Кумир менен баарлашуу

Эрмек Нурбаев:
"Максатым "Супер күйөө бала" болуу эмес..."
"Кумир менен баарлашуу" рубрикасынын коногу "Тамашоу" лигасынын жетекчиси, телеалыпбаруучу Эрмек Нурбаев жана "Тамашоунун" ичиндеги командалардан атайын шайланып, Эрмек Таалайбеков, Самат Эркинбеков, Айбек Жолдошбек уулу, Нурсултан Майназаров, Урмат Нурбаев ошондой эле "Тамашоу" лигасынын башкы администратору Нурлан Жаныбековдор күйөрмандар менен жолугушту.


- Эрмек, "Кыргызстан Обондору" радиосунда да иштеп жатыпсыз?
- Аталган радио менен эки айга келишим түзгөм, ал келишим 21-майда бүттү. Мен жайкы эс алууга чыктым. Себеби, жайкы сезондо "Тамашоу" лигасынын эң мыкты командалары менен Россияга, Турцияга гастролго чыгабыз. Жайында колум бошобойт. Кудай буюрса, сентябрь айында кайрадан радио менен төрт айга келишим түзсөмбү деген оюм бар.
- Ди-джей болууга кызыгасызбы?
- Мен 60 жашка чыкканга чейин ди-джей болом деп айтпайм. Болгону, мен теледе иштеп жүргөндө радио тармагына да кызыгып, угармандар менен баарлашып, аларды тамашага салганга кызыкчумун. Азыр мен өзүмө отчёт катары радиодо иштей ала тургандыгымды далилдеп жатам.
- Теле менен радионун айырмасы байкалуудабы?
- (Күлүп) Айырмасы, теледе сүйлөп жатып бир нерсе жебейсиң, бири-бириңди чукулап сүйлөбөйсүң, түз отурасың, кийген кийимдериңе да көңүл бурулат. А радиодо болгону сүйлөө речиң мыкты болуш керек.
- Сиздин кашыңызды тунгуч президентибиз Аскар Акаевдин кашына окшоштурушат. Буга терикпейсизби?
- Жок терикпейм. Чындыгында көптөрү окшоштурушат. Өзүм дагы КВНде ойноп жүргөндө калпак кийип Акаевди көп туурачумун. Ал инсандын акылдуулугу мага жагат. Ошондуктан башынан эле "Менин кумирим Аскар Акаев" деп айтып келем. "Бравого" кастингге барганда дагы Ассоль Молдакматова мени көрүп "Сен Айдарга окшош экенсиң" деген. А негизинен менин кашым апамдыкына окшош.
- А мүнөзүңүзчү?
- Боорукерлигим, токтоолугум анан келбетим көбүрөөк апамдыкы окшойт. Апам абдан боорукер айым. Телевизордон индия кинолорун көрсө эле ыйлай берет. А тамашакөйлүгүм атамды тарткан. Атам юморго өтө жакын. Апамды болушунча тамашалайт, үй-бүлөбүз менен чогулганда боорубуз эзилгенче күлөбүз. Бир жолу Тилек байкем "Алматыдан келе жатам" деп апама телефон чалса, апам сүйүнгөнүнөн ыйлап жиберген. Атам болсо анда да жөн турбай "Ий, азыр Индия киносу башталат"деп тамашалап жатпайбы.
- Сиз базарга баргандан уялбайсызбы?
- Мурда Ош базар эмес, мал базарда деле жүрчүмүн. Беш жаштан баштап газета сатсам, алты жыл базарда дептер сатып иштегем. А азыр болсо базарга баруу мен үчүн кыйынчылык жаратат. Бул албетте, бой көтөргөндүк эмес. Кээде мен деле апам менен базарга барып азык-түлүк алгым келет. Бирок, элдердин бизге кылган мамилеси өзгөчө болуп жатпайбы...
- Акчага колуңуз ачыкпы же сараңсызбы?
- Акча мага кандай оңой келсе ошондой оңой кетет. Колум ачык эле, аны досторум жакшы билет. Эгер чоң буюм алыш керек болуп жатса, ошого чыдап акча чогултканга эрким жетет. Ал эми жолдо кетип баратып бир нерсе жегим келсе, тырышып акчамды чөнтөккө катпайм. Акча суу да, келет кетет. Байлык, акча бакыт эмес деп ойлойм.
- Кайсы тармактан бизнес ачкыңыз келет?
- (Күлүп) Гезит ачмакмын. Эй,.. тамаша. Өзүмдү кызыктырган бизнес ачмакмын.
- Сырыңызды кимге айтасыз?
- Менин терс сапатым сырымды эч качан ката албайм. Ичимде эмне болуп жатканын жанымда жүргөн жакындарымдын баары билет. Көбүнчө досторум менен жүргөндө кандай жетишкендиктер болуп жатканын төгүлүп айтып жатсам, кээ бирлери "Ичиңе бир нерсе катып койсоң боло, ийгиликтериңди айтпай тур да" деп кеңеш берип калышат. Ага деле болбойм. Ал эч нерсе эмес, кээде бир көргөн адамга деле сырымды айтып коюшум мүмкүн.
- Сизге өчөшкөн адамдар бар деп ойлойсузбу?
- Албетте, мага өчөшкөндөр бар. Кандайдыр бир ийгиликке жетишсең, ошого жараша күйөрмандар дагы, өчөшкөн адамдар дагы табылат. Аларга көңүл бурбайм. "Ит үрө берет, кербен жүрө берет" деген макал мага аябай жагат.
- Кыздар күзгүгө каранганда биринчи чачына көңүл бурушат, сизчи?
- Мен деле чачыма көңүл бурам го. (Күлүп) Сакалымды бир жумада бир алып турам да.
- Кийимдерден кайсы түскө басым жасайсыз?
- Ак, кызыл, кара түс жагат. Кийимдерди тандабайм деле, болгону өзүмө жарашпаган чаар кийимдерди кийбейм.
- Кайсы сөздү көп колдоносуз?
- Сахнада "саламатсызбы", телефон менен сүйлөшкөндө "алло", жашоодо "көбүнчө", "буйруса" деген сөздөрдү көп колдонот экенмин.
- Сизге кандай мүнөздөгү кыздар жагат?
- Ачык мүнөздүү жана адамгерчиликтүү. Себеби, мыкты оң сапаттын баары адамгерчиликтүүлүккө кирет деп ойлойм. Эң негизгиси түгөйүн алдабаган кыздар жагат.
- Болочокто кандай күйөө бала болгуңуз келет?
- Менин жашоомдун максаты "супер күйөө бала" болуу эмес, жакшы адам болуу. Ошондуктан, начар дагы эң мыкты дагы күйөө бала болом деп айтпайм. Ортодо болсом жетиштүү.


"Тамашоунун" тарыхынан тып-тып...
"Тамашоунун" логотибине орустун "колобогун" койгонубуздун себеби, КВН - орустун оюну. КВНди кыргызчалап алып чыгып жаткандыктан ага кыргыздын калпагын кийгизгенбиз.
"Тамашонун" эң негизги максаты кыргыз тилин көтөрүү, жаштардын талантын ачып, эл алдына чыгаруу. "Тамашоу" мындан бир жарым жыл мурда ачылып, алгач лигага 14 команда кирген болсо, учурда командалардын саны жүзгө жеткен. Албетте, кеп санында эмес, кеп катышуучулардын кыргыз тамашасына тартылып, сапаттуу тамашаларды көрсөтүшүндө.
"Тамашоучулар" сахнага койгон бир тамашасын кайталап кайра коюшпайт.
Бул жакта темирдей бекем тартипти сакташат. Бир жолу "Жогорку" лигада ойноп жүргөн команданын балдары эки күн даярдыкка келбей коюшкан. Биз аларды дароо "Пример" лигага түшүрүп койгонбуз. Мындай жазалоо эң жеңил жазалардын бири.
"Тамашоу"лигасы жаңы ачылгандан бери келаткан калыстар тобунун мүчөлөрүн өзгөртпөгөнгө аракет кылышат.
"Тамашоунун" заманбап макалдары:
Энесин көрүп кызын ала качып кет. Таш менен урганды сотко бер. Эси барга бир сөз, эси жокко бир удар.