Кумир менен баарлашуу

Малика Дина:
"Инилүү болгум келет"
1995-жылы Москва шаарында төрөлгөн.
Кыргыз тилине караганда орус тилинде эркин сүйлөйт.
Эң кымбат адамы апасы.
Өзүнүн буюмдарын уруксааты жок алган адамды жактырбайт.
Жигиттердин алдында жөнөкөй, сырдуу көрүнүүнү жактырат.
Жаңы ырлары: "Аруу тилек", "Таазим кылам"
Учурда № 67 орто мектептин 9-классынын бүтүрүүчүсү

Концертке барып калсак, алыпбаруучулар "Сахнада кичинекей Малика" деп чакырып калышчу эле. Эми Малика минтип 15 жашка чыгып, тогузунчу классты аяктап жаткан кези. Мындан төрт-беш жыл мурда Малика апасынын ээрчип, интервью берип жүргөн болсо, бул жолу күйөрмандарына өзү жалгыз келди.


- Малика, акыркы убакта эмнеге концерттерден көрүнбөй калдың?
- Мен быйыл тогузунчу классты аяктап жаткандыктан, мамлекеттик экзамендерге даярданып, концерттерге, кечелерге барган жокмун. Азыркы учурда биринчи орунга окуумду коюп жатам. Бирок, бош убактымда жаңы ырларды жаздырганды унуткан жокмун. Ден соолугумду да жакшылап карап жаткан учурум.
- Экзаменге даярдыктарың жакшыбы?
- Ооба. Азыр экзамендик даярдоолорго калтырбай баруудамын. Ошентсе дагы биринчи жолу экзамен берип жаткандыктан коркуу сезимдери болот экен.
- Тогузунчу классты бүтүп окуу жайга тапшырайын деп жатасыңбы же мектепти толук аяктайсыңбы?
- Азырынча чечиле элек. Жакындарым "Америкадан, Кытайдан, же Кореядан окубайсыңбы?" деп сунуштарын айтышууда. Апам Американы тандаса, мага Корея жагып жатат. Эмнегедир алты жашымдан бери эле Кореяга баргым келе берет. Аны эми убакыт көрсөтөт. Балким, 11-классты бүтүрүп калам.
- Кайсы кесипти тандап жатасың же апаңдын жолун улап ырчы эле болосуңбу?
- Өзүм кылдаттык менен иштеген жумуштарга жакынмын. Визажист болгум келет. Жаш болсом дагы салондордо жасоочу макияж, тырмак өстүрүү, кирпик чаптоо, чач жасалгаларды билем. Досторум "Макияж жасап берчи, тырмагымды өстүрүп берчи, кирпик жабыштырып берчи" деп көп кайрылышат. Убактыма карап алардын көңүлүн алып каалагандарын жасап берем. Досторум болгондуктан акча албайм. Болгону менин жасаган эмгегим аларга жакса болду.
- Сен буларды кимден үйрөндүң эле?
- Мындай нерсени кичинемден бери көрүп жүрүп өзүм эле үйрөнүп алгам. Анан менде табияттан берилген шык болсо керек. Ошондуктан Кореяга барып визажист боюнча сабак алсам деп кыялданам.
- Апаң гастролго кеткенде ким менен каласың?
- Ал убакта дайыма менин жаныма эжекем Мери келет. Анын Альбина деген эки жарым жаштагы кызы бар. Мен аны ойнотом. Жездем дагы жакшы адам. Экөөбүздүн мамилебиз жакшы.
- Үйдөн кандай жумуштарды жасайсың?
- Үйдөгү иштердин баарын аткарам. Азыр өзүмө жаккан сайманы баштап алгам, сабактан келип үйлөрдү жыйнап эле саймага отурам. "Кантип эле?"-деп, таң калсаңыздар керек. Мен көбүнчө үйдөн чыкпай отурганды жакшы көрөм.
- Өзүңдү апаңа окшоштурасыңбы же атаңабы?
- Кичинекей кезимде мени көргөндүн баары эле атама окшоштурушчу. Азыр чоңойгон сайын "Апаңа окшошуп баратыптырсың" дешүүдө. Үйгө конокко келгендердин баары эле, "Динара, кызың экөөңөрдүн кыймыл-аракетиңер, мимикаңар, сүйлөгөнүңөр аябай окшош экен" дешет.
- Апаң менен сырдашасыңбы?
- Ооба. Апам экөөбүз эле жашасак, анан ким менен сырдашмак элем. Апам менин досум, сырдашым жана кумирим.
- Жигитиң барбы же жигит менен сүйлөшсөң апаң урушабы?
- Жок. Жигит менен сүйлөшкөнгө апам деле каршы эмес, азыр мен кичинекеймин да. Мага жигит менен сүйлөшкөнгө эрте. (Күлүп) Кээде күйөрман жигиттер меникине эмес, апамдын телефон номерине "Малика, мен сени жаныңдан бир эле жолу көрүп кетейинчи, жолугалычы?"деп смс жазышат. Анан апам күлүп, "Бул сага экен, жолугуп койбойсуңбу? деп тамашалап калат.
- Машина айдаганга кызыгасыңбы?
- Кызыгам, айдаганды да билем. Менин өзүмдүн машинам бар. Бирок, 15 жашта болгондуктан айдоочулук күбөлүгүм жок, апам айдаганга уруксаат бербейт. Кээде гана рулга отурам. Дагы бир жыл чыдасам, эмки жылы айдоочунун күбөлүгүн алам.
- Парктарды аралап жүргөндөн уялбайсыңбы?
- Жок. Мен паркка бараарда чач жасалгамды таанылбагандай жасап алам жана жөнөкөй эле кийинем. Кээде "Сен Маликасыңбы?" десе, "ооба" деп басып кетем. Таанып калса деле уялбайм, анткени мен жаман иш жасаган жокмун да. Досторум менен жөн гана эс алганы, ойногону барабыз.
- Сууда сүзгөндү билесиңби?
- Оу, сууну аябай жакшы көрөм да. Көлгө кирсем 3-4 саатта араң апамдын кыйноосу менен чыгам. Көлгө баргандагы бир кызыкты айтып берейин. Бир жолу апам экөөбүз көлгө кеч чыгып калдык. Бишкектен чыгып жатып, пансионатка чалсак, силерди тосуп алабыз келе бергиле деген. Таңкы саат төрттө пансионатка келсек тымтырс. Эшикти тыкылдатсак эч ким ачпай койгон. Ошондо машинага уктап, аябай чыйрыккан элек. Көрсө алар бизди "келбей калышкан го" деп уктап калышыптыр.
- Гүлмира Рыспаева менен сүйлөшүп турасыңбы?
- Жок. Апасы алып кеткен. Биз менен байланышпай калганына көп болду. Азыр анын кайда экенин да билбейм. Жакында эле байланышканбыз, кайра өзү жоголуп кетти. Ал жоголуп кеткенди жакшы көргөн адам. Мен аны сагынган деле жокмун. Ал бизди таштап кеткенине таарынып калгам. Шаарга келсе дагы мага жолукпайт.
- Жакында Москвага барып атаңа жолугуп келгениңди укканбыз. Атаңды сагыныптырсыңбы?
- "Ой, атам"деп деле өтө чуркап барган жокмун. Кадимкидей эле учурашып сүйлөштүк. Анткени, кичинемден бери эле атам менен жашаганга көнгөн эмесмин. Ал менин атам экенине ыраазымын, башка эч нерсе айталбайм.
- Апаң турмушка чыгам десе кызганбайсыңбы?
- Эмнеге кызганмак элем. Тескерисинче, апама "Мен инилүү болгум келет" деп көп айтам. (Күлүп) Көптөрү апам чет жакка гастролго кетсе эле турмушка чыгара беришет.