п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

Урматтуу окурман, эч тартынбай жүрөгүңүздөн сызылып чыккан сагыныч саламбы, көкөй кескен көкүрөктөгү ойбу, боорду эзген күлкүбү, мүмкүн анекдотпу, казан какшыткан какшыкпы, арналган арзуу сүйүүбү, уюган нарктуу сөзбү, кумирге болгон каалообу, жолугушуубу, таанышуубу, алдануубу, бекем ишенүүбү же саргартып санаага батырган издөөбү, айтор, жашообуздун бүткүл кыймылын камтыган ойлоруңуздар болсо бизге SMS жөнөтүңүздөр!..


ОП-118-01. Ак-Талаа районунун Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарына салам. 85-жылкылар чалгыла, классташыңар Ынтымак. 0555092928.
ОП-118-02. ОП-117-103 абоненти, менин жазган смсимдин сага эч кандай кажети жок. Менин смстеримди түшүнгөнүң, түшүнбөгөнүң мени эч кандай кызыктырбайт. Султандан башка жигиттерди тандаймбы, тандабаймбы ал менин өз эрким. Жүрөгүмдө жалгыз гана Султан жашаган үчүн, албетте көзүмө башка эч ким көрүнбөйт. Кейибей эле кой сен, ал мени карайбы, карабайбы бул менин ишим. Гүлкайыр.
ОП-118-03. Ай жарык деп таш булактан суу алба,/ Сүйгөн жаным алыста деп башка жанга көз салба./ Арнасаң жүрөгүңдү бир жанга арна./ Алаңдап ар бир жанга кол салба./ Намысыңды кайсы жакта жүрсөң да таза сакта,/ Адал бол ар качан сүйгөн жанга./ 07738039хх.
ОП-118-04. Студент кызга ашыккан,/ Карындаш деп шашылган./ Жалбарат го жаным деп,/ Айдай сулуу барбы деп./ 07738878хх.
ОП-118-05. Жерибизге, элибизге тынчтык, бейпилдик, ынтымак каалайм. Аман болчу кыргыз элим! Ханбийке.
ОП-118-06. Ак-Суу районуна караштуу Ичке-Жергез айылынын А. Истамбеков орто мектебинин бүтүрүүчүсү Төрөгелди уулу Жолдошбекке ак жол каалайм. Келечегиң кең болсун! Алмагүль.
ОП-118-07. Кыргызымдын сулуу кыздары менен таанышам. Атым Аку, 1989-жылкымын, кереметтүү Ысык-Көлдө төрөлгөм. Кыздар сиздерди күтөм. 0773743389
ОП-118-08. И. Абдыразаков, сага чыгармачылык ийгилик каалайм, бар бол! Алтышка.
ОП-118-09. Салам "Обон" жана окурмандар! 07701598хх.
ОП-118-10. Токмоктогу Исабековдордун үй-бүлөсүнө чоң салам! Айзада.
ОП-118-11. Ыймандуу, намаз окуганга ниети бар кыз-келиндер менен таанышам. 0777006796.
ОП-118-12. Ишенбедим махабаттын барына,/ Жетпедим го назик гүлдүн жытына./ Сезимим жалгызсырап ыйлап келет,/ Кантейин күнөө жалган махабатта./ 07737185хх.
ОП-118-13. Алтынбек Борошев байке, мен сизди күтөм. Ала-Букадан Тах-а.
ОП-118-14 . Мирбек Иманбеков алга! Каалооңузга жетишиңизге тилектешмин. Суусамырдан Айжамал.
ОП-118-15. ОП-117-130 абоненти, сен да Бакиевдин тууганы окшойсуң ээ, же сага да 500 сом карматып коюшту беле?Бакиевди колдогон сен итсиң! Убактылуу өкмөткө сен тийишпе! Гүлназ.
ОП-118-16. Малика, мен сени менен дос болгум келет. Жашым 16да. Сага чоң-чоң ийгилик, сүйүү каалайм. Ар дайым ушул калыбыңдан жазбай жүрө бер. Алина.
ОП-118-17. Аксы районунун Жергетал айылынын 89-жылкы балдар-кыздары менен таанышам. 0559018011.
ОП-118-18. Султан Садыралиевге: Дайым сен деп согот жүрөгүм,/ Дайым сен деп абдан жүдөдүм./Сезбей менин дартымды./ Кай жерде сен жүрөсүң?/ Гүлкайыр.
ОП-118-19. Билем сен сулуусуң,/ Тең келе албайм мен сага./ Жолукса экен деймин,/Менден да жакшы бала./ Бактылуу болушуңду чын жүрөктөн мен каалаймын! Назар.
ОП-118-20. Шумкар учат Ала-Тоону этектеп,/ Сени сүйдүм кадырыма жетет деп./ Эч ойлобо башка менен кетет деп./ Мирлан.
ОП-118-21. Малика таланттуу инсандардын кызысың. Ар дайым ийгилик, жакшылык коштоп жүрсүн. Элибиздин сүйүктүү ырчысы болушуңа тилектешмин. Нурзат.
ОП-118-22. Кандай Малика? 07726985хх.
ОП-118-23. Жашым 18де, атым Жылдыз, балдар менен таанышам. 0771429472.
ОП-118-24. Аграрныйда окугандарга чоң салам. Экзамендериңерди "5" деген баага тапшыргыла. БЖД 1-09. Рома.
ОП-118-25. Салам "Обонтай", эмне үчүн силер жалаң ырчыларды чакыра бересиңер? Андан көрө Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн спортчуларды чакырсаңыздар жакшы болмок. Биринчи Кумар Жалиевди чакырыңыздарчы? Аська.
ОП-118-26. Ильяздын сүйгөн кызынын аты Айнура эмес, Айзада. 07775036хх.
ОП-118-27. Мен күткөм жүрөгүмдү колго алып,/ Мен сүйгөм сезимимди ичке катып./ А бирок алыстамын асылкечим,/ Кайрадан көңүлүм кайгыга батып./ Эрназаров Урмат Рыскелдиевич, мен сизди дагы эле сүйөм. Дагы эле күтөм. Көңүлүмдү кирдетпечи, мен кыйналып кеттим. Ханбийкеңиз.
ОП-118-28. Мына 25-Май! Бүтүрүүчүмүн, бирок 18 жашым кайгыда, туңгуюкта. Ата-энем жок жалгыз өксүп жатам. Маанай жок эч нерсеге. Ханбийке.
ОП-118-29. Жигит сүйсө чын сүйсө,/ Жүрөгүндө от күйсө./ Жигит эгер сүйбөсө,/ Тамаша кылбай жөн жүрсө./0778616хх.
ОП-118-30. 20-22 жаштагы кыздар менен таанышам. Атым Айбек. 0777700296.
ОП-118-31. "Обондун" акылман жароокерлери, мага жардам бергилечи? Мен азаптамын, андан кантип кутулам? 07734551хх.
ОП-118-32. Салам супер смсчилер. Сүйүү деген эмне? 07789078хх.
ОП-118-33. Балким, сен меникисиң! 07705600хх.
ОП-118-34. Базар-Коргон районунун Бешикжон айылына караштуу №7 мектепте окуп жаткан классташтарым Динара, Зуля, Гүлнура, Акжурат, Самара, Зулу, Зирегүл, Зиреш, Чолпонбай, Гүлайым, Ырысгүлгө жана жалпы эле 93төргө чоң салам. Окууңарга ийгилик. Экзамендериңерди жакшы тапшырып алгыла. Жазгүл.
ОП-118-35. Сен жигиттин пирисиң,/ Аска-зоодой бийиксиң./ Мен гүл анда жайнаган,/ Тоо этектеп бараткан./ Сен булаксың шар аккан,/ Мен гүлмүн жыттап канбаган./ 07706283хх.
ОП-118-36. Ала-Букага салам. Элмурат.
ОП-118-37. Неге билбейм көзүм издейт сени гана,/ Бир көрсөм дейт элесиңди кайра-кайра./ Жан дүйнөм тойбогонсуйт не кылайын,/ Жаш жүрөгүм сен деп гана согот кайра-кайра./ 07706283
ОП-118-38. Бибигүл мен сени сүйөм. Эму.
ОП-118-39. Эрмек Нурбаев ишиңизге ийгилик каалайм. Кыргыздын патриот жигити болуңуз. Рамук93.
ОП-118-40. Кыргыз элине мыкты президент болуп, тил маселесин кылдаттык менен карабаса, жакында жаштар тил жөнүндө маселе көтөрөт го дейм. Билал козу.
ОП-118-41. Смс жазуучулар жана жазбоочулар ишиңер "дүңкпү"! Сания.
ОП-118-42. Өзгөн районуна караштуу Ничкесай айылындагы алтындай апам Сапаргүлгө салам жолдойм. 07706905хх.
ОП-118-43. Бүгүн дагы күттүм сизди, күттүм бирок үмүтсүз,/ Кандай таш боор айта алмак, келбейт эми үмүт үз./ Түн бир оокум тереземден али жарык өчкөн жок,/ Ырлар жаздым сен жөнүндө, түнүм бекер өткөн жок./ Коркутуулар таркап кетти, кетти таркап кайдадыр, /Балким өжөр бул күтүүгө теңеле албай калгандыр./ Аси.
ОП-118-44. Ар бир адам сүйөт экен,/ Сүйүү отуна күйөт экен./ Сүйүп жүрүп сүйгөнүмдөн айрылдым,/ Жүрөгүмдү жараладың ардагым. 07736333хх.
ОП-118-45. "Обондун" смсчилерине чоң салам. Гүлнара93.
ОП-118-46. Маликанын номерин билгендер болсо бергилечи? 07783981хх.
ОП-118-47. Дүйнөдө Ай да сулуу, Күн да сулуу,/ Карасаң кыргызымдын кыздары андан сулуу./ Барби.
ОП-118-48. 25-Май туулган күнүм. Өзүмө бардык жакшы нерселерди каалайм! Залкар .
ОП-118-49. Малика, 15 жашка чыгып, 30 жаштагы аялдардай боеносуң да. Өзүң эле сулуусуң! 07782084хх.
ОП-118-50 . Кыздар менен таанышабыз. Маяк берсеңер смс жазабыз. 0772759818; 0770510481.
ОП-118-51. Малика, сен суперсиң! 07782084хх.
ОП-118-52 . Өзбек кыздар менен таанышам. 0770423935
ОП-118-53. Ильяз Абдыразаков эң мыкты ырчы. 07786239хх.
ОП-118-54. Сулуу кыздар достошобуз. Атым Аваз. 0770423935
ОП-118-55. Оо, кыргызым! Бул эмне деген жакшылык? Азыркы өлкөдө болуп жаткан кырдаал адамдарга эмес, жаратылышка да жакпай жатат. Оо, кыргыз биртуугандарым, ойлонолу эртерээк. Акдана.
ОП-118-56. Спортту сүйгөн, музыканы жакшы көргөн, тамашакөй кыздар менен таанышам. Атым Султан. 0770764532
ОП-118-57. Сүйөмүн сени, сүйгүнүң мени. 07718993хх.
ОП-118-58. Тилек Савидович, мен сени чын дилимден сүйөм. Ким менен болсоң да бактылуу бол! Эч кайгырба! 07788717хх.
ОП-118-59. Кыздар менен таанышам. Ула. 0770298325.
ОП-118-60. Ысык-Көлдү Алыкул гана чын сүйгөн. Саясатчы.
ОП-118-61 . Чечилбей арман кыйнап жүрөктү, себепсиз азап тарттым мен. Назар.
ОП-118-62. Ноокат районунун Арбын айылынын 1985-жылкыларына чоң салам. Ар дайым бар болгула! Айгерим.
ОП-118-63. Биймырза айылындагы 2004-жылы бүткөн Тынчтыкка сагынычтуу салам. А.Осмонов мектебинен М…
ОП-118-64. Жандай көргөн жакын досторума, ошондой эле бардык смсчилерге салам жолдойм. Жанусь Роза.
ОП-118-65. Ноокат районунун Жаңы-Базар айылындагы ата-энеме, биртуугандарыма, кошуналарыма, досторум Катя жана Буажарга сагынычтуу салам жолдойм. Аларга ден-соолук, узун өмүр каалайм! Айжамал92.
ОП-118-66. Камчы Сарыбаев менен Чыңгыз Мырзаев колдорунан түшүрбөгөн тамактар лаза жана кофе. 07783820хх.
ОП-118-67. Ким смс окуп отурса ошого салам! Кыргыз патриоттору амансыңарбы? Жаратканым күч-кубат берсин, силер сүйгөн, силерди сүйгөн адам менен түбөлүккө бирге өмүр сүргүлө. Ар дайым жүрөгүңөр Кыргыз деп согуп турсун! Жанусь Роза.
ОП-118-68. Мен Айтматова Назира досум Шамбеталиева Нурияны издейм. Жолдошунун аты Аскат. Окусаң чал, мен сени күтөм. 87051739706.
ОП-118-69. Жандай көргөн жакын курбум Гуля88ге жүрөктөн чыккан жалындаган салам. Алтышка, ар дайым жүзүңдөн жылмаюу кетпесин. Жанусь Роза.
ОП-118-70. Акбар Сүйүнбаев алга! 07736945хх.
ОП-118-71. ОГПИнин бардык эжей-агайларына, студенттерине жана жатаканадагыларына ысык салам. Окууларына ийгилик каалайм! Айжамал92.
ОП-118-72. Сүйүү күчтүү дейт, күчү барбы?/ Сүйүүнү даамдуу дейт, даамы барбы?/ Сүйүүдөн жараланса ага даба болчу дары барбы? Азуми.
ОП-118-73. Сүйүктүү ырчыларым Ильяз, Урмат, Неляга чоң салам. Силерге көз тийбесин, Кудай колдосун! Айка.
ОП-118-74. Жаңы-Базар айылындагы М.В.Ломоносов орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө ысык салам. Классташтар бирге бололу, бири-бирибизди эч унутпай жолугушуп туралы. Силер баарыңар суперсиңер! Айжамал.
ОП-118-75. Таланттуу, тунук үндүү ырчы Омарга салам. 07775275хх.
ОП-118-76. Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы ата-энеме жана биртуугандарыма салам жолдойм. Ар дайым ден-соолукта болгула! 07738936хх.
ОП-118-77. Омар жөнүндө кененирээк жазыңыздарчы, сиздерден сураныч. 07775275хх.
ОП-118-78. Тилек качан келесиң? Мен сенден эч качан үмүтүмдү үзбөйм. Нурай.
ОП-118-79. Бийликке билегин түрүп келгендер, колуңар эл үчүн май болсун! Саясатчы.
ОП-118-80. Ак-Суу районуна караштуу Ичке-Жергез айылындагы А. Истамбеков орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө ак жол каалайм! 07722989хх.
ОП-118-81. Ашыктык алоосуна күйдүм неге,/ Бир жанды көрүп эле сүйдүм неге./ Тушалып махабаттын торлоруна,/ Туткундан бошоно албай жүрдүм неге./ Сагынычтан жүрөк эзилип,/ Санаа тартып жалгыз күтөт сени неге./ Урмат, сени сагындым. Салта.
ОП-118-82. Смсчилер, сен сүйгөн адам сени сүйбөсө эмне кыласыңар? Ай.
ОП-118-83. Сүйүүнү таттуу дешет балы барбы?/ Сүйүүнү күчтүү дешет алы барбы?/ Сүйүүгө жараланган жүрөктөрдүн,/ Эх, чиркин айыктыруучу дарысы барбы?/ Жообун күтөм. 07780215хх.
ОП-118-84. Ар ойлордун курчоосуна баттым неге,/ Уйку жок санааларда жаттым неге?/ Жолукса да жолумдан нечен жигит,/ Бир сени арасынан таптым неге?/ Алоолоп жүрөгүмдү бердим неге,/ Карааныңа кагылып келдим неге?/ Бүт жан дүйнөм өзүңө тартылат го,/ Билбейм сени ушунча сүйдүм неге?! Мен сени эч качан унутпайм. Салта.
ОП-118-85. Казармандык 2434 номерлүү аудинин айдоочусу Нурмат, мен сени чексиз жакшы көрөм. Сага ар дайым чын дилимден ишенем. Сени сагындым жаным. 07705910хх.
ОП-118-86. Урмат менен Неляны өкүл атам, өкүл апам болсо деп кыялданам. Айка.
ОП-118-87. Воронцовкада жашаган Рита туулган күнүң менен! Рахат, Нургүл, Ырыс.
ОП-118-88. ОП-113-85деги Жээнбек, ойлонуп сүйлө. Таластыктар мактанабы жокпу ал өздөрүнүн иши. Биринчи таластыктарга жетип алгылачы, биз эч качан чөкпөйбүз! 07788423хх.
ОП-118-89. Бакай-Ата районунун Калинин айылында жашап жаткан Субанкуловдордун үй-бүлөлөрүнө, жалпы эле таластыктарга чоң салам. Асел, Гүлүмкан.
ОП-118-90. Борби, кел таанышалы. 0771405106.
ОП-118-91. Омар, сени ийгилик коштоп жүрсүн. Жарык дүйнөгө алып келген ата-энеңе ыраазычылык билдирем. Америкадан эртерээк келчи, сени сагындык. Чыныгы күйөрманың Жанусь Роза.
ОП-118-92. Таарынткам, эми кайра кечир, баарын кечиргин кемчиликти. 07703545хх.
ОП-118-93. Жүрөккө батпай ташыган,/ Сүйүүмдү кантип жашырам./ Толкундап согот жүрөгүм,/ Көрүүгө сени ашыгам./ Сени унута албадым. Мадияр.
ОП-118-94. Жаным, кел ааламды бөлүшөбүз: Күн сеники, нуру меники, Асман сеники, жылдызы меники, Дарыя сеники, толкундары меники. Токточу, андан көрө мындай кылалы, баары сеники, а сен меники бол. Автору сеники, обону меники. Эрмек+Гүлжамал. Майлы-Суу.
ОП-118-95. Ильяз Абдыразаков, биз сизди сүйөбүз. Айдай.
ОП-118-96. 83-жылкы классташтарымды 10 жылдык майрамы менен куттуктайм! Асел.
ОП-118-97. Султан Садыралиевге смс жазган Гүлкайыр, кайсы бир гезитке Бактыгүлдүн, сенин сүрөтүңөр чыкты эле го, ошол сүрөтүңдү Бактыгүлгө салыштырсам, сен да ал кыздан кем эмес экенсиң, окшош да экенсиңер, тобоо! Балким, Султан эми сени тандап калабы деп турам. 07787071хх.
ОП-118-98. 1990-жылы туулган кыргыздын мырзаларына, байчечекейдей жайнаган кыздарына ысык салам. 07739165хх.
ОП-118-99. Гүлкайыр, билишимче Султанды аябай сүйөт окшойсуң ээ? Кандай болсо да жетип, бактылуу бол! Нагима.
ОП-118-100. Мирбек Иманбековго чоң салам! Гулиза.
ОП-118-101. Атам Руслан, апам Рахат, эжем Женя, инилерим Дастан, Аслан менин бактыма бар болгула! Баарыңарга ден-соолук каалайм. 07703549хх.
ОП-118-102. Менин кичинекей Рамис деген иним Ильяз Абдыразаковду менин жездем дей берет. Телевизордон көрүп калса ойноп жүргөн жеринен Ильяз жездем ырдап жатат деп чуркап келет. Досторун да ээрчитип алат. Жашы беште. Ильяздын ырларын жаттап алган. Кыйкырып ырдай берет. Айка.
ОП-118-103. Касымалиева Айгүл Сүйүндүковнаны быйылкы 10 жылдыгы менен куттуктайбыз! Айгүл эже ар дайым жүзүңүздөн жылмаюу кетпей, жездем менен бактылуу өмүр сүрүңүз! Биртуугандарыңыз.
ОП-118-104. Бөжөн сарайында жашап жаткан атабыз Сүйүндүктү жана апабыз Керезди май майрамдары менен куттуктайбыз. Ата-апа дайыма маңдайыбызда аман болуп, сыйыбызды көрүп жүрө бериңиздер! Балдарыңыздар.
ОП-118-105. Анипа чоң энебизге, Айтбек байкебизге, Кундуз жеңебизге жана балдарына салам жолдойбуз! Алыста болсоңор да аман болгула! Неберелериңиз.
ОП-118-106. Бекболот чоң атабызды, Ажар апабызды, Улан, Руслан байкебизди, Роза, Гүлзар эжебизди жана Тилек жеңебизди май майрамдары менен куттуктайбыз! Сүйүндүк иниңиздин үй-бүлөсү.
ОП-118-107. Миң-Булак айылынын тургундары сиңдибиз Айнураны, күйөө балабыз Өмүрбекти, кудагыйыбызды май майрамдары менен куттуктайбыз! Кудаңыз.
ОП-118-108. Таенебиз Сыяшка, таякебиз Эркинбекке, таажеңебиз Кайырга, кыздары Гүлнура, Гүлина, Бурулсун, Айпериге ысык салам жолдойбуз! Дайыма жүзүңүздөрдөн күлкү, капчыгыңыздардан акча кетпесин! Жээниңер.
ОП-118-109. Курбуларым Мека, Эляны быйылкы 5 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм! Жашоодо өз ордуңарды таап, бактылуу өмүр сүргүлө! 0777367ххх.
ОП-118-110. Мен №79орто мектебинин окуучусу кайним Бекназарды мектепти ийгиликтүү аяктап жатышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ойлогон ой максаттарына жетишине тилектешпиз деп жеңең Мухаббат, Бектур, Расул.
ОП-118-111. Салам Малика. 07791319хх.
ОП-118-112. Бакыт эмне? Келип кетүүчү бир нерсе. Өмүр эмне? Кайра келбес бир кетсе. 07786764хх.
ОП-118-113. Эмнегедир акылдан азып күнүгө,/ Мен барамын жеңилгенсип сүйүүгө./ Мээримиңе зар болуп жашап калдым,/ Шерик болчу түбөлүк жүрөгүмө./ Аси.
ОП-118-114. Саламым "Обон" гезитинин жалпы жамаатына жолдонот. "Обончулар" сиздер азаматсыздар! Кыргыз Шоу-бизнесин эң мыкты чагылдырып, окурмандарга "Жакшылыктын жарчысы!" экениңерди далилдейсиздер. Акыркы убакта башка гезиттерден озуп, мыкты идеалар менен чыгып жатканыңыздар окурмандарды сүйүнтүүдө. Сиздерге чыгармачылык ийгилик! Бар болгула, бай болгула. Нускаңар миллионго жетсин! Туруктуу окурманыңыздар Айзирек.
ОП-118-115. Мен чындап сүйүүгө кабылдым. Сүйүү бул жашоонун маңызы экенин эми түшүндүм. Жүрөгүмдүн ээси болгон Айымга жетүү менин аруу тилегим эле. Кудай буюруп экөөбүз жакшы тил табыштык. Гезит аркылуу сага болгон сүйүүмдү билдиргим келди. Адилет Койчуманов.
ОП-118-116. Менин саламым Нарын шаарындагы НОМЛИтын бүтүргөн жалпы бүтүрүүчүлөрүнө жолдонот. Силерге ийгилик, ден-соолук каалайм. Келечегиңер ачык болсун. Кесибиңерди туура тандап, мыкты адис болгула! Анткени, кийин өзүңөр кыйналып калышыңар мүмкүн. Эң негизгиси эмгегиңер бааланган кесип ээлери болгула.
ОП-118-117. Обондун жалпы жамаатына чоң салам! Ишинер ийгиликтүү болуп, калемиңер курчуй берсин! 0777354ххх.
ОП-118-118. Нарын шаарынын тургуну Нурлан байкемди, Зинат жеңемди май майрамдары менен куттуктайм! Ишиңер илгерилей берсин! Карындашыңыз.
Оп-118-119. Нарын шаардык Асан Үсөнов атындагы мектеп лицей-интернатын бүтүрүп жаткан иним Нурсултанга салам! Нурсултан алдыдагы мамлекеттик экзамендериңди ийгиликтүү тапшырып, өзүң көксөп жүргөн университетке тапшырып, мыкты кесиптин ээси болушуңа чын жүрөктөн тилектешмин. Эжең.
ОП-118-120. Кыргызстандагы кырдаал тезирээк тынчыса болот эле, мекенибиздеги оор акыбал чет жакта иштеп жүргөн кыргыз жарандарына да чоң залакасын тийгизип жатат. Азыр биз башка өлкөдө жашап жаткандыктан, бизди көбү киши катарына кошпой жаман мамиле жасашууда. Атка минээрлер акча талашпай элдин камын ойлосоңор боло. Патриот
ОП-118-121. Нарын облусунун Кочкор районунун бүтүрүүчүлөрүнө салам жолдойм. Окууңарды ийгиликтүү аяктап, көңүлүңөр каалаган ЖОЖго тапшырышыңарга тилектешмин. Эч убакта эжей-агайларыңардын эмгегин унутпагыла. Алардын силерге кошкон салымы зор. Максат
ОП-118-122. Ушу жетекчилерге такыр түшүнбөйм. Акырын бассаң аксак, катуу баскан каскак кылышат да кишини. Өздөрү деле бирөөнүн кол алдында иштеп жүрүп жетекчи болушкан да. Адамдын башына дөөлөт консо көргөн кыйынчылыктарын унутуп калгандарына таң калам. 0557 98 18 хх
ОП-118-123. Адамга сүйүү келсе жашоосу баш-оту менен өзгөрөт экен. Алда канча кызыктуу, көңүлдүү дегендей… Сүйүү деген оору болгону менен ал ооруну көтөрүү алда канча жагымдуу экенин азыр тушундум. Азеля
ОП-118-124. Ош облусунун Ноокат районунун тургундарына ысык салама жолдойм. Кичи мекенимди сагындым. Азыр башка өлкөдө окуп жаткандыктан киндик каным тамган жерге жетүүгө эки көзүм төрт болуп турган чагы. Буюрса жайында барам… Давран
ОП-118-120. Досторум Айчүрөк, Айдай, Айзада жана Аскат, Шагдарга чоң салам! Сессияңарды жакшы берип, бүтүрүп алгыла. Ийгилик каалайм. Силер ойлогон иштердин баардыгы орундалсын! Досуңар Наргиза.
ОП-118-121. Арина мен сени сагындым качан келесиң? Почтаңды ачып каттарды окуп койсоң боло! Апаңа жана Атаңа салам айт. Силер келгичекти август болуп калат, ошондуктан биротоло Ысык-Көлгө келип калгыла! Күтүп алам. 0555997ххх
ОП-118-122. Түп районунун Ж.Бахтияров атындагы мектептин 2006 жылкы бүтүрүүчүлөрүнө чоң салам. Кыздар Жазгүл, Наргиза, Салтанат, Бегимай, Нурида кайдасыңар? Жайында буюрса жолугабыз. Биз жакка келип кеткилечи? Сагындык силерди! Балдардын атынан З амирбек.
ОП-118-123 . Гуля эже кандайсыз? Таята жана таенеме чоң салам! Ден-соолугуңуз чың болуп дагы көп жашагыла! Биздикине келип кеткиле. Эмне кылып жатасыздар? Сагындык силерди. Тина.
ОП-118-124. Ассаламу алейкум Талант байке! Ден-соолук, иштериңиз жакшыбы? Эмне жаңылык? Рыся эмне кылып жатат? Арина чоңоюп жатабы? Тиши чыктыбы? Менден салам. Нургуль.
ОП-118-125. Салам Дастан. Кандайсың? Эмне кылып жүрөсүң? Эжеңе чоң рахмат, Сенин атыңан чоң белек камдап коюптур, Эжең айткандан кийин анан чалдың го. Эля эжеге рахмат. Нурай.
ОП-118-126. Рахат жана Асель силерди окууңарды аякташыңар менен куттуктайм. Дипломуңарды жакшы жактап, экзамендериңерди ийгиликтүү берип алгыла! Ак жол силерге! Келечегиңер кең болсун! Арина.
ОП-118-127. Шашылыш түрдө 3 бөлмөлүү 5,5 сотых үй сатылат. Дареги: Новопавловка айылы. Т: 0770508187
ОП-118-128. Талас районунун Көк-Кашат айылындагы Атай Огонбаев атындагы орто мектебинин 2000-жылкы бүтүрүүчүлөрүн 10 жылдык майрамы менен куттуктайм! Баарыңардын ишиңерге ийгилик, ден-соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Бар болгула айылыбыздын азаматтары! Жунусалиев Бакыт!
ОП-118-129. Кочкор районунун кочкор орто (Ш.Абдылдаев атындагы) мектебинин бүтүрүүчүлөрүн 10 жана 20 жылдык кечеси менен куттуктайм.!
Нуралан
ОП-118-130. Кожобеков Нурбект турмуш жолуна аттанганы жатасың кармашкан колунар ажырабай бактылуу болгула деп Урмат.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмаз Атамбаевдин башына канча акча "сайылган"?..
2-бет
Эрмек Нурбаев:
"Максатым "Супер күйөө бала" болуу эмес..."

3-бет
Сайттагы "саясат"
4-бет
Шайыр Касымалиева, актриса:
"Акча үчүн көз каранды болгум келбейт"

5-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
6-бет
Кара алтынды калктын эмес кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Фарида Карбосова жеке концертине даярданууда
9-бет
Кайдасың классташ, парталашым?
10-бет
Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт
11-бет
Киностан
12-бет
Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Өкүттө калгым келбейт…

13-бет
Алиясбек Алымкулов:
"Болот Шерниязовго ийне сайып өлтүрүшмөк экен"

15-бет
Обон почта










??.??