п»ї
 Таанышуу жарыясы


Микаэлдин айланасында…
Эстрада чөйрөсүндө Микаэль деген ысым менен таанымал шоумен Микаэлдин өлүмүнө байланышкан маалымат кечээ жакында борборду аралады. Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы кылмышка шектүү деп Эркин Турусбеков аттуу жигиттин атын атап, 24-майда камакка алган. Бирок, Эркиндин жакындары жана адвокаты "Эркин менен Микаэль 5 жылдан бери жакын достордон болуп келишкен. Анан кантип ал жакын досуна мындай мыкаачылык кылсын. Микаэлди өлтүргөн маалда Эркин дүкөндө соода кылып жүргөн. Бул анын башкы алибиси. Эркинди милициялар коркутуп-үркүтүп "өлтүрдүм" деп мойнуна алдырып, мажбурлашкан" деп, мындай түшкө кирбеген окуянын күнөөкөрү экенине макул эмес. Ал эми ШИИБдин начальниги Зарылбек Ырсалиев "Сот чечимин чыгарып, сот өкүмү болмоюнча биз аны кылмышкер дей албайбыз. Бирок шектүү катары айыпталып, бүгүн кармалып отурат. Анткени, Микаэлди Эркин Турусбеков өлтүргөнү тууралуу тикелей далилдер бар" дейт. .
Микаэль жана Турусбеков 5 жыл мурда таанышкан. Микаэль өлөөрдөн 2 күн мурун алар смс аркылуу бири-бирине таарынышкан, араздашканын смс жазышып-алышкан. Опер топ аны жүйөө кармап, Турусбековду ырчынын өлүмүнө шектүү деп табууда. Эркин Турусбеков Юридикалык академиянын кызматкери. Тектүү жердин баласы десек да болот. Апасы Нуржамал Рыскулова залкар таланттар Муратбек Рыскулов менен Сабира Күмүшалиеванын кызы. Ошондо Эркин эки ташкындаган таланттын жээн- небереси болот. Ушундай уулду кылмышкер деп айтуудан да айбыгат экенсиң. Ылайым Эркиндин жакындарынын жана адвокатынын айткандары чын чыгып, чыныгы кылмышкер өз жазасын алып, Эркин апасынын жанында болуусуна биз да тилектешпиз. ШИИБ бул кылмыштуу иштин жыйынтыгын эки айдан кийин толугу менен аягына чыгараарын эскерткен.




Евровидение жеңүүчүсү -немис кызы
"Евровидение-2010" конкурсу Норвегиянын борбору Ослодо болуп өтүп, быйыл бул сынакта 19 жаштагы германиялык ырчы Лена Мейер-Ландрут "Сателлит" деген ыры менен баш-байгени утуп алды. Бул - Германиянын "Евровидение" тарыхындагы экинчи утушу. Буга чейин 1982-жылы Николь деген ырчы да Германияга утуш алып келген.


Сынакка жалпысынан 25 мамлекеттин ырчылары катышкан. Өспүрүм кыз Лена конкурста жеңгенине көпкө чейин ишене албай турган. Добуштар саналып жаткан учурда бөлмөдө отургандардын баары мага: "Лена, биз жеңдик!", - деп кыйкыра башташты. Мен ага ишене албай турдум. Анткени добуштардын санагы бүтө элек болчу, - дейт ал. - Биз жеңебиз деп ойлогон эмесмин. Ошондуктан бул аябай башкача сезим болду" дейт ал. Лена өзү финалга өткөнгө чейин конкурска катышып жатканын досторунан да жашырып жүргөн экен. "Эгер мен сынактан чыгарылып калсам, досторум күлүп жүрүшпөсүн дедим", - деп. Немис кыздын жеңишин көптөр анын ырынын же үнүнүн өзгөчөлүгү менен эмес, жаш, энергиялуу, өтө динамикалуу аткаруусу менен байланыштырышууда.
Евровидениеге чейин дээрлик белгисиз ырчы ошентип заматта дүйнөгө атагы чыккансыды. Анткени бул конкурсту дүйнөдө миллиондогон адамдар көрөт. Былтыр, мисалы, Евровидение Москвада өткөндө аны телевизордон 125 млн.адам көргөн.
Экинчи, үчүнчү орундарды Түркия менен Румыниянын ырчылары алышты. Конкурстун алдынан көптөгөн сынчылар бул ирет Азербайжандан барган ырчы Сафура баш байгени утат деп ойлошкон. Анын аткаруусундагы "Drip-Drop" ыры сынчылардын купулуна толгон эле. Бирок, Сафура бешинчи орунду гана алды. "Евровидениенин" дагы бир күчтүү үндөрүнүн бири делген армениялык Ева болгону жетинчи орунга илинди.
"Евровидение" 1956-жылдан бери уюштурулуп келатат. Бирок, соңку экономикалык кризистин айынан анын бюджети бир аз кыскарды. Мисалы, былтыр Орусия аны өткөрүүгө 43 млн.доллар коротсо, быйыл Норвегия 32 млн.доллар сарптаган.




  Маалымат майданы

Үсөн Сыдыковдун үйү өрттөлдү
Мындан бир топ күн мурун "карт бөрү" Үсөн Сыдыковдун Кашка-Сууда жайгашкан шаар четиндеги үйүн мародерлор тоноп, өрттөп кетишкен. Анысы аз келгенсип короодогу кой-жылкыларынан өйдө айдап кетишкен. Ушундай эле көрүнүш "Акжолчу" экс-депутат Бегалы Наргозуевдин Арашандагы үйүндө кайталанаарда аман сактап калган. А бирок 8-апрелде "Россия" кинотеатрынын жанында жайгашкан офисин тоноп кетишкен. Ошол эле түнү автоматчан, маска тагынган адамдар "Көк-Жар" кичирайонунда жайгашкан үйүнө киришип тонойбуз деп аракет кылышкан. Анда да Бегалы мырза үйүн аман алып калган. Кыйын экен, эки үйүн тең канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай алып калган.




"Калыс Ордо" таза суу менен камсыздалды
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучусу Иса Өмүркулов Биринчи Май районунун башчысы А. Алиевге конуштардын элин таза суу менен камсыз кылуусун буюрган. 2005-жылы негизделген "Калыс Ордо" жаңы конушунда 8 миң адам жашайт. Беш жылдан бери таза сууну ар кайсы жактан ташып ичкен жергиликтүү элдин тилеги орундалып, Калыс-Ордо текши суу менен камсыздалышты. Эми Ленин районуна караштуу Ак-Өргө жаңы конушуна таза суу жеткирүү иши жергиликтүү башчыларга дайындалды.




Дүйнөнүн 29 өлкөсүндө 16 113 кыргыз жараны жашайт
Расмий маалыматтарга ылайык, дүйнөнүн 29 өлкөсүндө 16 113 кыргыз жараны жашайт экен. Муну Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакпаев кечээги Убактылуу өкмөттүн кеңейтилген жыйынында өзү айтты.



Ош шаары футбол судьясы Б.Кочкоровду Түштүк Африкага узатты
Кечээ Кыргызстандан Бахтияр Кочкоровду Түштүк Африкада өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына калыстык кылып баруусуна колдоо көрсөтүп, Ош шаарынын вице-мэри Бакыт Аманбаев ак жол каалап узатты. Бахтияр Кочкоров 1970-жылы Ош шаарында туулган. Ал спорт жаатында жетишкен ийгиликтеринен улам, 2001-жылы Японияда болгон 16 жашка чейинки балдардын Азия боюнча чемпионатына калыстык кылууга чакырылган. Андан бери Түштүк Кореяда, Канадада, Нигерияда жана башка мамлекеттерде футболдук оюндарда калыстык кылып келген. Эми минтип Африкага бет алды. Эскерте кетсек, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат ушул жылдын 11-июнунда башталат.




Башмыйзам долбоорунун үч тилдеги 1,5 млн. көчүрмөсү даярдалат
Убактылуу өкмөт мүчөсү Өмүрбек Текебаев кечээги УӨ жыйынында, Конституциялык кеңешменин 57 мүчөсү аймактарга калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн барышат деп айтты. Ал үчүн 25 автобус даярдалган. Башмыйзамдын долбоорунун 1,5 млн. көчүрмөсү орус, кыргыз, өзбек тилинде даярдалат жана негизги мыйзамга 300 миң комментарий даяр болот. Ички жана тышкы миграцияны эске алып, шайлоочулардын так тизмесин түзүү максатында ар бир үй-бүлөгө 200 миң анкета таратылат, ага үй-бүлө башчысы өзүнүн жакындарынын белгилерин жана азыркы турган жерин киргизет. Буга ылайык, каттоодон сырткары жашаган жарандар шайлоочулардын өзүнчө тизмесине киргизилет, деп билдирди УӨ басма сөз кызматы.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Сабира Күмүшалиеванын жээн небереси микаэлди өлтүргөнбү?
2-бет
Зарина Хасанова:
"Аны менен өткөргөн убактыма өкүнбөйм"

3-бет
Микаэлдин айланасында…
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Дооронбек элине таарынып кетти"

6-бет
Аттестат жана диплом ээлери
8-бет
Тымызын турмушка чыккан Татьяна Арнтгольц
9-бет
Балам бактым, балам базарым...
10-бет
Богоктон көздүн формасы өзгөрөт
11-бет
Шумдугуң кур
12-бет
окумал
13-бет
Жаш балдарды жыныстык жактан тарбиялоо
15-бет
Обон почта
16-бет
Нурзат Садыкова, ырчы:
"ТАРБИЯң ЖАКШЫ ЭКЕН ДЕГЕН"











??.??