Алма шагы

"Бактагы жалбырагым, көктөгү желбирегим"
Биздин эл театр, кино дүйнөсүн оозанганда алгач эле М.Рыскулов, Д.Күйүкова, Б.Кыдыкеева өңдүү залкарлардын ысымын атайт эмеспи. Мына бүгүн кайталангыс, улуу актриса Даркүл Күйүкованын кан-жанынан жаралган кенже уулу Рысбек Абдубачаев менен кыскача маек курдук.

Рысбек Абдубачаев, опера ырчысы:
"Апам үйдө жумшак, сыртта эркек мүнөз болчу"

Мен 1960-жылы туулгам. Үйдүн кичүүсү болгондуктан, апам мени "көкүрөк күчүгүм" деп эркелетип, мага өзгөчө мамиле жасачу эле. Алыска барып келгенде башка балдарына носки ж.б. сыяктуу белек алса, мага башымдан аягыма чейин апкелчү. Таттууга абдан жакын жаным, апамдын сервантынан далай жолу дефицит шоколаддарды уурдап жесем, апам акырын ачып карап: "М-мм… конокко койгонго жетпей калчудай. Мейли эми жей бер" деп койчу. Майрам күндөрү мени колумдан жетелеп, көчөдө баратканыбызда атам тааныбаган кишилер "Даркүл эже кандайсыз? Ден соолугуңуз жакшыбы?" деп чуркап келип учурашышчу. А мен апамдын кадыр-баркынын бийик экенин наристе болсом да сезип, апам менен бирге баратканыма сыймыктанчумун. Үйгө коноктор келип калганда мени жанына чакырып, алар менен тааныштрып: "мына, менин кенжем, ушул баламан үмүтүм чоң. Кудай буюрса, чоң артист болот" дечү. Апам бир-эки айлап гастролдорго кеткенде куса болуп, чыдай албай, гардеробдогу кийимдерин, жүз аарчыларын жыттап ыйлачумун. Апамдын колу бошобогонун ушундан билиңиз, мен күн-түнү садикте болчумун. Апам, башка белгилүү артистер күндүзү театрда, кинодо болуп, түнү менен кыргыз тилине которулган орус тасмаларын окушчу. Кыргыздын залкар таланты болгон энем үйдө жумшак, сыртта эркек мүнөз болчу. Эркектер ууртап-татып коёт эмеспи, атам кээде ичип келип апамды жемелеп калчу. Мен таңкалам, Ала-Тоону дүңгүрөткөн атагына карабай апам атамдан ыйбаа кылып турар эле. Эртеси күнү акырын гана эскертип койсо, "Кечирип койчу Дакиш" деп кечирим сурап калчу атам. Биздин үйгө кимдер гана конок болгон жок. Жамал Сейдакматова биздин үйгө 17 жашында келип, апамдын шакирти болгон. Ал киши улуу эжебиздей эле болуп калды. Мыскал Өмүрканова атын айткандан айбыгып апамды (СССрдин эл артисти болгондуктан) "Союзгүл" деп тергечү. Ушу кичинекей деталдан эле улуу адамдардын бири-бирин канчалык ызааттаганын, алардын ички маданиятын түшүнсө болот. "Адамдагы улуу сапат жөнөкөйлүк" деп коёт го. Энебиз эң жөнөкөй жан эле. Гардеробдо татынакай кийимдери турса да жасанчу эмес. Мен урушуп калчумун: "Апа, үйгө кишилер келип атпайбы, жакшынакай кийимдериңизден кийип алсаңыз боло" десем маани берчү эмес. Алты бала төрөп, кыргызга улуу кызмат өтөш ар кимдин эле колунан келе бербесе керек. Балдарын "Үч нерсени унутпагыла! Ушак айтпагыла, ууру кылбагыла, калп сүйлөбөгүлө" деп тарбиялачу. Ал эми атам "Тасмалыңда акыркы наның калса да, ошону үйүңө келген конокко жедир" деп айтчу. Атам ГИТИСтин эң алгачкы бүтүрүүчүсү. өмүр бою коомдук-маданий жайларда башкы администратор болуп иштеп өттү. Мен он үч жашымда сигаретке кызыгып, энемдикин уурдап тартып жүрдүм. Кээде "ай, бат эле түгөнүп калып атабы?" деп таң калчу. Менин билишимче, чыгармачыл аялзатынын көбү тамеки чегет. Бала кезимде көрүп калдым, Бакен Кыдыкеева, Сайра Кийизбаевалар тартчу. Менин жеке көз карашымда мындан жаман нерсе таппайм. Анткени, чыгармачыл адамдардын жан дүйнөсү дайыма бөксөө сезилип, бир нерсе жетпей тургандай болуп турат. Балким апам ошондой кезде, тамеки тартып отуруп актёрдук фантазиясы кеңейип, образын тапчу болуш керек. Апам менен атам экөө 1946-жылы үйлөнүшкөн. Апамдын биринчи күйөөсү Фин согушунан каза болуп, жесир отурганда атам дагы биринчи никелешинен жесир калган экен, ошо кезде экөө капыс жолугуп калып, жылдызы келишип, бирге түтүн булатып калышыптыр. 1997-жылы, 7-мартта улуу эжебиз 57 жаш курагында каза болду. Ошо кезде апам дагы катуу ооруп аткан. Угузбай эле коёлу деп ойлогонбуз, бирок баары бир айтканга туура келди. Апам ошону уккандан эсине келбей, эртең Нооруз деп аткан күнү, 20-мартта бу дүйнөдөн өтүп кетти. Март айы биз үчүн оор, өкүнүчкө салган ай болуп калды…




Кыял Кулмамбетова таланттуу сынчы Жаныш Кулмамбетов менен белгилүү актриса Шайгүл Алсеитованын ортосунан өнүп чыккан татына данек десек болот. Ал Щепкин атындагы театралдык окуу жайын аяктаган соң, "Учур" теле-театрында шугулданып келет. "Белгисиз маршрут", "Карагыз", "Тапан" өңдүү тасмаларга да тартылган. Учурда үй-бүлөлүү, бойтойгон эки наристенин энеси.
Кыял Кулмамбетова, актриса:
"Атам экөөбүз иштеше албайбыз"
Бала сын
Атам 1990-жылы "Орто Азиядагы эң мыкты театр сынчысы" деген наам алган. Атам таланттуу сынчы болсо, апам көрүнүктүү актриса. Мен экөө менен тең сыймыктанам. Акыркы кездери атам кино тартып жүрбөйбү, бир ирет: "кино тартпай тынч эле болсоңуз болмок" дегем. Себеби, атам режиссёрлукту окуган эмес. Сүрөтчү сүрөт тартып, артист сахнада ойноп, ырчы ырдап, ар ким өз ишин кылганы жакшы деп ойлойм. Эгерде ал өз профессиясына убактысын арнаганда дагы далай бийиктикти багынтмак. Кантсе да жөн отуруп албай, сценарийин өзү жазып, кинону өзү тартып аракет кылып атканы кубантат.

Режиссёр ата
Көп жыл мурун "Кандуу сүйүүнү" сахналаштырып, Бек Борбиев, Асел Турдалиева, мен үчөөбүз баш каарманды ойногонбуз. Өбүшкөн, кучакташкан жерлеринен атам "өбүшкүлө, кучакташкыла" деп айталбай, же мен уялып ошол сценкаларын берилип ойной албай, кыйналганбыз. Ошондон кийин атам экөөбүз иштешсек чыгармачылык ойдогудай чыкпасын, ата-кыз катары сый жүргөнүбүз эле жакшы экенин түшүндүк.

Актриса эне-кыз
Албетте, жүргөн-турганымды апама окшоштургум келип, ага абдан таасирленем. Тааныштарым "апаң келишимдүү, сулуу аял" деп калышат. Чыгармачылыкта, турмушта дагы экөөбүз бири-бирибизге күзгү болуп турабыз. Аткарган ролдордон тартып макияжыбызга чейин сын айтышып, кеңешебиз. Апам сахнада мыкты актриса болсо, үйдө айжаркын аялзаты. Төрүнөн конок үзүлбөй, кайсы маал болбосун казанда булоолонуп тамак бышып турган болот. Көчөгө чыкканда гана эмес, үй ичинде дагы жарашыктуу кийинип, өзүн жакшы алып жүрөт. Мени жарык дүйнөгө апкелген ата-энеме таазим этем.




Гүлзат Батырканова шаңшыган ырчы Шахра Талипованын шагындагы кызыл алма. Ырчы айымдын чоң сахнага кадам таштаганына 20 жылга чукулдап калды. Азыр кыргыздын атактуу ырчысы болгон апасынын алдындагы өбөгү, артындагы жөлөгү болуп турган кези.
Гүлзат Батырканова, ырчы:
"Биздин ырыбызды укканда ыйлагандар болот экен"

"Апам өзү жалгыз жашайт"
Апам Жалал-Абаддагы Филармониянын солисткасы. Директорлукту сунушташса макул болбой: "Бийликке аралашпайм, чыгармачылыгым менен эле болом" деп койгон. Азыр төрт баласы тең борбордобуз, үйлүү-жайлуубуз. Төрт биртуугандын ичинен сиңдим финансист, иним энергетик, Марат деген агам аранжировщик. Экөөбүз музыкалык багыт менен кеттик. Эң улуу эжебиз үчүнчү класс экенинде сахнага ырдатып чыгара коюшуп, көз тийип чарчап калыптыр. Ал болгондо балким апам үчөөбүз ырдап жүрөт белек. Азыр апам балапандарын көккө учуруп, уяда жалгыз калган торгойдой болуп өзү жалгыз Жалал-Абадда турат. Эл айткандай "эмгек сиңиргенди" да, "эл артисттигин" да айылда жүрүп алды. "Бизге жакын Бишкекте эле жашаңыз" десек, көнгөн жеринен алыстаганды каалаган жок. Жыл сайын Воронцовкага, көлгө эс алып, ден соолугун чыңдап кетет.

"Дуэт ырлардын уландысы жазылат"
"Апам жана мен", "Өзүмө окшоштурам кызым сени" деген дуэт ырларыбызы атайын жаздырганбыз. Автору обончу Жалил Сыдыков. Эми ал ырлардын уландысын дагы жаздырсакпы деп ойлонуп атабыз. Себеби, элдин кабыл алуусу абдан жакшы. Айрым апалар, эжелер укканда көз жашы кылып, ыйлап жиберишет экен.

"Түгөнбөгөн түйшүк менде да бар"
Т.Сатылганов атындагы Улуттук Филармонияда жана Коргоо министрлигинин алдындагы ансамблде 1995-жылдан бери эмгектенем. Жакында прапорщик деген наам алдым. Пенсияга чыкканча бул кызматымды да ала жүрөм деген тилегим бар. Жолдошум да аскер кызматчысы. Бир уул, бир кызым бар. Кызым 5-класста, уулум 4-класста окуйт. Жумуштан соң баягы эле аялдын үй ичиндеги түгөнбөгөн түйшүгү менде да бар дегендей, күндөр өтүп атат.

Афина Бакирова