п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Сен ооруба мен ооруюн, Ата-Журт!

Алиясбек Алымкулов:
"Болот Шерниязовго ийне сайып өлтүрүшмөк экен"
Алымкулов Алиясбек - "апрель митингдеринин "катышуучуларынын бири. Болгондо да топтошкон элдин арасынан биринчилерден болуп дал ушул адамга ок атылган. Снайперден эки ок жеп биринчи ок желкесинен көзөп колунан чыкса, экинчи ок мурдуна тийип мойнун көзөп өткөн. Мекени үчүн чын дилинен күйүп -бышкан, кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган Алиясбек Алымкулов учурда Жаштар иштеринин министринин милдетин аткаруучусу болуп дайындалды.


- 7-апрелде болгон ызы-чууга кандайча кабылып калдыңыз?
- Билесизби, менин өзүмдүн жашоом жаман эмес болчу. Россиядагы ТМК түтүкчыгаруучу өнөр жайы дүйнөдөгү алдыңкы катарды ээлеген өнөр жайлардын бири болуп эсептелинет. Мен ошол өнөр жайдын Кыргызстандагы, Казакстандагы, Афганистандагы өкүлүмүн. Аялым да жакшы жерде иштейт. Толук камсыздалган жашоодо жашай берсем деле болмок. Бирок биз тиги дүйнөгө барганда ата-баларыбызга эмне деп жооп беребиз. Алар калтырган мурастарды, мекенибизди эмне кылып жатабыз? Ушул суроолор мени түйшөлтүп жаткан учурда Нарындан досум чалып: Бакиевдер жерлерди сатып, кытайлар ал жакты өздөрү билип жатканын айтты. Ошол маалда Исмаил Исаков да камалып калды. Ошондон баштап Бакиевдердин бийлигине каршы аракеттерди көрө баштадым.
- Исмаил Исаковду жакындан тааныйсызбы?
- Жок, мен бул адамды сыртынан эле чынчылдыгы, патриоттуулугу, адамкерчилиги үчүн сыйлайм. Ал менин кумирим. Мен анын үй-бүлөсүнө колуман келген жардамымды көрсөтө баштагандан бери артыман УКМКнын адамдары аңдый башташты. Кысым көрсөткөндөрү күч ала баштаган соң, аларга: "Мен өзүм юристмин, эмне кылып аласыңар мени? Кайсы күнөөм үчүн камайсыңар? Исковдун аялы менен сүйлөшүп ага жардам бергенге болбойт деген беренени көрсөткүлө" дегем.
- Буга чейин саясатка аралашып жүрчү белеңиз?
- Бир да партияда катталган эмесмин. Бирок жан-дүйнөмдө кандайдыр бир элим үчүн болгон тынчсыздануу, санааркоо пайда болуп, ички туюмум чара колдонуш керек деп жатты.
- Өз каражатыңызга даярдык көрүптүрсүз. Кантип даярдандыңыз?
- Биринчи мен мугалимим Каныбек Иманалиев жана агайым Арслан Койчуев менен кеңештим. Жакын досторумду үндөп чакыра баштадым. Алардын ар биринин үй-бүлөсү, жеке ишканалары бар. Мен үчүн баардык нерселеринен айрылышын каалаган жокмун. Акырында алар өз эрки менен кошулушту. Марттын аягында сөздөн ишке өтүп конкреттүү даярдыктарды көрө баштадык. Афганистандан иш сапарым менен келгенден кийин эле 7-апрелге даярданып, 6- апрелде спецназдар менен жолуктум. Менин аларга "Кандай кырдаал болбосун элге ок атпагыла" деген бир эле суранычым бар болчу.
- "Спецназдар менен жоолуктум" дегениңиз кандай?
- Ал жакта менин өз адамдарым бар эле. Бир жолу мен бир адамга керегим тийген эле, ошол адам спецназдар менен жолукканга жардам берген. Жолугушуу учурунда аларга алдыда боло турган иштин чоо-жайын айтып түшүндүрүп, "элге карай ок атпагыла" деп суранып, ыйлаганга чейин бардым. Жарымысы мени колдоп, жарымысы үн каткан жок. Кетип бара жатканда мени узатып чыккан таанышым: "Байке, этият болуңуз. Эртең баары бир ок атышат. Биз атпасак да башкалар атышат. Максим чет жактан снайперлерди жалдап келиптир" деди.
- Ок атышаарын билсеңиз деле бардыңызбы?
- Ооба, билдим да бардым. 7-апрелде түнкү саат 2.30 оппозициянын лидерлерин камакка алышаары менен мага органдагы өз адамдарым телефон чалып: биринчи Болот Шерниязовго ийне сайып өлтүргөнү жатканын билдирди. Анын сөөгүн башка оппозиция лидерлерине көрсөтүп, эгер алар эстерине келип, иш-аракеттерин токтотушпаса аларды да өлтүрүшмөк экен.
Эртең менен туруп үй-бүлөм менен коштоштум. Атамдын колунан өөп: "Ата, мен сизге ыраазымын. Эгер менден кемчилдик кетсе кечирип коюңуз, мен сизди жакшы көрүп сиз менен сыймыктанам" десем бир нерсе сезгендей: "Эмне болду уулум?" дейт, "Ата, баары жакшы мен сизди жакшы көрөм" деп коштошуп чыгып кеттим. Жумушка барып башкы эсепчиме болгон жумушту өткөрүп берип, мурас кат жаздым. Үйдө болгон акчаны алып чыккам, анткени майга, элдерди алып келгенге автобустарга каражат абдан керек болчу. Дагы жеке ишкерлер көп жардам берди.
- Элдерди кайсы тараптан алып келдиңиздер?
- Бишкектен, ар кайсы райондордон. Менин артыман УКМКнын кызматкерлери аңдыгандыктан өзүмдүн эл топтогонго мүмкүнчүлүгүм болгон жок. Бирок ишенимдүү адамдар так иштеп жатышты.
- Кандайча сиз лидер болуп калдыңыз?
- Мен лидер деле болгум келген эмес. Ошол учурдагы жагдайга жараша болуп калды. Талап-тоноого жол бербеш керек эле. Мисалы, "Мадинага" кол салышаарда элди токтотуп "булар да силерге окшогон карапайым элдин оокаты тийбегиле" деп токтотуп калдык. Элдин саны уламдан-улам көбөйүп жатты. Башында 10 миң, 15 миң, 20 миң болуп…
- Алар кайдан көбөйдү?
- Чынын айтсам билбейм, 7-апрелге даярдангандар көп экен. Андан тышкары жөн эле автобустардан, маршруткалардан түшүп келип калың элге кошулгандар көп болду. Чүй проспектисине чыгып ЦУМга бет алганыбызда 30 миңге жакын адам чогулганбыз. Элдин жарымы Ала-Тоого, жарымы УКМКга бармак болгондо мен: "Жүргүлө Акүйгө, биринчи ажыдаардын башын кыйсак, куйругу өзү эле келет" дедим. Болбой эле 3 миңдей адам УКМКны көздөй бет алып, калганыбыз Акүйдү көздөй жөнөдүк.
Биз Акүйдү курчап алган кезде бизге миңден ашык спецназдар кол салды. Митингге чыккан элди экиге бөлүшүп, биз тараптагылар кача баштады. Мен кыйкырып аларга жалынып "качпагыла" дедим. Эгерде ошол учурда бир аз эле артка чегинсек эртеси өлүп же өмүр бою абакта камалмакпыз. Элдер токтоп калышканда алдыга чыгып башчысы ким экенин сурадым. Алдыма эки полковник чыкты. "Агайлар, эмне кылып жатасыңар? Биз бир бүтүн элбиз. Кыргыз кыргызга кол көтөрүп, өлтүргөн заманга жетип калдыкпы" десем "биз буйрукту гана аткарып жатабыз" дейт. "Эгерде ажону эл тандаса, ал ажо элди атканга буйрук берип жатса - бул кылмыш десем ойлонуп калышты. Ошол учурда мага бирөө бычак шилтемек болгондо сакчыларым сактап калышты, экинчисинде дагы бирөөлөр арматура менен келе жатканда дагы сакчыларым өз ишин мыкты аткарышты. Жаныма алты аксакал келип "Бакиевге кирип өз эрки менен бийликти өткөрүп берүүсүн айт" деп суранышты. Колума ак желек бергиле дегиче болбой эле артымдан "Мобу лидерди аткыла, ушунуку өттү" деген үн чыкты. Дароо желкеме ок атылып колумду тешип чыкты, колум ысып, капталга бурулганда экинчи ок мурдума тийип мойнумду тешип чыкты. Эсимди жоготуп баратып колумду көтөрүп элдерди "качпагыла" деп сураныптырмын. Бейтапканага алып барышканда эс-учумду билбей доктурларга "мени сактап калгыла, үч балам, картаң атам бар" дей бериптирмин. Менден тынымсыз кан кыркырап чыккандыктан доктурлар операция жасоодон баш тартып, үмүтүн үзүп коюшуптур. Мени бейтапканага алып келген балдар "операция жасабасаңар бейтапкананы өрттөп жиберебиз" деп коркутушканынан улам макул болушуптур. Операция төрт саатка созулуп, үч күн комада жаттым. Экинчи жолу операция жасашты. Тиги дүйнөнү көрүп келдим, бирок көргөнүмдү айтпай эле коёюн, коркунучтуу экен.
- Тескерисинче ал жак жарык дешет го?
- Мен бейишке жеткен жокмун. Молдо "Ошо жетпегениң жакшы, болбосо ошол жакта калып калмаксың" деди. Кудайдын буйругу менен аман калдым. Ал жакка көр оокатты алып кете албайсың. Баары калат. Тиги дүйнөдөн мага ушундай оор суроолорду беришти жооп табыш чынында кыйын. "Өлөөр алдында дуба кылганга тилимди калтыргыла" деп бир гана ошону сурандым. Ошол учурда мени менен үч керемет болду. Комада жатсам да эсиме келгенде намаз окуп, теспе тартып жатам. Жанымда дайыма апамдын "баламдын жанын сакта" деп ыйлап жатканын сезсем да өзүн көрө албай койдум.
Бир күнү муфтий Абдышүкүр келиптир. Анда да эсиме келе албай жаткам. Ал мага дуба окуганда денемди бир башкача жылуулук аралады. Ошондо жашоого үмүтүм жанды. Жездем доктур болуп иштейт, сүйлөгөнгө жарап калганда аны чакыртып, "Жашоого мүмкүнчүлүгүм барбы же жокпу?" деп чынын айтуусун сурандым. "Болбосо акыл-эсим жайында болуп турганда атам менен келинчегимди чакыргыла, акыркы сөзүмдү айтайын" десем жездем ишеничтүү "Коркпо, жашайсың" деди.
- Үй-бүлөңүз азыр кайда?
- Кичинекей балдарым, атам, жубайым бул жакта. Улуу кызым 16-жашта, азыр каякта экенин айтпай эле коёюн. Акыркы күндөрү үй-бүлөм үчүн кооптонуп да калдым.
- Эмнеге?
- Революцияны биз кылгандай болуп калдык да…
- Жеке ишканаңыз эмне болду?
- Башкы эсепчи ордумда иштеп жатат. Өзбекстан, Тажикстан менен түзгөн келишим турат. Үй-бүлөлүк бюджете акчам жок калган, баарын ошол күнү таратып бердим. Тирүү калганыма сүйүнүп отурам, башканын баарын тапса болот.
- Алдыдагы пландарыңыз кандай? Саясатка барасызбы?
- Ооба, барам. Ден-соолугум калыбына келсин . Доктурлардын айтымында жарым жылга чейин ден-соолугумда жаман жакка өзгөрүү болбосо анда мен ооруну жеңдим десем болот. Азырынча эч бир партияга барбайм. Үй-бүлөм менен болуп, ден-соолугумду жакшыртам. Учурда оң көзүм көрбөй, оң кулагым укпай жатат. Орой сөз менен айтканда, мен майыпмын.
P.S. Маек akipress.kg сайтынан которулуп берилди.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмаз Атамбаевдин башына канча акча "сайылган"?..
2-бет
Эрмек Нурбаев:
"Максатым "Супер күйөө бала" болуу эмес..."

3-бет
Сайттагы "саясат"
4-бет
Шайыр Касымалиева, актриса:
"Акча үчүн көз каранды болгум келбейт"

5-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
6-бет
Кара алтынды калктын эмес кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Фарида Карбосова жеке концертине даярданууда
9-бет
Кайдасың классташ, парталашым?
10-бет
Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт
11-бет
Киностан
12-бет
Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Өкүттө калгым келбейт…

13-бет
Алиясбек Алымкулов:
"Болот Шерниязовго ийне сайып өлтүрүшмөк экен"

15-бет
Обон почта










??.??