п»ї
 Таанышуу жарыясы


  сынак

Комузчуларды козгогон
"Тогуз кайрык"
Муратаалы Күрөңкеевдин 150 жылдыгына, Атай Огомбаевдин 110 жылдыгына арналган комузчулардын республикалык "Тогуз кайрык" аттуу телесынагы жанданды. Аталган сынакты Маданият министрлиги, Бишкек шаарынын мэриясы жана Улуттук биринчи канал биргеликте уюштурууда. Сынак 2010-жылдын июль-август айларында комузчулар арасында жүргүзүлөт. Бул тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн уюштуруучу топтун мүчөсү, "Кылым күүлөрү" көрсөтүүсүнүн алыпбаруучусу Айзада Ибраимовага кайрылдык.


- "Тогуз кайрык" телесынагын жарыялоонун негизги максаты жөнүндө айтсаңыз?
- Бардык элдик өнөрдүн башаты болгон үч кыл комуз кыргыз менен кошо кылым карыта жашап, анын рухий дүйнөсүнүн, улуттук жүзүнүн көрсөткүчү катары көркөм дөөлөттөрүнүн уюткусун түзүп келди. Ошо жөпжөнөкөй үч кылына симфонияга тете чыгармаларды сыйдырган керемет комуз кыргыздын кылымдаган тарыхын урпактарга жеткирип отурат. Береги эле Токтогул, Карамолдо, Ыбрай, Атай, Шекербектей залкар комузчуларды берген элдин ыйык комузун даңазалоо максатында комузчулардын "Тогуз кайрык" телесынагын өткөргөн жатабыз. Телесынактын негизги максаттарынын бири эл-жерибизди, мекенибизди сүйүүгө, улуттук дөөлөттөрүбүздү урматтоого, жаштарды атуулдук рухта тарбиялоого чыгармачылык күлазык болуп келген комузчулардын, күүчүлөрдүн сапатын жогорулатуу менен чыгаан комузчуларды тандоо, тарбиялоо жана алардын талантын радио, телевидение, басма сөз аркылуу кеңири насыяттоо, элге жайылтуу болуп саналат.
- Бул сынак республикалык болуп жатпайбы. Катышууну каалаган комузчулар атайын Бишкекке келиш керекпи?
- Жок. Атайын Бишкекке келиш шарт эмес. Биз тандоо турун ар бир областтын өзүндө өткөрөбүз. Ага чейин райондун комузчулары областка тандалып келинет. Областтардагы биринчи тандоо турунун тартибин айтып кетейин.
1. 21-22-июль. Баткен областы, тел: ( 036 22) 2-22-96.
2. 24-25-июль. Ош областы жана Ош шаары, тел: (032 22) 2-29-96, 2-29-07.
3. 27-28-июль. Жалал-Абад областы, тел: (037 22) 5-65-85.
4. 31-июль-1-август. Нарын областы.тел.: (035 22) 2-10-07.
5. 7-8-август. Ысык-Көл областы, тел: (039 22) 5-15-71.
6. 14-15-август. Талас областы, тел: (034 22) 5-31-80.
7. 18-19-август. Чүй областы, тел: (0312) 21-43-55.
8. 21-22-август. Бишкек шаары. тел: ( 0312) 62-04-82.
"Тогуз кайрык" үч турдан турат. Республикалык 2-турга ар бир аймактан тогуз катышуучу тандалып алынат. 2-тур 26-августта, 3-тур 27-августта УТРКнын концерттик студиясында өтөт. Ал эми Гала-концерт жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 28-августта Улуттук Филармониянын чоң залында болот.
- Комузчулар кандай тапшырмаларды аткарууга даяр болуш керек?
- Телесынак "Тогуз кайрык"деп аталып жаткандыктан катышуучуларга төмөндөгүдөй тогуз тапшырма берилет.
1 - Комуздун коштоосунда саламдашуу (убактысы үчтөн беш мүнөткө чейин),
2 - Тепке жасоо (буроо, тепке, кыл жасай турган материалдарды өздөрү алып келет, убактысы үчтөн беш мүнөткө чейин),
3 - Комуздун коштоосунда бирден ыр (убактысы үч мүнөт),
4 - Күүнүн баянын айтып чертүү (моюн, бел, аяк күүлөрдүү билет боюнча айтып чертүү, убактысы үчтөн беш мүнөткө чейин),
5 - Обон күү,
6 - Кара күү,
7 - Күү чертишүү,
8 - Комузчулар ансамблинин аткаруусунда бирден күү чертүү (убактысы үчтөн беш мүнөткө чейин),
9 - Жаңы күүнүн бетачары.
Бул тапшырма мүмкүнчүлүктөрүнө жараша аткарылат. Эгер жаңы күү жок болсо, сегизинчи тапшырма менен чектелет. Бирок Муратаалы менен Атайдын ыр-күүлөрүнө билет менен катышып, алардын наамындагы биринчи байгеге ат салыша алат. Эгер жаңы күү тартууласа, упай ыйгарууда артыкчылыкка ээ болот. Тогуз тапшырманын кээ бирин аткара албагандар башка түрү боюнча ат салышат. Маселен, күү черткенде, Муратаалынын шакирттери: Карамолдо, Чалагыз, Ыбрайдын күүлөрүн, Атайдын шакирттери: Шекербек, Асылбек Эшмамбетов, Жумаалы Сейдалиевдин күүлөрүн чертсе болот. Андан сырткары, сынакка жеке аткаруучулар жана ансамблдер дагы катышса болот. Ансамблдин мүчөлөрү жөндөмүнө жараша ар башка номинацияга арзыйт. Эгер Муратаалы менен Атайдын ыр-күүлөрүн, мындан тышкары тогуз тапшырманы билет менен толугу менен аткарса, баш байгеге ат салышат.
Сынактын уюштуруу комитети:
КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бөкөнбай Боркеев, композитор, аранжировщик Бакыт Айтбосунов, Айзада Ибраимова жана администратор Жарашбек Чалов.




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-июнь, 2010-ж.:
1-бет
"Атам менен жашаганга көнгөн эмесмин"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
Руслан Бекназаров, "Биримдик" жаштар кыймылынын лидери:
"Мен кадр маселесин чечкидей атам Президент эмес "

4-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Жеңеңер менен тирүү болсом бир үйдө, өлсөм бир көрдө болом" деп..."

5-бет
"Бактагы жалбырагым, көктөгү желбирегим"
6-бет
Ралистин таарынтканына жараша мамиле жасаган
7-бет
Кайсы дикторду жактырасыз?
8-бет
Иса эми сүйүү темасын ырдайт
9-бет
Артисттин архивине саякат
10-бет
Көз айнекти беттин түзүлүшүнө жараша тандоо
11-бет
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат - 2010
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Телефонду ойлоп тапкан Грэхэм Белл
15-бет
Обон почта
16-бет
Комузчуларды козгогон
"Тогуз кайрык"











??.??