п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Шарттуу салт

Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт
Сизге калың кандай берилген?
Ушундай маанидеги суроо менен кыргыздын өнөрканасында төбөсү көрүнгөн айымдарга собол таштадык. Келин алып, кыз бермей салтына элибиз өзгөчө көңүл бөлөт эмеспи. Калыңы көп кызды барктуу деп ойлонгонубуз менен, Мухаммед (САВ) Пайгамбар "калыңы аз болгон аялзаты кудайга сүйкүмдүү" деп айткан экен. Эмесе, жоопторго назар салалы.


Шахрезаада АСКАРОВА, ырчы:
Филармониядыгы "Наристе" тобунда жолдошум экөөбүз тең иштечүбүз. Ошол жерден табышып, таанышып, бир жыл кыз-жигит болуп жүрүп баш кошконбуз. Советтер Союзу убагында азыркыдай доллар, жылкы бермей жок болчу. Кайын журт жагым шуулдап, ачуу басарга барып жүрүшкөн, канча калың бергени эсимде жок. Ага маани да бербептирмин, жашпыз да. Албетте, эки куда-сөөк бири-бирине кийит кийгизишкен. Комсомолдук той өткөрөбүз деп, аны да өткөрө албай айылдан эле тойчук кылганбыз. Ал кезде баары "скромно" болчу. Үйлөнгөн жаштар 15 машинеге шар байлап алып, шарактап көчө кыдырчу эмес.


Жылдыз Тутуева, ырчы:
Мен Көлдүк болгон менен күйөөм Лейлектик. Эки жердин салттары да эки башка болот экен. Биз баш кошуу аземибиздин бардык шөкөтүн эки жактын тең салты менен өткөргөнбүз. Чынымды айтсам, мага канча калың берилгенине аралашкан эмесмин. Эгерде үлпөт көйнөгүмдүн баасын сураса айтып бере алам. Бир чети жаш болсом, экинчиден жолдошум менен эки жыл сүйлөшүп жүрүп анан турмушка чыктым. Балким, калыңга маани бербей калганымдын себеби ошондондур. Биз Россияда көп жашагандыктан, мен эмес ата-энем салтты жакшы билбейт экен. Качан мен турмушка чыкканда чоң энемден, таянемден сурап, кыз берген, куда күткөн кандай болорун мен аркылуу үйрөнүштү.


Кыял Шаршеева, диктор:
Мени алакачып кеткенден кийин, артыман ачуу басарга барышкан. Анан кайнатам, кайынагамдар бир уй, бир жылкы жетелеп кеткенин билем. Акчалай берилген калыңдын суммасын сурабаптырмын. Негизи, калыңды жакшы беришкен. Кой союп, түрлүү таттууларды коробкаларга салып, жүгүрүп жүргөндөрү эсимде. Ал эми мен тарап болсо, үйлөнүү үлпөтүбүздө "мебель алып алгыла" деп конверт карматышкан.


Чынара Калыбекова, актриса, акын, драматург:
(Күлүп) Менин калыңыма мындан 20 жылдай мурун, акчалай 100 миң сом беришкен. (Эже Рахманкул ханга келин болгон. Ред.) Ал кезде депутаттар 25 миң беришчү эле… Тоюм бир нече күнгө созулуп, эл уу-дуу болгон. Мындан аркысын айтпай эле коёюн… Эгер кыргыз өз тапканын өзүнө жумшаса, бизден өткөн бай эл жок болмок. Салт-санаанын туура эмес жактарына кул болгонду мен кубаттабайм. "Мен тигинден кем бекемин?" деп, бирине-бири атаандашып атып, акыркы ич кийимин сатса дагы кудага, тойго же өлгөнгө барышат. "Намыс" деп жүрүп бутуна туралбай, турмуштун түрмөсүнөн чыгалбай, көзү өтүп кеткендер да бар. Кыргыз өзү тиги дүйнөгө да карыз болуп кетет экен. Өзү жатаканада жашап атып, "көйнөгүмдү сатсам дагы көңүлүн алышым керек" дегенге мен каршымын.


Динара Акулова, ырчы:
Албетте калың беришкен. Биздин убагыбызда кыздар абдан баалуу болчу. Азыр деле "Отурган кыз ордун табат" дегендей, таза, ыймандуу жүргөн кыздарыбызды жакшынакай кылып алып кетип атышат. Кызды сыртынан сынашып, "тигинин кызынын баасы мынча, а берки кыздын калыңы мынча эле болот" деп баалашат экен. А мен Көлдөн Ошко келин болуп баргандыктан "Балам, силер жакта кандай болот?" дешип, мени менен кеңеш курушкан. Жер алыс болгондуктан кайнатам жылкынын акчасын атама, кайненем сүт акы деп, уйдун тыйынын апама тапшырган. Андан сырткары кийиттерди, таттуу-тарапаны жакшы алып барышкан. Эч ким нааразы болгон эмес.


Гүлзинат Суранчиева, ырчы:
Турмушка чыкканыма быйыл 7 жыл болду. Менин кайынымдын салтында деле кызга калың берген бар.
Апамын колуна 1000 доллар карматып, кийиттерин кийгизген соң, кезек мага келген. Буларда жаңы келген келинге алтын комплект белекке берүү милдет экен. Кайненем менен кайын сиңдим алтын иймек, шакек, билерик, чынжырчасы менен белек кылышкан. Ал зер буюмду бүгүнкү күнгө чейин аздектеп тагынып келем. Башка алтын -күмүш сөйкө-шакектеримен ошол башкача, баалуу сезиле берет.

Афина Бакирова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмаз Атамбаевдин башына канча акча "сайылган"?..
2-бет
Эрмек Нурбаев:
"Максатым "Супер күйөө бала" болуу эмес..."

3-бет
Сайттагы "саясат"
4-бет
Шайыр Касымалиева, актриса:
"Акча үчүн көз каранды болгум келбейт"

5-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
6-бет
Кара алтынды калктын эмес кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Фарида Карбосова жеке концертине даярданууда
9-бет
Кайдасың классташ, парталашым?
10-бет
Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт
11-бет
Киностан
12-бет
Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Өкүттө калгым келбейт…

13-бет
Алиясбек Алымкулов:
"Болот Шерниязовго ийне сайып өлтүрүшмөк экен"

15-бет
Обон почта










??.??