Атайын репортаж

Балам бактым, балам базарым...
1-июнду кантип майрамдатасыз?
1-Июнь. Бул күнү бир гана бөбөктөр жыргабастан, алар менен кошулуп ата-энелер да майрамдык шаңга күбө болушат эмеспи. Кыргызда "Канча байлыгың бар?" дебестен, "Канча балаң бар?"деп бекеринен сурабаса керек. Анын сыңарындай, биздин келечегибиз, биздин байлыгыбыз болгон балдардын майрамынын урматына атайын репортаж уюштуруп, эл оозуна алынып калган белгилүүлөрдү кепке тарттык.


Сьездбек Искеналиев:
"Балдар үчүн жашайбыз да"
- Жайдын биринчи күнүн балдардын майрамы кылып койгонуна ыраазымын. Себеби, баарыбыз эле балдар үчүн жашайбыз да. Бүгүн мен дагы кызым Даткайымды ээрчитип паркка келгем. Абдан жакшы эс алып жатабыз. Кызымдын көңүлү көтөрүлсө, кызым жыргаса, менин жыргаганым ошол.


Кундуз Авашова, ди-джей: "Биз дагы майрамдык шаңга кошулабыз"
- 1-Июнь күнү башка ата-энелер сыяктуу эле биз дагы балдарыбызга жакшы көңүл бурабыз. Улуу кызым Сайкал он төрт жашка чыкса, Алишахка беш ай толду. Кызыбыз чоңоюп калгандыктан туугандарыбыздын кыздары менен киного, паркка барып өзүнчө эс алышат. А биз Алишахты сүрөткө, видеого тартып, көчөдөгү майрамдык шаңга кошулабыз.


Гүлнара Кахарова, ырчы:
"Майрам балдардын эсинде калышын каалайм"
- Негизи 1-Июнду балдарга арнап, майрам кылып койгону туура болгон. Анткени, балдар биздин келечегибиз да. Бул майрамды балдарым чыдамсыздык менен күтөт. Балдар күтүп жаткандан кийин айлаң жок да, биз дагы күтөбүз. Былтыр бул майрамда концертте болуп калып, балдарды атасы жалгыз эс алдырган эле, быйыл минтип экөөбүз тең көңүлдөрүн алып жатабыз. Бирок, 1-Июнь күнү балдарды паркка алып келбейбиз. Анткени, ал күнү паркка эл аябагандай көп болот. Ошондуктан көбүнчө майрамга бир-эки күн калганда, эл аз кезинде ойнотуп кетебиз. Анткени, майрам балдардын эсинде кала тургандай өтүшүн каалайм.


Мырза Айдаралиев:
"Аябай баласаакмын"
- Биз союз убагында чоңойгондуктан бала кезибизде 1-Июнь эмне экенин билген эмеспиз. Талаада иштечүбүз. Кийин студент болгондо деле бул майрамга маани берчү эмес экенбиз. Балалуу болгондон кийин минтип парк аралап, алардын майрамын шылтоолоп өзүбүз кошо эс алуудабыз. Назгүлдүн иши көп болгондуктан жыл сайын өзүм эле балдарды паркка алып келип, сүрөткө тартып, камерага түшүрүп кетем. Анын үстүнө өзүм аябай баласаакмын.


Азамат Сарыбаев, ырчы:
"Өзүбүз деле майрамдайбыз"
- Балдардын майрамы деген менен аларга кошулуп өзүбүз деле майрамдайбыз. Менин бир кызым, бир уулум бар. Бул күнү келинчегим Каныкей экөөбүз биринчи эле балдарды паркка алып келебиз. Андан кийин туугандарыбыздын үйлөрүнө барып алардын балдарын куттуктайбыз.


Азамат кызы Айкөл, 7 жашта.
- Айкөл, бүгүн сенин майрамың экенин билесиңби?
- Ооба, папам айткан.
- Кандай майрамдап жатасың?
- Жакшы эле, папам менен мамам бөбөгүм Темирлан экөөбүзгө "маражный", "шакалад" алып берди. Азыр дагы алып берем деди.
- Кимди жакшы көрөсүң?
- Папамды, анан мамамды.
- Кимиси сени көп урушат?
- (Папасын карап) Мамам...

Айнура Касымова