"Ударный" ушактар
Редакциябыздын
"Кат куржунуна" көп каттар келип түшөт. "Уккан кулакта жазык жок" дегендей, окурмандарыбыздын кулагы чалып калган "ударный ушактарына" жооп алуу максатында керектүү адамдарга кайрылдык.

"Турусбек Мамашов менен Сюита Соурбаева үйлөнөбү?"
Туризм агенттигинин жетекчиси Турусбек Мамашов жакында үйлөнөөрү тууралуу гезит беттеринен окуп калдым. Турусбек байкенин ала турган келинчеги Ала-Тоо маалымат-аналитикалык программасынын мурдагы продюсери, журналист Сюита Соурбаева экен деп да кулагым чалып калды. Эгер чын болсо экөөнүн жаш айырмасы бир топ болуп калат го. Ушул боюнча билип бериңиздерчи. 0700041ххх.


"Ал чиновник, мен журналист катары мамилебиз жакшы"
- Турусбек Чукуевич экөөбүздүн мамилебиз адам катары жакшы. Ал киши министр болуп турганда, азыр деле ал чиновник, мен журналист катары сүйлөшөбүз. Турусбек байке кээде мени "досум" деп калат. Мен ал кишини сыйлайм, ал да мени сыйлайт. Болгон мамилебиз ошондой. Ортобузда "андай" тууралуу сөз болгон эмес жана болбойт дагы.


"Дүйшөн Байдөбөтов жаш кызга кетип калыптыр дейби?"
Белгилүү актёр Дүйшөн Байдөбөтов карыганда чын сүйүүгө жолугуп, өзүнөн бир топ жаш кичүү кызга үйлөнүп алыптыр деген сөздөр жүрүп жатат. Анан дагы Дүйшөн байке өз үйүнөн чыгып кетиптир дейт. Чын же калп экенин билип берсеңиздер жакшы болот эле. Бишкектен Айка.
Дүйшөн Байдөбөтов: "Анын кандай иши бар экен?!"
- Мен ойго түшөмбү же тоого чыгамбы анын кандай иши бар экен?! Мен үй-бүлөм менен эле жакшынакай жашап жатам. Экинчи мындай сөздү ал да укпасын, мен да укпайын!




Жылдыздар кеңеш беришет
Турмуштун ар кыл сыноолоруна тушуккан, ар кандай тагдыр ээлери гезитибиздин "Жылдыздар кеңеш беришет" рубрикасына кеңеш сурап кайрылышып, келген каттардын саны көбөйгөндөн көйбөйүүдө. Каттарга көз жүгүртүп отуруп, Фарида аттуу кыздын жазганын сууруп чыктык.


"Жигитим мени алдап, качып кетти"
Жамал Сейдакматова: "Андай бала менен турмуш куруп калбаганыңа сүйүнө бер"
- Фарида, бул жерде абдан чоң ката кетиргенсиң. Сен тескерисинче андай бала менен бир турмуш куруп калбаганыңа сүйүнө бер. Ал баары бир кудайдын алдында жооп берет. Бул сага сабак болуп калат. Мындан кийин ушуга окшошкон каталарды кетирбейсиң. Сенин бактыңа мындан да жакшы жигиттер туш болот, камсанаба. Болгон маселенин баарын унутуп, жаңы жашоо башта. Жаш кезде мындай билбей калган катачылыктар боло берет.

Клара Алибекова:
"Качып кеткени жаман болуптур"
- Бул жерде Фаридада күнөө жок экен. Кайраттын качып кеткени жаман болуптур. Бирок, антейин десең, бул жашоодо бир эле Кайрат калган жок да туурабы? Фарида, сенин маңдайыңа Кайраттан да мыкты, түшүнүктүү жигит жолугат. Эч нерседен кам санаба. Азыркы күндө сеникине окшошкон көйгөйлөр толтура. Эң башкысы сен жаман жакка өзгөрбөй, түз жүрсөң баары сен ойлогондой болот.

Кубик Калыков:
"Жүрү деген жакка кете бербеш керек "
- Мындай учурда кыздардын өздөрүнө "Жүрү" деген жакка эле кете бербеш керек деп айтмакмын. Бул жеңил ойлуулук. Ошон үчүн бир жерге бараарда ата-эненин уруксаты менен барыш керек. Эми эч кандай далил жок. Убакыт өткөн нерсени кайра ырбаткан пайдасыз эле болот. Сотко берип, тиги баланы "шантаж" кылып турмуш куруп алса, кийинкиси жаман болуп калат. Азыр ойго келбеген нерсе боло турган заман болбодубу. Фариданын маселеси азыркы учурда чоң көйгөй эмес. Кудайга шүгүр, медицина жетишкен. Өзүңдүн сырыңды ар кимге айткандан көрө, Кайраттын күнөөсүн кудайга коюп, өз ишиңди кыла бер. Эгерде сени чындап сүйгөн болсо, кийин деле келет.

Дилшат Кангелдиева:
"Сотко берип коюш керек"
- Мындайды жоопкерчиликсиз деп коёт. Кайрат ошончолук мыкаачылыкка барса, сотко берип коюш керек. Фарида ушинтип эле калып калмак беле? Кийин салтты кармаган жерге турмушка чыгып калсаң, жаман көрүшү мүмкүн. Бирок, "андайга" көп деле маани бербегендер бар. Эмнеси болсо да ушуну менен жашоо бүтүп калбайт. Мындан ары жакшы жолдо жүрсө кудай берээрин унутпасын.


Атым Фарида. Мындан бир жыл мурун менден төрт жаш улуу Кайрат деген бала менен таанышып, бир көргөндө эле ага арбалдым да калдым. Бир күн көрбөй калсам, жанымда жашаган кыздардан жинимди чыгарып, алар менен урушуп кетчүмүн. Бара-бара Кайратка абдан көнө баштадым. Менин көңүлүмдү алып бир күнү кыпкызыл роза гүлүн, бир күнү дагы бир нерсе көтөрүп келип жүрдү. Мени эркелетип, "Сенсиз жашай албайм жаным… Мен сени сүйөм… Жакында үйлөнөбүз… Бактылуу жашайбыз… Апам менен тааныштырам…" деген сөздөрдү дайыма айта берчү. Бир майрамда мени конокко чакырып калды. Барсам экөөбүздөн башка эч ким жок экен. Суусундук ичип отургам, андан кийинкиси эсимде жок. Көрсө, Кайрат сокко уктаткандын дарысын кошуп коюптур. Эртең менен турсам белим ооруп, кыймылдай албай калыптырмын. Башымды араң дегенде көтөрүп турдум. "Кыздыгыңды апамдар эч нерсе дебейт. Кечинде кармана албай калдым. Бир айдан кийин үйлөнөбүз. Мен шаарга барып даярданып келейин" деп Оштон Бишкеке кеткен боюнча дайыны жок. Кайратты сагынып, кусаланып жүргөн күндөрдүн биринде мага бир кыз чалып: "Чоң кыз, мен Кайраттын кудалашып койгон кызымын" деп өзүн тааныштырганда, көзүм караңгылашып, өзүмдү араң карманып калдым. Ары ойлондум, бери ойлондум, анан Кайратка чалып: "Мени алдап жүргөнүң үчүн сотко берем!" деп телефондон кыйкырдым. Ошол боюнча мага жолуга элек. Келечегимди ойлоп алып, тумандан башканы көрбөйм. Эмне кылам?


P.S. Эгерде сиздин да айта турган сөзүңүз болсо obonkg@mail.ru электрондук дарегине кат жазып, же болбосо, (0312) 44-98-21 телефонуна байланышка чыксаңыз болот. Биз сизге кыргыздын белгилүү жылдыздарынан кеп-кеңеш алып берүүгө дайым даярбыз.


Төлөбүбү
Касымалиева