урмат, Неля, Нурлан Насип, Дайыр Исмадияров, Эрлан Андашев ж.б. ырчылар болмокчу. Ошондой эле Тамашоу Лигасынын "2 рота" командасынын жигиттери көрүүчүлөрдүн көңүлүн ачат.


А. Сабырова