п»ї

  Шоу дүйнө

Иса эми сүйүү темасын ырдайт
Убакыт өткөн сайын Исанын репертуарындагы ырлардын темасы да өзгөрүүдө. Анткени, азыр баягы кичинекей Иса жок. Бой жетип чоңоюп, эми сүйүү темасындагы ырларды ырдаганга басым жасап, жаңы ырларды жаздыруунун үстүндө иштеп жатат. Анын алдыга койгон пландарынын бири Кытай Республикасына барып, ал жактагы мекендештерибизге өзүнүн ыр дестесин тартуулоо экен.


Жакуттун ыры биринчи жолу радиодо
Куудул Жакут Сыдыков бир топ ырчыларга сөзү, обону менен ырларды жазып берип жүргөн болсо, эми өзүнүн аткаруусундагы "Угуп кой", "Тартуу кылам", "Апама кат", "Арыкмын" аттуу ырлары биринчи жолу радиолордон жаңыра баштады. Буга сүйүнүп жүргөн куудул эми репертуарын мындан да мыкты тамашалуу ырлар менен толуктайт.


Нурзада окуу жайды бүтүрөт
"Кыргызстан Обондору" радиосунун ди-джейи Нурзада Жолдошева быйыл Улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүрүп жатат. Бүгүн 8-июнда "Кыргызстан Обондору" радиосунун программаларынын жасалгалоо өзгөчөлүктөрү" деген темада дипломдук ишин жактап, биротоло окуу жай менен коштошот. Буга чейин эки тизгинди бир алып жүргөн айым эми чыгармачылыгына жакшы көңүл буруп, радионун иши менен гана алек болмокчу.


Актёрлор алтын кубокту алышты
Кыргыз Мамлекеттик Академиялык Драма театрынын актёрлору 25-30-май күндөрү Алматы шаарында өткөн Борбор Азиялык мамлекеттер арасындагы Эл аралык III театр фестивалына катышып, баш байгеге коюлган Алтын кубокту жана акчалай сыйлыкты жеңип келишти.
Аталган театр фестивалына Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн он спектакли ат салышкан. Калыстар тобунун курамына ар бир өлкөдөн бирден өкүл шайланган. Биздин актёрлорубуз түркмөн режиссёру Какажан Ашыровдун режиссёрлугу астында "Чыңгызхандын ак булуту" аттуу спектакль менен катышып, баш байгеден сырткары эң мыкты роль наамдарына да татышты. Тактап айтсак, башкы каарман Чыңгызхандын образын эң мыкты жараткандыгы үчүн Кыргызбай Осмонов жана башкы каарман эненин образын эң мыкты аткаргандыгы үчүн Шайыр Касымалиева калыстар тобу тарабынан төмөндөгүдөй наамдардын ээси болушту. Эске салсак, мындай сыйлыкты Кыргызстан биринчи жолу алып жатат. Демек, Кыргыздын атын чыгарып гана тим болбостон бакыйган үч сыйлыктын ээси болушкан Кыргыз драма театрынын жамаатын чын-дилден куттуктайбыз.


  тап-тап табышмак

Мээрим Айталиева:
"Бул апамдын жеңиши"
- Мен "Обон" гезитинин туруктуу окурманы болом. Бул табышмакты таба албай төрт күн кыйналдым. Анан Кочкордо жашаган апама чалып жандырмагын таап алдым. (Күлүп) Ошондуктан бул менин жеңишим эмес, апамдын жеңиши. Мен Кочкордон болгондуктан Нурзат эже менин жеңем болуп калат экен.

Гезитибиздин №117 санында Нурзат Айталиева окурмандарга
Тентек сайдын башынан,
Темир тил комуз жоготтум.
Көмүркөйдөй каты бар,
Көз мончоктору дагы бар.
Бул эмне?-деп, табышмак каткан эле. Бул табышмактын туура жообун "Тамак, тил, көздүн сурмасы, карек" деп, эң алгачкылардан болуп 22 жаштагы Мээрим аттуу окурман таап, Нурзаттын өз колунан белек алды.

Нурзат Айталиева:
"Обонго" келип тууганымды таптым"
- Менин табышмагым чындыгында жеңил эмес болчу. Бирок, эмнегедир кичинекей кыз же бала тапса керек деп ойлогом. Карабайсыздарбы, (күлүп) "Обонго" келип дагы тууганымды таап алдым. Тагдыр буюруп жеңүүчү экөөбүздүн фамилиябыз Айталиева болуп чыкты.


А. Касымова




  Шырмаек

Замирбек Үсөнбаев:
"Мага каймана бут тосуулар көп болгон"
Жакында Кыргыз Улуттук Филармониясына Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Замирбек Үсөнбаев башкы директор болуп дайындалды. Жаңы жетекчи менен аз-маз пикир алыштык.

- Замирбек агай, кызмат ордуңуз кут болсун! Сизди бул кызматка жамааттын сунушу менен келди дешет, ошол чынбы же өйдө жактын сунушу мененби?
- Мурда эле жамаатыбыз "Биздин көйгөйдү түшүнгөн жетекчи керек, башка жактан келген жетекчилер өктөм сүйлөшөт" деп нааразы болуп жүрүшчү. Мындан мурдараак жалпы жамаат чогулуп, "мурунку жетекчи менен иштеше албайбыз" деген сыяктуу маселелер талкууланган. Мен жетекчи бололекте эле элдер мага көйгөйүн айтып, арызданышып жүрүшчү. Артисттерге туура эмес мамиле жасалса, алардын таламын талашып, калыс сөзүмдү сүйлөп жүрчүмүн. Ошол учурда мага жетекчилик тараптан ачык болбосо да каймана бут тосуулар болуп жатты. Менин бул жерге келүүмдү эмгек жамааты өздөрү сунушташып, министрликке кат жазып кайрылышты. Ошондуктан мени бул кызматка жамаатыбыз койду десем болот. Бул менин таман акы, маңдай тер менен жеткен эмгегимдин, адамдарга жасаган мамилемдин үзүрү экен да.
- Буга чейин жогорку кызматка сунуштар болду беле?
- Эгемендүүлүктү алганыбыздан бери мени депутаттыкка бар дегендер көп болду. Кабинетте отуруп, чарбалык иштерге киришкенге көп кызыкчу эмесмин. Андай сунуштарга мен "элдик адаммын, эл менен чогуу жүргөнүм жакшы" деп болчу эмесмин. А азыр филармонияга келгенимди уккандар "а эмнеге бул орунга макул болдуң" дешти. Ойлоп көрсөм мен ушул жерге он алты жашымда келиптирмин. Залкар устаттарым Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиевдер мени чоң мектептен өткөрүштү. Алар мага өнөрдү гана эмес, адамкерчиликтин тунук сапаттарын да үйрөтүштү. Анан мени эл өзү тандап жаткандан кийин демек, мен элге кызмат кылышым керек деген жакшы тилек менен келдим.
- Алдыда кандай пландарыңыз бар?
- Ушул жерди түптөп кеткен залкар инсандарыбыз эл арасын кыдырып өнөрлөрүн тартуулашчу. Биздин убакта деле элди аралап көп концерт койдук. Акыркы жылдарда айылдарды аралап концерт коюу таптакыр азайды. Жамаатыбызда өнөрлүү инсандар көп, буюрса шарт түзүлүп, унаалар берилсе, жер-жерлерди кыдырып, элди маданий жактан тейлөөнү эске алабыз. Жакында быйылкы жылдын сезондун жабылышы болот. Ага карата 24-июнда чоң концерт берилмекчи.
- Өзүңүз концерттерге катышып турасызбы же?..
- Мен ушул өнөрүмдүн аркасы менен Замирбек болдум да. Албетте, төкмөлүктү таштабайм. Филармониядагы концерттерге катышам, убакыт таап эл арасында боло турчу гастролдорго да барганга аракет кылам.
- Акыркы күндөрү Улуттук филармонияга "даңкылдак" музыкалар көп жаңырып, эстрадниктер жеке концертин тартуулап жүрүшөт. Буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Каражатка карап "пайда түшүп калсын" деп анда-санда коюлуп келген. Эстрада да элдин талабы. Эгерде жогорку деңгээлдеги концерт болсо уруксат берсе болот. Бирок, биз көбүнчө улуттук өнөргө басым жасашыбыз керек.
А. Сабырова





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-июнь, 2010-ж.:
1-бет
"Атам менен жашаганга көнгөн эмесмин"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
Руслан Бекназаров, "Биримдик" жаштар кыймылынын лидери:
"Мен кадр маселесин чечкидей атам Президент эмес "

4-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Жеңеңер менен тирүү болсом бир үйдө, өлсөм бир көрдө болом" деп..."

5-бет
"Бактагы жалбырагым, көктөгү желбирегим"
6-бет
Ралистин таарынтканына жараша мамиле жасаган
7-бет
Кайсы дикторду жактырасыз?
8-бет
Иса эми сүйүү темасын ырдайт
9-бет
Артисттин архивине саякат
10-бет
Көз айнекти беттин түзүлүшүнө жараша тандоо
11-бет
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат - 2010
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Телефонду ойлоп тапкан Грэхэм Белл
15-бет
Обон почта
16-бет
Комузчуларды козгогон
"Тогуз кайрык"











??.??