п»ї

  Билгениң оң

Көз айнекти беттин түзүлүшүнө жараша тандоо
Айымдардын күндүн нурунан коргоочу көз айнекти тандоо маселеси жаздын келиши менен кошо ойгонот. Кээси күндүн нурунан коргоочу көз айнектин пайда-зыянына карабай алышса, айрымдары бет-түзүлүшүнө жарашыксызын сатып алышат. Эң маанилүү аксессуар катары колдонулган көз айнекти тандоодо кылдат болууну унутпаңыз.


Тегерек беттүү айымдарга
Эгерде сиз тегерек беттүүлөргө кирсеңиз, формасы төрт бурчтук, жээги ачык түстөгү көз айнек ылайыктуу. Чоң тегерек көз айнектер, өтө кичинекей, түлкү көздүү көз айнектерге басым жасабай эле койгонуңуз туура болот. Белгилөөчү жагдай, тегерек беттүү айымдар көз айнекти тандап жатканда айнектин жээги кандай формада экенине кылдат көңүл буруусу зарыл.


Төрт бурчтук беттүүлөр
Бетиңизди узартып, сүйрү көрсөткүңүз келсе, көз айнектин жээгиндеги түстөр ачык түстө болуусу зарыл. Мурдуңузга өтө тыгыз такабай, бошураак тагынсаңыз, бетиңиздин төрт бурчтуу экенин аздыр-көптүр жашырууга жардам берет. Өтө сүйрү, жээги ичке көз айнектерди тагынуу сизге сунушталбайт.


Узун беттүүлөр
Бетиңиздин түзүлүшү узунунан келсе анда тегерек формадагы же үч бурчтук, жээги калың көз айнектерге басым жасаңыз. Булар аздыр-көптүр бетиңиздин сүйрү экенин билдирбей жүзүңүздү идеалдуу көрсөтпөсө да сизге жакпаган бет түзүлүшүңүздү жашырганга жардам берет.


Сүйрү беттүүлөр
Стилисттердин көз карашы менен алып караганда идеалдуу бет түзүлүшкө сүйрү беттүүлөр кирет. Көз айнек болобу, башкасыбы айтор өздөрүнө чектөө койбой табитине туура келгенин тандай беришсе болот.


Көз айнек кандай болуусу шарт?
Ачык түстө болуусу зарыл.
Модалуу же стилдүү.
Башка кийимдериңиз менен идеалдуу айкалышы керек.
Беттин теңин жаппай, мурундан сыйгаланып түшпөгөндөй болуш керек.
Өтө күңүрт түстө болбоосу кажет, анткени көзгө күңүрт түс зыян алып келет.
Үстүңкү жээги кашты жаппай, аны менен тең болуусу зарыл
Көз айнек кийимдин түсү менен таптакыр айкалышпашы керек. Айрымдар күрөң түстөгү көйнөккө түспөлдөшкөн көз айнек тагынышат, бул жаңылыштык ой. Тескерисинче кийимиңиз күңүрт түстө болсо, көз айнегиңиз ачык түстө болгону жакшы.


Чачка, көздүн боёлушуна жараша көз айнек тандоо
Чачын сары түскө боёп жүргөн айымдар түспөлдөш кылып сары түстөгү көз айнек тагынып алышат. Бул чоң жаңылыштык, анткени сары чач, сары түстөгү көз айнек сиздин табигый жүзүңүздү жашырып, сыртынан караган кишиге жагымсыз көрсөтөт. Сары чачтуу айымдарга тескерисинче күңүрт түс, күрөң же кара түстөгү көз айнектер жакшы жарашат.
Кара чачтуу айым болсоңуз фантазияңызга жараша каалаган түстөгү көз айнектерди тагынсаңыз болот. Айрым стилисттер кара, күрөң чачтууларга ачык түстөгү көз айнекти сунушташат. Эгерде бетиңиздин түсү ак, чачыңыздыкы кара же күрөң болсо анда жээги күлгүн, көгүш же кочкул сары түстөгү көз айнектерди тандасаңыз ажарыңызды ачат.


Көз айнектин ден соолукка таасири
Кызыл, ачык сары түстөгү көз айнектер адамдын нервин козгоп, күндүз кечке тагынып жүрсөңүз кечкисин уйкуңузду бузаарын психологдор далилдешкен. Ошондуктан жогорудагыдай түстөгү көз айнектерди күнүгө тагынып жүрүү сунушталбайт.
Күңүрт сары түстөгү көз айнектер күн анча ачык тийбей турганда тагынууга ылайыктуу.
Көгүш түстөгү көз айнек көздүн көрүүсүн алсыздатып, көздүн карегине терс таасирин тийгизет.
Кара түс ачык тийген күнгө ылайыктуу, башка учурларда аны дайыма тагынып жүрүү көздүн кан басымын көтөрүшү ыктымал.
Күрөң түс күнүмдүк тагынып жүрүүгө ылайыктуу жана көзүңүзгө көп деле зыян алып келбейт.
Ал эми сиз көз айнекти күндүн нурунан коргонуудан сырткары, нерв системаңызды тынч бир калыпта алып жүргүңүз келсе жашыл түстү тандаңыз.
Баса белгилей кетчү жагдай, кандай түстөгү көз айнек болбосун бөлмөнүн ичинде тагынууга болбойт! Күңүрт бөлмөдө тагынган көз айнек көзүүңүздүн көрүүсүн начарлатып, башыңызды оорутушу мүмкүн.




Аялзатынын макияжы эмнеден кабар берет?
Психологдор айымдардын боёнгонуна, колдонгон косметикасына жараша алардын мүнөзүн аныктап чыгышкан. Маңдайыңызда турган бийкечиңиздин кандай боёноорун байкап, мүнөзүнөн аздыр-көптүр кабар алсаңыз болот.


Айымдар эмне себептен боёнушпайт?
Аялзаты эмне себептен боёнбой жүрүшөөрүнө психологдор төмөндөгүдөй түшүндүрмөлөрдү беришет.
Көбүнчөсүнүн аллергиясы болушу мүмкүн. Косметикалык каражаттар терисине, көздөрүнө жакпай тескери таасир бергендиктен боёнуудан баш тартышат.
Айым өзүнө-өзү баа бергенди билбей, "мени ким карамак эле" деген түшүнүккө жеңдиришет. Же болбосо убактысынын тардыгына, жалкоолукка жеңдиришет.
Айрым бийкечтерге бала кезинен берген тарбия, ал чоңойгон чөйрө да таасирин тийгизбей койбойт. Мисалы, апасы боёнбосо, анын тарбиясы, айткан сөздөрү кулакка сиңип калышы мүмкүн.
Балдардын арасында ойноп, же эркектер басымдуу кылган коллективде иштеген аял өзүнүн назын бара-бара жогото баштайт. Айрым айымдар табигый жүзүнө ишенип "боёк эркектерди убактылуу алдоо" деп эсептешет.
Боёнгонуна карай айымдарды төмөнкүдөй түрлөргө бөлүп кароого болот: Эркектердин көзүнө көп урунгусу келбегендер:
Өздөрүнө жакканы үчүн эмес, көпчүлүк аялдар боёнуп жүргөнү үчүн алардан артта калгысы келбегендер. Эрежеге ылайык алардын макияжы жеңил, көп көзгө уруна бербейт. Булардын арасынан "бычакка сап болоорлук" сулууну кездештирүү кыйын. Булар адамдарга сырткы келбети менен эмес, мамилеси менен жаккысы келгендер. Өздөрү да жөнөкөй, бир калыпта жүргөн адамдар менен мамиле түзүүгө умтулушат.
"Боёктон өчүн" алгандар:
Ачык түстөгү боёкторго басым жасап, "боёктон өчүн чыгарган" айымдар айрымдардын көзүнө жагымсыз көрүнүшү мүмкүн. Психологдордун ою боюнча, эгерде айым жөнөкөй боёнуп жүрүп ачык макияжга өтсө, анда ал өзүн башкалардан оолактатып, көпчүлүктүн көңүл борборунда болгусу келбейт.
Көз, эриндерге басым жасагандар:
Башкасынан да көзүнө басым жасап, өзгөчө кылдат менен боёгон айымдар кылдат жана байкагыч келишет. Алар адамды бат эле изилдеп, кандай мамиле жасоо керектигин аныктап коюшат. Ал эми эриндердин жакшы боёлушуна басым жасагандар эрке, адам менен бат тил табышкан жандар. Өздөрүнүн дарегине айтылган мактоону да, какшык сөздү да түз кабыл алышат.
Бир түскө басым
жасагандар:
Эгерде көңүлүнө бир түстөгү боёк жагып калса, ошону айлап-жылдап колдоно берген айымдар табиятынан туруктуу келишет. Бир калыпта жүрө берип, өзүнүн стилин баш-аягына чейин өзгөрткөндөн коркушат. Адамдардын сөзүнө оңой менен ишенбей, аларды иш менен сынагысы келгендер дал ушул бийкечтер.


Мырзайым Мусаева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-июнь, 2010-ж.:
1-бет
"Атам менен жашаганга көнгөн эмесмин"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
Руслан Бекназаров, "Биримдик" жаштар кыймылынын лидери:
"Мен кадр маселесин чечкидей атам Президент эмес "

4-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Жеңеңер менен тирүү болсом бир үйдө, өлсөм бир көрдө болом" деп..."

5-бет
"Бактагы жалбырагым, көктөгү желбирегим"
6-бет
Ралистин таарынтканына жараша мамиле жасаган
7-бет
Кайсы дикторду жактырасыз?
8-бет
Иса эми сүйүү темасын ырдайт
9-бет
Артисттин архивине саякат
10-бет
Көз айнекти беттин түзүлүшүнө жараша тандоо
11-бет
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат - 2010
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Телефонду ойлоп тапкан Грэхэм Белл
15-бет
Обон почта
16-бет
Комузчуларды козгогон
"Тогуз кайрык"











??.??