п»ї
 Таанышуу жарыясы


  шыр маек

Нурзат Садыкова, ырчы:
"Тарбияң жакшы экен деген"
Сапка тизилген каркыра-турнадай жаңы өнөрпоздор Айдын алдынан, Күндүн алдынан учуп өтүшөт. Алар кыргыздын ободогу өнөрканасына сапар тартып баратат. Кимиси жетет, ким калат… ал али алдыда. Ошондой улуу жарышта бараткан кыргыздын көз мончоктой бир кызын бакыт, ийгилик жылоолосун деп, ак тилек айтмакчыбыз.

- Кыргызда "сулуунун сузу жакшы" деген макал бар. Сиздин оюңузча сулуулардын "күлбөс кыз" болгону туурабы?
- Негизи, аялзаты ашыкча күлбөй, бир сырдуу болгону жакшы. Бирок, адамга жагар жылдызы болушу керек. Мисалы, мага бирөө менен саламдашып, же адамга жооп берип атканда күлүп-жайнап жооп берген айымдар жагат. Күндөлүк турмушунда, же сүйлөгөндө мостоюп жүргөн кыздар жан дүйнөсүндө жакшы адам болсо дагы, элге мерез көрүнүп калышы мүмкүн. Жадырап жүргөндөн кыз бузулуп кетпейт да. Бузула турган кыз мостоюп туруп деле бузула берет. Мени айтып калышат: "сен абдан олуттуу жүрөсүң" деп. А мен элдик ырларды аткаргандыктан негедир ырдап атканымда ошондой болуп калам. А турмушта дайыма жүзүмдү күлкү чайып, күлүп жүрөм.
- Мырзаларга озунуп "сүйөм" деп сезимиңизди билдире аласызбы?
- Ошо жагынан талантым жок. Кай бир кыздар жигиттердин жанында мүнөзүн өзгөртүп, назданып калмайы бар го. Мен анте албайм. "Кыз бурак" тобу менен 4-5 жолу бирге гастролго чыгып калдым. Акыркы жолу Көлгө барып чогуу эс алдык. Мен көлгө түшкөн жокмун. Ошондо Кенже Дүйшеева "Нурзат, сенин үнүң да жакшы. Байкап отурсам, тарбияң да жакшы экен" деген. Көрсө, сырттан караган кишиге билинет экен да.
- Көлгө эмнеге түшкөн жоксуз?
- Жакын адамдарымдын жанында гана түшпөсөм, башкалардын жанында ачыла бербейм.
- Нурзат айым, сизге жаш жигиттер жагабы же жашы улуу мырзаларбы?
- "Тең теңи менен, тезек кабы менен" дейт эмеспи. Мага картаңдар жакпайт. Жигит кыздан 6 жаш же андан кичине улуураак болгону туура деп ойлойм.
- Жашы өйдөлөгөн адам жаштыктын кадырын билет эмеспи. Жогоруда сөз кылгандай, чачы буурул мырзалар сүйүүсүн арнаган кездер болобу?
- Тойлордон таанышып, же телефонума чалып бирге тамактанууга сунуш кылгандар болот. Өзүм жаңы чыгып аткандан кийин элдин көзүнөн, сөзүнөн жазганып, андай жолугушууларга барбайм. Сактанып турам.
- Өң-келбетиңизге, бой-мүчөңүзгө тиешелүү байлыктан эмнени жоготкондон коркосуз?
- Бардык байлыгым аман болсо дейм. Алты саным аман болуп, кемибесе экен дейм. Ал эми жаштык, сулуулук мезгили жеткенде кайтат экен. Табият ушундай да. Жашы өткөн эжелер "жашың өткөн соң канчалык асем кийинип, сыйдалап боёнсоң деле жаш кездегидей жарашпайт экен" дегенин угуп ойлонуп калам.
- Талант менен татынакай өң-түс шайкеш келип турган мезгилде неге жалгыз жүрөсүз?
- Тагдыр ушул экен. Чынында эле бир туугандарың менен жүрсөң да бирдеме жетпегени билинет. Албетте жалгызсырайсың.Убакыт болсо өтүп баратат. Эми Алла Таалам бир жакшы адамды маңдайыма жазгандыр деп сабыр кылып жүрөм. Беш маал намаз окуганыма 6 ай болду.
Рахмат Нурзат. Бардык баштоолоруң да ийгилик болсун.
Афина Бакирова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Сабира Күмүшалиеванын жээн небереси микаэлди өлтүргөнбү?
2-бет
Зарина Хасанова:
"Аны менен өткөргөн убактыма өкүнбөйм"

3-бет
Микаэлдин айланасында…
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Дооронбек элине таарынып кетти"

6-бет
Аттестат жана диплом ээлери
8-бет
Тымызын турмушка чыккан Татьяна Арнтгольц
9-бет
Балам бактым, балам базарым...
10-бет
Богоктон көздүн формасы өзгөрөт
11-бет
Шумдугуң кур
12-бет
окумал
13-бет
Жаш балдарды жыныстык жактан тарбиялоо
15-бет
Обон почта
16-бет
Нурзат Садыкова, ырчы:
"ТАРБИЯң ЖАКШЫ ЭКЕН ДЕГЕН"











??.??