п»ї

  Шумдугуң кур

"Адамдан амал качып кутулбайт" деген чын. Дүйнө жүзүндө мүнөт сайын оозду ачырган ачылыштар, окуялар болуп келет. Бул санда дүйнө жүзүндөгү укмуштуудай ачылыштар менен адамдардан айырмаланган адамдар тууралуу маалымат бермекчибиз.


Кычкылтек бөлүп чыгарган машина
Кытайлык автомобилдик компания Shanghai Automotive Industry Corporation "SAIC leaf" автомобилин чыгарышты. Машина өндүрүүчүлөрдүн айтымына караганда "SAIC leaf" күн нурун тартып алып, кычкылтекти бөлүп чыгарат экен. Бул машинаны кандай колдонуу керектиги азырынча айтыла элек. Машина электромоторго ээ болгондуктан, атайын жасалган аккумулятор менен гана иштейт. Күндүн энергиясы менен жүрөт. Техникалык майда-чүйдөсү да белгисиз.


Эйфель мунарасынын "конкуренти"
Скульптор Аниш Капур 2012-жылда боло турган олимпиадалык оюндарга карата Англиянын борборуна "Орбита" деген аталыштагы 120 метр бийиктиктеги жаңы мунараны койгону турат. "ArcelorMittal Orbit" деген аталыштагы бул мунара америкалыктардын адырларынын элесин берип турат. Мунарага ресторан жайгашып, 700 адамга оюн көрө турган орундуктар орнотулат. "Лондонго да Эйфель мунарасындай болгон бир мунара керек. Биздин да бир мактанаарлык нерсебиздин болуусу зарыл" дейт мунаранын автору Ануш Капур.


Кытайлык Ван Сяньцзюн же "лампочка" жегич киши
Кытайлык Ван Cяньцзюнь өзүнүн күнүмдүк ичкен тамагын кадимки эле үйдө жанган лампочкага алмаштырды. Күнүгө эртең менен турганда лампочкадан бирди жеп алып, анан ишин баштайт экен. Ван бир жылдык диетасында бир жарым миңден ашуун лампочканы жеген. Анын айтуусунда ал 12 жашында балыктын чоң кылканын жутуп алган. Кылкан Вандын организмине зыян келтирбегендиктен, ал айнектин кичинекей бөлүгүн чайнап, жутуп көрөт. Анда да эч нерсе болбойт. Ошондон кийин лампочка жегенге өткөн. Ван лампочкаларды кадимки эле биз нан жеген сыяктуу эле жеп, артынан суу ичип коёт. "Мага лампочкалардын кытыраганы жагат жана ал абдан даамдуу" дейт Ван Синьцзюн.


Восктон жасалган Паттинсон жана Криштиану
"Күүгүм" ("Сумерки") кинотасмасынын башкы ролун аткарган актёр Роберт Паттинсондун восктон жасалган келбети Лондондогу "мадам Тюссо" музейинде көрсөтүлдү. Роберттин өңүнө - өңү, боюна - бою окшошкон воск фигуранын жанына актёрдун күйөрман кыздары келип, каалашынча сүрөткө түшүп, кармагылап кетип жатышат. Өндүрүүчүлөр өзүнүн товары өтүш үчүн эмнени гана ойлоп табышпайт. Мурда Паттинсон-жаздык болсо, эми Паттинсон-восктон жасалган фигура болду. "Мадам Туссо" музейинде жакында футбол сүйүүчүлөрүнүн кумири Криштиану Роналдунун восктон жасалган фигурасы пайда болот. Футболисттин статуясы "спорттук залда" орнотулат. Музейдин официалдуу өкүлү Лиз Эдвардстын айтымында музейге футболисттин күйөрмандарынан аябагандай көп кат келгендиктен, жакын арада Рональдунун фигурасын орнотуу боюнча чечим кабыл алышкан. Буга чейин аталган музейдин "спорт залында" футболдун жылдыздары Дэвид Бекхэм менен Пеленин да статуясы орнотулган.


Сыранын калайынан 5 бөлмөлүү үй
Немис Sven Goebel аттуу адам Гиннестин рекорд китебине кирди. Сыранын калайларынан тургузулган беш бөлмөлүү үйүн прессага көргөздү. Сыра үйү беш бөлмөдөн туруп, 300.000 дин тегерегинде калай банка жана күнүмдүк иш убактысынын 6-8 саатын сарптаган. Sven Goebel күнүгө 1000ден банка коюп турган. Сыра үйү немистердин Volgeslang айылында тургузулган. "Бул үйдү тургузууда эч кандай мык же болбосо клей колдонгон жокмун. Баардыгы толугу менен сыранын гана калай банкаларынан" дейт Sven Goebel. Үйдү толук бүтүрүүгө 3 ай убакыт кеткен.


Русалка кыз
Милэгрос Сиррон аттуу 6 жаштагы кыздын буттары "Русалка" мультфильминдеги кыздыкындай болуп биригип төрөлгөн. Алты жашка чыккычакты 3 операцияны көтөргөнүнө карабастан дайыма күлүп жүрөт. Доктурлардын ийгиликтүү операциясынын аркасында Милэгрос кичинеден кадам шилтеп басып калды.





Ыйык
Хадистер
- Кайсы бир жамааттын башчысы өзүнүн кол астындагы адамдарга кыянат кылып, аларды алдаса, анда ал акыр кыяматта тозокко тартылат.
- Аманатты сактап, өз убагында кайтаруу адамдын ырыскысын арттырат. Ал эми аманатка кыянаттык кылуу жакырчылыкты алып келет.
- Тойдо бечаралар чакырылбай, жалаң байлар гана жеген оокат жаман оокат болуп эсептелет.
- Тишиңизди тазалап жүрүңүз, себеби ал тазалык. Тазалык ыймандуулукка үйрөтөт, ыйман болсо, бейиште ээси менен бирге болот.
- Ачуу нерсе балды бузган сыяктуу, ичи тардык ыйманды бузат.
- Пара берүүчү да, аны алуучу да тозокко өкүм кылынат.
- Адамдардын жаманы - Алланын наамын ортого салып, бир нерсе сураса бербей турган адам.
- Кургакчылыкта шейит болгон адамдын карызы жана аманатынан башка күнөөлөрү кечирилет. Сууда шейит болгон адамдын көптөгөн күнөөлөрү менен бирге карызы менен аманаты да кечирилет.
- Таңкы уйку ырыскыны кыят.
- Ооруну көргөнү барган адам кудум бейиш багында жүргөндөй болот.
- Тартууга берген нерсени кайра алуу - кудум кускан нерсени кайра жеген менен барабар.
- Тамакты суутуп ичиңиздер, өтө эле ысык тамакта береке болбойт.
- Оор кайгы түшкөндө беттерин тытып, жакасын жулуп жана өзүн каргап ыйлагандарга Алла наалат айтсын.
- Уйкудан ойгонгон адам колун үч ирээт жуумайынча идишке салбасын. Себеби, ал колу каерлерде болгонун билбейт.
- Жакшылыкты ажары ачык, маңдайы жарык адамдардан күтүңүздөр.
- Учурашканда кимиңиз биринчи салам берсеңиз, ошонуңуз Кудайга жагымдуурагысыз.
- Кудайга ыйман кылуудан кийинки амалдарыңыздын мыктысы - бул адамдар менен достошуу болуп эсептелет.




Икая
Чындык
Бир аял өзүнүн баласына ушунчалык жакшы тарбия берип чоңойтот. Баласы бирөөнүн буюмун алмак турсун кармабайт. Анан бир күнү баягы аял баласын башка шаарга окууга жиберип жатып, чөнтөгүнө 40 алтын динар салып: "Балам, чындыкты гана сүйлө. Эч кимге калп айтпа" - дейт. Бала апасы менен коштошуп алып, өзүнүн жолуна түшөт. Кошуна шаарга келгенде бала каракчыларга жолугуп калып, алар "Чөнтөгүңдө канча акча бар, чынын айт?!" - дегенде бала "40 алтын динар бар эле" деп жооп берет. Тиги каракчылар "бул бала бизди маскаралап жатат" деп ага ишенбей, баланы башкаруучусуна алып келет. Алардын башкаруучусунун да жини келип: "Канча акчаң бар? Чынын айтпасаң башыңды кесип коём" дейт. Бала "Апам менин окуума 40 алтын динар берген. Чындыкты айтпасам апам кечирбей коёт го деп корктум. Ошон үчүн чындыкты айттым" - дейт. Тиги каракчылар баланын чөнтөгүн аңтарышса чын эле 40 алтын динар бар болуп чыгат. Ошондо башчы колунда иштеген каракчыларын чогултуп алып, "Элдерден алган акчалардын, байлыктардын баарын өз колдоруна таратып бергиле!" деген буйругун берет. Кичинекей баланын чынчылдыгынан улам, каракчылар элдерди тонобой, тескерисинче муктаж адамдарга жардам берип, чынчыл болуп калышыптыр.

Элес Турар




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Сабира Күмүшалиеванын жээн небереси микаэлди өлтүргөнбү?
2-бет
Зарина Хасанова:
"Аны менен өткөргөн убактыма өкүнбөйм"

3-бет
Микаэлдин айланасында…
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Дооронбек элине таарынып кетти"

6-бет
Аттестат жана диплом ээлери
8-бет
Тымызын турмушка чыккан Татьяна Арнтгольц
9-бет
Балам бактым, балам базарым...
10-бет
Богоктон көздүн формасы өзгөрөт
11-бет
Шумдугуң кур
12-бет
окумал
13-бет
Жаш балдарды жыныстык жактан тарбиялоо
15-бет
Обон почта
16-бет
Нурзат Садыкова, ырчы:
"ТАРБИЯң ЖАКШЫ ЭКЕН ДЕГЕН"











??.??