Кызык инсан

Телефонду ойлоп тапкан Грэхэм Белл
Азыркы учурда телефонсуз жашоого мүмкүн эмес болуп калды. Кээ бир адамдар уюлдук телефонун үйүнөн унутуп чыгып кетсе, өзүн ушунчалык жалгыз сезип, жиндене баштайт. Мындай көрүнүш медицинада "коңгуроо күтүү синдрому" деп аталат. Мунун баарына ким күнөөлүү? Анда сөз башынан болсун.


Телефонду ойлоп тапкан Александр Белл
Телефонду ойлоп табуучу, белгилүү ишкер Александр Грэхэм ц Белл 1847-жылы 3-мартта Шотландиянын Эдинбург шаарында, филологдордун үй-бүлөсүндө жарык көргөн. Анын өз атасы да, чоң атасы да үн толкундары менен иш алып барышкан. Белл 18 жашынан тартып, атасынын жардамчысы болуп Лондондогу университетте иштеген. 1871-жылы ата-энеси менен Американын түндүгүнө көчүп барып, ал жактан көзү көрбөгөн, кулагы чала уккан жана кереңдердин тилин үйрөтүү максатында акустикалык эксперименттерди кылып, үндүн толкундары аркылуу укпаган адамдарга, ооз аркылуу сөздү түшүндүрүп иш алып барат.

Алгачкы телефон тыгындан жасалган
1875-жылы Александр Белл жана Томас Уотсон аттуу окумуштуулар биринчилерден болуп, электромагнитти башкаруу үчүн эки мембрананы колдонушкан. Ошонун аркасында биз сүйлөшүп жаткан телефон ойлонуп табылган. Эң алгачкы телефондор челектин тыгындары (пробки), түйүлгөн шиштер менен жасалган. 1876-жылы 10-мартта сүйлөшүү каражатынын жардамы менен Александр Белл жана анын жардамчысы Ватсон менен сүйлөшүүсү болгон. "Биздин тарыхта калган алгачкы фразабыз: "Менин бөлмөмө киресизби, мистер Ватсон" болгон" дейт Александр Белл.

Өзү жасаган телефонду өз колдонгонду жактырган эмес
Ушул эле жылы Александр Белл телефонду Филадельфиядагы өткөн бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө алып чыккан. Бирок, Белл өзү жасаган аппаратты колдонгонду жактырган эмес. "Мындай кымбат нерсени өзүмө ыраа көргүм келбейт. Идея мына-мына жаралып жатканда, оюм кадимки жылмакай сууну элестеттирет. Ал эми ошол учурдагы телефондун чырылдаганы, жылмакай суунун үстүнө ташты ыргыткандай болуп, келген идея чачырап кетет. Мен ойлонуп жатканда кимдир-бирөө менин оюмду бөлгөнүн каалабайм. Билдирүүлөр жана чалуулар күтүп турат. Идея - күтпөйт!" деген.

Ири компания менен бирге иштешүүсү
1876-жылы 14-февралда Александр Грехам Белл АКШнын патент бюросуна өзүнүн жасаган аппараты боюнча арыз жазып, "телефон" деп атаган. Андан 2 саат өтүп-өтпөй эле таптак Беллдин арызындай арызды Грей аттуу адам патентке жазган эле. 1877-жылдын июль айында А.Белл "Белл телефондук компаниясын" ачат. 1879-жылдын аягында "Вестерн Юнион" компаниясы "Белл компани" менен келишим түзүп, компанион болушкан. Акциянын негизги бөлүгү Беллге тийиштүү болгон. Бир нече убакыттан соң бир эле акциянын баасы 1000 долларга чейин жетип турган. Кийинки жылдары телефондор жакшы өтө баштаган. 1900-жылы 3 миңге жакын телефондук аппараттарды ойлоп табуулар боюнча патентке арыз түшө баштаган.

Коомдук ишмердүүлүгү
Аталган фирмасынан түшкөн каражатка Белл Вашингтондо А.Вольт атындагы институтту ачкан. Бул жакта ойлоп табуучулар телефондун андан аркы да жакшырышы боюнча иштешкен. Ошол учурда Белл өзү да ар кандай жаңы долбоорлордун үстүнөн иштеп, жаңы-жаңы ачылыштарды жасап турган. Беллдин илимдик изденүүсүндө улуу физик Д.Генринин жардамы чоң.

Ошентип…
1922-жылы А.Белл өлгөндөн кийин, анын сөөгүн жерге узатуу аземинде АКШда 1 мүнөттүк телефондук сүйлөшүүлөр токтотулуп, 13 миллионго жакын аппараттар өчүрүлгөн.

"Алло, чоң кыз!"
Алгачкы "телефонисткалар" жигиттер болушкан. Бирок, бул иш сабырдуулукту жана отуруп иштөөнү талап кылгандыктан, кечке отургандан тажаган жигиттер, күрөшүп ойноп жатып аппаратураларды сындырып да жиберген учурлары болгон. Ошондо алгач жолу Бостон телефон компаниясы Эмма Натт аттуу айымды убактылуу жумушка алат. Андан 20 жылдан кийин эле баягы компаниянын жумушчуларынын дээрлик 95 пайызын аялдар түзүп калган. Бостон телефондук компаниясы 17-26 жашка чейинки, бою 175 сантиметрден өйдө, колу узун, айылдык жана турмушка чыга элек жаш кыздарды жумушка алышкан. "Телефонисткалардын" жумуш күнү 10-11 саатка созулган. Бир сааттын ичинде бир кыз эле 600гө жакын чалууларды кошуп турушкан.




  Кызык экен

Японияда робот нике кыйды
i-Fairy аттуу робот жаңы программанын негизинде Томохиро Сибату жана Сатоко Иноуэ аттуу жаштардын никесин кыйды. Жаш жубайлар аталган роботту чыгарган компанияда иштешет. Иноуэ аттуу келин, компаниядан роботту чыгарса, Сибата роботтун кардары. "Биз бул роботтор аркылуу бири-бирибизди жактырып калганбыз жана биздин никебизди да роботтор кыюусун кааладык" дейт Сибата.


Бритни Спирс өлгөндөн кийин өзүн тоңдуруп коюусун өтүндү
Америкалык ырчы айым Бритни Спирс өзү өлгөндөн кийин, сөөгүн жерге көмбөй эле тоңдуруп коюусун өтүндү. Ырчынын курбусу "Бритни мультипликатор Уолт Дисней өлгөндөн кийин денесин катытып, криокапсулада сактап турганын интернеттен окуп алып, крионикага кызыгып: "Мени да ошентип сактап койгулачы" деп суранууда" деп айткан. Спирс өзүнүн сактап жүргөн акчасынын бир бөлүгүн америкалык "Alcor Life Extension Foundation" компаниясына бөлүп берүүгө даяр. Крионика белгилүүлөрдүн арасында бир топ кызыкчылыктарды туудуруп, белгилүү модель Пэрис Хилтон, телеалыпбаруучу Саймон Коуэлл, композитор Тэрри Джонс ж.б. өлгөндөн кийин денесин катытып коюу үчүн кол коюшкан.


Индонезиялык 2 жаштагы бала күнүнө 40 тамеки чегет
Индонезиялык эки жаштагы Арди Ризал өзүнүн оюнчук жүктөөчү машинасында отуруп алып, күнүнө эки куту (пачка) тамеки тартат. Тамекинин айынан Ардинин ден соолугу начарлап, бала өзү баса албайт. Эки жаштагы баланы салмагы 25,4 килограммды түзөт. Жергиликтүү элдер Ардинин ата-энесине кайрылып, эгер баланы тамекисин таштатса, аларга машина алып беришээрин айтып, сөз берип жатышат. Эң кызыгы эки жаштагы Арди тамекинин бир гана түрүн (маркасын) чегет. Борбордук статистикалык агентствонун берген маалыматына караганда, Индонезиянын 3 жаштан 15 жашка чейинки балдарынын дээрлик 25 пайызы тамеки чексе, алардын 3,2 пайызы дайыма чеккенге өткөн.