п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Спорт-world

Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат - 2010
Футбол сүйүүчүлөрүнүн көптөн күткөн мелдеши босогодо турат. Быйылкы 2010-жылдагы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат Түштүк Африка Республикасында (ТАР) 11-июндан, 11-июлга чейин өткөрүлмөкчү.

Дүйнөлүк чемпионаттын жаралуу тарыхынан
Аталган чемпионат 4 жылда бир өткөрүлүп, оюн 4 жумага созулат. Кайсы мамлекеттин командасы финалда жеңүүчү болсо, кийинки дүйнөлүк чемпионат ошол өлкөдө өткөрүлөт. Чемпионаттын тарыхын барактай турган болсок, бул мелдеш 1930-жылдан баштап өткөрүлүп келет. Сентенарио -биринчи дүйнөлүк чемпионатты өткөргөн стадион. Эң биринчи чемпионат Уругвайда өткөрүлүп, Италия, Испания, Швеция, Нидерландия жана Уругвай катышкан. Дүйнөлүк чемпионаттын тарыхы боюнча, 7 мамлекет чемпион наамына ээ болгон. Бразилия - 5 жолу чемпион болгон. Италия - 4 жолу, Германия - 3, Аргентина менен Уругвай - 2, Франция менен Англия - бирден дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрү болушкан. Мындан 4 жыл мурун болгон футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүсү Италиянын курама командасы болгон.
2010-жылкы дүйнөлүк чемпионат - 19чу оюн, финалдык мелдеши Түштүк Африка Республикасында өтөт.

Оюн боюнча кыскача түшүндүрмө
2010-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка жалпысынан 32 команда чыгат. Командалардын эл аралык рейтинги боюнча, корзиналарга бөлүнүшөт. Андан кийин ар бирине төрттөн команда болуп 8 топко бөлүнүшөт. Бир топто Европадан же болбосо башка бир географиялык аймактардан экиден көп өкүлдөрү болбошу керек. Топтук мелдеш 1 айлануу схемасында болот. Б.а. ар бир команда өзүнүн тобундагы командалар менен 3 жолудан беттешишет. Андан кийин ар бир топтон мыкты командалар чыгып, кимиси жеңилсе оюндан чыгарылат. Эгерде эки команда тең чыгып калса, дүйнөлүк чемпионаттын финалдык мелдешинин регламенти кошумча убакыт ("күмүш гол") берет.

"Сокер-сити" стадиону
Түштүк Африка Республикасынын президенти Джейкоб Зума "Соккер-сити" ("Футбол шаары") деген стадионду салтанаттуу түрдө ачты. Стадион 94 миң 700 көрүүчүгө ылайыкталып, Африкадагы эң чоң стадиондордун катарына кирди. "Соккер-сити" Соуэто шаарына жакын кара түндүк африкалыктар жашаган жакта жайгашкан. Футболдук арена атайын африкалыктардын колебас ашкабагынын түзүлүшүнө окшош.

Жаңы эреже
Эл аралык футбол ассоциациясы оюнчуларга пинальти тебүүдө финттерди колдонууга тыюу салды. Мисалы, пенальтиде футболист эч кандай токтоосуздан топту тебиш керек. Жаңы эрежени бузгандарга "сары карточка" берилет. 1-июндан тарта жаңы эреже күчүнө кирип, 2010-жылдагы Түштүк Африка Республикасында боло турган дүйнөлүк чемпионатта биринчи колдонулат

Оюнчуларга топ жакпай жатат
Көпчүлүк футболисттер Adidas компаниясы тарабынан 2010-жылдагы боло турган футбол боюнча дүйнөлүк мелдешке атайын жасалган "Jabulani" тобун жактырышпай жатат. Чабуулчу Луис Фабиано жана жарымкоргоочу Жулио Баптист, дарбазачы Жулио Сезар аталган топ менен ойноп көрүп жактырышкан эмес. Анткени, топ учуп баратканда өзүнүн багытын алмаштырып жиберет экен. Луис Фабионун айтымында, топ учуп баратканда кимдир бирөө аны башкарып жаткандай…

УТРК түз алып көрсөтөт
Кыргызстандын Улуттук Телерадиокорпорациясы Түндүк Африка Республикасында өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттан түз алып көрсөтүү үчүн атайын келишим түздү. Бул боюнча УТРКнын башчысы Кубат Оторбаев билдирди. К. Оторбаевдин айтуусу боюнча, ФИФА менен келишим 4-июнда түзүлгөн. Ал эми канча суммада экендиги жарыяланбайт. Алынган маалыматтар боюнча, мелдештерди эки тилде: кыргыз тилинен - Мирлан Бектурсунов, орус тилинен - Максат Касымалиев аттуу спорткомментаторлору алып барышат.

"Эң кымбат" команда жана футболист
Аналитиктердин айтуусу боюнча, футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттагы "эң кымбат" команда - Испаниянын курама командасы. Испаниянын курама командасынын рыноктук баасы 650 миллион еврону түзөт. Орточо эсеп менен ар бир оюнчу 28,26 миллион турат. Экинчи орунда англичандар (18,05 млн. евро), үчүнчүдө - француздар (15,98 млн.евро). Бул рейтинг боюнча караганда немистер (12,32 млн.евро) жетинчи орунда турушат. 2010-жылдагы Түштүк Африка Республикасында өтө турган дүйнөлүк чемпионатта Аргентинанын курама командасына ойной турган Лионель Месси "эң кымбат оюнчу" болот. Анын футбол рыногундагы рейтинги 80 миллион еврону түзөт. Лионель Месси 2009-жылдын мыкты футболисти, "алтын топтун" жана "бриллиант топтун" жеңүүчү наамына ээ болгон.

Роналдиньо ойнобойт
Бразилиянын курама командасынын башкы машыктыруучусу Дунга "Милананын" жарымкоргоочусу Роналдиньону ТАРда боло турган дүйнөлүк чемпионаттын курамына кошкон жок. "Мага өзүнүн курама командасына чын дили менен ойногон гана футболисттер керек!" деген башкы машыктыруучу. Бразилиянын курама командасы биринчи оюнда 15-июнда Кытай Эл Республикасы менен беттешет.

Бекхэм эмне үчүн катышпай калды?
Дэвид Бекхэмди дүйнөлүк чемпионатка оюнчу катары эмес, машыктыруучу катары гана чакырышты. Анткени мыкты оюнчу Италия мене болгон беттеште жаракат алган. Операция ийгиликтүү болгон, бирок, оюнчу бир аз убакыт чоң футболго чыкпашы керек.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-июнь, 2010-ж.:
1-бет
"Атам менен жашаганга көнгөн эмесмин"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
Руслан Бекназаров, "Биримдик" жаштар кыймылынын лидери:
"Мен кадр маселесин чечкидей атам Президент эмес "

4-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Жеңеңер менен тирүү болсом бир үйдө, өлсөм бир көрдө болом" деп..."

5-бет
"Бактагы жалбырагым, көктөгү желбирегим"
6-бет
Ралистин таарынтканына жараша мамиле жасаган
7-бет
Кайсы дикторду жактырасыз?
8-бет
Иса эми сүйүү темасын ырдайт
9-бет
Артисттин архивине саякат
10-бет
Көз айнекти беттин түзүлүшүнө жараша тандоо
11-бет
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат - 2010
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Телефонду ойлоп тапкан Грэхэм Белл
15-бет
Обон почта
16-бет
Комузчуларды козгогон
"Тогуз кайрык"











??.??