п»ї

  Сырмаек

Зарина Хасанова:
"Аны менен өткөргөн убактыма өкүнбөйм"
Шоу чөйрөсүндө алыпбаруучулук, ырчылык жөндөмүн көргөзүп келе жаткан ырчы кыз Зарина Хасанова учурда жаңы долбоордун үстүндө иштеп жаткан кези. Аракетчилдиги, тырышчаактыгы менен башкалардан кем калбай өз арабасын тартып, шоу чөйрөдө өз ордун тапкан Зарина менен маек курдук.

- Зарина, алгач маегибизди акыркы жаңылыктарыңдан баштасак?
- Учурда МузТВ каналынан чыга турган долбоордун үстүндө иштеп жатам. Буюрса бир жуманын ичинде телеге чыгуучу долбоор "Про Live с Зариной Хасановой" деп аталат. Өлкөбүздөгү белгилүү адамдардын эл билбеген жактарын, өнөрлөрүн алып чыгам. Долбоордун автору да, алыпбаруучусу да өзүм болгондуктан бир топ эле убактымды алып жатат. Каармандарды өзүм тандайм, монтажына көз салам, тартылуучу жайларды табам дегендей...
- Автордук берүүңдүн алгачкы каармандары ким болот?
- Эң алгачкылардан болуп Виктория Савченко тууралуу тарттым. Микаэлдин жаркын элесине арналган дагы бир берүүм даяр болду. Анын жакын досу катары ал жөнүндө берүүнү тартуу милдетим деп эсептейм. Микаэлди жакындан тааныган достору, сахналаштары ал жөнүндө эскерүүлөрүн айтышты. Тилекке каршы, туугандары берүүгө катышуудан баш тартышты. Эң алгачкы жолу он төрт жашында сахнага ырдап чыккан видеосун таптым, акыркы өткөргөн туулган күнүндөгү видеону коштум. Микаэлдин арабызда жок экенине азыр да ишенгим келбейт.
- Микаэль жөнүндөгү суук кабарды кимден уктуң?
- 31-март күнү кадимкидей эле үйдө телевизор көрүп отургам. Милиция кызматкерлери чалышып, Микаэлди кимдир-бирөөлөр үйүнөн өлтүрүп кетишкенин айтышты. Дароо "Эртең 1-апрелге карата уюшулган тамаша болуш керек" деген ой кетти. Тилекке каршы, чындык болуп чыкты. Баарынан да азыркы тапта Микаэлдин ошол кылмыш болгон жердеги сүрөтүн уюлдук телефондорго тартып алып, элдер ошол сүрөттү бири-бирине көчүрүп берип жаткандарына жиним келет. Менин оюмча бул акылга сыйбаган нерсе, кимдин телефонунда ошол сүрөт бар болсо өчүрүп салуусун суранат элем.
- Анын өлүмүнө түркүн ушактарды байланыштырып жатышат, сен жакын досу катары эмне дейт элең?
- Чын эле Микаэлди сыртынан бир-эки көргөн адамдар ар түрдүү сөздөрдү айта бериши мүмкүн. Ал эми мен Микаэль менен бир жылга жакын "Стиль" деген берүүнү алып бардым, башында экөөбүздүн мамилебиз көп келишпей бат-баттан эле урушуп-талаша берчүбүз. Кийин тескерисинче мамилебиз бир калыпка түшүп, жакшы достордон болуп кеттик. Микаэль камераны жакшы көрчү. Өзүн экрандан көргөндө же гезиттен окуганда кадимкидей сүйүнчү. Стилдүү кийимдерди тандап, мага да "бул кийим сага жарашат, мындай кийин" деген кеңештерин айтып турчу. Дүкөндөрдү кыдырып калып, эгер жанында акча жок болсо жаккан кийимди сатуучуга "катып коюңуз, эртең акчасын алып келип сатып кетем" дечү. Буюрса, автордук берүүмдө Микаэлге арналган чыгарылыш алгачкылардан болуп эфирге чыгат.
- Азыр долбоор менен чуркап жүрсөң чыгармачылыгың кантип жатат?
- Сүйүү жөнүндө ыр жаздырдым, дароо эле клип тарттырам деген пландар бар. Жардамчыларым бар, алар радиолорго ырларымды жеткирип жардам берип турушат. Жаңы жаздырган ырымдын аталышы азырынча белгисиз, бирок ыр мазмундуу, уккулуктуу болооруна шегим жок. Негизи эле сүйүү жөнүндөгү ырларга көп басым жасайм. Анткени сүйгөн адам эч убакта башка бирөөнө жамандык каалабайт. Сүйгөн адамыңан кол үзгөн күндө да ал сага жакшы ойдо калат, эгер ортодо чыныгы сүйүү болсо…
- Сүйүү жөнүндө берилип айтып жатканыңа караганда чоң сүйүүгө туш болгонсуң го?
- Ооба, жигитим бар болчу. Апрель айына чейин сүйлөшүп жүрдүк.Аны менен өткөргөн убактыма өкүнбөйм. Мен анын, ал менин оюмдагы адам эмес экенин түшүнгөндөн кийин бири-бирибизден кол үздүк. Азыр башым бош, изденүүнүн үстүндө жүрөм. Сүйүүсүн билдирген мырзалар бар, бирок көңүлүмө жакканын таппай жүрөм. Жаңы сүйүү жөнүндө чыга турган ырыма Бишкектеги белгилүү сүрөтчү Евгений Чистяков өзгөчө клип тартууну сунуштады. Чынында анын идеялары жакшы экен. Өткөндө өлкөгө таанымал адамдарды чакырып сүрөт көргөзмөсүн уюштуруп жатыптыр, мени да чакырганынан баргам. Негизи мурда фотосессияга барганда жакшы кийинип алып, болушунча жасанып барчумун да. Бул жолу да ошентип барсам, ал мага "Зарина, сен жөн эле сүрөткө түшө бербей кыйналган, жүрөгү ооруган адамдын образын жаратышың керек" деди. Чоң көйнөктү кийгизип, чачымды жайып, көзүмөн жаш агызам деп пияз сүйкөп, айтор, жыйынтыгында өзүмө жаккан образдуу сүрөткө түштүм. Буга чейин андай сүрөттөрүм жок болчу десем да болот.
- Продюсер менен иштешейин деген пландарың жокпу?
- Негизи бир ырчы менен атайын топ иштеши керек. Бирөө имиджи менен иштесе, бирөө костюмдары менен, бирөө концерттеги катышууларын уюштуруш керек дегендей…Менин чыгармачылыгыма ири суммадагы акча жумшап иштей турган продюсер болсо макул болмокмун. Продюсердин катышы көп болуп, кандай жер болбосун өзүнүн жөндөмү менен ийгиликтерди жарата билүүсү зарыл. Керектүү жерден "наглый" да болушу керек. Жогоруда мен санаган сапаты бар продюсерлер менин оюмча биздин өлкөдө жок.
- Алексей Филатовдун кыргызча Ералашына тартылам деп жүрдүң беле?
- Ооба, мага Алексей Ералашта мугалимдин ролун аткарууну сунуштады. Өзүмдүн көз айнек тагынып, чытыраган юбка кийген образды элестетип дароо макул болдум. Башынан эле Алексей менен чыгармачылыктан сырткары жакын достордонбуз, бат-бат жолугуп, пландарыбызды талкуулап бири-бирибизге кеп-кеңеш берип турабыз.
- Чыгармачыл адамдардан дагы кимдер менен доссуң?
- Мен табиятыман урушту жаман көргөн адаммын. Шоу-чөйрөсүндө жүргөндөрдүн баары менен дос мамиледе болбосом да саламым, көз карашым түз. Жакын досторум деп Макс Бегалиев, Аида Кулуева, Айя Садырованы айта алам. Айя менин кошунам болчу, турмушка чыккандан кийин көчүп кетти. Азыр убакыт тар болуп, баласын көрүп бара албай жатам.
- Кечелерди алыпбарып калчу элең, сунуштар дагы деле түшүп жатабы?
- Ооба,көбүнчө Кыргызбай Осмонов менен алып барып калдым. Ал кыргызча, мен орусча. Жалгыз алып барган мага алда канча ыңгайлуу сезилет. Анткени каалаган учурда оюмдагыдай сүйлөп, өзүмдү ээн-эркин сезем. Өнөктөш менен алып барганда анын сөзүн улап, оюн бузбаш керек болуп калат. Азыр чакыруулар болуп эле жатат. Өзгөчө майрам учурунда көп болот эмеспи, албетте майрамдарда бардык алыпбаруучулар сыяктуу эле мен да өз "ставкамды" бир аз көтөрүп коём.
- Ата-энең эмне менен алектенет? Чыгармачылыгыңды колдойбу?
- Апам Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте фортепианодон сабак берет. Атам убактылуу бош. Өзүм каражат жагынан эч кимге көз каранды эмесмин. Ата-энем акча жагынан чыгармачылыгыма жардам беришпейт. Бирок, апам жылуу сөздөрүн айтып турат, мени менен сыймыктанаарын сезем. Үйдөн ата-энем менен отурганда менин кылган иштеримди көп деле талкуулай бербейбиз. Өзүм деле үйгө уктаганы же тамактанганы же болбосо жуунганы эле барам. Калган убактымдын баары көчөдө жумуш менен өтөт.
А. Сабырова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Сабира Күмүшалиеванын жээн небереси микаэлди өлтүргөнбү?
2-бет
Зарина Хасанова:
"Аны менен өткөргөн убактыма өкүнбөйм"

3-бет
Микаэлдин айланасында…
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Дооронбек элине таарынып кетти"

6-бет
Аттестат жана диплом ээлери
8-бет
Тымызын турмушка чыккан Татьяна Арнтгольц
9-бет
Балам бактым, балам базарым...
10-бет
Богоктон көздүн формасы өзгөрөт
11-бет
Шумдугуң кур
12-бет
окумал
13-бет
Жаш балдарды жыныстык жактан тарбиялоо
15-бет
Обон почта
16-бет
Нурзат Садыкова, ырчы:
"ТАРБИЯң ЖАКШЫ ЭКЕН ДЕГЕН"











??.??