п»ї

  Артисттин архивине саякат

Белгилүүлөр кызыгып, чогулткан буюмдар
"Ашык дөөлөт баш жарбайт" дегендей, көңүлгө жаккан буюмду чогулткандын эмнеси жаман. Белгилүүлөрдүн айрымдары дал ушинтип буюм-тайымдарды чогултушат экен. Анда алардын "ыйык туткан" буюмдарына көз жүгүртөлү.


Бегимай Эсенгулова, ырчы:
"Шарф менен ооруп калгам"
- Үч жылдан бери шарф, кичинекей жоолукчаларды чогултам. Шарфтарымдын саны кыркка жетип калды. Биринчи жолу кичинекей жоолукту тагынып көрсөм моюнума жакшы жарашып калган. Ошондон кийин шарф менен ооруп калгам. Апам дагы кооз шарфтарды көрүп калса, "кызыма" деп сатып алат. Көбүнчө жазында, күзүндө моюнума шамал тийбесин деп оронуп алам. Жайында болсо аларды жууп, үтүктөп сандыкка салып коём.


Бегайым Абдыкадырова,
"Тумар" радиосунун ди-джейи: "Сөйкөм мени сүйгөнүмө жеткирген"
- Мен мурда мындай зер буюмдарга кызыкчу деле эмесмин. Мектепти аяктап жатканда таенем мага "Окууга өтүп кет"деп, ырым кылып алтын сөйкө белек кылган. Таенемдин айтканындай болуп, өзүм каалаган окуу жайга тапшырып, бюджеттик бөлүмүндө окудум. Дагы бир жолу жөнөкөй эле сөйкө менин сүйгөнүмө жетишиме түрткү болгон. Ошондон кийин сөйкөнү ыйык тутуп, ырымдап чогулта баштагам. Баардыгы алтын күмүш болбосо дагы отуздан ашкан сөйкөлөрүм бар.


Бактыгүл
Бадыева, ырчы:
"Туфли бутумду кыстаганына карабайм"
- Негизи мен кийимдерден бут кийимге абдан маани берем. Анан дүкөндөрдөн туфли жактырып калсам, сөзсүз түрдө сатып алам. Кээде мен жактырган туфлилер бутумду кыстап калат. Ага деле карабай, жактырдымбы сатып алмайынча жаным тынбайт. Анткени, үйдө жакшы туфлилердин тизилип турганын жакшы көрөм. Туфлилеримди көргөн апам "Эмне сен бут кийимден сарай саласыңбы?"деп күлүп калат. Чет жактарга чыкканда да туфлиден жок дегенде он түгөй сатып келем. Болжолдуу түрдө үйүмдө үч чоң чемодан туфли бар болсо, алтымышка жакын ар кандай модадагы сумкаларым сакталуу.


Асел Касымова, ырчы:
"Көз айнектериме ичим ачышат"
- Мен үч жылдан бери "зрениенин" көз айнегин тагынам. Көз айнекке кантип кызыгып калганымды өзүм дагы билбейм. Көбүнчө эжекелерим, досторум белек кылышат. Өзүм бош болсом эле дүкөндөрдү кыдырып, көз айнек карап жүрө берем. Бир жолу дүкөндөн мага бир көз айнек жагып калды. Тагынып көрсөм жарашат экен. Баасына акчам жетпей калып, айла жок залогго буюмумду таштап, эртеси күнү акчасын төлөп алып кеткем. Азыр чогулткан көз айнектеримдин саны кыркка жетип калды. Кокус бирөөсү сынып калса кадимкидей ичим ачышат.


Максат Бегалиев, ырчы: "Магнитти эмне кылам өзүм билбейм"
- Менин чогулткан буюмум башкалардыкынан өзгөчө. Мен көптөн бери муздаткычтын бетине чаптоочу магниттерди чогултам. Азыр менде жыйырмадан ашык магнит бар. Алардын формалары, көлөмдөрү ар түрдүү. Көбүнчөсү шаарлардын сүрөтүн камтыйт. Мисалы, кайсы шаарга барсам, ошол шаардын эмблемасы түшүрүлгөн магнитти акыркы акчама болсо дагы сөзсүз сатып алам. (Күлүп) Кереги тийчүдөй эле чогултуп жатам, бирок кийин эмне кылам өзүм билбейм.


Айнура КАСЫМОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
8-июнь, 2010-ж.:
1-бет
"Атам менен жашаганга көнгөн эмесмин"
2-бет
Кумир менен баарлашуу
3-бет
Руслан Бекназаров, "Биримдик" жаштар кыймылынын лидери:
"Мен кадр маселесин чечкидей атам Президент эмес "

4-бет
Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбү эже:
"Жеңеңер менен тирүү болсом бир үйдө, өлсөм бир көрдө болом" деп..."

5-бет
"Бактагы жалбырагым, көктөгү желбирегим"
6-бет
Ралистин таарынтканына жараша мамиле жасаган
7-бет
Кайсы дикторду жактырасыз?
8-бет
Иса эми сүйүү темасын ырдайт
9-бет
Артисттин архивине саякат
10-бет
Көз айнекти беттин түзүлүшүнө жараша тандоо
11-бет
Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат - 2010
12-бет
Сезимай Алиева
Сен жана мен

13-бет
Телефонду ойлоп тапкан Грэхэм Белл
15-бет
Обон почта
16-бет
Комузчуларды козгогон
"Тогуз кайрык"











??.??