п»ї

  Улуулар унутулбайт

Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Дооронбек элине таарынып кетти"
"...Күйөөң-дүн кежирдиги ай, ошондо макул болгондо эстелик болуп калбайт беле" деп ыйлады.
28-майда кыргыздын чыгаан уулу, көп кырдуу талант, Кыргызстандын маданияты менен коомдук -саясий иштерине опол тоодой салым кошкон кайталангыс инсан Дооронбек Садырбаевдин дүйнө салганына эки жыл толуп, учурдагы Убактылуу Өкмөт Дооронбек Садырбаевдин эскерүү кечесин ошол эле күнү 28-майда кечки саат төрттө Т. Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өткөрүп, ага Доке менен катар жүргөн кино ишмерлери, маданият ишмерлери, акын-жазуучулар, коомдук ишмерлер, мамлекеттик кызматкерлер катышышты. Иш чарага Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Исаковна да катышып сөз сүйлөдү. Эскерүү иш-чарасынын уландысы катары 30-майда жекшембиде кичи мекени - Ноокен районунун борбору Масы кыштагында ашы өткөрүлүп, куран окулуп жыйынтыкталды. Замандаштары Дооронбек Садырбаевдин адамгерчилик, калыстык, аксакалдык жана көкжалдык бийик сапаттарын кыйлага эскеришти. Бирок, канчалык Докени "билебиз" дебейли, аны бир чатырдын астында 47 жыл бирге өмүр сүргөн жубайы Сонунбү эжедей эч кимибиз жакшы билбесек керек. Мындан эки жыл мурун Доке дүйнө салганына кырк күн толгондон кийин Сонунбү эжеден интервью алган элем. Бүтүндөй кыргыз Докени эскерип турганда Сонунбү эже менен болгон ошол баарлашууну кайрадан назарыңызга салып отурам, окурман.


- Эже, Дооронбек агай өзүнүн кетээрин сезген дешет. Сиз дайыма жанында болгон жакын адамы катары бул жөнүндө эмнелерди айтат элеңиз?
- Эки жыл мурда 2006-жылы 4-октярбда тамакка ууланган (отравление). Ошол күнү жумуштан абдан чарчаңкы абалда келди. Аңгыча жездем өтүп кеткендиги тууралуу кабар келип, мен шашылыш кетип жатып "Эртең жакшы болуп каласың, топурак салганга бар" десем, макул болуп калган. Эртеси өлгөндө балам Зарылбек өзү эле жүрөт. Жөн келбей койбойт эле деп, дароо үйгө жөнөдүк. Келсек Доорош дем ала албай калыптыр. Ооруканага алып барсак, өпкөсүнө суук тийиптир дешти. Каны да 3 миллион эритроцитке түшүп кетиптир деп кан куюшту. Убагында эч ким билген жок, бирок, Эрнст Акрамов "ууланыптыр" деп айткандан кийин ашказанын текшертсек, 3-4 тешик пайда болуп калыптыр. Жакшылап сурасам "Таластан балдар келип, алар менен ашканага кирип тамак ичкем" деди. Ошентип, ооруканада бир ай дарыланды. Чыкканда эле 20 жылга карып чыкты. Эч нерсеге алы жок. Ар кайсы жерине сыздоок чыга берди. Бул организмдин алсыздыгынан кабар берет да. Өзү да сезгендей "Байбиче, өлбөстү Кудай жаратпайт, сынбасты уста жаратпайт, мен жакында кетет окшойм, сен неберебиз Шерболот үйлөнгөнчө туруп тур, экөөбүз Кудай менен контракт түзүп алалы" деп калчу. "Ар кайсыны айтпай, андан көрө кайра ооруканага жат" десем, Шерболоттун балдар бакчасындагы кечесине катышып анан жатам деп болбой койбодубу. Тамашалап "Кемпир, мен өлгөндө менин жетилигимди өткөрүп эле жаныма келип кал" дегенинде, "Кой кыркылыгыңды өткөрүп барайын" десем, "А мейлиң" деп, "А ашыңды менчелик ким өткөрөт" десем, "Сен жөн койсо улам эле нары жылдырып жатасың да" деп каткырып калат эле. Өлүм экөөбүздү бөлүп, минтип асманым кулап жалгыз калаарымды кайдан билдим (ыйлап). Мен аны катуу сүйчү элем да. Көрсө, олуям баарын билип, сезип турчу турбайбы.

"Мага десе көлүн чөмүчтөп сатышсын"
- Балким саясатка аралашпай, чыгармачылык жол менен жүрө бергенде мындай болбойт беле..?
- Азыр мен акыл калчап ойлонуп көрсөм ал чарчаптыр. Чарчады да, андан ары жашай албай калды. Анан элине катуу таарынды. Өзгөчө Ысык-Көлдөгү жөө жүрүштөн абдан таарынып келди. "Аңкылдаган аялдар астыбыздан чыгып "Сатсак өзүбүздүн жерди сатып жатабыз, силер өз жериңерге баргыла" деп кубалашты. Шерниязовго Таласка, Текебаевге Базар-Коргонго, Бекназаровго Аксыга баргыла, булар мага десе көлүн чөмүчтөп сатышсын дедим. Ушундай да 100 грамм аракка жерин саткан эл болобу? Ушунун баарына короткон кайран менин энергиям. Сенин тилиңди алып эле Турцияда калып калсам, канча деген чыгарма жаратмак экенмин" деп катуу кейиди.
1989-жылы Турцияда иштеди. 1990-жылы Кыргызстанга учурашканы келди. Ата-энесине куран окуталы деп туулган айылына баратсак, жолдогу кырка кыйылган карагайларды көрүп "Бияк эмне болуп калган?" деп менден сурап жатпайбы. Балам экөөбүз бул жерде калган элек. "Азыр колхоз-совхоз тарап, чоңдор алынын жетишинче баарын талап-тоноп жатышат. Баягы клуб деген жок" деп айтып кирсем эле "Кой, менин тиги жакта жүргөнүм арзыбайт. Мен келишим керек" деди. Мен "Жаңы эле кетип, келем дегениң кандай. Кыйналабыз" десем, "Жылдардын бир жылдарында кыргыздын азаматтары чыгып, убагында кыргыздын уулдары Садырбаев менен Океев Турцияда, Айтматов Бельгияда жанын багып, кыргызга эч нерсе кылышкан эмес" десе эмне болот? Элим кандай күн көрсө, мен да ошо күндү көрөм, элиме колумдан келишинче, алымдын жетишинче жардам берем" деп көгөрүп келип алган.
Кийинки учурларда КТРдин журналисттерине да таарынып, интервью бербей жүрдү. Бир күнү Тамара Жаманбаева өзү чалып "Телевидениенин 50 жылдыгына карата интервью алалы" десе, ага да "Бербейм, мен силерден чарчадым" деп болбой койду. Ушунчалык катуу таарыныптыр, болбосо Тамара экөө карьерасын бир мезгилде чогуу баштаган, жакшы санаалаш, замандаш эле да. Каза болгондо Тамара келип "Күйөөңдүн кежирдиги ай, ошондо макул болгондо эстелик болуп калбайт беле" деп ыйлады.

"Мен Ала-Арчага коюлсам, кийин сага ал жактан жер бербейт"
- Сизге абдан кыйын болоорун билип турсам да, Дооронбек агайдын өмүр менен кош айтышкан акыркы күнүн сурагым келип турат…
- Биртууган эжемдин көзү өтүп кетти. "Мен эшикте көпкө туралбайм, сен өзүң эле барып келчи" десе тултуйган боюнча кеткем. Үйгө келсем отуруптур. Чарчап келип, бир аз кыйшая турайын деп уктап кетиптирмин. "Кемпир, мен өлөт окшойм" дегенин угуп, жүрөгүм "шуу" дей түштү. Турсам, столдун үстү кыпкызыл. Биринчи боек төгүп алган го дедим. Колу кыбырап жөн турчу эмес, отуруп алып үтүктү, узарткычтарды оңдоп, дагы майда-чүйдө бир нерселерди жасай берчү. "Мен азыр минтип оңдоп койбосом, Зарылбек сени 10 жолу айттырып анан жасайт" десе, "Антип айтпа, эмнеге Зарылбек жасайт экен, өзүң эле жасайсың" деп урушчу элем. Столду жакын келип карасам кан. Таштекти тоссом, 2-3 литрдей кан кусуп жиберди. "Мен ушундай болуп турсам, сен эжеме барбайт деп таарындың ээ" деди. "Койчу, ага таарынган жокмун, экөөбүз анын жашына жетеличи" деп эле айламды таппай калдым. Өзүнүн, менин кийимим бүт кан болду. Кошуналар келишип, жөлөп-таяп, тез жардамды чакырсак, күткүлө дешти. Аңгыча балам Зарылбек келип, анын машинасына салдык дагы Чүй облустук ооруканасына жөнөдүк. Өзү Акрамовго алып баргыла деди. Жолду катар "Байбиче, мен сага абдан ыраазымын. 47 жыл бирге жашадык. Мас болуп сени урган жокмун. Башка аялдар менен жүрүп, сенин ичиңди күйгүзгөн жокмун. Бирок, аябай бай кылган жокмун. Сен мага ыраазысыңбы?" деп сурады, "Менин байлыгым сенсиң, оорусаң эле ушинте бергениң жаман" десем, "Ыраазымын деп айтчы, өз кулагым менен угайын" деди. "Ыраазымын, мен эркелеп жашадым" деген сөзүмдү угуп, баласына сүйлөгөнгө өттү. "Балам, апаңды капа кылба. Менин эч кимге карызым жок. Мен өлгөндөн кийин атамдын кимге карызы бар эле деп элден коркпой эле сура" деген насааттарын айтып жатты. Анан "Байбиче, экөөбүзгө Байтиктен эле жер ал. Эгерде мен Ала-Арчага коюлсам, кийин сага ал жактан жер бербейт. Беребиз дешсе да ишенбе, алар бүгүн айтканын эртең танып кетишет. Экөөбүз өлсөк да бир жерге жаталы. Анан театрларга алып барба" деп керээзин айтты. Ооруканада Акрамов бар экенин укканда "Анда ичээр суум бар экен" деп кайра үмүттөнүп калды. Кан куюш керек болуп, донорлорду чогултуп келдик. Канын саткандар жалаң жаштар экен. Өзү араң жатат да "Байкуштар канын сатып оокат кылып жатышкан тура, турмуштун жамандыгынан ушинтип жатышат да" деп кейип коет.
Уктабай жүрүп чарчанымды байкап, "Кемпир, эки күн чыда-аа" деп коет. 28-майда Акрамов "Операция кылабыз, анализдеринин жыйынтыгын алып кел" деп жиберди. Кайра келгенимде палатада эч ким жок. Издеп жүрсөм, Акрамов астыман чыкты. Тимеле ийиндери түшкөн…башкача болуп турду. Көрсө мага угуза албай жатыптыр. Өзү да аябай ыйлады деп айтышты. Ошентип, каран күн түштү да калды. Аркасында айла жок эле калдым.
(Маек башталгандан тартып эле көзүнөн салаалап аккан жашын тыя албаган Сонунбү эже баарын элестетип жаткандай көзүн ачпастан жуумп алып айтып берип жатты).
(Уландысы бар)

Эльмира Мадиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Сабира Күмүшалиеванын жээн небереси микаэлди өлтүргөнбү?
2-бет
Зарина Хасанова:
"Аны менен өткөргөн убактыма өкүнбөйм"

3-бет
Микаэлдин айланасында…
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Дооронбек элине таарынып кетти"

6-бет
Аттестат жана диплом ээлери
8-бет
Тымызын турмушка чыккан Татьяна Арнтгольц
9-бет
Балам бактым, балам базарым...
10-бет
Богоктон көздүн формасы өзгөрөт
11-бет
Шумдугуң кур
12-бет
окумал
13-бет
Жаш балдарды жыныстык жактан тарбиялоо
15-бет
Обон почта
16-бет
Нурзат Садыкова, ырчы:
"ТАРБИЯң ЖАКШЫ ЭКЕН ДЕГЕН"











??.??