Жылдыздар деле сиздей жан

Чыгармачыл адамдардын чакан бизнестери
Учурда бир ишти аркалабастан буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн замандаштарыбыз четтен табылат. Антпесе болобу. Мындан чыгармачыл адамдарыбыз да кур калбай, өз кесибинен тышкары кошумча акча табуунун булактарын пайдаланып келишет. Анда алардын айрымдарынын чакан бизнестери тууралуу азыноолак кеп.


Назик:
"Көйнөктөрдү Айганыш эже белек кылган"
Бийчи кызыбыз Назик да оригиналдуу бизнес ачып алган: "Үйлөнүү үлпөт салонун күздөн баштап иштете баштадым. Айганыш аттуу эженин салону бар болчу. Ал эжеден "прокатка" көйнөктөрдү көп алчумун. Ошонун аркасында жакшы тааныш болуп калдык. Бир күнү "Мен салонду жаап жатам. Мен сага бул көйнөктөрдүн баарын белек кылып берейин, аларды кийесиңби же сатасыңбы өзүң билесиң. Ойлонуп көр, мүмкүн салон ачып көрөсүң" деген сунушун киргизип калды. Ошентип, салон ачып калдым. Алгач өзүмдүн тобумдагы кыздардын тааныштары алып, бара-бара кардарлар көбөйө баштады" - дейт Назик. Көйнөктүн "прокаты" эң арзаны 100 доллар. Ал эми сатыкка тигилишине жана кездемесине карап 50-60 миңге чейин баасы көтөрүлүп кете берет. Салондун башатын 30 көйнөк менен баштаса, азыр 50гө чукулдап калган.


Эльмара Турсуналиева:
"Кара жумуш кылганды жаман көрөм"
Таанымал ди-джей айым Эльмара Турсуналиеванын да өзүнүн чакан бизнеси бар. Өзүнө тың Эльмара кыргыздын сулуу кыздарын андан дагы сулуу кылыш үчүн "Кинодогудай" деген аталыштагы сулуулук салонун ачканына 7 айдын жүзү болуптур. "Чач кыркып, маникюр- педикюр кылганга шыгым жок болсо да, кызыга берчүмүн. Кара жумуш кылганды жаман көрөм. Пайдалуу нерсени жаратып, кубаныч алып келген иш менен алектенген кандай жакшы. Иштеп жаткан кыздар Замира Молдошеванын окуучулары. Бул сулуулук салонун ачууга Замиранын жардамы чоң. Макияжга толугу менен "Мэри Кей" фирмасынын косметикаларын колдонобуз. Кардарлар башында жакшы көнбөй жатышкан. Азыр кудайга шүгүр болуп калды. Салондун аталышын оригиналдуу атоого "25 кадр" музыкалык журналынын башкы редактору жардам берди" - дейт ди-джей. Аталган салондо педикюрдан башка сулуулукка тиешелүү болгон кызматтын бардыгы көрсөтүлөт. "Акыркы учурда менин колум бошобой жаткандыгына байланыштуу, салонго тиешелүү маселелердин баарын Өмүркан аттуу администраторум чечет. Жумасына 3 жолу келип көзөмөлдөп турам." - дейт Эльмара айым.


Сапар Сопубеков:
"Администратору, ди-джейи, ырчысы да өзүммүн"
Назминин сахналаш түгөйү Сапар Сопубеков да ырчылык кесип менен чектелип калбастан, шаардын чекесиндеги Александровка айылынан кафе ачып, иштетип жаткан кези. Сапар кафесин быйылкы жылдын февраль айынан баштап иштетип жатат. "Азыр чыгармачылык менен жашаганга болбойт. Бирине-тартсаң бирине жетпейт дегендей. Экинчи бизнесиң болсо жакшы. Костюм тиктиргенге, клип тарттырганга, ыр жаздырганга тыгынчык болот. Бул кафени ачууга дос баламдын эжеси Миновар эже колдоо көрсөттү. Бул жерде өзүм жандуу үн менен ырдайм, өзүм ди-джеймин, дискотека коём, администратору да өзүм. Досторум келип отуруп кетип турушат" дейт ырчы мырза.


Борончу
Кудайбергенов өзүнүн мончосуна гана барат
Ырчылык да, куудулдук да жагы бар, сакадай бою сары алтын Борончу мырза мындан төрт жыл мурун өзүнүн агалары менен бирге мончо ачкан. 100 орунга ылайыкташкан Борончунун мончосу эс алуусуз иштеп, кардарларын сүйүнтүп турат. Ал эми куудул жуунганга өзүнүн гана мончосуна барат.


"Кеңеш" балдардын кийимин сатат
"Кеңеш" тобу да жөн жатпай, жакынкы өлкөдөн чакан бизнес ачып алышкан. Башкача айтканда, 2003-жылдан тартып, Казакстандын "Болашак" базарында жаш балдардын кийимдерин саткан контейнер ачышкан. Мүзүрдүн жубайы, топтун солисткасы Гүлмира айым жумасына бир жолу барып-келип каттап турат. Ал эми балдардын кийимдерин арзан баада "Дордой" базарынан алып кетет.


Сайра Момунбаева:
"Үйгө жатаарда эле барам"
Орто муундун өкүлү Сайра Момунбаева тигүү цехин иштетет. Цехте көбүнчө улуттук кийимдерге басым жасашат. Эженин кардарлары көбүн эсе чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптештери. Алар келип, каалагандай формаларды тиктирип кетип турушат. Ошондуктан, сахнага ылайыкташкан кийимдер басымдуу. Андан сырткары, чет жерден кыз алгандар же чет жерге күйөөгө чыккандар үйлөнүү үлпөт кыз -күйөөнүн улуттук колориттеги кийимдерин заказ беришет экен. Сайра эже көйнөктөрдүн көпчүлүгүнүн дизайнын өзү ойлоп табат: - "Тикмечиликти 1998-жылы баштагам. Анда театрда иштечүмүн. Анан экөөнү бирге алып кете албай, кайра эле "театрды" тандап алгам. Бирок, театрдын айлыгы абдан аз болгондуктан, кайрадан тикмечиликке өтүүгө туура келди. Алгач үйдө тигип иштеп жүрдүм. Ал эми тигүү цехин иштеткениме 3 жыл болду. Тигүүчүлүк шык бала кезимен бери эле бар. Өзүм ырчы болгондуктан, кол өнөрчүлүктү хоббим катары карайм. Кээ бир кардарлар өздөрүнүн оюндагысын айтып тиктирип кетишет. Кээ бирин өзүм чиймелейм. Цехте 4 адам иштейт. Көйнөктөрдүн баасы кездемеге жана фасондун кыйынчылыгына жараша 5000ден жогору баада болот. Материалын да өзүм тандап берем. Бир костюм 3-4 күндө тигилип бүтөт. Азыр көбүнчө сайма жана курак менен тиктирип кетип жатышат. Үйгө жатаарда эле барам. Калган убактымдын баарын бул жерде өткөрүп жатам".