п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Кайдасың классташ, парталашым?

Бүтүрүүчүлөрдүн бүтпөгөн темасы
Эсте калган акыркы коңгуроо
Уядан учкан балапандай мектепти бүтүп ар ким ар башка жолго кетсе дагы, ортодон канча убакыт өтсө дагы мектебиң, мугалимиң, классташтарың эч эсиңден чыкпайт. Мына бүгүн 25-май. Ушул күнү көп нерсе эске түшөт. Акыркы коңгуроо, андагы унутулгус окуялар, он жылдык, жыйырма жылдык… , алтын медаль, күмүш… деги койчу бул дата менен көп нерсе байланыштуу.


Добр:
"Коркуп жүргөн эжейлер менен бийлегенбиз"
- 25-май күнү күндүз классташ балдар өзүнчө жолугуп, " Дзержинка " паркына барып "отметка" кылып, камерага тартылганбыз. Балдардын баарына "колокольчик", кыздарга ак бантик тагышкан. Ошондо " Ата-эненин баркы " деген кыргызча алгачкы ырымды ырдаган элем. Акыркы коңгуроодон кийин эмне кылабыз деп кыздар-балдар талашып жатып, акырында туура эмес кафени тандап алыптырбыз. Башында барганда жакпай жаткан анан, ортолоп калганда баягы мектептен биз коркуп жүргөн мугалим эжейлерди бийге чакырып, жөн отурган балдарга "тиги эжени чакырбайсыңбы, бул эжени чакырбайсыңбы" деп эжейлер менен чогуу бийлегенибиз эсимде.


Гүлнара Тойгонбаева:
"… бир жери эле жакпай калган да"
- Мен онунчуну бүтүп жатканда жакшынакай болуп ак бантик, ак фартук кийип, гүлдөрдү кармап эжей-агайлар менен сүрөткө түшүп сонун болгон. Анан бир жери эле жакпай калган да. Биздин Кербен айылындагы бир мектептен мушташ болуп, жалпы район боюнча акыркы коштошуу балын өткөргөнгө тыюу салып койгон. "Ушинтип эле бүтүп кеткен болбойт го" деп, чет жакта жашаган башка бир классташ кызыбыздын үйүнө кече уюштурганбыз. Ата-энелер бизге тамак жасап берип, музыка коюп аябай бийлеп тараганбыз. Негизи ал кезде коштошуу кечелер мектептин ашканасында же болбосо спорт залында "шикарный" болуп өтчү. Тилекке каршы биздики андай болбой калган.


Самат Дөөлөтбаков:
"Витаздын ырын ырдап чыккам"
- 2001-жылкы акыркы коңгуроом эстен кетпейт. 3 айга жакын катуу даярданганбыз. Мен Витаздын " Опера №2 " деген ырын ырдаганымда элдер ушунчалык кол чабышкан. Ошондо өзүмдү жылдыз сезип кеткем.


Эльмира Кайып кызы:
"Классташ балдарыбыз менен "романтично" коштошконбуз"
- Онду бүтүп атканда күмүш медалга татып, линейкадан " Медаль ээси " деген кызыл лента тагышкан. Коштошууга арналган майрамдык салтанат бүткөндөн кийин, өзүбүзчө көлдүн жээгине барып алып абдан жыргаганбыз. Классташ балдар-кыздарыбыздын бардыгы таланттуу болушчу. Анан балдарыбыз гитара, комуздарын чертип, биз аларга кошулуп ырдаганыбыз эсимде калыптыр. Ошентип, классташ балдарыбыз менен "романтично" коштошконбуз.


Камчы Сарыбаев:
"Аракты самоорго кайнатып…"
- Биздин учурда акыркы коңгуроодон кийин конок уюштурууга катуу тыюу салган болчу. Анан класстагы балдарыбыз эмне кылабыз деп отуруп, ар бирибиз бирден кой алып чыкмай болгонбуз. Шаркыратмага бирөө, көл жээгине, ары жактагы пансионатка, токойго дагы бирөө болуп балдар бирден кой союп, классташ кыздарыбызды коноктомокпуз. Балдардын баары кой союп бүтүп, мен, Миша жана Улан деген үч бала калып калдык. Менин коюмду соймой болдук, Уландыкына тамак-аш алдык, Мишанын коюн болсо аракка алмаштырдык. Анан кыздарга, Гүкү деген класс жетекчибизге, ата-энелерге аракты билгизбеш керек да. Аракты чай деп ичебиз деген ойдо самоорго куюп, отунга кетип калсак, кыздар "суусу бар турбайбы" деп баягы самоордогу аракты кайната беришиптир. Келсек арак эле жыттанат. Карасак самоордогу арагыбыз кайнап жатыптыр. Балдар ошол замат аракты суу майдын канистрасына куюп, аны алып барып муздатып анан ичкенбиз.


Элиза Кененбаева:
"Акыркы коңгуроону каккам"
- 11-классты жалаң "5 " менен бүтүп медалистка болуп, линейкада алтын медалды тапшырып жатканда сүйүнгөнүмдөн ыйлап жибергем. Коңгуроо да каккам. Андан кийин мугалимдер, ата-энелер менен сүрөткө түшүп, Орловская айылындагы паркка барып эс алганбыз.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
25-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмаз Атамбаевдин башына канча акча "сайылган"?..
2-бет
Эрмек Нурбаев:
"Максатым "Супер күйөө бала" болуу эмес..."

3-бет
Сайттагы "саясат"
4-бет
Шайыр Касымалиева, актриса:
"Акча үчүн көз каранды болгум келбейт"

5-бет
Жылдыздар деле сиздей жан
6-бет
Кара алтынды калктын эмес кара курсагынын
пайдасына жумшоого далбастагандар кимдер?

8-бет
Фарида Карбосова жеке концертине даярданууда
9-бет
Кайдасың классташ, парталашым?
10-бет
Калыңсыз кыз болсо да, каадасыз кыз болбойт
11-бет
Киностан
12-бет
Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Өкүттө калгым келбейт…

13-бет
Алиясбек Алымкулов:
"Болот Шерниязовго ийне сайып өлтүрүшмөк экен"

15-бет
Обон почта










??.??