п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Экран ажары

Кайсы дикторду жактырасыз?
Россиянын ОРТ каналынын белгилүү диктору Жанна Агалакова "Диктор жылдыздуу болушу керек. Ага өтө сулуулуктун кереги жок, анткени көрөрман анын сулуулугуна азгырылып ал айтып жаткан жаңылыкка көңүл бурбай калышы мүмкүн" деген сөзү бар. А биздин дикторлор кандай болду экен? Ушундан улам кыргыздын белгилүү инсандарына "кайсы дикторду жактырасыз?" деген собол узаттык. Жообун чогуу тыңдайлы.


Гүлзат Байзакова, ырчы:
- Чындыгында дикторлор экран жүзү болгондуктан бардык жагынан төп келиши керек. Мен дикторлордун арасынан Бактыбек Мамытовду сууруп чыгып айтат элем. Анткени, ал өзүн алып жүрүүсү жана сүйлөгөн сөзү менен жаштарга үлгү боло турчу адам. Анан эң негизгиси өз курагынан да алда канча жаш көрүнөт, "Арноо концертин" алып баргандыктанбы, айтор дайыма жайдар мүнөз дагы. Бактыбек мырза интеллигенттүү инсандардын катарын толуктап, азыркы жаңы өсүп келе жаткан жаштарга бардык жагынан жакшы тарбия бере алат.

Курмангазы Азыкбаев, музыкант:
- Ой мен дикторлордун атын жатка билбейм да. Ошондуктан, кээ бирине өзүм эле ат коюп алам. "Замананы" алып барган жаш кыз бар го, жакында эле машина алды, чачы узун, такылдап сүйлөп, жакшы алып барат. Аты Нурзат Токтосунова беле?.. Мен ага "чымчык баш" деп "кличка" коюп койгом. Анан "Ала-Тоо" программасын алып барган, бою кичинекей сары бала бар, мурда жаңылыктардан жанына бир кыз жандап чыгып калчу эле, азыр көрбөй калдым. Өз программасында баарын иликтеп чыгат эмеспи. Кээде саясатчыларга да суроо узатып калат. ( ред: Ошол учурда Ильич Кулназаровбу? деп сурасак) а ооба, ошол баланын алыпбарганы да мага жагат.

Замира Молдошева, стилист:
- Диктор мырзалардын арасынан Алмаз Касымалиевге жана айымдардан Чынара Капаровага баа берет элем. Анткени алар заманбап стиль менен оперативдүү иштешет. Эфир абдан жоопкерчиликтүү иш болгондуктан, эл алдына туура жеткирүүнүн дагы шартын жана мыйзамдарын жакшы билишет. Алыпбаруу жөндөмү да жогорку деңгээлде десем жаңылышпайм. Алардын катарына Замира Уметалиеваны дагы кошуп кетет элем. Өзүнүн кесиби менен эмгектенбесе дагы, дикторлукту мыкты өздөштүрүп кеткенге жетишкен.

Эрнест Абдыжапаров, кинорежиссёр:
- Мен телевизор көп көрбөгөнүмө байланыштуу, азыркы дикторлорду тааныбайт экем. Бирок, кичинекейимен эсте калган диктор Тамара Бакиеваны чын дилимден сыйлайм. Анткени, жаш улан-кыздарга алдыга умтулууга түрткү берип турчу айымдардын катарында. Мындай дикторлор көбөйүп, элге кызмат кыла берсин деген тилегимди айтат элем. Ал эми журналисттердин арасынан болсо, Эрнест Кыязовду жакшы билем, сөзгө чечен, ар тараптуу, акылдуу жигит. Экөөбүздүн ага-ини катары мамилебиз жакшы.

Жаным Айзат, жаш ырчы:
- Мен диктор катары Кыял Шаршееваны жана Лунара Мамытованы жактырам. Алар келбеттүү жана оор басырыктуу, энергияга бай айымдардан. Чындыгында теледен көрүп отуруп суктанып, бир четинен сыймыктанам дагы. Анткени алардын ар бир кыймылы,бакыйып көрүнүп турат да. Ошондо да өздөрүн эркин алып, өз нугу менен алып барышып, эч сүрдөнүшпөйт. Сүйлөгөндө да адамды өзүнө тартып турушат. Жаңылыктарды алып барууда, адамга позитивдүү маанай тартуулашат. Алардын ар бир кыймылы образдуу жана кийинүү стили дагы башкалардан айырмаланат.

Ома, ырчы:
- Дикторлор биринчиден сулуулугу менен адамды өзүнө тартып турушу керек, андан соң үнүнө жана талантына көңүл бурулат. Мисалы: Алардын катарына Гүлжан Кулманбетованы кошот элем. Диктор катары мага абдан жагат. Гүлжан эженин кабагынан эле көп нерсени түшүнсө болот. Жагымдуу жаңылык айта турган адамдын кабагы жаркылдап тургандай эле, дайыма жылмаюу менен баштап, жылмаюу менен аяктайт.

Айгүл Чалова, ырчы:
- Мен диктор катары Нуржамал Бурханованы жактырам. Анткени кичинекей кезимде чачым карэ болгондуктан, туугандарым, ата-энем, мени Нуржамал эжеге окшоштурушчу. Теледен чыккан сайын "мына Айгүлдүн эжеси сүйлөп жатат"- деп калышчу. Кийин көңүл буруп карасам, чындыгында сүйкүмдүү, назик айым экен. Жакындан билбесем дагы, биртууган эжемдей сезиле берет. Программаларды алып баруу стили жана сүйлөө манералары менен өзүнө тартып турат.

Байыш Момунов, ырчы:
- Кыргыз телевидениесинен Гүлшан Молдоеваны жана Бактыбек Мамытовду күчтүү дикторлордон деп айтсам болот. Анткени көп жылдардан бери дикторлук кесипти аркалап келгендиктен, ар тараптуу жана тажрыйбалуу дагы. Эң негизгиси алар форматты өзгөртпөстөн, дайыма бир калыпта алып барышат. Өзгөчө айыл тургундары экөөнү абдан жакшы көрүшөт. Кыскасы, элдин жүрөгүнө сиңип калган дикторлордон.

Нургүл Ибраева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-июнь, 2010-ж.:
1-бет
"Атам менен жашаганга көнгөн эмесмин"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
Руслан Бекназаров, "Биримдик" жаштар кыймылынын лидери:
"Мен кадр маселесин чечкидей атам Президент эмес "

4-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Жеңеңер менен тирүү болсом бир үйдө, өлсөм бир көрдө болом" деп..."

5-бет
"Бактагы жалбырагым, көктөгү желбирегим"
6-бет
Ралистин таарынтканына жараша мамиле жасаган
7-бет
Кайсы дикторду жактырасыз?
8-бет
Иса эми сүйүү темасын ырдайт
9-бет
Артисттин архивине саякат
10-бет
Көз айнекти беттин түзүлүшүнө жараша тандоо
11-бет
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат - 2010
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Телефонду ойлоп тапкан Грэхэм Белл
15-бет
Обон почта
16-бет
Комузчуларды козгогон
"Тогуз кайрык"











??.??