п»ї

  Ак жол сага бүтүрүүчү!

Аттестат жана диплом ээлери
Билимге суусап турган мектеп бүтүрүүчүлөрү ар кайсы кесипти тандоо менен жогорку окуу жайына бет алышат. Биздин таланттуу ырчы улан-кыздарыбыздын кээ бири мектепти жаңы бүтүрүп жатса, бири колуна диплом кармап, сүйүнгөн чагы. Алардын алдыга койгон максаттары туурасында сөз кылып, кубанычы менен тең бөлүштүк.


Жаш болсо дагы көп ийгиликтерди багындырып, оригиналдуу үнү менен өзгөчөлөнгөн ырчы Омар бүтүрүүчүлөрдүн катарында. Кандайча деп таңкалып жатсаңыз, Бостондогу "Geos school" мектебиндеги окуусун быйыл июлдун аягында бүтүрүп, Кыргызстанга бет алат. Англис тилинде эркин сүйлөп, билимин кеңейтип, чыгармачылыгы боюнча тажрыйба топтогон ырчы эми өз мекенине келип жаңы стилдеги ырлары менен күйөрмандарын кубантат.


Жаңыдан жанданып келе жаткан жаш ырчы Светлана БГУ нун бүтүрүүчүсү. Ырчы кыз журналисттик кесипти аркалагандыктан чыгармачылык менен өз кесибин чогуу алып кетем деп ишенет. "НБТ жана Коомдук каналдан жаңы долбоорлор ачылып, "Алыпбаруучу болуп бер"деген сунуштар түшүп жатат. Бирок, тилекке каршы дипломдук ишимди жазып жатканыма байланыштуу жана гастролдорго көп чыккандыктан алардан убактылуу баш тартууга туура келди" - деп билдирди. Окуусун аяктагандан кийин билек түрүп, чыгармачылыгы менен алек болуп, 4 жылдык билимин эми иш жүзүнө ашырууга аракеттенмекчи.


Көпчүлүк жигиттердин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон Кундуз быйыл КУУ нун "Экономика" бөлүмүндө 5-курсту аяктоодо. "Студенттик күндөрүмдү эч унутпайм го, чыгармачылыгыма байланыштуу сабагымды көп калтыргандыктан, сессия убагында мугалимдин аркасынан самсаалап, жүгүргөн күндөрүмчү, бирок баары артта калды, мугалимдерге ыраазымын" -дейт жаш ырчы. Борбордогу банктардын биринде практикада жүргөн ырчы кыз эми чыныгы банк кызматкери болуп чыгаар. Чыгармачылыкты артка калтырбай, жаңы ырларды жаратуу менен талантымды өркүндөтүүгө аракет кылам деген максат менен кудуңдап, сүйүнүп жүргөн кези.


"Кыз-Бурак" тобунун эрке кызы Сайкал Садыбакасова быйыл мектептин босогосун аттап, колуна аттестат алган учуру. Мектепти жаңы эле аяктаса дагы студенттердин баркын жакшы билет. Анткени ырчы кыз тогузунчу класстын базасы менен Оштогу КМЮА нын алдындагы колледжге тапшырып, быйыл 2-курсту аяктады. "Мен үчүн мектепти бүтүрүү бир четинен кубанычтуу болсо, бир жагынан өкүнүчтүү. Анткени мектеп убактысын кайра кайтарып келүү мүмкүн эмес. Ал эми кубанычтуусу алдыга койгон максаттарыңды ишке ашырууга, билимиңди жогорулатууга дагы жакшы мүмкүнчүлүктөр жана жаңы жолдор ачылуусунда" - дейт жаш ырчы. Эми окуусун улантуу менен бирге чыгармачылыгын дагы өркүндөтмөкчү.


Тармал чачтуу ырчы жигит Азат Болотбек дагы бүтүрүүчү, тактап айтканда Улуттук Университетинин "финансы кредит банк" бөлүмүндө окуусун аяктоодо. Учурда Азат мамлекеттик экзамендерге кызуу даярданып жаткан кези. "Буюрса баардыгын бүтүргөн соң, жайкы эс алуудан кийин өз кесибим менен ишке кирүүнү пландап жатам, карьераны өркүндөтүп, өстүрүүгө эми убакыт келди, ал эми чыгармачылыгым өз агымы менен улана берет. Жаңы ырларды жаратып, клиптерди тарттырууну дагы унуткан жокмун" - дейт жаш жигит.




  Бир собол:

Кайсы жогорку окуу
жайынын билим берүүсү сапаттуу?

Базарбай, 40 жашта ишкер.
- Азыркы жаштар билимдин сапатына карабай, окуу жайдын кадыр-баркына карашат экен. Айтканда алар үчүн сыймык болушу керек экен да. Ал эми И.Арабаев университетинин кадыр баркы аз болсо да, билим жагынан сапаттуу. Анын диплому башка мамлекеттерде абдан баалуу болуп эсептелинет экен.

Рахат, 21 жашта студент.
- Кыргыз Техникалык Университетинде сапаттуу билим беришет деп ойлойм. Анткени студенттердин 80% өздөрүнүн күчү менен чуркап жүрүп окушат. Акча менен бүтүрөм деген студенттер аз. Себеби мугалимдердин койгон талаптары катуу.

Нуржамал, 45 жашта сатуучу.
- Мен бир дагы жогорку окуу жайын сапаттуу билим берет деп айта албайм. Кайсыл жерге барба тааныш, билиш. Анан акчаң болсо, бир эмес, көп диплом алсаң болот.

Асель, 21 жашта журналист.
- БГУ билим берүү жагынан сапаттуу деп айта алам. Анткени ал жерде мыкты профессор, академиктер эмгектенишет. Канчалаган белгилүү инсандар, күчтүү саясатчылар дагы БГУну бүтүрүшкөн. Бул университеттин деңгээлин билдирип жатат десек болот да.

Адыл, 45 жашта геолог.
- Борбор Азиядагы Америкалык университетинин билим берүүсү сапаттуу деп ойлойм. Анткени алар бир гана билим жагынан эмес, тарбияны дагы бекем кармашат. Чет мамлекеттен окуп келип, бул жерден иштешет. Биздин жаштар үчүн тажрыйба алмашуу жакшы.

Гүлнара, 50 жашта пенсионер.
- Азыркы учурда кичине кесиптик окуу жайлардан билим алса, кийин татыктуу ишти бат эле табууга болот. Көпчүлүк жаштар азыр өзүнүн кесиби менен эмес иштеп жүрүшпөйбү. Кээ бирөө такыр иши жок жүрөт. Бардык окуу жайларда юристтер менен экономисттер толуп кетсе анан кайдагы сапаттуу билим алмак эле.

Наргиза, 20 жашта студент.
- Азыр жогорку окуу жай деп убара болбостон кичине окууларга умтулуш керек экен. Чоң окуу жайларды бүтүп алып иш таппай жүргөн жаштар көп. Азыр алардын сапаттуу билим алганына карабайт экен да. Болгону өзүңдүн шыгыңа карап, иш таап, наныңды таап, жан багуу заман болуп калбадыбы.

Акмөөр, 24 жашта тарбиячы.
- Сапаты жагынан мен Орус-Славян университетин айтам. Анткени ал жерде эки диплом бергендиктен студенттер дагы тырышып окушат. Чет мамлекеттерден окуп келген билимдүү, тажрыйбалуу мугалимдер иштешет. Мен аларга жогорку баа берет элем.

Кыял, 52 жашта пенсионер.
- Бардык окуу жайлардын өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Аларда билимдүү профессорлор, окутуучулар иштешет. Бирөөнү жакшы, калганын начар деп айткандан алысмын. Ар бир университет бир тарапка басым кылып билим беришет да.

Айпери, 19 жашта студент.
- Манас университети сапаттуу билим берет деп ойлойм. Анткени Манасты бүтүргөн студенттерди да ишке дароо эле алышат экен. Бул анын билим жагынан сапаттуу экенинин билдирип жатпайбы.

Нургүл Ибраева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
1-июнь, 2010-ж.:
1-бет
Сабира Күмүшалиеванын жээн небереси микаэлди өлтүргөнбү?
2-бет
Зарина Хасанова:
"Аны менен өткөргөн убактыма өкүнбөйм"

3-бет
Микаэлдин айланасында…
4-бет
"Ударный" ушактар
5-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Дооронбек элине таарынып кетти"

6-бет
Аттестат жана диплом ээлери
8-бет
Тымызын турмушка чыккан Татьяна Арнтгольц
9-бет
Балам бактым, балам базарым...
10-бет
Богоктон көздүн формасы өзгөрөт
11-бет
Шумдугуң кур
12-бет
окумал
13-бет
Жаш балдарды жыныстык жактан тарбиялоо
15-бет
Обон почта
16-бет
Нурзат Садыкова, ырчы:
"ТАРБИЯң ЖАКШЫ ЭКЕН ДЕГЕН"











??.??