п»ї
 Таанышуу жарыясы


  махабат майданы

Жаш балдарды жыныстык жактан тарбиялоо
Төмөндөгү кеңештерди Кыргыз Республикасынын алгачкы врач-сексопатологу Күлчоро Аскаровдун "Эки жүрөк бир сүйүү" китебинен алдык. Балдарды тарбиялоодо ата -энелерге эң керектүү курал болуп берээрине ишенебиз.


Жаш балдарды жыныстык жагынан туура тарбиялоо - бул өтө чоң, орчундуу жана татаал маселе. Эркек баланы келечекте эркек болууга, кыз баланы келечекте аял болууга жыныстык жагынан туура тарбиялабаса, жубайлык турмушта көп кыйынчылыкка учурашып, өмүрү өткүчө бактысыз жашашып, бул дүйнөдөн арманда өтүп кетишет.

Баланы жыныстык жагынан тарбиялоону үч жашынан башташ керек. Бул маселеде ата-энесинин бири-бирине болгон чоң сүйүүсү гана баланы жакшы тарбиялай алат.

Жаш балдардын денесиндеги кээ бир болуп туруучу физиологиялык көрүнүштөрдү ата-энелери билиши керек. Мисалы, жаңы төрөлгөн кыз баланын эмчеги чоңоюп, сүт сыяктуу суюктук чыгышы мүмкүн же кыздын жынысынан кичине кан чыгышы да мүмкүн. Кээ бир эркек балдардын бир же эки жумурткасы жок болуп төрөлүшү мүмкүн. Жумурткалары чаткаяктын каналына, өйдө чыгып кетиши мүмкүн. Сыйпалаганда жумурткалары жок болсо, дарыгерлерге сөзсүз көрсөтүшү керек.

Кээ бир эркек балдардын 2-3 жашынан баштап, чочоктору туруп кетиши ыктымал. Мындай учурларда баланы алаксытып, жакшынакай сөз айтып койсо чочок жатып калат.

Эркек жана кыз бала 4-5 жаштарынан баштап, бири- биринин денесин, айрыкча чочокторун кармалап өтө кызыгып изилдей башташат. Бири эркек, бири кыз экенин билишет. Ал турмак ата-энелерин туурашып, бири-биринин үстүнө чыгышып, жыныстык катнаш болуп аткансып окшоштурушат. Муну көргөн ата-энелери өңдөрү бузулуп, балдарын катуу жазалайт. Эгер балдардын мындай оюнун бала бакчадан көрүп калышса, тарбиячылар элдин баарына айтып жар салып, балдардын ата-энесин чакыртып, элдин көзүнчө "соттошот". Наристе балдарга чоң адамдардын мындай мыкаачылык менен мамиле кылышы же психикасын басынтуусу наадандык болуп эсептелет. Мындай учурда ачууланып, кыйкырып, коркутпай жагымдуу үн менен керектүү сөздөрдү таап, түшүндүрүп коюшу керек.

Жай мезгилинде балдарды көлгө, сууга алып барып, жылаңач киринтиш керек. Кээ бир ата-энелер балдарын өзүлөрү менен кошо мончого алып барышат. Бул дагы туура. Мисалы, эркек бала киринип жатып өзүнүн чочогун көрсөтүп, апасынан сурашы мүмкүн: "Апа, сенин да ушундай чочогуң барбы?" - деп. Көбүнчө апасы: "Кой, уят болот, Антип сурабагын",- деп баланы шак эттирип бир чабат да басынтып салат. Мындай тыюу салуу балдар үчүн катуу зыян болот. Эң туурасы жөнөкөй эле жагымдуу үн менен: "Сеникиндей чочок эркек балдарда анан чоң эркек терде болот, ал эми кыздардыкы жана аялдардыкы башкача болот", - деп түшүндүрүп коюш керек.

Д.Н.Исаев менен В.Е.Кагандын китебинен үзүндү келтиребиз. Ар бир ата-эне ушул үзүндүнү балдарына айтып берсе болот.

"Бала пайда болушу үчүн эки данек керек. Эркектин жана аялдын данектери. Бала болушу үчүн эркек менен аялдын данектери бири-бири менен кошулушу керек. Эркектин ылдый жагында жумшак түтүккө окшогон жыныс органы болот. Аялдын мындай түтүкчөсү (пениси) болбойт. Аялдын ылдый жагында тешиги болот. Эркек менен аял бири- бирин өтө жакшы көрүп калышат. Анан үйлөнүшөт. Анан баланы каалашат. Жакшынакай балалуу болушу үчүн эркек өзүнүн түтүгүн аялдын ылдыйкы тешигине киргизип, уругун таштайт. Аял менен эркектин эки данеги бири- бирине кошулушат да бала пайда болот. Ушул бала аялдын ичиндеги тамак-аш менен чоңоюп, өсө баштайт. Бала чоңоюп, өзүнчө дем алууга жана энесинин сүтүн ичүүгө жарап калганда апасынын ылдыйкы тешигинен сыртка чыгат. Муну баланын төрөлүшү дейт".

Балдардын 12-13 жаштан 18 жашка чейинки мезгилинде, алардын денесинде,кулк-мүнөзүндө кандай өзгөрүүлөр болот?

Бул мезгилде экинчи жыныс белгилери пайда болот. Кыздардын чаткаягында жана колтуктарында жүн пайда болуп, эмчектери чоңоюп, жыныс бездери калыптана баштайт. Жыныстык жактан жетиле баштаганынын белгиси болуп, биринчи жолу айызы келет.

Балдардын дагы чаткаягында, колтуктарында жүн чыга баштайт. Сакал-муруту өсөт. Умасы, эки жумурткасы, пениси чоңоё баштайт. Үнү жооноёт. Түндөсү эротикалык түштөрдү көрүп, пенисинен кез-кезде төшөккө бел суусу агып калат.

Жыныстык жактан жетилүү мезгилиндеги организмде болуучу татаал процесстер жыныс органдарынын өзгөрүшүнө байланыштуу болот. Айрыкча ички бездерден, жыныс бездеринен гормондор көп чыга баштайт дагы бүткүл организм өөрчүйт, ички органдар катуу иштейт. Балдардын психикасы, жүрүм-туруму убактылуу өзгөрөт. Ушул мезгилде ата-энелери менен болгон мамиле татаалданат. Балдар каяша айтып, уруша башташат.

Кээ бир ата-энелер анча түшүнө беришпей, мурдагыдай эле кыйкырып- бакырып, өзүлөрүнүн эркине баш ийдирүүгө аракет кылышат. Үй-бүлөдөгү мына ушундай карама-каршылыктардан эркек балдар орой жана ачуулуу боло башташат. Кыз балдар сүйлөбөй, ар кандай сарсанаага батып, өзүлөрүн басынтып, түнт болуп кетишет.

Ушул мезгилде ата-энелер өтө кунт коюп, балдарына мээримин төгүп, жылуу мамиле жасап, алардын ишеничине ээ болууга, болгон проблемаларды бирге чечүүгө, ачык сүйлөшүүгө аракет кылышы керек.
Жаш балдар, жаш кыздар жыныстык жагынан эрте ойноп кетишпес үчүн эмне кылыш керек?
Балдардын кичинекейинен эле бир нерсеге болгон жөндөмүн байкап, ошону өнүктүрүш керек. Айрыкча руханий жагынан бай болууга тарбиялоо зарыл. Ата менен эркек баланын ортосунда бири-бирин түшүнүү, ачык сүйлөшүү жана эркектик сыр болушу талапка ылайык. Апа менен кыз баланын ортосунда мээримдүүлүк, бири- бирин терең сыйлоо, жыныстык жагынан терең ачык сүйлөшүү, аялдык сыр чечишүү болушу керек.

Жыныстык турмушту эрте баштоонун кандай зыяндуу экенин тынбай айтып түшүндүрүш керек. Жыныстык катнашты эрте баштоодон дененин өсүп-өнүгүшү токтоп калат. Психикалык жактан жаракат алып, өтө эле урушчаак, өзүмчүл болуп, сексуалдык сезимдери мокоп, жыныстык катнашка барксыз мамиле жасап, айбандын деңгээлине алып келет.
Жыныс органдары сезгенип ооруп, кийин уруксуздуктун пайда болушуна шарт түзөт.




  Алгандын бермеги…

Кексе чалды келин "жайлап"...
Окурман аке, азыр бизде телефонгейт дегениң күч алып, ой-даа жыргап калбадыкпы укпагандын баарын угуп.
Бирок... "сыныктан башканын баары жугуштуу" сыңары, азыр картаң чалдарыбызга чейин сүйлөшкөндөрүн диктофонго жаздырмай болушуптур...
Кечээ редакциябызга бир чал: "Бир келин менден 3000 сом алды эле, бир эсе процентине, бир эсе 'келиндик кызматымды көрсөтүп берейин' деп.
Кайран келин бирөө менен 'ойноп' коюп, боюна бүтүп калыптыр. Анысын барып алдырса, жарымы кала бергенби, айтор, жедеп жаны кыйналганда кимге айтаарын билбей, мага акча сурап келиптир: 'Эмне кааласаңыз баарын аткарып берейин' деп жалдырап. Эми өзүнүн ишин бүткөрүп алгандан кийин жанагы 'көрсөтөм' деген кызматтарынан караманча танып атат. Анысы деле мейли эле, эптеп 3000 сомумду кайтарып бергилечи, кагылайындар" деп арызданып келиптир.
Жанагы диктофонуна жаздырып алган материалын угуп көрдүк. Эми айланайын, тири шумдук, капырай. Кайран келин алиги сом үчүн болгон убадасынын баарын бериптир, эй!
Чалдын айтымында, ал келин кыргызга башы көрүнүп калган инсандын кызы экен...
Сөздү кыскарта туралы, урматтуу окурман. Ушу жуманын ичинде кокус жанагы чалдын акчасы кайтарылса, маселени токтотолу. Себеби ал сөздөрдү гезитке кайталап жазыштын өзү биз үчүн чоң уят. Мурда-кийин мындайды укпаптырбыз.
Эгер чалга жанагы 3000 сому кайтарылбаса, анда айла жок, кийинки саныбызга кейипкерлердин аты-жөнү менен чыгарышка аргасыз болобуз.
Баса, колу менен жазып берген распискасын да кошо жарыялайбыз, сыягы.
Күтө туралы.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Сабира Күмүшалиеванын жээн небереси микаэлди өлтүргөнбү?
2-бет
Зарина Хасанова:
"Аны менен өткөргөн убактыма өкүнбөйм"

3-бет
Микаэлдин айланасында…
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Дооронбек элине таарынып кетти"

6-бет
Аттестат жана диплом ээлери
8-бет
Тымызын турмушка чыккан Татьяна Арнтгольц
9-бет
Балам бактым, балам базарым...
10-бет
Богоктон көздүн формасы өзгөрөт
11-бет
Шумдугуң кур
12-бет
окумал
13-бет
Жаш балдарды жыныстык жактан тарбиялоо
15-бет
Обон почта
16-бет
Нурзат Садыкова, ырчы:
"ТАРБИЯң ЖАКШЫ ЭКЕН ДЕГЕН"











??.??