Сырмаек

Шайыр Касымалиева, актриса:
"Акча үчүн көз каранды болгум келбейт"
Шайыр Касымалиева алгач Айтматовдун "Бетме-бет" чыгармасынын негизинде тартылган "Куш өмүр" тасмасы менен таанылган. Сеңселген селки кезинен тартып, бүгүнкү күнгө чейин популярдуулугун жоготпой келет. Анткени, анын жан дүйнөсүндө нуру бар. Ичи-тышы жаркын аялзатынын бири.


- Шайыр айым, жан дүйнөңүздөгү жаңылыктардан бөлүшпөйсүзбү?
- Жашка-жаш кошулуп, улгайган сайын көз караш өзгөрөт экен. Жокко кейип, барга марып кетпей бир калыпта жүргөнгө үйрөндүм. Акыркы жылдары жан дүйнөмдө жалаң жакшы өзгөрүүлөр болуп атканына кубанам.
- Кызыңыз чыгармачылык чырагыңызды улап, жандырып кетпей, турмушка чыгып алганына өкүнбөйсүзбү?
- Жок, тескерисинче, аялдык, энелик бакытты тандаганына сүйүнөм. Темирлан аттуу неберелүү кылды мени. Неберем эки жашка чыкты, кудай буюрса. Артисттик кесипке эл суктанганы менен азабы көп. Ошол азапты жон терим менен сезип, чыйырынан өттүм го.
- Өңдүү-түстүү, таланттуу аялдарга кездешкен оор тагдыр сизден да кыйгач өткөн жок деп ойлойм…
- Досума барып алып көз жашымды төгүп жеңилдеп, ал мага ыйлап келген күндөр болду. "Кантсе да менин ичимде пружинам бар. Ийилип-бүктөлүшү мүмкүн, бирок сынбайт" деп калам.
- Кыз бала ата-энесинен анча-мынчаны жашырат эмеспи. Сизди апаңыз менен рюмка кагыштырып койот деп укканым бар?
- Апамдын же менин көңүлүм чөгүп турганда, же майрамдарда кагыштырып койчубуз. Бул апам ичкиликти жакшы көрөт деген сөз эмес, мени түшүнгөнүн айткым келет. Анын үстүнө апам гримерчу, экөөбүз бир театрда иштейбиз. Ал менин жеке турмушумда гана эмес, чыгармачылыктагы да эң жакын, эң ишенимдүү кеңешчим. Туура, билбестиктен ичкен-чеккен жылдарым болгон. Тигил, бул кыздар деле ошентип жүрбөйбү деп ойлогом. Өзүм бойдок болсом жалгыз отурганча деп ресторан-кафелерге кетип калчумун. Ошо жолдон убагында кайтып кеткениме Кудайыма миң мертебе тобоо кылам.
- Чеккенди да таштадыңызбы?
- Азыр такыр чекпейм. Чылым "тиштеген" эки спектаклим бар эле. "Тамеки тарткан жерин алгыла, же башка актриса ойносун" деп айтайын деп атам.
- Бир учурда сизди өзүңүздөн жаш актер менен мамилеси бар деп жүрүштү эле?
- Ооба, болгон. Достуктан да өтүп кеткен терең сезим болчу. Балким арты жакшы болуп кетээр деп үмүт кылсам, келечеги бүдөмүк болуп туруп алды. Аны менен бактылуу болоорума ишенген жокмун, анан кол үзгөнгө туура келди.
- Азыр жолукканда кандай абалда болосуздар?
- Кесиптеш катары жакшынакай учурашабыз.
- Шерматовдон кийин турмушка чыккан деген сөздүн чындыгы барбы?
- Малик менен ажырашкандан кийин турмушка чыкканым чын. Өзүмдөн 11 жаш улуу мырза артыман чуркап жүрүп, анан баш кошконбуз. Бирок, мен аны сүйгөн эмесмин. Эки ай жашагандан кийин Алматага тасма сынакка бармай болуп калдым. Ал мени "барбайсың" деп чыкты. Алганга чейин "театрга иште, киного тартыла бер" деп, баарына макул болуп аткан. Тез эле өзгөрүп кетсе болобу. Мен көгөрүп Алматага кеттим. Келатканда тосуп алат го десем жок. Иним эле келиптир. Ал окуяга чейин кызыма жасаган мамилеси да көңүлүмдү оорутуп жүргөн. Кошул- ташыл болдубу, кийим-кечемди чогултуп чыгып кеттим. Ошо бойдон кайрылган жокмун.
- Андан кийин түбөлүктүү жарыңызды табууну каалаган жоксузбу?
- "Жалгызым бол" деп колумду сурагандарга сезимим ойгонбой койду. "Экинчи аялдыкка алам" дегендер да кезикти. Андайга дитим барган жок. Себеби, бирөөнүн көз жашынан бакыт тапкым келбейт. Бизди апам бала кезибизден "Бирөөгө жамандык кылып убалына калбагыла" деп тарбиялаган.
- Канткен менен мырзалар аялзатынын күчтүү тиреги эмеспи. Балким таалайыңыз жанмак?
- Жок. Ойлосом, эркектин сүйүүсүнөн, күчүнөн да улуу бирдемке жетпей атыптыр мага. Ошо кезде өлгүм эле келе берчү. Апам, иним, кызым карегим менен айланып, ардактап турса да өзүмдү бактысыз сезчүмүн. Ошондогу менин жашоом түссүз, бозомук түштөй эле. Ошондо деле атактуу элем. Телефон чалып, журналисттер интервью алып, сонун комплименттер анда деле айтылчу. Баары бир бактылуу болбодум… Бир күнү түш көрдүм. Уч-кыйырсыз жапжашыл талаада туруптурмун. Ошол чексиздикте бир каалга бар экен. Каалганын арты гана көрүнбөйт, башкасы алаканга салгандай. Көктөн: "Шайыр, тиги каалганын артын үч жылдан кийин көрөсүң" деген үн угулду. Мен: "Айланайын кудай, кызым жаш ошону чоңойтоюн" деп жалынам. Ошондо жанагы үн үч жолу кайталанды. Ойгонуп алып "эми чындап үч жылдан кийин өлөт турбайымбы" деп санаага баттым. Отузда элем да. 33 жаштан өткөндөн кийин жаңы, бактылуу жашоого башбактым.
- Жаңы жашоого жетишиңизге эмне себепчи болду?
- Мен кудайдын барына ишендим . Ошондон тарта чындыкты таптым. Азыр менин жүрөгүмдө тынчтык жашайт. Рак оорусунан айыгып, бейиш жашоодо жүргөндөй сезем өзүмдү. Ичкен-чеккен, ойноп-күлгөн мен үчүн эмес экенин билдим.
- Жашыруун болбосо айтыңызчы, артисттердин айлыгы чектелүү. Машинаңызды белекке алдыңызбы?
- Өз эмгегим менен тапкан каражатыма сатып алдым. Эгер белек алганга ниет болсо мындан он жыл мурун эле машине тепмекмин. Акчалуу адамдар үй-жай дачасы менен сунуш кылганда да макул болбой койгом. Мен акча, буюм үчүн бирөөгө көз каранды болгум келбейт.
Калкыңызга айтар не сөзүңүз бар?
Күнөөсүз балдар курман болуп кетти, мындай болбосо болот эле. Эми. айла жок. Мен элиме бейпилчилик каалайм. Кыргызстандын келечегинин жаркын экендигинен эч күмөнүм жок. Кудай буюрса, беш-он жылда биз өнүккөн өлкө болобуз деп ишенем. "Бакиевдер жоопко тартылсын" деп, кан жутуп турган үйбүлөлөр митингге чыгып атышат. Кыргыз калкымды сабырдуулукка чакырып, акылдуулугубуздан, токтоолугубуздан адашпайлы дегим келет.
Афина Бакирова




  Чыр дөбө

Анвар Асанакунов ойношу менен кармап алган аялынын атын атагысы келбейт
Гезитибиздин 116-санындагы "Аялымды башка менен төшөктөн кармап алгам" деген маектин алдындагы куудул Анвар Асанакуновдун айткандары бир топ талаш-тартыштарды жаратты. Куудулдун экинчи аялы Рыскүл эже биздин редакциябызга ачуусу менен башбагып:"Керек болсо Анвар менен чогуу жүргөн куудулдардан да сурагыла. Менин ким экенимди жана Анвардын ким экенин баары жакшы билишет. Аны чыгармачыл досторуна мен кошуп, мен алып чыккам. Үй, машина алып бергем. Мени жамандай турган болсо кудай баарын көрүп турат. Мен Турция фирмаларынын биринде генералдык деректир болуп иштейм. 24 жашка чыккан балам бар. Баламдан, анын досторунан уялып атам. Мени баары тааныйт, алардын баары "Рыскуля, сени эмне деп жазып коюшкан?" деп күнүгө телефон чалып атышат" деп катуу ызаланганын билдирип, көзүнө жаш да алып жиберди. А бирок, көңүлдөшү менен төшөктөн кармалган айымдын аты куудул тарабынан аталган эмес. Андыктан биз Анвар мырзанын өзүнө кайрылып: "Сиз айткан айым ушул Рыскүл эже беле, же башкабы? Эмне үчүн атын айткан эмессиз?" деген суроого төмөнкүдөй жооп алдык.

Анвар Асанакунов, куудул:
"Рыскүл мен үчүн "мираж"
- Рыскүлдүн мени көтөргөнү чын. Чыгармачыл адамга моралдык да, материалдык да колдоо сөзсүз керек. Рыскүл мага ошонун баарын кылган. Мен аны унуткан жокмун. Туура, РАФ деген машина, кийим-кече алып берген. А бирок үй алып берген эмес. Анда мен ушинтип жатаканда жашайт белем? Чындыгында өтө кыйын аял. Бир уул, бир кызы бар. Мен аларды жакшы көрүп сыйлачумун, алар да мени сыйлачу. Экөөбүз 6 жарым жыл жашадык. Турмуш деген ошондой экен, урушуп-талашпай жакшынакай ажырашып кеткенбиз. Мен өзүм чыгып кеткем. Себеби, мен өмүр бою балдарым деп жашаган кишимин. Ошондо дагы балдар үчүн кайра биринчи аялым менен жарашкам. Аялым эки балам менен Англияда иштеп, эки баланы шаарда мен карап атам. Жанагы "башка менен төшөктөн кармап алгам" деген сөздүн Рыскүлгө эч тиешеси жок. Ал өзүнө албасын. "Ойнош менен кармалган аялдын" аты-жөнүн эч ким билбейт. Анын атын да атагым келбейт. Ал эми Рыскүл жөнүндө мен жаман-жакшы кеп кылбайм.Аны менен жашап өткөн өмүр мен үчүн миф, "мираж"...

Асмат Жылдыз