п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Шоу дүйнө

Фарида Карбосова жеке концертине даярданууда
"Сүйүүнүн кемеси" аттуу ыры менен көпчүлүккө таанылган ырчы Фарида Карбосова учурда октябрь айынын аягында боло турчу жеке концертине катуу кам көрүүдө. Концерт Спорт ордосунда бир гана күн болот. "2006 жылы берген жеке концертим октябрь айында өткөн, ал ай мага көп ийгиликтерди алып келген. Ошондуктан быйыл дагы октябрь айын тандап алдым" - дейт ырчы айым. Эл жерине арналган патриоттук сүйүү ырларын жаздырып буту-бутуна тийбей жүгүрүп жүргөн кези. Алардын ичинде Кыргызстандын ар бир облусуна арналган, анын кооздугун даңазалаган ырлары дагы бар. Репетуарындагы 27 ырга дагы 10дон ашуун жаңы ырларды кошуп альбом чыгарууну да пландап жаткан кези.


Гулнара Тойгонбаева бильярддын битин сыгат
Жайдар мүнөз ырчы айым Гулнара Тойгонбаева эски ырларды жаңыртып, жаңы формат менен чыгарууда. Алардын бири музыкасы Рыспай Абдыкадыровго, сөзү Айгүл Узаковага таандык " Сагынган жанмын сага окшоп " аттуу ырын жаратты. "Жаңы форматтагы ырымды баардык үн алгыдан уга аласыздар" дейт. Ал эми дем алыш күндөрүн ырчы айым курбу кыздары менен ар ишемби сайын салтка айландырып алган бильярдын Америкалык " РООL " деген түрүн ойноп өткөрөт.


Сьездбектен жаңы клип
Ырчы жигит Сьездбек Искеналиев учурда патриоттук ырларга көбүрөөк басым коюп, эл жерине, ата-энеге арналган ырларды жаратып, катуу эмгектенүүдө. Жакында эле " Касиетүү кара Кочкорум " жана " Эне жүрөгү " деп аталган ырларын жаратып, учурда аларга клип тарттырууда. "Менин оюмча клип жогорку деңгээлде болуп, элдин жүрөгүнөн орун алат деген ишеничтемин, буюрса жаңы клиптеримди июль айынан баштап көрө аласыздар" - деп билдирди ырчы жигит.


Нена жаңы клип тартырууда
Тамашакөй жаш ырчы Нена учурда "Кыргыз жерим" жана "Суранба" деген ырларына клип тарттырып, бир нече ырлардын үстүндө иштөөдө. Андан тышкары чек ара маселелери чечилиши менен июль айларында Нена чет мамлекетке аттанат. Кайсы мамлекетке экенин азырынча сыр кылып айткан жок.


Чолпонай колго диплом алат
Бажырайган көздөрү менен күйөрмандарды өзүнө тарткан Чолпонай учурда дипломдук ишин жазып, жүгүрүп жүргөн кези. Ал БГУнун "журналистика" бөлүмүндө окуйт. Буга чейин чыгармачылы менен окуусунун ортосунда жүргөн жаш ырчы эми чыгармачылыгына чындап киришмекчи.


Асылбек Өзүбеков "Ата-Мекен" партиясынын мүчөсүндө…
Куудул жана ырчы Асылбек Өзүбеков чыгармачылыгын экинчи планга жылдырып, мамлекеттеги болуп жатка иш аракеттерге активдүү катышууда. Асылбек мырза "Ата - Мекен" партиясынын мүчөсү болгондуктан, коомдогу кырдаалга кайдыгер карабай, пресс-конференцияларга катышып, "элге жардамым тийип, кызмат кылсам" деген жакшы тилек менен чуркап жүргөн кези.


Нургүл Ибраева




  Жыштык жылдызы

Арстанбек Абдыманов:
"Мен микрафонду ачып, Кундуз чүчкүрүп"
Радиодогу эмгек жолун Ош шаарындагы "Алмаз" радиосунан баштаган ди-джей Арстанбек Абдыманов алгачкы устаты Мамырканов Эрнис Турсункадыровичке таасирленип жүрүп, радиого баш баккан эле. Радионун босогосун аттаганына быйыл 12 жыл толуптур. Арстанбек мырза учурунда популярдуу болуп жаткан радиолордун көбүндө иштегенин билебиз, ал эми азыркы күндө "Сезим" аттуу жаңы радио ачып жетекчи болгонуна беш айдын жүзү болду.


- Арстанбек, мындан бир топ жыл мурда, "Өзүм радио ачам" деген максаттарыңызды уктум эле. Ал максатыңызды ишке ашырыпсыз да?
- Ооба, радиодо иштөө чоң ырахат. Буга чейин "Радио менин экинчи үйүм" деп жүрсөм, "Сезим" радиосунун ачылганына беш айдын жүзү болду, радио менин биринчи үйүм болуп калды. Анткени, убактымдын көп бөлүгү иш ордумда өтөт. Радионун аталышын түшүндүрүп кетсем, сезим деген сөздүн өзү эле көп нерсени түшүндүрөт. Сезим болбосо биз бул жашоонун даамын тата албайт элек. Ал эми жашоонун ширин даамын "Сезим" радиосу аркылуу угармандарга тартуулоонун өзү бакыт эмеспи.
- "Сезимдин" форматынын өзгөчөлүгү кандай?
- Радионун форматы кенен. Угармандарга керектүү нерсенин баары бар десем да болот. "Куудулдардын күлкүсү, анекдоттор, жүрөктө калган шедевр чыгармалар жана учурдагы хит ырлар". Жаңырган ырлардын 50 пайызын кыргыз ырлары болсо калган 50 пайызын казак, орус, түрк жана чет элдик ырлар түзөт.
- Ди-джейлерди кандай критерийлердин негизинде тандап жатасыз?
- Ди-джейлерди тандоодогу эң биринчи талаптардын бири жагымдуу үн, андан сырткары сөз байлыгы жана адамдар менен алакка түзө билгендиги керектелет. Ошондой эле көп нерседен кабардар болуп, кайсы тема болбосун ошол тууралуу маалыматка ээ болуусу тийиш.
- Кандай ураан менен чыгуудасыздар?
- Урааныбыз - Дайым сезим менен! Бардык нерсеге сезим менен мамиле кылып, угармандарыбыз таттуу сезимдердин даамын татса дейбиз. Буюрса алдыдагы пландарыбыз Кыргызстандын бардык аймагына жаңырып, жалпы мекендештерибиздин көңүлүн көтөрүү, жакшы сезим тартуулоо.
- Учурда радиону каржылап жаткан демөөрчү барбы?
- Жок. Финансы жагынан өзүбүздү-өзүбүз каржылап, буттан туруунун аракетиндебиз.
- Радио кызматкерлеринин жашоосу жыргал дегенге кошуласызбы?
- Чынында ди-джейлер эфир учурунда шаңдуу маанайда отурушса жашоодо да ошондой деп ойлошот. Биз угармандардын ушундай пикирин өзгөртпөш үчүн жана эфирдин динамикалуу өтүшү үчүн жумушка келе жатканда бардык көйгөйдү унутуп коюшубуз керек.
- Түз эфирдеги күлкүлүү окуялардан эсиңизде калганы барбы?
- (Күлүп) Бир жолу эртең мененки шоу башталаар алдында саат айтыш керек эле. Микрофонду ачып саатты айтайын дегенче жанымда турган кесиптешим Кундуз так гана микрофондун тушуна чүчкүрүп салса болобу. Анан быкшыганды көрүп ал...


Биз үчүн...
Студия - ыйык жер.
Микрофон - жан дүйнөдөгү нерсени элге жеткизип турган радионун биринчи куралы.
Эфир - миллиондогон адамдарды көңүл ачуу үчүн чогултуп турган ордо.
"Сезимге" байланышкан "прикол" - Уктум дебей сездим де, уттум дебей жеттим де, уктадым дебей жаттым де!

А. Касымова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмаз Атамбаевдин башына канча акча "сайылган"?..
2-бет
Эрмек Нурбаев:
"Максатым "Супер күйөө бала" болуу эмес..."

3-бет
Сайттагы "саясат"
4-бет
Шайыр Касымалиева, актриса:
"Акча үчүн көз каранды болгум келбейт"

5-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
6-бет
Кара алтынды калктын эмес кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Фарида Карбосова жеке концертине даярданууда
9-бет
Кайдасың классташ, парталашым?
10-бет
Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт
11-бет
Киностан
12-бет
Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Өкүттө калгым келбейт…

13-бет
Алиясбек Алымкулов:
"Болот Шерниязовго ийне сайып өлтүрүшмөк экен"

15-бет
Обон почта










??.??