Киностан

Кинодогу каталар
Кызыктуу мазмун, жогорку сапаттагы тасма, келишимдүү актёр, актрисалар…мунун баары кино дүйнөсүнө байланышкан түшүнүктөр. Режиссердун эмгеги ал тарткан тасма коомчулукка бат сиңип, элдин арзуусуна татыса акталган болуп эсептелет эмеспи. Ири суммадагы акча менен эбегейсиз эмгек коротуп тарткан кинолордо деле кемчилдик болбой койбойт. Кылдат карап корсонуз сиз жактырган кинодо деле кемчилдиктер бар экен.


"Адмирал"
Колчак сөз сүйлөп баштаганда медайым Анна (Лиза Боярская) сакалчан киши менен жүн тумак кийген айымдын ортосунда турат. Сөздүн ортосунда тумакчан аял кайдадыр жоголуп, анын ордуна башка аял туруп калат. Колчактын сөзүнүн аягында кайрадан баягы жүн тумакчан аял пайда болуп калат.
Күйөөсүнүн кийимдерин жыйнап жатканда Анна керебеттин четинде ыйлап отурат, керебетте үч жаздыктын бири улам жоголуп улам коюлуп калганын көрармандар деле көз жаздымынан кетирбесе керек.

"Дайыма "Ооба" де"
Стаканга салынган кемпирдин тиштеринен бир караган адамга кынтык табууга мүмкүн эмес. Бирок кылдат караган кишиге ал стакандагы тиш бири-бирине ылайыксыз салынганын көрсө болот.
Карл кайырчыга акча берип жатканда сол колундагы купюра алмашып калганын байкоого болот.
Диванда жаткан Карл телефонуна түшкөн коңгуроону албай телефонун дивандын үстүнө таштап коёт. Бир аздан соң Питер телефон чалганда Карл аны чөнтөгүнөн алып чыкканына таң каласың.

"Бриджет Джонстун күндөлүгү"
Марк ресторандан мушташканда костюмун ийнине асып кетип бара жаткан эпизод эсиңиздеби? Ошондо костюмунун бир жеңи ичке түрүлүп калган, кийинки кадрда ал ката оңдолуп калганын көрүүгө болот. Атайын уюшулган кечеде Бриджитт колуна кармаган бокалдагы винонун өлчөмү бирде азайып кайра толтурулуп…айтор ошол эпизод аяктагыча бир нече жолу өзгөрүп турат.

"Колуктулардын согушу"
Эмма чоң күзгүнүн алдында Дебге акыл үйрөтүп жатканда колуктунун башындагы фата башын ийнинен бери жаап турганын корсонуз, андан көп өтпөй эле апасы менен суйлошуп жатканда фата ийнине түшүп турганын корүүгө болот.
Эки атаандаш курбу кыздарды чогултуп майрам уюштурганда залда отурган кыздар апельсин ширесин түтүкчө менен ичип отурушат, бокалдын түбүндө калган шире ошол эле замат бирде бөксөрүп, бирде толуп калып жатканын (бир эле эпизоддо) көз жаздымдан кетирүү кыйын.

"Кариб деңизинин каракчылары"
Каракчылар сүйлөшүү үчүн эки тараптан суунун жээгине үч-үчтөн адам түшкөн эпизод бар. Ошол кезде Джонун оң алаканы кол кап сыяктуу кара чүпөрөк менен оролгон. Андан көп өтпөй эле Джо Элизабет менен сүйлөшүп жатканда баягы колуна байланган кара чүпүрөк жок экенин байкоого болот.
Анан да англиялыктар деңиз каракчыларын асууда люкту колдонушкан, чынында люкту адам баласы XIX кылымда гана ойлоп тапкан.

"Мистер жана Миссис Смит"
Аялы менен үйүнө кубалашып баражаткан эпизоддо Смит машина айдап бара жатканда ак көйнөкчөн болот. Бирок, үйгө келгенде кара кастюмчан болуп чыга келгенине таң каласың. Катасын сезген режиссер дароо аны алмаштырып кайра көйнөкчөн калтырган.
Аялы менен мушташып жатканда Смит бетин П турундө кылып тыттырып алат. Бирок кийинчирээк ал П түрүндөгү тырык формасын бир нече жолу өзгөртөт. Смит аялы менен экстро-класстагы киллерлерден качып бартканда машинанын арткы жөлөнгүчүнүн дизайны эки башка экени даана байкалып калган.

"Күүгүм"
Жаштардын бүйүрүн кызыткан "Күүгүм" аттуу мистикалык тасманын айрым жерлеринде да кынтыктар бар. Эдвард расмий түрдө вампир экенин кызга билдирип, өмүр-таржымалын айтып жатканда Эдвардын пальтосунун ийиндеги топчусу чечилип кеткенин байкоого болот. Бирок бир аз өтпөй эле ийиндеги топчулама кайрадан тагылып калган.
Белла вампирлер жөнүндө китепти кайдан-жайдан алганы белгисиз. Мурда ал китеп Эдварддын машинасында болчу. Белла Форкско келгенде атасынын жумушуна колуна китеп кармабай эле кирип эч нерсеси жок эле чыгат. Кийинчирээк бөлмөсүндө отурганда колундагы китепти көрүп жатканы таң калыштуу.

А. Сабырова