п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ден-соолук

Богоктон көздүн формасы өзгөрөт
"Биринчи байлык - ден-соолук" дегендей, эң оболу ден-соолукту караш керек. Кыргызстанда йод жетишсиздигинен бир канча оорулар пайда болуп, алардын ичинен богок безинин дарты учурда орчундуу маселе жаратууда. Бул оорунун пайда болуусу, белгилери жана алдын алуу чаралары боюнча кененирээк маалымат берүүнү туура көрдүк.

Богок бези деген эмне?
Бул оору богок бездеги Т-3, Т-4 гормондорунун өзгөрүшүнөн улам пайда болот. Богок бези мээнин өсүп-өрчүшүнө жардам берчү гормондорду бөлүп чыгарат. Медицинада бул дарттын бир нече түрлөрү аныкталган. Ал өз ичинен диффуздук уулуу, түйүндүк уулуу (гипертиреоз) жана эндемикалык богок оорусу болуп үчкө бөлүнөт. Баш мээде жогоруда аталган гормондор азайса анда, ТТ-1 гормону көп бөлүнүп чыгып гипертиреозго алып келет. Мында адамды шишик басат, уйкусу келет, жүрүш-турушу, сүйлөгөнү жайлайт, кулагынын угуусу начарлайт, заңы катат. Эгерде Т-1, Т-4 көп бөлүнүп чыкса, анда алар ТТГдагы гипофизди басып таштагандыктан диффуздук уулуу богок оорусу пайда болот. Буга чалдыккан бейтап арыктайт, жүрөгү бат-бат согот, денесин калтырак басат, тердейт, буттары чалыштайт, чарчайт, бир жерде олтура албайт, көздөрү чанагынан чыкчудай болуп чакчайып калат. Аны меркозалилол перистатик дарысы менен дарылайбыз, мындай дартнаама (диагноз) менен курамында йоду бар дарыларды берүүгө болбойт. Эндемикалык богок оорусу курчап турган айлана-чөйрөдө туз жетишсиз болгон географиялык аймактарда көп учурайт.

Ооруну алдын алуу чаралары
Богокту алдын алуу үчүн тамак-ашка йоддолгон тузду колдонуу талап кылынат. Ал үчүн тамактанаарга 5 мүнөт калганда тамакка йоддолгон туз салып анан ичүү керек, ошондо тамакта йод сакталып калат. Йод негизинен курма жемишинде көп болот. Ал эми Кыргызстанда топуракта, сууда, абада аз болгондуктан жашылча, жер-жемиштерде да аз. Андыктан балдарга деңиз азыктарын, капустаны, балыкты көбүрөөк жегенге аракеттениш керек. Тузду йоддоонун себеби мындай жол менен элдин бардык катмарына жетет. Йод мээнин өсүп-өрчүшү үчүн маанилүү болгон химиялык элемент.

Илдеттин алгачкы белгилери
Биринчиден, эң жаман жагы жүрөккө катуу таасир берет. Жүрөк лакылдап согуп калат. Соо адамдын жүрөгү 1 мүнөттө 60-80 жолу какса, богок менен ооруган адамдын жүрөгү 140 жолу согот. Ошентип олтуруп 10-15 жылда жүрөк жарабай калуу коркунучуна кептелет.

Богок адамдын келбетине таасир береби?
Көздүн формасы өзгөрөт. Адам арыктап, терчил болуп калат. Нервге таасир этет. Күнүнө он жолу ыйлап, он жолу күлүп, психикалык өзгөрүүгө дуушар болот.

Алкым безинин чоңоюшуна аялдар көбүрөөк чалдыгышат
Кыргызстанда алкым безинин чоңоюшуна (богок) кабылгандардын үчтөн бир бөлүгү аялдар. Кыз кишинин организми жетилип, өткөөл курак башталганда организмге 2-3 эсе көп йод керек болот. Ошол кезде кошумча дарыларды бериш керек. Бул учурда дарыгерлер атайын дарыларды сунуш кылат. Алкым бези физиологиялык жактан өзүнөн өзү чоңоёт. Башында бул нормалдуу көрүнүш катары эсептелсе, өз убагында дарылабаса ооруга алып келет.

Богоктун жаш энелерге таасири
Аялдарда калыптануу, бойго бүтүү, айызы келчү маалда гормондор алмашат. Кош бойлуу аялдарда алкым бези чоңойбосо да курамында йод бар дарыларды ичиш керек. Андан сырткары бала эмизип жүргөн маалда ичсе болот. Балага да жакшы таасирин берет. Эрте торолуп, сөөгүнүн, аң-сезиминин өсүшүнө йоддун таасири чоң. Кыргызстанда эки эле тузда йод жетиштүү. "Урал" жана "Экстра" деген туз бар. Калган сатылып жаткан туздарда йод 50 пайызга жетишпейт. Чүйдүн, Ысык-Көлдүн сууларын текшергенде 30-40 пайызга чейин йоддун жетишсиз экени аныкталган.

Йоддолгон тузду кантип туура тандоо керек?
Курамында йод бар туз кургак, аппак, майда болот. Эгер туз ири, нымдалган болсо тузда йоддун жетишпегендигинин белгиси. Мисалы, адамдар йоддолгон туз деп сатып алышат. Бирок, туздун курамында йод организмге керектүү өлчөмүнөн аз.

Алкым безин дарылачу элдик ыкма
Айылда апалар жаңгакты чийки маалында жалбырагын, мөмөсүн кошуп варенье жасашат экен. Мунун адамга зыяны жок.
Бышкан алма, кара мөмөлүү четин, лимон жана апельсин, деңиз капустасын дайыма жеп жүрүү керек;
Пустырьниктин жаңы ширесин (күнүнө 3 маал 40 тамчы) же анын тундурмасын (күнүнө 3 маал 20 тамчы) ичүү;
Моюнга иштетилбеген табигый янтардан жасалган шуруларды тагынуу;
Тамак-ашка жаңы деңиз балыгын колдонуу;
Моюнга күч келтирбөө.
Богок бези менен ооругандарга йодго бай келген деңиз абасы абдан пайдалуу келет, андыктан бул оору менен жабыркагандарга деңизге барып эс алуу сунуш кылынат.





Сураптырсыз, жооп беребиз

Косметологдун

кеңеши


Редакцияга адистердин кеп-кеңешине муктаж болгон суроолор менен кайрылуулар көбөйдү. Бул саныбызда косметологго суроолор көп келгендигине байланыштуу, бул тармак боюнча мыкты адис "Алима" салонунун врач-косметологу Жаркын Атакановадан суроолорго жооп алдык.


- Бетти тазарткандын пайдалуу жана зыян жагын айтып бересизби? Анарбек, 22 жашта.
- Бетти тазарткандын зыян жагы деле жок. Тескерисинче, беттин терисине өтө пайдалуу болот. Нормада бир айда бирден тазалатып туруш керек. Анткени, тазалатканда беттин үстүндөгү эскирген клеткаларды түшүрүп, жаңы клеткаларды пайда кылат.
- Ысыбай турган маалда деле колтугум тердей берет. Кандай процедура кылсам болот? Жазира, 29 жашта.
- Колтук нормада тердейт. Эгер нормадан да көп тердесе анда, колтугуңузда грибоктор, бактериялар бар. Аларды үй шартында эмендин кабыгын сууга кайнатып, колтугуңузга сыйпашыңыз керек. Эгер анда да тердегени басылбаса дерматологго кайрылып көрүңүз. Колтукка сүйкөй турган кургак "stick" сүйкөсө да колтуктун тердегенин басат.
- Элос-эпиляция чын эле жүндөрдү жок кылабы? Канча турат? Нурлан, 24 жашта.
- Элос-эпиляция жүндөрдү жок кылат. Бир жарым жылдан кийин эле жүндөр кайрадан чыга баштайт.
- Мен арыктагандан кийин мойнумда майда бырыштар пайда болду. Кандай бет майлар жардам берет? Калипа, 45 жашта.
- Арыктаганда ар бир эле адамдын териси чоюлуп калат. Буга атайын лифтин маскалар, терини тарта турган кремдерди колдонуш керек.
- Бетимдин териси кургак. Сууга түшсөм эле кыпкызыл болуп, ысып чыгат. Эмне кылыш керек? Нормалдуу эле көрүнүшпү? Тилек, 24 жашта. Альбина, 26 жашта.
- Эгер бетиңиз кургак болсо, бетиңиздин териси сезгич. Ички органдарыңызды текшертип көрүңүз. Анткени, беттин кургашы боордун оорушу менен да түздөн-түз байланышта. Кургак териге ылайыктуу бет майларды колдонуңуз.
- Курбу кызым төрөгөндөн кийин бетиндеги майда капиллярлары жарылып кетип, кызыл болуп калган. Кандай бет май же болбосо маздарды колдонсо болот? Нураида, 23 жашта.
- Сиздин тамырларыңыз чоюлчаак эмес да. Төрөт оор болгондуктан абдан кыйналып, чыңалганда бетине күч келген. Бул да боордун оорушу менен байланышта. Боор ооруганда беттин тамырлары көп жарылат. Атайын беттин тамырларын кетире турган бет майлар да бар. Кагуляторлор менен кетирсе да болот. "Антикуперозный" деген бет майларды, сулуулук салондорунан сатып алып сүйкөсөңүз да жакшы жыйынтык берет. Ичиңизге болсо Оскарутин дарысынан көбүрөөк ичишиңиз керек.
- Бетимди тазалатканыма бир ай болду. Бирок, безеткилер чыгып, бетимдин майлуулугу жоголбой жатат. Эмне кылыш керек? Зина, 24 жашта.
- Бетти тазалаткандан кийин эч качан безеткилер чыкпайт. Же туура эмес тазалаган, же бет майларды туура эмес колдонгон.
- Санымда жүндөр көп. Аларды кантип кетирсем болот? Элнура, 23 жашта.
- Салондорго келип, воск менен депиляция кылдырсаңыз, саныңыздагы жүндөр кетет. Андан сырткары жүндү өстүрбөй турган бет майларды колдонсоңуз да болот.
- Бетиме татуировка тарттырсам эч нерсе болбойбу? Альберт, 22 жашта.
- Эгер эч кандай терс жактары жок болсо тарттыра берсеңиз болот. Мисалы, балдарда "Гемофилия" деген бар. Бир жерден кан акса, ал токтобойт. Тамырлар чыкпаса тарттыра бериңиз.
- Эпиляторду колдонгондон кийин буттагы жүндөр көбөйүп кетет деген чынбы? Жаныбек, 26 жашта.
- Эпилятор менен жүндөрдү тамыры менен алса жүндөр көбөйбөйт. Эгер жөн эле сүртүп салса, кайра эле чыга бериши мүмкүн.
- Жазында жана күзүндө бетим түлөп турат. Скраб, лосьон, маска жардам бербей жатат. Эмне кылыш керек? Зарема, 24 жашта.
- Муну "гиперкератес" деп коёт. Тери өтө эле кургап, түлөйт. Скраб жардам бербей жатса, салондорго барып, атайын маскаларды жасатышыңыз керек.
- Бетимди бир сүлгү менен үч күн аачып койсом эле ак чекиттер пайда болот. Бул эмнеден улам болуп жатат? Мээрим, 23 жашта.
- Сүлгүдөн бетке эч кандай нерсе пайда болбошу керек. Сиздики башка нерседен болушу мүмкүн. Косметологдорго көрүнүп көрүңүз.
- Тоналдык бет майды канча жаштан баштап колдонуш керек? Бетке бырыш түшүрүп жиберет деген чынбы? Айгүл, 17 жашта.
- Тоналдык бет майды 16-17 жаштан баштап колдоно берсе болот. Жакшы сапаттагы тоналдык кремдерди колдонсо эч кандай терс таасирин деле тийгизбейт. Анткени алардын ичинде бетке пайдалуу витаминдер болот.

P.S. Окурмандардан келген суроолорду (0312) 44-98-21; (0312) 44-88-88 номерлери жана obonkg@mail.ru электрондук дереги боюнча кабыл алабыз.


Төлөбүбү Касымалиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Сабира Күмүшалиеванын жээн небереси микаэлди өлтүргөнбү?
2-бет
Зарина Хасанова:
"Аны менен өткөргөн убактыма өкүнбөйм"

3-бет
Микаэлдин айланасында…
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Дооронбек элине таарынып кетти"

6-бет
Аттестат жана диплом ээлери
8-бет
Тымызын турмушка чыккан Татьяна Арнтгольц
9-бет
Балам бактым, балам базарым...
10-бет
Богоктон көздүн формасы өзгөрөт
11-бет
Шумдугуң кур
12-бет
окумал
13-бет
Жаш балдарды жыныстык жактан тарбиялоо
15-бет
Обон почта
16-бет
Нурзат Садыкова, ырчы:
"ТАРБИЯң ЖАКШЫ ЭКЕН ДЕГЕН"











??.??